Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 25-сентябры № 647
"Соттук экспертиза иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Соттук экспертиза иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жөнөтүлсүн.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 31-январындагы № 2733-V "Соттук экспертиза иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы № 2918-V "Соттук экспертиза иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 16-майындагы № 3074-V "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Соттук экспертиза иши жөнүндө
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Бул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында соттук экспертиза ишинин укуктук негизин, уюштуруу принциптерин жана негизги багыттарын аныктайт, ошондой эле соттук-экспертиза ишин жүргүзүүдө келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Соттук экспертиза - илим, техника, искусство же өнөрчүлүк тармагында атайын билимдерди талап кылган жана кылмыш, жарандык жана администрациялык иштер боюнча далилдөөгө жаткан жагдайларды аныктоо максатында эксперт алдына коюлган маселелер боюнча эксперт тарабынан изилдөөлөр жүргүзүлө жана корутунду бериле турган процесстик иш.
Соттук эксперттин тыянагы - соттук эксперттин конкреттүү маселе боюнча ал тарабынан өткөрүлгөн экспертиза объектилерин изилдөөлөрдү талдоонун натыйжасында алынган жана атайын билимдеринин базасында изилдөөлөрүнүн натыйжасында түзүлгөн ички ынанымына негизделген кат жүзүндө баяндалган корутундусу. Тыянактар бекем жана ыктымалдуу болушу мүмкүн.
Соттук эксперттин ыктымал тыянагы - аныкталган факт жөнүндө сот экспертинин негиздүү божомолу (гипотезасы). Ыктымал тыянак өз алдынча далилдөө маанисине ээ эмес.
Соттук эксперттин бекем тыянагы - факт жөнүндө сот экспертинин конкреттүү, ишенимдүү корутундусу камтылган тыянак.
Кошумча экспертиза - соттук эксперт мурда жүргүзүлгөн соттук экспертизанын жыйынтыгы боюнча алдыга коюлган бардык маселелерди чечпеген же кошумча маселелерди чечүү же мурдагы изилдөөгө байланышкан объекттерди текшерүү зарыл болгон учурларда өткөрүлө турган, ошол эле же башка сот экспертине тапшырылган соттук экспертиза.
Соттук экспертизанын корутундусу - коюлган маселелер боюнча илимий негизде чыгарылган тыянактар баяндалган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте таризделген процесстик документ жана далилдин түрү.
Соттук эксперттин квалификациясы - соттук экспертте соттук экспертизанын белгилүү түрүн жүргүзүшү үчүн зарыл билимдин, иш билгиликтин, кесиптик ыктардын жана тажрыйбанын болушу.
Комиссиялык экспертиза - бир адистиктеги бир нече соттук эксперттер тарабынан өткөрүлгөн соттук экспертиза.
Комплекстүү экспертиза - өздөрүнүн компетенциясынын чегинде ар кыл адистиктеги эксперттер тарабынан өткөрүлгөн соттук экспертиза.
Баштапкы экспертиза - маселени чечүү үчүн кылмыш иши боюнча биринчи жолу өткөрүлүп жаткан экспертиза.
Кайрадан өткөрүлгөн экспертиза - мурдагы соттук экспертизанын натыйжалары боюнча соттук экспертизанын корутундусу соттук эксперттин тыянактарынын тууралыгына негиздүү шектенүүлөрдү пайда кылган же баштапкы соттук экспертизанын жүргүзүлүшүнүн процесстик ченемдери бузулган учурда өткөрүлгөн соттук экспертиза.
Изилдөө объектисинин бузулушу - изилдөөлөрдү өткөрүүдө физикалык, химиялык, биологиялык ыкмаларды колдонуунун натыйжасында объекттин касиеттеринин жана абалынын өзгөрүүгө учурашы.
Соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификаты - адамдын белгилүү эксперттик адистик боюнча соттук-экспертиза ишинде иштөөгө квалификациясын ырастаган документ.
Соттук эксперттин адистиги - белгилүү билимге жана атайын эксперттик даярдыкка ээ адам тарабынан экспертизанын белгилүү түрүнүн (предметтик адистешүү) объекттерин изилдөө ыктарына же ушул экспертизанын объекттерин изилдөө ыкмаларын колдонуу ыктарына (ыкмалык адистешүү) ээ болуу процесси жана натыйжасы.
Соттук-эксперттик иш - кылмыш, жарандык же администрациялык процесстердин катышуучулары болгон жактардын - укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн соттук экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иш.
Соттук эксперт - иштин кандай бүтүшүнө кызыкдар болбогон, илим, техника, искусство же өнөрчүлүк тармагында атайын билимдерге ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот экспертизасын жүргүзүү тапшырылган адам.
Атайын билим - конкреттүү илим, техника, искусство же өнөрчүлүк тармагында атайын даярдык жана/же кесиптик тажрыйба аркылуу ээ болгон теориялык билимдердин жана практикалык ыктардын системасы.
3-берене. Соттук экспертиза жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын соттук экспертиза жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделген жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинен, Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинен, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинен, ушул Мыйзамдан жана соттук экспертизаларды уюштурууну, дайындоону жана жүргүзүүнү тартипке салган башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
4-берене. Соттук экспертизанын принциптери
Соттук экспертиза төмөнкү принциптерге негизденет:
мыйзамдуулук;
адам жана жаран укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы;
соттук эксперттин көз карандысыздыгы;
калыстык;
изилдөөлөрдүн ар тараптуулугу жана толуктугу;
соттук эксперттин кесиптик этикасынын сакталышы;
соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө илимий-техникалык каражаттардын жана усулдардын пайдаланылуу мүмкүндүгү.
5-берене. Соттук-эксперттик ишти жүргүзүүдө мыйзамдын сакталышы
Соттук-эксперттик иш Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
Бул Мыйзамдын талаптарынын бузулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жоопкерчиликке алып келет.
6-берене. Соттук-эксперттик ишти жүргүзүүдө адамдын жана
жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы
Соттук-эксперттик иш жарандардын тең укуктуулугун, алардын эркиндигине жана жеке кол тийгистигине, жеке турмушунун кол тийгистигине, жеке жана үй-бүлөлүк жашыруун сырына, абийирин жана ар-намысын коргоого конституциялык укуктарын, ошондой эле адамдын жана жарандын мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин сактоо менен жүргүзүлөт.
7-берене. Соттук эксперттин көз карандысыздыгы
Соттук эксперттин ишине сот жана тергөө органдары, ошондой эле башка мамлекеттик органдар, жеке адамдар, юридикалык жактар жана кызмат адамдары тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт. Соттук эксперт корутундуну жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжаларына негизденүү менен өзүнүн атайын билимдерине ылайык ички ынанымы боюнча чыгарат.
Соттук эксперттин ишине кийлигишүү болгон учурда күнөөлүү адамдар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
8-берене. Изилдөөлөрдүн объективдүүлүгү, ар тараптуулугу жана
толуктугу
Соттук эксперт изилдөөлөрүн илимий так жана тажрыйбага таянган негизде тиешелүү адистигинин чегинде ар тараптуу жана толук көлөмдө жүргүзүүгө милдеттүү.
Соттук эксперттин корутундусу жалпы кабылданган илимий жана тажрыйбалык маалыматтардын базасында текшерүү мүмкүнчүлүгүн берген жоболорго негизделүүгө тийиш.
9-берене. Соттук эксперттин кесиптик этикасынын сакталышы
Соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө соттук эксперттин кесиптик этикасынын ченемдери сакталууга тийиш.
10-берене. Соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө
каражаттарды жана усулдарды пайдалануунун мүмкүндүгү
Соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө илимий-техникалык каражаттарды жана усулдарды пайдалануу мүмкүндүгүнө төмөнкүдөй учурларда жол берилет.
1) эгерде алар мыйзамда түздөн-түз каралса же анын ченемдерине жана принциптерине карама-каршы келбесе;
2) илимий жактан далилдүү болсо;
3) соттук экспертизаны жүргүзүүнүн натыйжалуулугун камсыз кылса;
4) коопсуз болсо.
11-берене. Соттук-эксперттик иштин мазмуну
Соттук-эксперттик иш өзүндө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кылмыш, жарандык жана администрациялык иштер боюнча соттук экспертизаларды жүргүзүү:
2) соттук экспертиза тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана илимий-усулдук камсыз кылуу;
3) соттук экспертизанын теориясын жана практикасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын түзүү;
4) соттук эксперттин ведомстволук караштуулугуна карабастан эксперттик изилдөөлөрдүн сапатын бирдиктүү усулдук контролго алуу.
12-берене. Изилдөө объекттери
Изилдөөлөрдүн объекттери болуп буюм далилдери, документтер, предметтер, өлүктөр жана алардын бөлүктөрү, жаныбарлар, салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөр, системалар, технологиялар, информациялык массивдери, ошондой эле сот экспертизасы жүргүзүлүп жаткан иштин материалдары саналат.
Изилдөөлөр ошондой эле тирүү адамдарга карата жүргүзүлөт.
2. Изилдөөлөрдү жүргүзүүдө буюм далилдери жана документтер изилдөөлөрдү жүргүзүү жана корутунду берүү үчүн зарыл өлчөмдө гана, сот экспертизасын дайындаган органдын (адамдын) уруксаты менен бузулушу же пайдаланылышы мүмкүн. Андай уруксат сот экспертизасын дайындоо жөнүндө токтомдо же аныктамада камтылууга тийиш.
Сот экспертизасын дайындаган органдын (адамдын) уруксаты менен буюм далилдеринин жана документтердин бузулушу менчик ээсине келтирилген зыяндын ордун соттук-эксперттик уюмдар же эксперт тарабынан толтурулушуна алып келбейт.
3. Изилдөө объектин соттук-эксперттик мекемеге алып келүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, соттук экспертизаны дайындаган орган же жак экспертке объектке тоскоолдуксуз барышын жана аны изилдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
13-берене. Соттук-эксперттик уюмдар
1. Соттук-эксперттик уюмдар мамлекеттик жана мамлекеттик эмес болушу мүмкүн.
2. Соттук экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү аркылуу соттордун, судьялардын, алгачкы текшерүү органдарынын, тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун ыйгарым укуктарынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн түзүлгөн мамлекеттик органдардын адистештирилген мекемелери мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар болуп саналышат.
3. Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар болуп соттук-эксперттик иш жүргүзүү негизги иши болгон уюмдар саналат. Соттук-эксперттик уюмдун штатында соттук экспертизанын ар кыл түрлөрү боюнча бештен кем эмес эксперт болууга тийиш. Алардын ушул иш орду негизги иш орду болот жана алардын квалификациясынын деңгээли тиешелүү тартипте берилген компетенттүүлүк сертификаты аркылуу ырасталат.
Бул уюмдар соттук-эксперттик ишке катышуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлгөн соттук экспертиза тармагындагы сапаттын улуттук стандарттарына ылайык келишине аккредитациядан өтүүгө тийиш.
Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдарга соттук-эксперттик иш жүргүзүүдөн жана илимий-техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүдөн тышкары кандайдыр-бир башка ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынат.
Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар соттук экспертизанын мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар гана жүргүзүүчүдөн башка бардык түрлөрүн жасашат.
Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар өздөрүнүн уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн аталышын гана пайдаланууга жана өзүнүн аталышында "мамлекеттик эмес соттук-эксперттик" деген сөздөрдү колдонууга тийиш.
3. Иши бир эле багытта болгон мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар сот экспертизасын уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иштерин эксперттик практикага, эксперттердин кесиптик даярдыгына жана адистешүүсүнө бирдей илимий-усулдук мамиле кылуунун негизинде жүргүзүшөт.
4. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар соттук экспертизаны өздөрү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган профилге ылайык жүргүзүшөт.
Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар тарабынан гана жүргүзүлө турган соттук экспертизанын түрлөрүнүн тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
5. Соттук эксперттин адистигинин алкагынан чыккан жана соттук-эксперттик уюмдар тарабынан жүргүзүлбөгөн экспертизалардын айрым түрлөрүн жүргүзүү үчүн сот экспертизасын дайындаган жактын же органдын чечими боюнча сот эксперттеринен тышкары тиешелүү билимге ээ башка адистер да мыйзамда белгиленген тартипте ишке тартылышы мүмкүн.
6. Соттук-эксперттик уюмдардын башка мамлекеттер үчүн соттук экспертиза уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иши Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
14-берене. Сот эксперти
1. Сот эксперти катарында мамлекеттик сот эксперти, мамлекеттик эмес сот эксперти же зарыл атайын билимдерге ээ башка адам чыга алат.
Өзүнүн кызмат милдетин аткаруу тартибинде соттук экспертизаны жүргүзгөн мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдун кызматкери мамлекеттик сот эксперти болуп саналат.
2. Соттук эксперт катары ишке катышуу үчүн тартылган, кайсы-бир соттук-эксперттик органдын штатында турбаган адам соттук экспертизаны аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындаган органдын (жактын) тапшырмасын аткаруу иретинде жасайт.
3. Аракетке жарамсыз же жарамдуулугу чектелүү деп белгиленген тартипте табылган адамдар, ошондой эле соттолгондугу жоюлбаган же алынбаган адамдар сот эксперти катары тартыла алышпайт.
төмөнкүлөр тиешелүү юридикалык фактыдан кийин үч бою сот эксперти боло алышпайт:
соттолгондугу мыйзамда аныкталган тартипте жоюлган же алынган адам;
мамлекеттик кызматтан, прокуратура органдарынан, башка укук коргоо органдарынан, сот жана соттук-эксперттик уюмдардан тартип бузганы үчүн бошотулган адам;
соттук-экспертиза иши менен алектенүүгө ыйгарым укук берген сертификатынан айрылган адам;
соттук-экспертиза иши менен алектенүүгө ыйгарым укук берген сертификатынын колдонуу мөөнөтү токтотулган адам.
4. Соттук эксперт өзүнө тапшырылган соттук экспертизанын предметине тиешелүү жана корутунду берүү үчүн мааниси бар маселелер боюнча гана иштин жагдайларын изилдөөгө катышат.
Баштапкы текшерүү, тергөө органдары, сот жана тараптар соттук териштирүүдө соттук экспертке ага тапшырылган соттук экспертизага жана ага берилген корутундуга байланыштуу гана кайрылууга укуктуу.
Соттук эксперт өзү берген корутунду жана жеке өзү жүргүзгөн изилдөөлөр боюнча гана суракка алынышы мүмкүн.
Сот экспертин ал корутунду бергенге чейин суракка алууга тыюу салынат.
15-берене. Эксперттерге коюлчу кесиптик жана квалификациялык
талаптар
1. Кыргыз Республикасынын атайын билимге ээ жараны эксперт боло алат.
2. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдарда эксперт кызмат ордун жогорку кесиптик билимге ээ жана андан ары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аныктаган тартипте конкреттүү эксперттик адистик боюнча даярдыктан өткөн жаран ээлей алат. Эксперттердин-кесиптик даярдык деңгээлин эксперттик-квалификациялык комиссиялар аныкташат. Эксперттердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин мындай комиссиялар ар бир беш жылда кайрадан карап турууга тийиш.
3. Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдардагы эксперттин кызмат ордун жогорку кесиптик билимге ээ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте тийиштүү адистик боюнча соттук эксперттин компетентүүлүгүнө сертификат алган жаран ээлей алат. Эксперттердин кесиптик даярдыгынын деңгээли мыйзамда белгиленген тартипте алардын компетенттүүлүгүн сертификациялоодо аныкталат.
16-берене. Мамлекеттик сот экспертине квалификация ыйгаруу
1. Мамлекеттик сот экспертине квалификация ыйгаруу алар тарабынан квалификациялык сынак тапшыруу жолу менен жүргүзүлөт жана аларга сот экспертизасынын белгилүү түрүн жүргүзүү укугуна сот экспертинин квалификациялык күбөлүгү берилет.
2. Квалификациялык сынактан өткөрүү жана сот экспертизасынын белгилүү түрүн жүргүзүү укугуна сот экспертинин квалификациялык күбөлүгүн берүү мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдардын эксперттик-квалификациялык комиссиялары тарабынан ишке ашырылат.
3. Мамлекеттик соттук эксперттерге квалификация ыйгаруу тартиби, ошондой эле эксперттик-квалификациялык комиссиялардын иштөө тартиби жана курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат.
17-берене. Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдун соттук
экспертине сертификат берүү
1. Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдардын кызматкерлери беш жылда бир жолу мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдардын эксперттик-квалификациялык комиссиялары өткөрүүчү компетенттүүлүк сертификациядан өтүп турууга тийиш.
Соттук эксперттин кесиптик даярдыгынын талаптагыдай деңгээлине негиздүү шектенүүлөр пайда болгондо аны кезексиз сертификациялоо жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдун кызматкери болбогон сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүү, аны берүүдөн баш тартуу, токтото туруу, колдонушун токтотуу жана ажыратуу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
18-берене. Сот эксперттеринин мамлекеттик реестри
1. Соттук-эксперттик уюмдардын кызматкерлери болгон соттук эксперттер жөнүндө маалыматтар Соттук эксперттердин мамлекеттик реестрине киргизилет, аны түзүүнүн жана пайдалануунун максаты жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 5-бөлүгүндө каралгандан башка учурларда тергөөчү, прокурор, баштапкы териштирүү органы, сот соттук экспертиза жүргүзүүнү соттук эксперттердин мамлекеттик реестрине ал жөнүндө маалымат киргизилген соттук экспертке тапшырышат.
3. Соттук эксперттин квалификациясынан ажыратылганы, ошондой эле анын компетенттүүлүк сертификаты убактылуу токтотулганы, колдонулушу токтотулганы жана ажыратылганы жөнүндө маалыматтар сот эксперттеринин мамлекеттик тизмесине киргизилет.
2-глава
Соттук-эксперттик уюмдун жетекчисинин жана
экспертинин милдеттери жана укуктары
19-берене. Соттук-эксперттик уюмдун жетекчисинин милдеттери
1. Соттук-эксперттик уюмдун жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом же аныктама алынгандан кийин ушул уюмдун анда коюлган маселелерге жооп берүү үчүн керектүү көлөмдөгү атайын билимдерге ээ конкреттүү экспертине же эксперттик комиссиясына аны жүргүзүүнү тапшырууга;
2) экспертке жана эксперттер комиссиясына алардын милдеттерин жана укуктарын түшүндүрүүгө;
3) сот экспертизасын дайындаган органдын (адамдын) тапшыруусу боюнча экспертти атайын жалган корутунду бергендик жана корутунду берүүдөн баш тарткандык үчүн кылмыш жоопкерчилигин тартары жөнүндө эскертүүгө, андан колун койдуруп алууга жана аны эксперттин корутундусу менен бирге сот экспертизасын дайындаган органга же адамга жөнөтүүгө;
4) эксперттин көз карандысыздык принцибин сактоо менен, соттук экспертизаны жүргүзүү мөөнөтүнүн сакталышына, өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн толуктугуна жана сапатына контролду камсыздоого;
5) изилдөөлөр аяктаганда соттук экспертизаны дайындаган органга эксперттин корутундусун, изилдөө объекттерин жана иштин материалдарын жөнөтүүгө;
6) изилдөөлөрдүн жана алардын натыйжаларынын жашырындыгын сактоо үчүн шарттарды камсыздоого;
7) соттук экспертизаны уюштурууга жана жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, анын ичинде жарандардын конституциялык укуктарын чектеп коюшу мүмкүн болгон маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырларды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.
2. Жетекчи изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон төмөнкүдөй шарттарды камсыз кылууга милдеттүү:
1) коопсуздук ыкмалары жана өндүрүштүк санитария эрежелери сакталышын;
2) изилдөө объекттеринин жана иштин материалдарынын сакталышын.
3. Жетекчи төмөнкүлөргө укуксуз:
1) сот экспертизасын дайындоо жөнүндө токтомсуз соттук экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл изилдөө объекттерин жана иштин материалдарын талап кылууга;
2) сот экспертизасын дайындаган орган (адам) менен макулдашпастан туруп аны жүргүзүүгө ушул уюмда иштебеген адамдарды өз алдынча тартууга;
3) конкреттүү сот экспертизасы боюнча корутундунун мазмунун алдын-ала белгилеген көрсөтмөлөрдү экспертке берүүгө.
20-берене. Соттук-эксперттик уюмдун жетекчисинин укуктары
Жетекчи төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгерде ушул уюмда материалдык-техникалык база үчүн зарыл конкреттүү адистиктеги эксперт же изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн атайын шарттар жок болсо сот экспертизасын дайындоо жөнүндө токтомду же аныктаманы, аны жүргүзүү үчүн берилген изилдөө объекттерин жана иштин материалдарын аткарбастан, артка кайтаруунун себептерин көрсөтүү менен артка кайтарууга;
2) эгерде алардын атайын билими корутунду берүү үчүн зарыл болсо сот экспертизасын дайындаган органдан (адамдан) ушул уюмда иштебеген адамдарды эксперттик комиссиянын курамына киргизүү жөнүндө расмий өтүнүүгө;
3) сот экспертизасын дайындаган органдан (адамдан) чет мамлекеттин соттук экспертин тартуу жөнүндө расмий өтүнүүгө;
4) сот экспертизасын жүргүзүүнү сот экспертизасын дайындоо жөнүндө токтомдо же аныктамада көрсөтүлгөн башка уюмдардын катышуусу менен уюштурууга;
5) соттук экспертизаны уюштурууга жана жүргүзүүгө байланышкан милдеттеринин жана укуктарынын бир бөлүгүн өзүнүн орун басарына, ошондой эле өзү жетектеген уюмдун ушул соттук экспертизага тиешелүү иштерди тейлеген түзүмдүк бөлүгүнүн жетекчисине өткөрүп берүүгө;
6) сот экспертизасын дайындаган органдан (адамдан) төмөнкүлөргө байланыштуу чыгымдарды төлөөнү талап кылууга, алар:
- изилдөө объекттери ушул соттук-эксперттик уюм тарабынан өз убагында алынбагандыгы үчүн жазапулдарды албаганда соттук экспертизага келип түшкөн изилдөө объекттеринин транспорт уюму тарабынан сакталгандыгы үчүн компенсация;
- почта чыгымдарын албаганда объекттерди алар изилденгенден кийин жеткирүүгө чыгымдар;
- сот экспертизасын жүргүзүү аяктагандан кийин мамлекеттик соттук-эксперттик мекемеде изилдөө объекттеринин сакталышына чыгым;
- ушул соттук-эксперттик уюмга жогорку коркунучтагы объекттер келип түшкөндүгүнүн натыйжасында болгон жарылуулардын, өрттөрдүн жана башка күтүүсүз кырсыктардын кесепеттерин жоюу, эгерде сот экспертизасын дайындаган орган жетекчиге ушул объекттер менен иштөөнүн өздөрүнө белгилүү атайын эрежелери жөнүндө билдиришпеген же алар талаптагыдай таңгакталбаган болсо;
- эксперттин кыймылсыз же ташып келүүгө болбочу объект жайгашкан жерге барган чыгымын.
21-берене. Эксперттин укуктары жана милдеттери
1. Эксперт төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тиешелүү соттук-эксперттик уюмдун жетекчисинен соттук экспертизаны жүргүзүүгө башка эксперттерди тартууга расмий өтүнүүгө;
2) процесстин катышуучулары тарабынан анын корутундусу же көрсөтмөлөрү туура эмес түшүнүлгөнүнө байланыштуу тергөө аракетинин же сот жыйынынын протоколуна киргизилүүгө жаткан билдирүүлөрдү жасоого;
3) мыйзамда аныкталган тартипте сот экспертизасын дайындаган органдын аракетине даттанууга, эгерде алар эксперттин укуктарын бузган болсо;
4) соттук экспертизанын предметине тиешелүү иш материалдары менен таанышууга жана кошумча материалдарды берүүлөрү жөнүндө расмий өтүнүүгө;
5) корутундудагы соттук экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) баяндалган маселенин баяндалышын тапшырманын маңызын бурмалабастан туруп өзгөртүүгө. Маселе биринчи баяндалышында келтирилгенден кийин сот эксперти өзүнүн компетенциясына жана атайын билимдерине ылайык бул маселени кандай түшүнөөрүн белгилеп көрсөтөт;
6) эксперттик изилдөөнүн усулун өз алдынча тандоого жана зарыл учурда ушул соттук экспертизаны талаптагыдай жүргүзүү максатында илимий изилдөөлөрдү жана эксперименттерди өткөрүүгө;
7) соттон анын жыйынында өзүнүн катышуусун корутунду берүү үчүн мааниге ээ далилдерди изилдөө үчүн зарылдыктын чегинде чектеп берүүсү жөнүндө суранууга же андай изилдөөнү соттук-эксперттик мекеменин шарттарында өткөрүү зарылдыгы жөнүндө билдирүүгө;
8) өзүнүн суракта суралышы боюнча протокол менен таанышууга жана протоколго киргизүүгө жаткан эскертмелерди билдирүүгө, суракта өзүнүн жоопторун өз колу менен жазып берүүгө;
9) эгерде соттук экспертиза комиссиялык болуп өткөрүлсө, башка соттук эксперттер менен кеңешүүгө;
10) соттук экспертизаларды жүргүзүүдө өзгөчө пикирин билдирүүгө;
11) өзүнүн корутундусунда, өз демилгеси боюнча кошумча суроолорду да коюу менен бирге сот экспертизасын жүргүзүүдө аныкталган, иш үчүн орчундуу мааниси бар жана алар боюнча өзүнө суроо коюлбаган жагдайларды көрсөтүүгө;
12) сот экспертизасын дайындаган органдын (адамдын) уруксаты менен тергөө же соттук аракеттерди өткөрүүгө катышууга жана соттук экспертизанын предметине тиешелүү расмий өтүнүчтөрдү билдирүүгө;
13) эгерде тергөөчүнүн, прокурордун, соттун аракеттери жана чечимдери соттук эксперттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган болсо ал боюнча мыйзамда аныкталган тартипте даттанууга;
14) соттук экспертизаларды жүргүзүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуртууга;
15) соттук экспертизаны жүргүзүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга:
а) соттук экспертиза дайындоонун процесстик тартиби бузулган болсо;
б) коюлган маселелер соттук эксперттин атайын билимдеринен тышкары болсо;
в) изилдөөлөрдүн объекттери жана иштин материалдары пайдаланууга жараксыз же жетишсиз болсо жана соттук экспертке аларды толуктоодон кат жүзүндө баш тартылса;
г) изилдөөлөрдү жүргүзүү жана корутунду берүү үчүн зарыл шарттар, усулдук каражаттар жана жабдуу жок болсо;
д) соттук эксперттин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болсо;
е) соттук экспертин көз карандысыздыгынын принциби бузулса.
Эксперт ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү процесстик мыйзамдарында каралган укуктарга да ээ.
2. Эксперт төмөнкүлөргө укуксуз:
1) соттук экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) көрсөтүлбөгөн буюмдук далилдерди жана иштин материалдарын изилдөөгө;
2) соттук экспертиза жасалып жаткан кылмыштык, жарандык жана администрациялык иштин материалдарын кызматтык имараттан тышкарыда сактоого;
3) өзүнө тапшырылган соттук экспертиза жүргүзүүгө башка соттук эксперттерди же адамдарды тартууга;
4) экспертиза дайындаган органдын (адамдын) макулдугусуз процесстин катышуучулары менен жеке байланыш түзүүгө, эгерде бул анын иштин кандай бүтүшүнө кызыкдар эместигине шек келтире турган болсо;
5) ишке тиешелүү, бирок мыйзамда аныкталган тартипте өзүнө берилбеген материалдарды өз алдынча чогултууга жана алып коюуга;
6) чечилиши анын компетенциясына кирбеген маселелер боюнча корутундуларды, түшүндүрмөлөрдү, сунуштарды берүүгө;
7) соттук экспертизаны дайындаган органды (адамды) албаганда соттук экспертизанын натыйжалары жөнүндө кимдир-бирөөгө билдирүүгө;
8) соттук экспертизаны дайындаган органдын (адамдын) уруксатысыз изилдөө объекттерин жок кылууга же алардын касиетин сезилерлик өзгөртүүгө.
3. Эксперт төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) тиешелүү соттук-эксперттик уюмдун жетекчиси тарабынан тапшырылган соттук экспертизаны жүргүзүүгө кабыл алууга;
2) өзүнө берилген объекттерди жана иштин материалдарын толук изилдөөгө, анын компетенциясына кирген жана өзүнүн алдына коюлган маселелер боюнча негиздүү жана калыс корутунду берүүгө;
3) төмөнкүдөй учурларда корутунду берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө кат жүзүндөгү жүйөлүү билдирүү жазууга:
коюлган маселелер эксперттин атайын билимдеринен тышкары болсо;
изилдөөнүн объекттери жана иштин материалдары изилдөөлөрдү жүргүзүү жана корутунду берүү үчүн жарамсыз же жетишсиз болсо жана экспертке аларды толуктоодон баш тартылса;
илимдин өнүгүшүнүн азыркы деңгээли коюлган маселелерге жооп берүүгө мүмкүндүк бербеген болсо;
4) Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамында көрсөтүлгөн негиздер бар болсо өзүн ушул милдеттен бошотуу жөнүндө суранууга;
5) сот экспертизасын дайындаган органды (адамды) соттук экспертизага берилген материалдарды тариздөө эрежесинде изилдөөгө таасирин тийгизе турган кемчиликтер сот эксперти тарабынан табылганы жөнүндө кабардар кылууга;
6) сот экспертизасын дайындаган органды (адамды) изилдөөнүн көлөмүн кеңейтүүнүн, анын ичинде жаңы соттук эксперттерди тартуу жана башка экспертизаларды жүргүзүү жолу менен кеңейтүүнүн зарылдыгы жөнүндө айгинелеген, өзү аныктаган бардык фактылар тууралуу кабардар кылууга;
7) мүнөздүү изилдөөнүн мүнөзүнө байланыштуу болгон учурларда буюм далилдери максимум сакталышын камсыз кылуу менен, алардын бузулушуна жана жараксыз болушуна жол бербөөгө;
8) сот экспертизасын жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, анын ичинде жарандардын конституциялык укуктары чектелиши мүмкүн болгон маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам аркылуу корголгон башка сырларды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
9) берилген изилдөө объекттеринин жана иштин материалдарынын сакталышын камсыз кылууга;
10) иштин материалдарынын маалыматтарын жарым кылбоого.
22-берене. Соттук эксперттин жоопкерчилиги
1. Соттук эксперт өзүнүн атайын билимине ылайык жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжаларына баа берүүнүн негизинде өз атынан корутунду берет жана ал үчүн жеке жоопкерчилик алат.
2. Сот эксперти мыйзамга ылайык өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай жана/же өз убагында аткарбаганы үчүн тартиптик, администрациялык же кылмыштык жоопкерчиликке тартылат.
Соттук эксперт тартиптик, жарандык-укуктук, администрациялык же кылмыштык жоопкерчиликке өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда айткан пикири үчүн, ошондой эле өзүнүн кесиптик милдеттерине жана этикалык ченемдерге ылайык жасаган ар кандай аракеттери үчүн тартылышы мүмкүн эмес.
3. Алган эксперттик адистиги боюнча компетентсиздиги аныкталган учурда эксперт соттук эксперт квалификациясынан (компетенттүүлүк сертификатынан) айрылышы мүмкүн.
23-берене. Соттук экспертизаны уюштуруудагы жана жүргүзүүдөгү
чектөөлөр
1. Процесстик мыйзамдарда каралган негиздер бар болсо эксперт соттук экспертизаны жүргүзүүгө катышуудан бошотулууга тийиш жана аны жүргүзүүсүн токтоосуз токтотууга милдеттүү.
2. Тирүү адамга карата сот экспертизасын жүргүзүүгө экспертиза дайындалганга чейин ушул адамга медициналык жардам көрсөткөн дарыгер катыша албайт. Ушундай чектөө адамды түздөн-түз медициналык текшерүүсүз жүргүзүү мүмкүн болбогон соттук-медициналык же соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүүдө да колдонулат.
3-глава
Соттук экспертизаларды жүргүзүү
24-берене. Соттук-эксперттик уюмда соттук экспертизаны дайындоо
жана жүргүзүү үчүн негиздер
Соттук экспертизанын милдеттүү дайындалышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, иштин жагдайын атайын билимдердин негизинде аныктоо зарылдыгы соттук экспертизаны дайындоо үчүн негиз болот. Соттук экспертизаны дайындоо зарылдыгы тергөөчү, прокурор, баштапкы териштирүү органы, сот тарабынан өз алдынча, же конкреттүү материалдардын же иштин материалдарынын болушуна жараша кызыкдар адамдардын өтүнүчү боюнча аныкталат. Соттук экспертиза тиешелүү аныктама же токтом чыккандан күндөн тартып дайындалган болуп эсептелет.
Соттук экспертизаны жүргүзүү үчүн негиз болуп соттук экспертиза дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык чыгарылган токтом (аныктама) жана аны жүргүзүү конкреттүү соттук экспертке же соттук-эксперттик уюмга тапшырылышы эсептелет.
2. Сот экспертизасын дайындаган орган (адам) эксперттин изилдөөлөрдү жүргүзүүсү жана корутунду берүүсү үчүн зарыл изилдөө объекттерин жана иштин материалдарын берет.
Сот экспертизасын дайындаган орган (адам) салыштырмалуу изилдөө үчүн үлгүлөрдү алат жана аларды Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте ишке тиркейт. Зарыл учурларда үлгүлөр сот экспертизасын жүргүзүү тапшырылган эксперттин же адистердин катышуусунда алынат.
3. Эгерде үлгүлөрдү алуу изилдөөнүн бир бөлүгү болсо жана эксперт тарабынан соттук экспертизага сунушталган объекттерди пайдалануу аркылуу ишке ашырылса, соттук экспертиза бүткөрүлгөндөн кийин үлгүлөр экспертизаны дайындаган органга (адамга) жөнөтүлөт же белгилүү убакка чейин мамлекеттик соттук-эксперттик мекемеде сакталат.
Сот эксперти тарабынан чечүүгө коюлган маселелер соттук экспертизанын түрүнүн компетенциясына ылайык баяндалат жана иштин соттук экспертиза дайындалган мезгилдеги конкреттүү жана белгилүү жагдайларына негизденет. Маселелер конкреттүү жана толук мүнөзгө ээ болууга тийиш.
4. Соттук экспертиза Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттин мамлекеттик органынын кайрылуусу боюнча жасалышы мүмкүн.
25-берене. Кошумча жана кайрадан өткөрүлчү соттук экспертизаларды
жүргүзүү
1. Корутундунун тактыгы же толуктугу жетишсиз болгон, ошондой эле мурда изилденген жагдайлар боюнча жаңы суроолор чыккан учурларда бул же тигил экспертке тапшырыла турган кошумча экспертиза дайындалышы мүмкүн.
2. Эксперттин корутундусунун тууралыгына шек туулган учурда бул же тигил экспертке тапшырыла турган кайра өткөрүлүүчү экспертиза дайындалышы мүмкүн.
3. Кайрадан өткөрүлө турган экспертизаны дайындоодо баштапкы корутундунун тууралыгына шек саноо төмөнкүлөрдөн улам болушу мүмкүн:
корутундунун иштин материалдарына каршы келиши;
бир нече соттук эксперттин корутундулары ортосундагы карама-каршылыктар;
баштапкы соттук экспертизаны жүргүзүүдө процесстик мыйзамдардын бузулушу;
корутундунун (корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүнүн) ички карама-каршылыктары;
объектти изилдөөнүн толук эместиги;
зарыл учурларда изилдөөнүн азыркы учурдагы натыйжалуу ыкмаларын, эксперттик изилдөөнүн усулдарын пайдаланбагандык.
4. Башка негиздер боюнча кайрадан соттук экспертиза дайындоого жол берилбейт.
5. Кайрадан өткөрүлчү соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) тергөөчүнү, прокурорду, баштапкы териштирүү органын же сотту кайрадан эксперттик изилдөөгө түртмөлөгөн себептер жана жүйөлөр көрсөтүлүүгө тийиш. Соттук экспертизага жөнөтүлгөн материалдардын ичинде баштапкы соттук экспертизанын корутундусу милдеттүү түрдө болушу керек.
26-берене. Комиссиялык соттук экспертизаны жүргүзүү
1. Комиссиялык экспертиза татаал эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл учурларда дайындалат жана бир адистиктеги (профилдеги) бир нече эксперттер тарабынан жүргүзүлөт.
Комиссиялык соттук экспертиза бир нече эксперттер, бирок бир эксперттик адистиктеги экиден кем эмес эксперттер тарабынан жүргүзүлөт.
2. Экспертизанын комиссиялык мүнөзү аны дайындаган орган (адам) же соттук-эксперттик уюмдун жетекчиси тарабынан аныкталат.
Эксперттердин комиссиясы өзүнүн алдына коюлган маселелерди чечүү зарылдыгына жараша алдыдагы изилдөөлөрдүн максатын, ыраатын жана көлөмүн макулдашат.
3. Соттук экспертизаны жүргүзүү тапшырылган соттук эксперттердин комиссиясынын курамында ар бир эксперт изилдөөлөрдү толук көлөмдө жүргүзөт жана алынган натыйжаларды андан ары чогуу талдашат.
Жалпы пикирге келүү менен эксперттер биргелешкен корутундусун же корутунду берүү мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүсүн жазышат жана ага кол коюшат. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестик болгон учурда алардын ар бири же башкалар менен макул болбогон эксперт өзүнчө корутунду берет.
27-берене. Комплекстүү соттук экспертизаны жүргүзүү
1. Комплекстүү экспертиза изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн билимдердин ар кыл тармактарын үйрөнүү зарыл болгон учурда дайындалат. Ал өз компетенциясынын чегинде ар кыл адистиктеги эксперттер тарабынан өткөрүлөт.
2. Эгерде маселени комплекстүү соттук экспертизаны өткөрүү жолу менен чечүү үчүн ар кыл соттук-эксперттик уюмдардын кызматкерлеринин катышуусу зарыл болсо, анда аны уюштуруу тергөөнү дайындаган орган (адам) тарабынан жүргүзүлөт. Соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) сот экспертизасын уюштуруучу жетектөөчү уюмду милдеттүү түрдө дайындалат. Соттук экспертизаны дайындаган орган (адам) жетектөөчү уюмга бардык изилдене турган материалдарды жөнөтөт. Соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом (аныктама) соттук экспертиза жүргүзүүчү бардык катышуучуларга жиберилет.
3. Комплекстүү соттук экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү соттук-эксперттик уюмдун жетекчисине же бир нече соттук-эксперттик уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт.
4. Эксперттик уюмдун жетекчиси экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомго (аныктамага) жана анын материалдарына ылайык комплекстүү экспертиза өткөрүү жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алышы жана анын өткөрүлүшүн уюштурушу мүмкүн.
5. Комплекстүү соттук экспертиза ар кыл адистиктеги эксперттер тарабынан өткөрүлгөн учурда алардын ар бири изилдөөлөрдү өздөрүнүн атайын билимдеринин алкагында жүргүзүшөт. Комплекстүү экспертизага катышкан эксперттердин корутундусунда ар бир эксперттин кандай изилдөөлөрдү жана кандай көлөмдө өткөргөнү, кандай фактыларды аныктаганы жана кандай жыйынтыкка келгени көрсөтүлөт. Комплекстүү экспертизага катышкан эксперттердин ар бири корутундунун өзү жасаган изилдөөлөр баяндалган бөлүгүнө кол коет жана ал үчүн жоопкерчилик тартат. Аталган комиссиянын эксперттеринин бири уюштуруучу-эксперттин ролун аткарышы мүмкүн; анын процесстик функциялары калган эксперттердин функцияларынан айырмаланбайт.
6. Жалпы тыянакты алынган натыйжаларга баа берүүгө жана ушундай тыянакты чыгарууга компетенттүү эксперттер жасашат. Эгерде жалпы тыянактын негизи болуп бир же бир нече эксперттер тарабынан аныкталган фактылар саналса, бул корутундуда көрсөтүлүшү керек. Эксперттер ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгон учурда алардын ар бири, эгерде ал комплекстүү изилдөө үчүн зарыл билимге жетишерлик ээ болсо, пикир келишпестикти пайда кылган бардык же айрым маселелер боюнча өзүнчө корутунду берүүгө укуктуу.
28-берене. Процесстин катышуучуларынын соттук-эксперттик уюмда
соттук экспертиза жасоого катышуусу
1. Соттук экспертизаны жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдары тарабынан процесстин ушундай укук берилген катышуучулары соттук экспертизаны дайындаган органдын (жактын) кат жүзүндөгү уруксаты берилгенде катыша алышат. Ушундай учурда корутундунун киришүү бөлүгүндө процесстин катышуучусунун статусу жана анын катышкандык фактысы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
2. Соттук экспертизаны жүргүзүүгө катышкан процесстин катышуучулары изилдөөлөрдүн жүрүшүнө кийлигишпейт, бирок сот экспертизасынын предметине тиешелүү зарыл түшүндүрмөлөрдү бере алышат.
3. Сот эксперти корутунду түзүп жатканда, ошондой эле эгерде соттук экспертиза комиссиялык болуп өткөрүлүп жатса соттук эксперттер кеңешип жана тыянактарын жазып жатышкан учурда процесстин катышуучуларынын катышуусуна жол берилбейт.
4. Эгерде соттук экспертизаны жүргүзүүгө катышкан процесстин катышуучусу соттук эксперттин ишине кийлигише турган болсо, анда соттук эксперт изилдөөнү токтотууга жана соттук экспертизаны дайындаган органдан (адамдан) процесстин ушул катышуучусунун сот экспертизасын жүргүзүүгө катышууга уруксатын жокко чыгаруу жөнүндө расмий өтүнүч менен чыгууга укуктуу.
5. Изилдөөлөрдү жүргүзүүдө өзүнө карата соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн адамды жылаңачтап чечинтүү керек болсо, ага бирдей жыныстагы адамдар гана катыша алышат. Мындай чектөө ушундай изилдөөнү жүргүзүүгө катышкан медициналык кызматкерлерге таркатылбайт.
29-берене. Эксперттин же эксперттер комиссиясынын корутундусу
жана анын мазмуну
1. Зарыл изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин эксперт (эксперттер) өзүнүн атайын билимине ылайык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы баалоого негизделген ички ынанымы боюнча кат жүзүндө корутунду түзөт.
2. Корутунду эки нускада түзүлөт. Бир нускасы сот экспертизасын дайындаган органга (жакка) жөнөтүлөт, экинчи нускасы соттук-эксперттик уюмда же соттук экспертте калат жана мыйзамга ылайык сакталат.
3. Корутундунун ар бир бетине соттук эксперт (эксперттер) тарабынан кол коюлат. Эгерде соттук эксперт соттук-эксперттик уюмдун кызматкери болсо, анын колу соттук-эксперттик уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
4. Соттук эксперттин корутундусу киришүү, изилдөө бөлүктөрүнөн жана тыянактардан, ошондой эле атайылап жалган корутунду бергендиги үчүн же корутунду берүүдөн баш тартканы же качкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө соттук эксперт (эксперттер) эскертилгени жана ага Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык соттук эксперттин укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөнү жөнүндө койгон колунан турат.
Соттук эксперттин же комиссиянын корутундусунун киришүү бөлүгүндө милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
соттук экспертиза жүргүзүлгөн убак жана жер;
соттук экспертиза жасоо үчүн негиз;
соттук экспертизаны дайындаган орган (адам) жөнүндө маалыматтар;
сот экспертизасын жүргүзүү тапшырылган эксперт же эксперттер жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты, билими, адистиги, иш стажы, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы, ээлеген кызматы);
эксперттин же эксперттер комиссиясынын алдына коюлган маселелер;
изилдөөлөр объекттери жана экспертке сот экспертизасын жүргүзүү үчүн берилген материалдар;
сот экспертизасын жүргүзүүдө катышкан процесстин катышуучулары жөнүндө маалыматтар;
колдонулган усулдарды көрсөтүү менен изилдөөлөрдүн мазмуну жана натыйжалары;
изилдөөлөрдүн натыйжаларына берилген баа.
Эксперттин корутундусунун түзүмү жана мазмуну, ошондой эле комиссиялык, комплекстүү, кошумча жана кайрадан өткөрүлчү экспертизаларды жүргүзүүнүн жыйынтыктарын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
30-берене. Корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү
1. Корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү төмөнкү учурларда жазылат:
1) эгерде коюлган маселе соттук эксперттин атайын билиминен тышкарыда болсо;
2) соттук экспертке берилген материалдар корутунду берүү үчүн жараксыз же жетиштүү эмес болсо;
3) изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн илимий иштелип чыккан усулдарынын жана ыкмаларынын азыркы деңгээли коюлган маселелерди толук чечүүгө мүмкүнчүлүк бербесе;
4) коюлган маселелерди чечүүнүн илимий жактан иштелип чыккан усулу жок болсо;
5) белгилердин аныкталган тобу карама-каршылыктуу жана маселенин маңызын чечүү үчүн жетишсиз болсо.
2. Корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү киришүү, негиздөөчү жана корутунду бөлүктөн, ошондой эле сот экспертине билип туруп жалган корутунду бергендиги же корутунду берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин тартары жөнүндө эскертилгени жана Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык сот экспертинин укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөнү тууралуу коюлган колунан турат.
3. Корутунду берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүнүн материалдары боюнча кайрадан өткөрүлүүчү соттук экспертиза дайындалышы мүмкүн.
31-берене. Материалдарды аткарбастан артка кайтаруу
1. Материалдар аткарылбастан төмөнкүдөй негиздер боюнча кайра жиберилет:
1) соттук экспертизага берилген материалдарды процесстик тариздөөдө кемчиликтери болсо;
2) тиешелүү адистер, жабдуулар, препараттар жок болгон учурда. Бул туурасында дароо соттук экспертизаны дайындаган адамга же органга билдирилет;
3) соттук экспертизаны жүргүзүүнүн зарылдыгы болбой калган учурда тергөөчүнүн, прокурордун, алгачкы териштирүү органынын кат жүзүндөгү талабы болгондо.
2. Соттук экспертизага жөнөтүлгөн материалдарды ушул берененин 1-бөлүгүндө каралгандан башка негиздер боюнча изилдөө жасабастан кайра артка жиберүүгө болбойт.
32-берене. Соттук эксперттин корутундусунун тууралыгынын жана
калыстыгынын кепилдиги
Соттук эксперттин корутундусунун тууралыгы жана калыстыгы төмөнкүдөй кепилденет:
соттук эксперттин тапшырманын маңызы боюнча изилдөөнү толук жана ар тараптуу өткөрүүгө жана изилдөөнүн жүрүшүн жана натыйжаларын процесстин катышуучуларына түшүнүктүү формада баяндоо менен кат жүзүндө корутунду берүүгө милдеттенгени аркылуу;
соттук эксперттин тыянактарынын тууралыгы жана корутундунун мазмуну үчүн жеке кылмыш жоопкерчилиги аркылуу;
соттук экспертиза жүргүзүү үчүн берилген материалдардын жана маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу аркылуу;
түпкү маалыматтар толук эмес жана карама-каршылыктуу болгон учурда соттук эксперттин кошумча маалыматтарды берүүнү талап кылуу укугу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда соттук эксперттин корутунду берүүдөн баш тартуу укугу аркылуу;
соттук эксперттин соттук экспертизанын тапшырмасынын маселелерин башкача баяндоо жана өз демилгеси боюнча коюлган башка маселелерди чечүү укугу аркылуу;
далил катары соттук эксперттин корутундусуна тергөөчүнүн, прокурордун, баштапкы териштирүү органынын жана соттун акыркы бааны берүү укугу аркылуу;
тергөөчүнүн, прокурордун, баштапкы териштирүү органынын, соттун соттук экспертти суракка алуу, кошумча жана кайрадан өткөрүлүүчү экспертизаларды дайындоо укугу аркылуу;
иштин аягына кызыккан жактардын соттук экспертизаларды алып салуу жана дайындоо, кошумча жана кайрадан өткөрүлө турган экспертизаларды дайындоо жөнүндө расмий өтүнүч билдирүүгө укугу аркылуу;
сот экспертинин (экспертизаны жүргүзүүдө) сот, тергөө органдарына, башка мамлекеттик органдарга жана алардын кызмат адамдарына, ошондой эле башка жеке адамдарга жана юридикалык жактарга көз карандысыздыгы аркылуу.
4-глава
Соттук-эксперттик уюмдардын ишин финансылык,
уюштуруучулук, илимий-усулдук жана маалыматтык камсыздоо
33-берене. Соттук-эксперттик ишти каржылоо
1. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдардын иши бюджеттик каражаттардын жана мыйзамда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.
2. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда соттук-экспертизалык ишти жүргүзүүгө байланышкан кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.
3. Башка соттук-эксперттик уюмдар жана соттук эксперттер тарабынан жасалуучу соттук экспертизалардын акысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
34-берене. Соттук-эксперттик ишти уюштуруучулук жана
илимий-усулдук жактан камсыз кылуу
1. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдардын ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ишке ашырылат.
2. Соттук экспертизаларды жүргүзүүнү илимий-усулдук жактан камсыздоо, ошондой эле соттук эксперттерди кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдарга жүктөлөт.
35-берене. Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн усулдарынын мамлекеттик
реестри
Ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн усулдары жөнүндө маалыматтар Соттук-эксперттик усулдардын мамлекеттик реестрине киргизилет, аны түзүүнүн максаты жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
36-берене. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдардын ишин
маалыматтык камсыз кылуу
1. Уюштуруучулук-укуктук жана менчик түрүнө карабастан уюмдар мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдардын жетекчилеринин суроолору боюнча соттук экспертизаларды өткөрүү үчүн зарыл маалыматтарды, өз продукциясынын үлгүлөрүн жана каталогдорун, техникалык жана технологиялык документтерин жана соттук экспертизанын усулдук жана ченемдик базасын түзүү жана жаңыртуу үчүн керектүү башка информациялык материалдарын акысыз берүүгө милдеттүү. Мында мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар мамлекеттик, коммерциялык сыр болгон же мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн маалыматтар алынгандан кийин ачыкка чыгарылбашын камсыздашат.
2. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюм иш боюнча соттук экспертиза бүткөндөн кийин соттон, баштапкы териштирүү органынан, тергөөчүдөн буюмдук далил болгон предметтерди эксперттик, илимий жана окутуучу-усулдук иште пайдалануу үчүн алуу жөнүндө расмий өтүнүүгө укуктуу.
5-глава
Соттук-эксперттик иш тармагында
эл аралык кызматташтык
37-берене. Соттук-эксперттик иш тармагында эл аралык кызматташтык
Соттук-эксперттик уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет мамлекеттердин соттук-эксперттик иш жүргүзгөн органдары жана кызматтары менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий жана усулдук маалыматтарды алмашуу, соттук экспертти кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу максатында эл аралык байланыштарды түзүүгө укуктуу.
38-берене. Чет мамлекеттин компетенттүү органынын тапшыруусу
боюнча соттук экспертиза жүргүзүү
1. Кыргыз Республикасы катышкан жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим болгон чет мамлекеттин компетенттүү органынын тапшырмасы боюнча соттук экспертиза жасалышы мүмкүн. Мындай учурларда, эгерде Кыргыз Республикасы катышкан жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим келишимде башкача каралбаса, соттук экспертизаны аткаруучу өлкөнүн мыйзамдары колдонулат.
2. Соттук экспертизанын акысы соттук экспертизанын заказчысы менен соттук экспертизаны аткаруучунун ортосунда түзүлгөн макулдашуу боюнча төлөнөт.
39-берене. Чет мамлекеттин соттук эксперттерин тартуу менен соттук
экспертиза жүргүзүү
1. Соттук экспертизаны дайындаган орган (адам) өз демилгеси боюнча же соттук-эксперттик уюмдун жетекчисинин расмий өтүнүчү боюнча чет мамлекеттердин соттук экспертиза тармагындагы адистерин ишке тартуу жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте өтүнүүгө укуктуу.
2. Чет мамлекеттердин соттук эксперттеринин катышуусунда жасалуучу соттук экспертиза соттук экспертизаны аткаруучу өлкөнүн процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
3. Соттук экспертизага катышкандыгы үчүн чет өлкөлүк адистердин акысы жана аны жүргүзүүгө байланышкан башка чыгымдар тараптардын макулдашуусу боюнча төлөнөт.
6-глава
Корутунду жоболор
40-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
Бул Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Соттук экспертизаны жана атайын билимдердин башка түрлөрүн илимий-усулдук жана уюштуруучулук чаралар менен бирге колдонуунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу алардын мыйзамдар менен камсыз болушун талап кылат, анткени азыркы учурдагы укуктук база көрсөтүлгөн институттун азыркы абалынын өзгөчөлүгүнө толук жооп бербейт жана анын өнүгүшүнүн негиздери болушу үчүн жетишсиздик кылат.
Көрсөтүлгөн маселени чечүүдө процесстик нормаларды процесстик регламенттештирүүнүн чөйрөсүнүн кеңейтилишин жана сапаттуу өзгөрүшүн караган жана жыйынтыгында сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатууга, ар бир ишти сапаттуу, ар тараптуу, калыс иликтөөгө жана сотто кароого процесстик кепилдиктерди күчөтүүгө, сот өндүрүшү чөйрөсүнө тартылган адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган процесстик нормалардын комплексин түзүү маанилүү ролду ойнойт.
Ушундай шарттарда эксперттик корутундулардын сапатына кепил болуп эксперттердин процесстик иштин субъекттери катары көз карандысыздыгын, изилдөөлөрдүн уюштуруучулук жана усулдук бир кылкалыгын камсыз кылган мыйзам актысы гана кызмат кыла алат.
"Соттук экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору соттук-эксперттик иштин принциптерин, аны уюштуруунун түрлөрүн соттук эксперттердин негизги укуктарын жана милдеттерин аныктайт, ошондой эле соттук экспертизаларды жүргүзүүнүн тартиби менен байланышкан маселелерди камтыйт.
Мыйзам долбоору Евразиялык экономикалык кызматташтыктын парламенттер аралык ассамблеясы тарабынан жактырылган "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" типтүү мыйзам актыны эсепке алуу жана сот экспертизасынын кылмыштын артынан сая түшкөн органдардан жана соттордон көз карандысыздыгынын принцибин сактоо менен иштелип чыккан.
Мыйзамдын ушул долбоору аркылуу соттук-эксперттик иштин, соттук экспертизанын, соттук-эксперттик мекемелердин, ошондой эле соттук-эксперттик ишти уюштуруу жана жүргүзүү менен байланышкан башка негизги түшүнүктөрдүн аныктамалары берилет.
Мындан тышкары Мыйзам долбоору аркылуу соттук экспертиза, анын ичинде, эл аралык келишимдердин алкагындагы практикалык эксперттик иш жана илимий иш тармагында, ошондой эле эксперттик кадрларды даярдоодо эл аралык кызматташтыгын багыттары жана жолдору каралууда.
Мыйзам долбоору аркылуу мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдун кызматкери болбогон соттук эксперттин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, токтото туруунун, колдонулушун токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталары каралууда.
Кыргыз Республикасында эксперттик кадрлардын жогорку кесиптик деңгээлин, эксперттик изилдөөлөрдүн усулдук бир кылкалыгын, эксперттик ишти мамлекеттик жөнгө салууну жана көзөмөлдүккө алууну камсыз кылган ушул Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы соттук экспертизанын азыркы жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашырууну аныктаган каражат болуп калат.
Кыргыз Республикасынын "Укуктук ченемдик актылар" Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык, милдеттүү түрдө коомдук талкууга алына турган, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, жана ошондой эле "Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору, мамлекеттик Интернет-порталында жайгаштырылган (www.gov.kg).
Өткөндөгү айтып кеткен Мыйзамдын долбоорлорун, мамлекеттик Интернет-порталына жайгаштыргандан кийин, юстиция Министрлигинин дарегине Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынан кат келип түштү.
Акыйкатчынын эскертүүсү боюнча 11-берененин экинчи бөлүгүнө караштуу "бекитилген" дегенден кийинки сөздү "Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруучусу" деген сөз менен толуктугуна, 12-берененин 5-бөлүгүнүн эң акыркы абзацында 17-берененин 5-бөлүгүнө кайрылуу бар, 17-берененин бешинчи бөлүгү каралган эмес, 22-берененин 2-бөлүгүн пункттарын тура номерлөө керек, 33-беренени кийинки мазмун менен толуктоо керек: "- соттук эксперттин (экспертиза жүргүзүп жатканда) соттук, тергөөчүлүк, жана ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, физикалык, юридикалык жана кызматкерлердин көз карандысыздыгы", толугу менен эске алынган эмес.
Эскертүү боюнча:
- 10 берененин 3 бөлүгүндөгү "болбой турган" деген сөздү, "жана ченемсиз чыгымдарды талап кылган" деген сөз менен толуктоо керек - эске алынган эмес - 10-берененин 3-бөлүгүндөгү Мыйзамдын долбоору, айыптуу токточу жайда турган кыймылсыз мүлк же болбосо транспорттук каражат боюнча айтылып жатат. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын "Укуктук ченемдик актылары" Мыйзамынын 11-беренесине ылайык укуктук ченемдик актылардын тексти адабий тилинде жана юридикалык терминологиялары менен баяндалган. Эскирген жана көп мааниге ээ сөздөрдү, ошондой эле метафора, эпитет, сөздөрдү кыскартууга жол берилбейт.
- 17-берененин 2-бөлүгүнүн абзацын "карасанатайлык менен жасалган кылмыш" деген сүйлөм менен толуктоо керек - эске алынган эмес - Мыйзам долбоорунун эң акыркы редакциясынын 15, 16 жана 17-беренелери кошулган, жана алардан сертификаты иш аракети токтотулган. 15-берененин 2-бөлүгүндө мамлекеттик соттук-эксперттик мекеменин кызматкери эмес болсо, компетенттүү соттук-эксперттин сертификатын, кыскартуу, ажыратуу, токтотуу, баш тартуу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилиши каралган;
- 29-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмунунда толуктоо керек: "Соттук экспертизаны жүргүзүүдө акыйкатчы же анын өкүлү катышууга укуктуу" эске алынган эмес - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодекси 202-беренесинде экспертиза жүргүзүүдө катышууга укугу бар жактар так аныкталган;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук экспертизасынын борборунун өз алдынча укуктук статусу максаттуу түрдө - эске алынган эмес - Мыйзам долбоорунун жөнгө салуу предмети Мамлекеттик соттук экспертизалар борборуна, эксперттик мекемеге статус ыйгаруу маселе болуп эсептелбейт.
Ошондой эле ушул долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбей тургандыгын билдиребиз.
Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдап чыгуунун натыйжалары боюнча ушул мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбейт.
Ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы каражаттарын талап кылбайт.
Министр А.Шыкмаматов