Редакцияот 25.09.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

ПРАВИТЕЛЬСТВА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

2012-жылдын 25-сентябры № 642

Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы Кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Эл аралык илимий-техникалык борбордун арызынын негизинде ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн товарларды мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык режиминде тариздөөнү жүргүзсүн.

2. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн уюмдар тиркемеге ылайык товарларды баланска кабыл алсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ж. Сатыбалдиев