Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-апрели № 230
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясына ылайык, билдирүүнүн негизинде чыгарылуучу товарларды контролдоо боюнча нормаларды киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- 3-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылуучу товарлардын бажылык наркы коммерциялык документтердин бирин берүү жолу менен товарларды декларациялоодо бажы органына декларант тарабынан билдирилет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ө.Бабанов
|