Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2012-жылдын 25-сентябры № 636
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен түзүлгөн Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамынан Жунушалиев Туратбек Эсенкулович чыгарылсын;
- курамга Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Оторбаев Эринес Мотойович киргизилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |