Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 5-сентябры № 607
Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому бекитилген Бажы режимин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде 2004-жылы чыгарылган, кузовунун номери №BJ№K7404D075532, кыймылдаткычынын номери 4D56ВS8948 "Mitsubishi L-200" маркасындагы автомашинаны "мамлекеттин пайдасына баш тартуу" бажылык режиминде бажылык тариздөөнү жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автомашинаны балансына кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эске алсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А. Карашев |