Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 201 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 24-сентябры № 627
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2001-жыл, № 6, 187-б.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
19-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет."
2-берене.
Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 "Энергетика жөнүндө" Мыйзамына төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
9-берененин 2, 13 жана 14-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзамдын 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү 2-беренесин кошпогондо, бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу
актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
"Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2011-жылдын 8-августунда № 144 менен кабыл алынган, 2011-жылдын 11-ноябрында күчүнө кирет.
Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополияларга карата мамлекеттик саясаттын укуктук негиздерин аныктайт жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылык балансына жетүүгө жана керектөөчүлөр үчүн алар саткан товарлардын (жумуштар, кызматтар) жеткилүүлүгүн камсыздаган табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин, ошондой эле табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин натыйжалуу иштөөсүнө багытталган.
Мыйзам табигый жана уруксат берилген монополия субъекттери, керектөөчүлөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан Кыргыз Республикасынын рынокторундагы пайда болгон мамилелерге таркатылат.
Аталган Мыйзамдын 3-беренеси менен ыйгарым укуктуу орган аныкталган бул табигый жана уруксат берилген монополияларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, атаандаштыкты өнүктүрүүгө, монополисттик иштерди жана кара ниет атаандаштыкты чектөө, болтурбоо боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүп мамлекеттик монополияга каршы орган.
Мыйзамдын 22-беренеси менен 2012-жылдын 1-сентябрына чейин энергетика тармагындагы монополияга каршы орган болуп энергетика жаатында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы эсептелээри каралган.
Байланыш жана энергетика жаатында бааларды (тарифтерди) коюу боюнча функциялар байланыш жана энергетика жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (тармактык жөнгө салуучу) бекитилгендигин эске алып ага ылайык Мыйзамдын төмөнкү тармактарында:
- "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан. Мындан тышкары, долбоор 2012-жылдын 18-майындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жүнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын эске алуу менен иштелип чыккан. Анда "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына электр жана почта байланышындагы кызматтарга тарифтер субъект-монополисттерге мамлекеттик монополияга каршы органдын макулдугу менен байланышы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилери белгиленген.
Ошентип, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдар менен "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууга байланыштуу пайда болгон карама-каршылыктарды жоюуга, ошондой эле башка мамлекеттик органдар монополияга каршы функцияларды аткарууда, тактап айтканда энергетика жана байланыш жаатында табигый жана уруксат берилген монополия субъекттери үчүн бааларды коюуда кайталоону болтурбоого багытталган. Ошону менен катар, экономиканын бардык тармактары үчүн монополияга каршы жөнгө салуунун бирдиктүү ченемдерин жана эрежесин кабыл алуу керек, буга бир мамлекеттик монополияга каршы орган бар болгондо гана жетүүгө мүмкүн.
Мыйзам долбоору табигый жана уруксат берилген монополия субъекттери бааларды (тарифтерди) коюуда терс укуктук, экономикалык жана социалдык залаканы болтурбоого көмөк көрсөтөт.
Мыйзам долбоору жарандардын гендердик бирдейлигин чектеген же экологиялык мүнөздөгү ченемдерди жана эрежелерди камтыбайт.
Аталган мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик монополияга каршы органдын www.a№timo№opolia.kg расмий сайтына 2011-жылы кызыктар жарандар жана ишкерлер кеңири талкуулоосу үчүн (эскертүү жана сунуштар түшкөн жок) жайгаштырылган.
Ошону менен катар белгилей кетүүчү жагдай мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын (Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте ратифицирленген эл аралык мыйзамдардын ченемдерине каршы келбейт.
Аталган мыйзам долборунун ченемдерин ишке ашыруу кошумча финансылык укукту талап кылбайт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгууга киргизебиз.
Кыргыз Республикасынын Экономика
жана монополияга каршы саясат министри Т.Сариев
"Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
┌──────────────────────────┬───────────────┬──────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын │ Өзгөртүүлөр │ Кыргыз Республикасынын │
│ Мыйзамынын колдонулуп │ жана │экономика жана монополияга│
│ жаткан редакциясы │ толуктоолор │ каршы саясат министрлиги │
│ │ │ тарабынан сунушталган │
│ │ │ редакция │
├──────────────────────────┴───────────────┴──────────────────────────┤
│ Кыргыз Республикасынын "Почта байланышы жөнүндөгү" Мыйзамы │
├──────────────────────────┬───────────────┬──────────────────────────┤
│[19-берене. Почта │19-берененин │19-берене. Почта байланышы│
│ байланышы │1-бөлүгү │ кызматтарынын │
│ кызматтарынын │төмөнкүдөй │ тарифтери │
│ тарифтери │редакцияда │ │
│ │берилсин: │[Почта байланышы │
│Почта байланышы │"Почта │кызматтарына тарифтер │
│кызматтарына тарифтер │байланышы │ыйгарым укуктуу │
│почта байланышы │кызматтарына │мамлекеттик монополияга │
│тармагындагы мамлекеттик │тарифтер │каршы саясат боюнча │
│жөнгө салуу органы менен │мамлекеттик │органдын макулдугу менен │
│макулдашуу аркылуу │монополияга │байланыш боюнча ыйгарым │
│аныкталат.] │каршы орган │укуктуу мамлекеттик орган │
│Коммерциялык, салттуу эмес│тарабынан │тарабынан бекитилет.] │
│жана жаны кызматтарга │белгиленет.". │Коммерциялык, салттуу эмес│
│тарифтер почта байланышы │ │жана жаңы кызматтарга │
│ишканалары тарабынан │ │тарифтер почта байланышы │
│эсептешүү-келишимдик │ │ишканалары тарабынан │
│негизде белгиленет. │ │эсептешүү-келишимдик │
│Керектөөчүлөрдүн айрым │ │негизде белгиленет. │
│категорияларына почта │ │Керектөөчүлөрдүн айрым │
│байланышы кызматтарына акы│ │категорияларына почта │
│төлөө боюнча жеңилдик │ │байланышы кызматтарына акы│
│берилгенде аны жүзөгө │ │төлөө боюнча жеңилдик │
│ашырган почта байланышы │ │берилгенде аны жүзөгө │
│ишканаларына кирешенин │ │ашырган почта байланышы │
│толук алынбай калган │ │ишканаларына кирешенин │
│суммасы жеңилдик берген │ │толук алынбай калган │
│орган тарабынан төлөнөт. │ │суммасы жеңилдик берген │
│ │ │орган тарабынан төлөнөт. │
├──────────────────────────┴───────────────┴──────────────────────────┤
│ Кыргыз Республикасынын "Энергетика жөнүндөгү" Мыйзамы │
├──────────────────────────┬───────────────┬──────────────────────────┤
│9-берене. Кыргыз │9-берененин │9-статья. Кыргыз │
│ Республикасынын │экинчи, он │ Республикасынын │
│ энергетика │үчүнчү жана он │ энергетика │
│ тармагындагы │төртүнчү │ тармагындагы │
│ ыйгарым укуктуу │пункттары күчүн│ ыйгарым укуктуу │
│ мамлекеттик │жоготту деп │ мамлекеттик │
│ органдын │табылсын │ органдын │
│ функциялары │ │ функциялары │
│ │ │ │
│Кыргыз Республикасынын │ │Кыргыз Республикасынын │
│энергетика тармагындагы │ │энергетика тармагындагы │
│ыйгарым укуктуу │ │ыйгарым укуктуу │
│мамлекеттик орган ушул │ │мамлекеттик орган ушул │
│Мыйзам тарабынан │ │Мыйзам тарабынан │
│төмөндөгүдөй ыйгарым │ │төмөндөгүдөй ыйгарым │
│укуктарга ээ болот: │ │укуктарга ээ болот: │
│1) Кыргыз Республикасынын │ │1) Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдарына ылайык │ │мыйзамдарына ылайык │
│энергетикалык ресурстарды │ │энергетикалык ресурстарды │
│өндүрүү, берүү, сактоо, │ │өндүрүү, берүү, сактоо, │
│бөлүштүрүү же сатуу │ │бөлүштүрүү же сатуу │
│укугуна лицензияларды │ │укугуна лицензияларды │
│берет; │ │берет; │
│[2) баалардын жана │ │[2) алынып салынсын] │
│тарифтердин экономикалык │ │3) өндүрүүчүлөрдү │
│жактан негизделген жана │ │монополиядан арылтуу │
│социалдык жактан │ │саясатын жүргүзөт, бардык │
│алгылыктуу механизмдерин │ │атаандаштарга электр │
│белгилейт;] │ │берүүлөрдүн линияларына │
│3) өндүрүүчүлөрдү │ │жана газ менен камсыз │
│монополиядан арылтуу │ │кылуу системаларына бирдей│
│саясатын жүргүзөт, бардык │ │мүмкүнчүлүктөрдү шарттарды│
│атаандаштарга электр │ │камсыз кылуу менен │
│берүүлөрдүн линияларына │ │атаандаштыкты өнүктүрүүгө │
│жана газ менен камсыз │ │көмөк көрсөтөт; │
│кылуу системаларына бирдей│ │4) атаандаштыкты камсыз │
│мүмкүнчүлүктөрдү жана │ │кылуу боюнча чаралардын │
│шарттарды камсыз кылуу │ │натыйжалуулугу үчүн │
│менен атаандаштыкты │ │көзөмөлдү жүзөгө ашырат │
│өнүктүрүүгө көмөк │ │жана монополияга каршы │
│көрсөтөт; │ │мыйзамдардын бузулуш │
│4) атаандаштыкты камсыз │ │фактылары жөнүндө │
│кылуу боюнча чаралардын │ │компетенттүү органдарга │
│натыйжалуулугу үчүн │ │билдирет; │
│көзөмөлдү жүзөгө ашырат │ │5) Кыргыз Республикасынын │
│жана монополияга каршы │ │мыйзамдарына ылайык │
│мыйзамдардын бузулуш │ │энергетикалык ресурстарды │
│фактылары жөнүндө │ │керектөөчүлөргө кызмат │
│компетенттүү органдарга │ │көрсөтүүнүн стандарттарын │
│билдирет; │ │жана нормативдүү │
│5) Кыргыз Республикасынын │ │документтерин турмушка │
│мыйзамдарына ылайык │ │ашырат; │
│энергетикалык ресурстарды │ │6) электр, жылуулук │
│керектөөчүлөргө кызмат │ │энергиясын, жаратылыш │
│көрсөтүүнүн стандарттарын │ │газын, көмүрдү, │
│жана нормативдүү │ │мунайзатты, мунайзат │
│документтерин турмушка │ │продуктыларын натыйжалуу │
│ашырат; │ │пайдаланууга көмөк │
│6) электр, жылуулук │ │көрсөтөт жана энергияны │
│энергиясын, жаратылыш │ │үнөмдөөнү колдойт; │
│газын, көмүрдү, │ │7) энергиянын жаңылануучу │
│мунайзатты, мунайзат │ │булактарын өнүктүрүү үчүн │
│продуктыларын натыйжалуу │ │ыңгайлуу шарттарды түзүүгө│
│пайдаланууга көмөк │ │көмөк көрсөтөт; │
│көрсөтөт жана энергияны │ │8) энергетика жаатында │
│үнөмдөөнү колдойт; │ │стандарттарды макулдашат; │
│7) энергиянын жаңылануучу │ │9) кардарлардын │
│булактарын өнүктүрүү үчүн │ │даттанууларын кароонун │
│ыңгайлуу шарттарды түзүүгө│ │жана керектөөчүлөр менен │
│көмөк көрсөтөт; │ │энергетикалык кызмат │
│8) энергетика жаатында │ │көрсөткөн жана электр │
│стандарттарды макулдашат; │ │энергиясына ишканалардын, │
│9) кардарлардын │ │ошондой эле ишканалардын │
│даттанууларын кароонун │ │өздөрүнүн ортосундагы │
│жана керектөөчүлөр менен │ │талаштарды чечүүнүн │
│энергетикалык кызмат │ │механизмдерин белгилейт; │
│көрсөткөн жана электр │ │10) өзүнүн ыйгарым │
│энергиясына ишканалардын, │ │укуктарын жүзөгө ашыруу │
│ошондой эле ишканалардын │ │үчүн зарыл болгон │
│өздөрүнүн ортосундагы │ │токтомдорду, эрежелерди, │
│талаштарды чечүүнүн │ │усулдук көрсөтмөлөрдү, │
│механизмдерин белгилейт; │ │нускамаларды жана башка │
│10) өзүнүн ыйгарым │ │нормативдүү мүнөздөгү │
│укуктарын жүзөгө ашыруу │ │актыларды кабыл алат, │
│үчүн зарыл болгон │ │чыгарат жана алардын │
│токтомдорду, эрежелерди, │ │талапка ылайык аткарылышын│
│усулдук көрсөтмөлөрдү, │ │контролдойт; │
│нускамаларды жана башка │ │11) башка мамлекеттик │
│нормативдүү мүнөздөгү │ │органдар менен биргелешип,│
│актыларды кабыл алат, │ │отун энергетикалык │
│чыгарат жана алардын │ │комплексине техникалык │
│талапка ылайык аткарылышын│ │жардам көрсөтүү жана │
│контролдойт; │ │инвестицияларды тартуу │
│11) башка мамлекеттик │ │программаларын │
│органдар менен биргелешип,│ │координациялайт; │
│отун энергетикалык │ │12) отун-энергетикалык │
│комплексине техникалык │ │комплексинин ишинин │
│жардам көрсөтүү жана │ │натыйжалуулугун │
│инвестицияларды тартуу │ │жогорулатууга мүмкүнчүлүк │
│программаларын │ │берүүчү илимий-техникалык │
│координациялайт; │ │программалардын заказчысы │
│12) отун-энергетикалык │ │болот жана аларды турмушка│
│комплексинин ишинин │ │ашырат; │
│натыйжалуулугун │ │[13) алынып салынсын] │
│жогорулатууга мүмкүнчүлүк │ │[14) алынып салынсын] │
│берүүчү илимий-техникалык │ │ │
│программалардын заказчысы │ │ │
│болот жана аларды турмушка│ │ │
│ашырат; │ │ │
│[13) жылуулук энергиясына │ │ │
│жана табигый газга │ │ │
│тарифтерди бекитет; │ │ │
│14) электр энергиясына │ │ │
│тарифтерди Кыргыз │ │ │
│Республикасынын Жогорку │ │ │
│Кеңешинин макулдугу менен │ │ │
│бекитет.] │ │ │
└──────────────────────────┴───────────────┴──────────────────────────┘