Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-марты № 214
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтуна академик Жаныбек Жээнбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 25-июнундагы № 1318-V "Академик Ж.Жээнбаевдин атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Жаныбек Жээнбаевдин атын түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтуна академик Жаныбек Жээнбаевдин аты ыйгарылсын жана ал мындан ары "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик Жаныбек Жээнбаевдин атындагы Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институту" деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтуна академик Жаныбек Жээнбаевдин атын ыйгарууга байланышкан чыгымдарды атайын каражаттардын эсебинен төлөсүн;
- өз чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ө.Бабанов
|