Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-марты № 195
Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде тарбиялануучулардын санын белгилөө жөнүндө
Уландарды Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жогорку аскердик окуу жайларында андан аркы окууга даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде 9-11-класстарда 500 адамга чейин тарбиялануучулар окутулаары белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 31-октябрындагы № 796 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 6-майындагы «Кыргыз мамлекеттик улуттук аскердик лицей түзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-марты № 195
Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде тарбиялануучулардын санын белгилөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 505 токтомунун редакциясына ылайык)
Уландарды Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жогорку аскердик окуу жайларында андан аркы окууга даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү\
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде 10-11-класстарда 500 адамга чейин тарбиялануучулар окутулаары белгиленсин.