Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 4-сентябры № 606
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы Кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564, 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы Кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
(2-94-абзацтар КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Контролдонуучу тапшырууну ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды алып коюунун же алмаштыруунун тартибинде:
- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитети" деген сөздөр "бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын атайын каражаттарды колдонушунун эрежелеринде:
- 2.8 жана 4.2-пункттардагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитети" деген сөздөр "бажы иши жаагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А. Карашев |
1-тиркеме
Бажы төлөмдөрүн төлөө, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча (үмүтсүз) карыздарды жоюу
ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип бажы төлөмдөрүн төлөө, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карызды жоюу тартибин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
2. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен Бажы төлөмдөрүн төлөөнү, кошун эсептелген пайыздарды, туумдарды жана айыптарды жоюу боюнча комиссия түзүлөт.
3. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так сан болушу керек жана беш адамдан аз болбошу керек. Комиссияны бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын төрагасынын орун басары жетектейт, Комиссиянын курамы бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүктөрүнүн өкүлдөрүнөн түзүлөт.
4. Комиссиянын ишине катышуу үчүн эксперттер чакырылышы мүмкүн.
5. Эгер Комиссиянын жыйынында анын мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгү катышып отурса ал мыйзамдуу деп саналат. Жыйында жок болгон Комиссия мүчөлөрүнүн ордуна катышууга жол берилбейт.
6. Комиссиянын чечими корутунду катары таризделет жана төлөөчүнүн бажы төлөмдөрүн төлөө, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карызын жоюуга негиз болуп саналат. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү бөлүгү тарабынан карыздарды жоюу боюнча операцияларды жүргүзүүсү үчүн - корутунду 1 нускада түзүлөт. Төлөөчүнүн талабы боюнча ага корутундунун көчүрмөсү берилет.
7. Бажы төлөмдөрүн, кошуп эсептелген пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөөгө жооптуу жактардын карызын жоюу тууралуу чечим төмөнкү документтердин негизинде кабыл алынат:
1) төлөөчүнүн бажы төлөмдөрүн төлөө, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карызы бар жана аны жоюу зарылдыгы тууралуу бажы органынын билдирүүсү;
2) төлөөчүнүн алыш-бериш эсебинде акча каражаттарынын жоктугу жана эсептин жабылганы тууралуу банктын маалым каты ж.б.у.с.;
3) юридикалык жактын ишинин токтотулганы тууралуу юстиция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими;
4) төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускаманын VI бөлүгүнө ылайык карыздарды өндүрүү чараларын колдонууну камсыз кылган бажы органынын билдирүүсү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына карыздар-жактарды издөө, мүлкүн табуу, бажы төлөмдөрүн төлөө, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карызы бар уюмдарды, кызмат адамдарын жана алардын алыш-бериш эсебин издөө ж.б. тууралуу сурам менен кайрылуу жолу менен.
8. "Банктроттук (кудуретсиздик) тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык юридикалык жактардын бажы төлөмдөрүн төлөө, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздарын жоюу тууралуу чечим төмөнкү документтердин негизинде кабыл алынат:
1) юридикалык жактын бажы төлөмдөрүн төлөө, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карызы бар жана аны жоюу зарылдыгы тууралуу бажы органынын билдирүүсү;
2) уюмду, жеке ишкерди банкрот деп табуу тууралуу соттун күчүнө кирген, тийиштүү соттун герб түшүрүлгөн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн чечиминин көчүрмөсү;
3) кредиторлордун жыйынынын уюмду банкрот деп табуу жана соттон тышкары тартипте атайын администрациялоо жол-жобосун өткөрүү тууралуу чечиминин көчүрмөсү;
4) кредиторлордун жыйынынын атайын администрациялоо жол-жобосунун аяктагандыгы тууралуу чечиминин көчүрмөсү;
5) юстиция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактын ишинин токтошун мамлекеттик каттоого алуу тууралуу буйругунун көчүрмөсү.
9. Бажы төлөмдөрү, пайыздар жана туумдар боюнча карызы бар каза болгон же сот тарабынан каза болду деп табылган жеке адамдын карыздарын жоюу тууралуу чечим төмөнкү документтердин негизинде кабыл алынат:
1) жеке адамдын бажы төлөмдөрүн төлөө, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карызы бар жана аны жоюу зарылдыгы тууралуу бажы органынын билдирүүсү;
2) жеке адамдын каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн же жеке адамды каза болду деп табуу тууралуу соттун чечиминин көчүрмөсү;
3) мураскорлук укугу (мураска ээлик кылуу) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү же мурастан баш тартууну ырастаган документтин көчүрмөсү;
4) мурасты кабыл алып жаткан жеке адамдын өзүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү;
5) мураска өткөн мүлктүн же анын бөлүгүнүн наркы тууралуу маалым кат;
6) каза болгон же каза болду деп табылган жеке адамдын мураскору тарабынан кабыл алынган мурастын бөлүгүнө кирген карызынын төлөнүшүн ырастаган документ же мураскордон көрсөтүлгөн карызды өндүрүп алуу мүмкүн эместиги тууралуу расмий документтер.
10. Бажы төлөмдөрү, пайыздар туумдар жана айыптар боюнча карызы бар, соттун чечими менен дайынсыз жоголду же аракетке жөндөмсүз деп табылган жеке адамдын карыздарын жоюу тууралуу чечим төмөнкү документтердин негизинде кабыл алынат:
1) жеке адамдын бажы төлөмдөрүн төлөө, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карызы бар жана аны жоюу зарылдыгы тууралуу бажы органынын билдирүүсү;
2) жеке адамдын дайынсыз жоголгондугу же аракетке жөндөмсүздүгү тууралуу соттун чечиминин көчүрмөсү;
3) камкордукка алуу, көзөмөлдүк кылуу же мүлкүн башкарууну тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
4) дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз жеке адамдын мүлкү тууралуу маалым кат.
11. Бажы төлөмдөрүн төлөө, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздар жоюлган учурда Комиссиянын чечими кабыл алынган мыйзамга ылайык таризделет.
12. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы төлөмдөрү, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздары жоюлган төлөөчүлөр тууралуу маалыматтарды суммасын көрсөтүү менен түзөт.
13. Эгер бажы төлөмдөрү, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздар жоюлгандан кийин төлөөчү бажы төлөмдөрү, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздан качуу максатында өзүнүн мүлкүн же акча каражаттарын атайын башка жакка өткөрүп бергени же башка жол менен катып койгону далилденсе, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлган карызды төлөтүү үчүн мүлкүн же акча каражаттарын өндүрүү жолу менен жоюлган карыздын ордун толтурушу керек.".
2-тиркеме
Жабык типтеги бажы кампаларында сакталуусу мүмкүн болгон товарлардын ТҮРЛӨРҮ
┌──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│№ │Товардын аталышы │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│1 │Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө тыюу салынбаган │
│ │товарлар │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2 │Сактоонун өзгөчө шартын талап кылган товарлар │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│3 │Сактоонун өзгөчө температуралык шарттарын талап кылган товарлар │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│4 │Өндүрүш процессинин ажырагыс бөлүгү болгон товарлар │
└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘