Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 25-сентябры № 637
"Кыргыз Республикасында гендик модификациялаган организмдерди камтыган азыктарды өстүрүү, өндүрүү, алып кирүү жана сатууну тыюу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Б.Иманкожоева, Э.Б.Жумалиева жана У.А.Аманбаевалар демилгелеген "Кыргыз Республикасында гендик модификациялаган организмдерди камтыган азыктарды өстүрүү, өндүрүү, алып кирүү жана сатууну тыюу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри
| Ж.Сатыбалдиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Б.Иманкожоева, Э.Б.Жумалиева жана У.А.Аманбаевалар демилгелеген "Кыргыз Республикасында гендик модификациялаган организмдерди камтыган азыктарды өстүрүү, өндүрүү, алып кирүү жана сатууну тыюу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү маалымдайт.
"Кыргыз Республикасында гендик модификациялаган организмдерди камтыган азыктарды өстүрүү, өндүрүү, алып кирүү жана сатууну тыюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (мындан ары - Мыйзам долбоору) боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасы 2005-жылы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциянын биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна кошулган. Бул протокол биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселесин жөнгө салуучу милдеттүү эл аралык документ болуп саналат, ага ылайык гендик модификациялаган организмдердин адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген жагымсыз таасирине жол бербөө максатында алдын алуучу чаралар киргизилип жана ишке ашыш керек.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасы 1998-жылдан тартып ДСУнун мүчөсү болуп саналат жана Санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча макулдашууну ратификациялаган. Бул Макулдашууга ылайык анын мүчөлөрү бардык санитардык жана фитосанитардык чараларды адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо үчүн зарыл даражада гана колдонууну камсыз кылат жана илимий принциптерге негизделген жана жеткиликтүү илимий негиздерсиз күчүндө болбойт. Ошондой эле 1947-жылдын 30-октябрындагы Тарифтер жана соода боюнча башкы макулдашуунун "Сандык чектөөлөрдү жалпы алып салуу" XI беренесинин 1-пунктуна ылайык "макулдашкан тараптардын бири дагы экинчи макулдашкан тараптын аймагына ар кандай товарларды алып кирүүгө же экинчи макулдашкан тараптын аймагына алып кирүүгө арналган ар кандай товарларды экспорттоо үчүн алып кирүү жана сатуу бажы алымдарынан, салыктык жана башка жыйымдардан тышкары, квота. импорттук жана экспорттук лицензиялар же башка чаралар формасында болсо да эч кандай тыюу салууларды жана чектөөлөрдү белгилебейт же сактабайт".
Буга байланыштуу мыйзам долбоордун жобосун жогоруда айтылган документтерге шайкеш келтирүүнү максатка ылайык деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесин экспресстестерди сатып алуу боюнча кошумча чыгашалардын эсеби, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы штаттар менен тиешелүү лабараториялардын бардыгы тууралуу маалыматтар менен толуктоону сунуштайбыз.
Мында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келген ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталмайын кабыл алынууга тийиш эмес.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык мыйзам долбоордун 1-беренесинин экинчи абзацындагы "ДНК" аббревиатурасын чечмелөөнү сунуштайбыз.
Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жобосуна ылайык ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын аймагында гана колдонулушу мүмкүн, буга ылайык бардык айтылган мамлекеттик органдар "улуттук" болуп саналат.
Буга байланыштуу мыйзам долбоордун 1-беренесинин жетинчи абзацын төмөнкү редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"ыйгарым укуктуу органдар - Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден келип чыккан, өзгөртүлгөн тирүү организмдерди пайдаланууда биологиялык коопсуздукту камсыздоого тиешелүү милдеттерди аткарууну камсыз кылышкан мамлекеттик органдар.".
Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө жүргүзүлгөн реформалардын алкагында мамлекеттик органдардын аталыштары өзгөрүүлөргө учураганын эске алып, мыйзам долбоордун 3-беренесинин экинчи-бешинчи абзацтарындагы мамлекеттик органдардын конкреттүү аталыштарынын ордуна "тиешелүү чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу орган" деген бирдейлештирилген түшүнүктү пайдаланууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоордун 2-беренесинде "гендик инженерия" деген түшүнүк пайдаланылат. Бирок, бул термин терминалогиялык аппаратты чечмелөөгө арналган мыйзам долбоордун 1-беренесинде чечмеленип берилген эмес.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору экологиялык экспертизадан өтүүгө тийиш. Буга байланыштуу белгиленген тартипте долбоорду экологиялык экспертизадан өткөрүүнү ишке ашырууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоордун 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн "а" жана "б" пункттарынын жоболору бирин-бири кайталап тургандыгын көңүлгө алуу менен, мыйзам долбоордун аталган беренесинин 2-бөлүгүнүн "а" пунктун алып салууну сунуштайбыз.
Жалпысынан мыйзам долбоордун жобосу декларативдик мүнөзгө ээ, буга байланыштуу аны андан ары практикада колдонуу максатында толуктап иштеп чыгуу зарылчылыгын белгилейбиз.
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (мындан ары - Мыйзам долбоор) боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
Мыйзам долбоордун 2-беренесинде толуктоо менен катар өзгөртүү киргизүү сунушталгандыктан Мыйзам долбоордун аталышын төмөнкү редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө".
Мыйзам долбоордун 1-беренесинин үчүнчү абзацындагы "ГМО" аббревиатурасын чечмелеп берүүнү сунуштайбыз.
Каралуучу мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде алар кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш ченемдик укуктук актылар жөнүндө көрсөтүүнү сунуштайбыз.