Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 25-сентябры № 638
"Тамак-аш азыктарынын жана аларды чыгаруу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугуна талаптар" жалпы техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 754 "Тамак-аш азыктарынын жана аларды чыгаруу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугуна талаптар" жалпы техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому менен жактырылган "Тамак-аш азыктарынын жана аларды чыгаруу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугуна талаптар" жалпы техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 754 "Тамак-аш азыктарынын жана аларды чыгаруу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугуна талаптар" жалпы техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |