Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 4-сентябры № 605
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик
башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды
берүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик финансыны башкарууда реформаларды мындан аркы сапаттуу жүргүзүү, ошондой эле Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планына жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду натыйжалуу жана тез киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөрүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу
|
А. Карашев |