Редакцияот 05.09.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 5-сентябры № 609

Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан жерлерди берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 92-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагындагы Аламүдүн суусунун суу коргоо зонасында жайгашкан, суу фондунун жерлерине кирген 0,50 га башка жерди балык чарбасын ж үргүзүү үчүн 49 жыл мөөнөткө убактылуу пайдаланууга Кыргыз Республикасынын жараны Коеналиева Алмагүл Кармышевнага берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогу ижара шартында 49 жыл мөөнөткө убактылуу пайдаланууга Кыргыз Республикасынын жараны Коеналиева Алмагүл Кармышевнага берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жараны А.К.Коеналиеванын Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагы менен жер участогуна ижара келишимин түзүүсүн;

бөлүп берилген жер участогундагы экологиялык жана техникалык коопсуздук бөлүмүндө эксперттик корутундулары менен тиешелүү долбоордук документтерди иштеп чыгууну.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу, биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу  

 

А. Карашев