Сравнение редакций…
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 129 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы (мындан ары - Финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген жана отчет берген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Финансы полициясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Финансы полициясы юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы болот, борбордук аппарат жана аймактык бөлүмдөрдөн турат.
2. Финансы полициясынын максаттары
4. Финансы полициясынын максаттары болуп экономикалык жана Финансы чөйрөсүндө кызматтык жана экономикалык укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүү саналат.
3. Финансы полициясынын милдеттери
5. Финансы полициясынын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финансы жана экономикалык чөйрөдө кызматтык кылмыштарды, мамлекетке тийгизген зыяндар менен байланышкан экономикалык кылмыштардын түрлөрүн табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу, жана тергөө;
- экономикалык кылмыштардын түрлөрүн жасаганга өбөлгө болгон шарттарды жана себептерди жоюу;
- экономикалык чөйрөсүндө коррупциялык схемаларды жараткан, түрткү болгон жана колдогон шарттарды талдоо, ошондой эле алдын алууга жана жоюуга багытталган иш чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
4. Финансы полициясынын функциясы
6. Финансы полициясы төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- оперативдүү-издөө жана оперативдүү-изилдөө ишин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндүрүштү жүргүзөт;
- жасалып жаткан, жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө мамлекеттик органдардан жана жеке жактардан арыздарды, билдирүүлөрдү, материалдарды кабыл алат, каттайт жана карайт, аларга өз убагында бөгөт коюу, бетин ачуу, аларды жасаган адамдарды кармоо боюнча чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык мыйзамынын алкагында алгачкы иликтөөнү жана тергөөнү жүргүзөт;
- экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн формаларын жана методдорун өркүндөтөт, оперативдүү-издөө ишинин тактикасын жана методикасын аныктайт, Финансы полициясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде антикоррупциялык изилдөөлөрдү коррупциялык фактыларды табуу жана бөгөт коюу мындай фактылардын пайда болушунун себептерин аныктоо жана алардын алдын алуу боюнча чара көрүү максатында жүзөгө ашырат;
- кызмат адамдарынын катышуусу менен, мамлекетке зыян келтирген, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча иш чараларды жүзөгө ашырат;
- Финансы полициясынын тергөөсүнө кирген кылмыш иштери боюнча адамдарга издөө жүргүзөт;
- экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы аракеттенүү методдорун иштеп чыгат, кызматкерлердин профессионалдык чеберчилигинин деңгээлин жогорулатууга багытталган окууну уюштурат, семинарларды өткөрөт;
- кызматтык кылмыштарды табуу жана коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, эл аралык коомдук уюмдар менен эриш-аркак иштейт;
- экономикалык жана Финансы чөйрөсүндө укук бузууларды табуу жана алдын алуу, бөгөт коюу, жана тергөөгө багытталган чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча КМШга катышуучу мамлекеттердин тиешелүү органдары менен эриш-аркак иштөөнү уюштурат.
5. Финансы полициясынын укуктары
7. Финансы полициясы төмөнкүлөргө укуктуу: - өндүрүштө болгон текшерүү материалдары жана козголгон кылмыш иштери боюнча, тоскоолдуксуз жана акысыз түрдө аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, мекемелерден, жана уюмдардан, жеке жактардан аларда болгон маалыматтарды сурап алууга, уюмдардын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, жеке жактардан аны берүүнү талап кылууга, алардан көчүрмөсүн алууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалым кат жана түшүндүрмө алууга;
- жарандарды жана кызмат адамдарын Финансы полициясынын өндүрүшүндө болгон материалдар жана иши боюнча чакырууга;
- өндүрүштөгү болгон кылмыш иштери боюнча чакыруу менен келүүдөн качкан адамдарды алып келүүгө;
- "Кылмыш жасаган айыпталуучу жана кармалган шектүүлөр боюнча адамдарды кармоо шарттары жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү убактылуу кармоо изоляторлорун, тергөө изоляторлорун пайдаланууга;
- Финансы полициясынын өндүрүшүндө болгон материалдар жана иштер боюнча, Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык мыйзамдарына ылайык документтерди, товарларды, буюмдарды же башка мүлктү алып коюуга же алып коюуну жүргүзүүгө;
- укук бузуунун табылган жана аныкталган фактылары боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине, ошондой эле ишкердик жүргүзгөн адамдарга укук бузууга өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу боюнча чара көрүү жөнүндө милдеттүү түрдө аткарылуучу сунуштарды киргизүүгө;
- козголгон кылмыш иштери боюнча соттук экономикалык экспертизаларды, ошондой эле түшкөн материалдар боюнча изилдөөлөрдү дайындоого жана жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ыйгарым укуктуу органдарга алар жүргүзгөн текшерүүлөр, ревизиялар, аудит жана баалоо тууралу кайрылууга;
- Финансы полициясына жүктөлгөн милдеттерди чечүүнү камсыз кылуучу маалымат системасын түзүүгө жана пайдаланууга;
- мамлекетке зыян келтирүү менен байланышкан Финансы жана экономикалык чөйрөдөгү укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча укуктук ченемдик актылардын долбоорун иштеп чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. Финансы полициясынын ишин уюштуруу
8. Финансы полициясын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу төрага башкарат. Төраганын орун басарлары болот, аларды төраганын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
9. Төрага Финансы полициясынын ишин уюштурат жана жетектейт, өз компетенциясынын чегинде өз алдынча чечимдерди кабыл алат жана Финансы полициясынын ишине жеке жоопкерчилик тартат.
10. Төрага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
- Финансы полициясын жетектөөнү жүзөгө ашырат;
- Финансы полициясынын милдеттерин аймактык бөлүмдөрү тарабынан функцияларын аткаруусун уюштурууну жана контролдоону, Финансы полициясынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишинин бардык багыттары боюнча координациялоону жана макулдашууну камсыз кылат;
- белгиленген тартипте Финансы полициясын кайра түзүү жөнүндө. анын ичинде аларды уюштуруу-штаттык, кадрдык жана материалдык-техникалык чыңдоо маселелери боюнча сунуштарды киргизет;
- бардык мамлекеттик органдарда жана уюмдарда Финансы полициясынын атынан чыгат;
- белгиленген тартипте борбордук аппараттын түзүмүн жана Финансы полициясынын аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык расписаниесин жана Финансы полициясынын башкармалыктары, бөлүмдөрү, секторлору жөнүндө жоболорду бекитет;
- Финансы полициясынын катардагы, кенже, орто жана улук башкаруу курамынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Финансы полициясынын кызматкерлерине кенже, орто жана улук башкаруу курамындагы атайын наамдарды ыйгарат;
- өзүнүн орун басарларынын, ошондой эле облустардын Финансы полициясынын борбордук аппаратынын башкармалыктарынын (бөлүмдөрүнүн) жетекчилеринин милдеттерин аныктайт;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Финансы полициясынын кызматкерлери жана түзүмдүк бөлүмдөрү үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- белгиленген тартипте Финансы полициясынын кызматкерлерине жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарын киргизет;
- мыйзамда белгиленген тартипте Финансы полициясынын кызматкерлерин сыйлоо, материалдык жардам көрсөтүү жана тартип жазасын колдонуу маселелерин чечет, аларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;
- Финансы полициясынын бөлүмдөрүндө кадрлардын квалификациясын жогорулатууну жана жайгаштырууну, тандоону уюштурат;
- Финансы полициясынын кадрдык жана эксперттик, тергөө, ыкчам, материалдарын жана ишинин абалын баалоону, эсепке алууну жана отчет берүүнү уюштурат;
- Финансы полициясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн тергөө, оперативдүү-издөө кызматтык ишине инспектордук текшерүүлөрдү уюштурат;
- кызматтык милдеттерди аткарууда Финансы полициясынын кызматкерлеринин ички коопсуздугун камсыздоо, зарыл болгондо алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоо иш чараларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырууну уюштурат;
- бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын жана бөлүнгөн материалдык ресурстарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну алар боюнча отчет берүүнү эсепке алууну жана отчет берүүнү ошондой эле Финансы полициясынын аймактык бөлүмдөрүнүн финансы-чарбалык ишине ички ведомстволук контролду камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
7. Консультациялык-кеңешме органдары
11. Финансы полициясында жети адамдан турган коллегия түзүлөт, анын курамына Финансы полициясынын төрагасы (коллегиянын төрагасы), төраганын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, ошондой эле Финансы полициясынын бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилери кирет. Коллегиянын курамын Финансы полициясынын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет. Финансы полициясынын коллегиясы жөнүндө жобону төрага бекитет. Коллегиянын чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана төраганын буйругу менен жүзөгө ашырылат.
12. Финансы полициясынын стратегиялык башкаруу чечимдерин жүзөгө ашыруу жана кабыл алуу процедураларынын ачык айкындыгын жогорулатуу боюнча жарандык коом менен макулдашып эриш-аркак иштөөсү максатында Финансы полициясынын алдында 15 мүчөдөн турган Коомдук байкоочу кеңеш түзүлөт.
8. Финансы полициясынын кызматкерлеринин укуктук статусу
13. Финансы полициясынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттик бийликтин өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосу астында болот. Финансы полициясында кызмат өтөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
14. Финансы полициясынын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын техникалык каражаттарды пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ок атуучу куралдарды, атайын каражаттарды жана күч колдонуу чараларын пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда, жеке жана юридикалык жактар ишин жүзөгө ашыруу үчүн колдонгон бардык өндүрүштүк, кампалык, соодалык жана башка жайларга менчигинин түрүнө карабастан тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды изилдөөгө.
15. Финансы полициясынын кызматкери укукка каршы иш аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат. Финансы полициясынын кызматкерлеринин укукка каршы аракеттери менен жарандарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга келтирилген зыяндын орду, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте толтурулууга тийиш.
9. Мүлк, каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо
16. Мүлк Финансы полициясынын оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет.
Финансы полициясы ага бекитилген мүлктү өз алдынча ажыратууга же башкача ыкма менен тескөөгө акысыз.
17. Финансы полициясын каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле мыйзамда каралган башка каржылоо булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
Финансы полициясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын каражаттарды пайдаланууга жана түзүүгө укугу бар.
18. Финансы полициясын материалдык-техникалык камсыздоонун тартибин жана нормаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
10. Эсепке алуу жана отчеттуулук
19. Финансы полициясы өзүнө жүктөлгөн функцияларын жүзөгө ашырууда өз ишинин финансылык, статистикалык жана башка эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ыйгарым укуктуу органдарына тиешелүү отчетту берет.
11. Ишин токтотуу
20. Финансы полициясы кайрадан уюштурулганда же жоюлган учурда ишин токтотот. Иши токтогон учурда Финансы полициясынын документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 129 токтому менен бекитилген