Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 26-сентябры № 651
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 98 "Кыргыз Республикасындагы топтомо пенсиялык системаны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 98 "Кыргыз Республикасындагы топтомо пенсиялык системаны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы топтомо пенсиялык системаны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2012" деген сандар "2013" деген сандарга алмаштырсын;
- 3 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пунктунун "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2012-жылдын июлу" деген сандар жана сөздөр "2013-жылдын сентябры" деген сандарга жана сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
|
Ж. Сатыбалдиев |