Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 15-майы № 297 токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-сентябры № 625
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
|
Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомостору, 2006-ж., № 3, 279-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статья төмөнкүдөй жаны редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Кыргыз Республикасынын бажылык тарифтик жөнгө салуу
чөйрөсүндөгү мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын бажылык тарифтик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.".
2. 8-статьядагы "Жогорку Кеңеши" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. 9-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
4. 10-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "Коргоо чаралар жөнүндө", "Демпингке каршы тууралуу" жана "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "коргоо чаралар, демпингке каршы, субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Аталган Мыйзамдын № 1 тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөт өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү жөнүндө токтомду иштеп чыксын жана кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ушул Мыйзам долбоору Конституцияга ылайык келтирүү жана мыйзамдарга карама-каршы келген ченемдерди жоюу максатында иштелип чыккан.
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш бажы алымдарды бекитүүгө укуктуу экендигин белгилеп кетүү керек. Ошол эле мезгилде көрсөтүлгөн Мыйзамынын 9-беренесине ылайык Өкмөткө сезондук алымдарды бекитүү үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясында Жогорку Кеңештин компетенциясы жана ыйгарым укуктары толук жазылган. Ошол эле мезгилде алардын ичине бажы алымдарды бекитүү ыйгарым укугу кирбейт. Ошол себептен, Мыйзам долбоорунда алып кирүүдөгү (импорттук) жана алып чыгуудагы (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү боюнча ыйгарым укугу Өкмөткө жүктөлүүсү сунушталууда.
Ошол эле мезгилде "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Мыйзамына 1-тиркемесинде бажы алымдардын ставкалары бекитилген Евразиялык экономикалык коомдоштугунун мүчө мамлекеттеринин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасы аныкталган, ошол себептен бул тиркемени күчүн жоготуусу сунушталууда. Ошону менен бирге, эгерде ушул Мыйзам долбоору кабыл алынып калган учурда Өкмөткө бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү жөнүндө тиешелүү токтомдун долбоорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарылчылыгы келип чыгат.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" 3-беренеси Конституциянын Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп санаалары жөнүндө 6-беренесинин жоболоруна ылайыкка келтирилип жатаарын белгилейбиз.
Мыйзамдардын аталыштары өзгөртүүлөргө дуушар болуп жаткандыктан, Мыйзам долбоору менен аталган Мыйзамдын 10-беренесине тиешелүү оңдоолорду киргизүү сунушталат.
Ошону менен бирге 2012-жылдын 25-июнунда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоору коомдук талкулоо процедурасын өткөрүү максатында өкмөттүн расмий сайтында жайгаштырылган. Ошондой эле аталган Мыйзам долбоору боюнча сунуштардын жана сын-пикирлердин келип түшпөгөндүгүн белгилейбиз.
Ошондой эле, аталган Мыйзамдын кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды алып келбейт.
Андан башка, өткөрүлгөн улуттук жана эл аралык Мыйзамдардын иштеп жаткан ченемдерин талдоонун жыйынтыгында, сунушталган Мыйзам долбоорунун ченемдери иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт.
Кошумча иретинде, сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
Министр А.Шыкмаматов
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Мурдагы редакциясы │ Сунушталган редакциясы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│[3-статья. Кыргыз Республикасынын │3-СТАТЬЯ. БАЖЫ ЧӨЙРӨСҮН ЖӨНГӨ │
│ бажы тарифин жөнгө │ САЛУУ ЖАНА БАЖЫ │
│ салуу чөйрөсүндө эл │ ТАРИФТЕРИ ЖӨНҮНДӨ │
│ аралык мыйзам │ МЫЙЗАМДАР │
│ актыларынын таасири │ │
│ │БАЖЫ ЧӨЙРӨСҮН ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАНА │
│Эл аралык келишимдердин негизинде │БАЖЫ ТАРИФТЕРИ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДАР │
│ратификацияланган Кыргыз │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│Республикасынын эл аралык │КОНСТИТУЦИЯСЫНДА НЕГИЗДЕЛЕТ ЖАНА │
│милдеттенмелери ушул Мыйзам │УШУЛ МЫЙЗАМДАН ЖАНА КЫРГЫЗ │
│алдында артыкчылыкка ээ.] │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКА ЧЕНЕМДИК │
│ │УКУКТУК АКТЫЛАРЫНАН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ │
│ │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ │
│ │БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН, МЫЙЗАМДА │
│ │БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН│
│ │ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДЕН ТУРАТ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│8-статья. Бажы алымдарынын │8-статья. Бажы алымдарынын │
│ ставкалары жана аларды │ ставкалары жана аларды │
│ белгилөө тартиби │ белгилөө тартиби │
│ │ │
│Алып кирүүдөгү (импорттук) жана │Алып кирүүдөгү (импорттук) жана │
│алып чыгуудагы (экспорттук) бажы │алып чыгуудагы (экспорттук) бажы │
│алымдарынын ставкалары ДСУнун │алымдарынын ставкалары ДСУнун │
│алкагындагы тарифтерге байланышкан│алкагындагы тарифтерге байланышкан│
│чектерде жыл сайын Кыргыз │чектерде жыл сайын Кыргыз │
│Республикасынын [Жогорку Кеңеши] │Республикасынын ӨКМӨТҮ тарабынан │
│тарабынан бекитилет. Кыргыз │бекитилет. Кыргыз Республикасынын │
│Республикасынын [Жогорку Кеңеши] │ӨКМӨТҮ тарабынан бажы алымдарынын │
│тарабынан бажы алымдарынын │ставкалары бекитилбегенде мурунку │
│ставкалары бекитилбегенде мурунку │жылдагы ставкалар колдонулат. │
│жылдагы ставкалар колдонулат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│9-статья. Сезондук алымдар │9-статья. Сезондук алымдар │
│ │ │
│Сезондук алымдарды [Кыргыз │Сезондук алымдарды Кыргыз │
│Республикасынын Жогорку Кеңешинин │Республикасынын Өкмөтү белгилейт │
│макулдугу боюнча] Кыргыз │жана Кыргыз Республикасынын бажы │
│Республикасынын Өкмөтү белгилейт │аймагына товарлардын айрым │
│жана Кыргыз Республикасынын бажы │түрлөрүн алып кирүүнү же аларды │
│аймагына товарлардын айрым │бул аймактан алып чыгууну ыкчам │
│түрлөрүн алып кирүүнү же аларды │жөнгө салуу үчүн колдонулат. Мында│
│бул аймактан алып чыгууну ыкчам │Кыргыз Республикасынын бажы тарифи│
│жөнгө салуу үчүн колдонулат. Мында│менен каралган бажы төлөмдөрүнүн │
│Кыргыз Республикасынын бажы тарифи│ставкалары колдонулбайт. Сезондук │
│менен каралган бажы төлөмдөрүнүн │алымдарды колдонуу мөөнөтү бир жыл│
│ставкалары колдонулбайт. Сезондук │ичинде алты айдан ашуусу мүмкүн │
│алымдарды колдонуу мөөнөтү бир жыл│эмес. │
│ичинде алты айдан ашуусу мүмкүн │ │
│эмес. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│10-статья. Алымдардын өзгөчө │10-статья. Алымдардын өзгөчө │
│ түрлөрү │ түрлөрү │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдарына ылайык Кыргыз │мыйзамдарына ылайык Кыргыз │
│Республикасынын экономикалык │Республикасынын экономикалык │
│кызыкчылыктарын коргоо максатында │кызыкчылыктарын коргоо максатында │
│товарларга карата алымдардын │товарларга карата алымдардын │
│төмөнкүдөй өзгөчө түрлөрү │төмөнкүдөй өзгөчө түрлөрү │
│убактылуу колдонулушу мүмкүн: │убактылуу колдонулушу мүмкүн: │
│1) атайын алымдар; │1) атайын алымдар; │
│2) демпингке каршы алымдар; │2) демпингке каршы алымдар; │
│3) компенсациялык алымдар. │3) компенсациялык алымдар. │
│Алымдардын өзгөчө түрлөрүн │Алымдардын өзгөчө түрлөрүн │
│(атайын, демпингке каршы жана │(атайын, демпингке каршы жана │
│компенсациялык) колдонуунун │компенсациялык) колдонуунун │
│алдында ["Коргоо чаралар жөнүндө",│алдында КОРГОО ЧАРАЛАР, ДЕМПИНГКЕ │
│"Демпингке каршы тууралуу", │КАРШЫ, СУБСИДИЯЛАР ЖАНА │
│"Субсидиялар жана компенсациялык │КОМПЕНСАЦИЯЛЫК ЧАРАЛАР ЖӨНҮНДӨ │
│чаралар жөнүндө"] Кыргыз │Кыргыз Республикасынын │
│Республикасынын мыйзамдарына │мыйзамдарына ылайык иликтөө │
│ылайык иликтөө жүргүзүлөт. │жүргүзүлөт. │
│Тийиштүү салыктардын ставкалары ар│Тийиштүү салыктардын ставкалары ар│
│бир жагдайга карата жүргүзүлгөн │бир жагдайга карата жүргүзүлгөн │
│иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча │иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│тарабынан бекитилет жана алардын │тарабынан бекитилет жана алардын │
│көлөмү демпингдик төмөндөтүлгөн │көлөмү демпингдик төмөндөтүлгөн │
│баанын, субсидиянын жана │баанын, субсидиянын жана │
│аныкталган чыгымдын чоңдугуна │аныкталган чыгымдын чоңдугуна │
│туура келүүсү керек. │туура келүүсү керек. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘