Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 273 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-марты № 192
Расымдык (сөөк коюу үчүн) жөлөкпулду эсептөө үчүн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 «Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Расымдык (сөөк коюу үчүн) жөлөкпулду эсептөө үчүн 2010-жылы түзүлгөн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмү 7189 сом суммасында белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги расымдык (сөөк коюу үчүн) жөлөкпулду төлөө үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын республикалык бюджеттен өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтом менен каралган иш-чараларды каржылоо тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги расымдык (сөөк коюу үчүн) жөлөкпулду республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөө боюнча чыгымдарды өз убагында тындырууну камсыз кылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом 2011-жылдын 1-ноябрынан баштап колдонууга кирет.
7. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |