Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
№ 654 токтому менен бекитилген
"Дордой" жана "Кара-Суу" соода-базар комплекстерин өнүктүрүү
ПРОГРАММАСЫ
1-глава
Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрү - Беларусь, Казакстандын, Россиянын (тышкы товар жүгүртүүнүн 50%и туура келет) Бажы союзуна биригиши менен Кыргызстандын дүң соода борбору катары келечеги кыйла начарлады. Начарлоонун себеби Кыргызстан менен Бажы союзунун мүчөлөрүнүн ортосунда формалдуу милдеттемелердин сакталышына байланыштуу. Каралуучу соода комплекстеринин мындан ары өнүгүү контексинде сооданын эрежесинин мындай олуттуу өзгөрүүсү берүүлөрдүн рентабелдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жана мындан аркы көлөмүнүн кыскарышына алып келет.
Ошондой эле олуттуу тобокелдиктердин бири болуп региондогу жогору атаандаштык чөйрө саналат. "Дордой" жана "Кара-Суу" соода-базар комплекстеринин (мындан ары - СБК) жана башка ири базарлардын өнүгүүсүнө түрткү берген товардык жетишсиздик жана аз атаандаштык мезгилинде өттү, ал эми чектеш өлкөлөр өздөрүнүн аймагында соода аянттарын уюштуруу боюнча активдүү аракеттерди жасашууда.
Товардык агымдарды (негизинен алар реэкспорттук мүнөздө) эки ири багытка бөлсө болот. Түндүк транзиттик маршрут менен өтүүчү жана Казакстан, Россияга багытталган биринчи багыты "Дордой" СБКда тейленет. Түштүк транзиттик агымы Ош облусу аркылуу өтөт жана "Кара-Суу" СБКда тейленет.
Эксперттик баалоолор боюнча реэкспорттук соода толук жоюлган учурда экономикалык жоготуулар ИДПдан 6 пайыз өлчөмүндө бааланат (2009-жыл). Бир жарым-эки жылдын аралыгында багуусундагыларды эсептебегенде болжол менен 15-20 миң жумушсуздардын бошошуна алып келүүчү мүмкүн болгон социалдык кыйынчылыктарды жаратат.
Тышкы мүнөздөгү тобокелдиктер менен бирге, көптөгөн ички көйгөйлөр да бар. Ички көйгөйлөр рыноктун инфраструктурасынын абалына, базарларды ишин камсыз кылууга жана алардын мамлекет тарабынан жөнгө салынуу маселелерине байланыштуу.
1.1. СБКнын жалпы мүнөздөмөсү жана экономикалык ишинин
көрсөткүчтөрү
"Дордой" СБК Бишкек шаарынын чекесинде жайгашкан. 2009-жылдын 1-январына карата соода комплексинин ээлеген жалпы аянты 53 гектарга жакын. "Дордой" СБК бир нече өз алдынча ишкердик субъекттерди бириктирет. Алардын курамына жалпы алганда региондун товардык башка базарларын камсыз кылуучу Борбордук Азиядагы эң ири соода-базар комплексин түзүүчү айрым универсалдуу дүң-чекене соода жүргүзүүчү базарлар кирет.
"Дордой" СБКнын аймагында орнотулган контейнерлердин жалпы саны 17000ге жакын. Ар бир контейнер өз алдынча соода түйүнү болуп эсептелет. Контейнерлердин менчик ээлери болуп "Дордой" СБКда түздөн-түз соода жүргүзүү иши менен алектенген же аларды ишкерлерге ижарага берген жеке адамдар болуп саналат.
"Дордой" СБКнын соода катарлары сооданын түрүнө жараша дүң, чекене жана дүң-чекене болуп бөлүнөт. Акыркы учурларда дүң сооданын көлөмдөрүнүн төмөндөгөнүнөн улам, мурда дүң соода менен гана алектенген көптөгөн ишкерлер дүң-чекене соода жүргүзүүгө кайрадан багыт алышкан.
"Дордой" СБК республиканын бардык региондорундагы соода ишканаларын жана чекене соода жүргүзүүчү базарларды товарлар менен камсыз кылат. "Дордой" СБКдан товарлар Казакстанга, Россияга, Өзбекстанга жана Тажикстанга дүңүнөн берилет.
Ош облусундагы "Кара-Суу" СБКнын товар жүгүртүү өлчөмү жана көлөмү "Дордой" СБКдан бир аз төмөн жана Борбордук Азиядагы эң ири базарлардын бири болуп саналат. Анын аянты 19,1 гектардан ашык. Базар 1 мамлекеттик жана 18 чакан базарларды бириктирет. Негизги болуп "Тураталы базары" мамлекеттик ишканасы эсептелет. Азыркы учурда бул мамлекеттик ишканага 6,26 га жер участогу жана базардын мүлктүк комплексинин бир бөлүгү бекитилген. Мамлекеттик ишкана өзүнүн чарбалык ишинин мүлктүк комплексти түзгөн 1284 соода орундарында жана 610 контейнерлеринде жүргүзөт. "Кара-Суу" СБКнын аймагына орнотулган контейнерлердин жалпы саны - болжол менен 5061. Ар бир контейнер өз алдынча соода түйүндөрү болуп эсептелет. Контейнерлердин менчик ээлери болуп "Кара-Суу" СБКда түздөн-түз соода жүргүзүү иши менен алектенген же аларды ишкерлерге ижарага берген жеке адамдар эсептелет.
"Кара-Суу" СБКнын соода катарлары сооданын түрүнө жараша дүң, чекене жана дүң-чекене болуп бөлүнөт. "Дордой" СБК сыяктуу эле дүң сооданын көлөмү төмөндөгөндүктөн "Кара-Суу" СБКнын ишкерлери дүң-чекене соода жүргүзүүгө кайрадан багыт алышкан.
"Дордой" жана "Кара-Суу" СБКда сатылуучу товарлардын ассортименти өтө кеңири, автомобилдер үчүн запастык тетиктерден жана курулуш материалдарынан баштап ата мекендик, ошондой эле чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн кеңири суроо-талаптагы керектелүүчү товарларга чейин бар.
"Кара-Суу" СБК Өзбекстандын жана Тажикстандын базарларына багытталган. Өзбекстан менен чек арада чектөөлөрдүн натыйжасында акыркы убакта сооданын көлөмү бир кыйла төмөндөдү. Бул товардык агымдардын бөлүнүшүнө, "Кара-Суу" СБКнын аймагына токтобостон өтүүчү бөлүгүндө транспорттоого алып келди.
Статистикалык эсепке алуунун жоктугунан "Дордой" СБКда соода жүгүртүүнүн динамикасы жөнүндө маалымат байкоо жүргүзүү жана ишкерлерди сурамжылоо аркылуу жыйналды. Жүргүзүлгөн байкоонун жыйынтыгы 2008-жылдын IV кварталынан баштап соода активдүүлүгүнүн бир кыйла төмөндөгөнүн көрсөттү.
2009-жылдын январына карата изилденген катарларда контейнерлердин жалпы санынын 52 пайызы жабылган, контейнерлердин 4 пайызы сатууга коюлган, 5 пайызы ижарага берүүгө сунушталган. Сурамжылоого алынган ишкерлердин пикирлери боюнча өткөн жылдарга салыштырмалуу өткөн үч жылдын аралыгында жыл сайын 20-25 пайыз өсүштүн ордуна 2008-жылы товар жүгүртүү болжол менен 40 пайызга кыскарган.
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча "Дордой" СБКнын курамына кирген үч базарда орнотулган контейнерлердин жалпы санынын орточо 33 пайыздан көп эмеси 2008-жылдын ичинде туруктуу иштеген.
2011-жылда "Дордой" СБКга 294,5 млн. сом суммасына 97823 ыктыярдуу патент берилген, бул 2009-жылга салыштырмалуу 1753 патентке жана 37,3 млн. сомго аз (2009-жылы 331,8 млн. сомго 99576 патент берилген).
"Кара-Суу" СБК боюнча 2011-жылы 63,3 млн. сомго 23992 ыктыярдуу патент берилген, бул дагы 2009-жылга салыштырмалуу 13134 патентке жана 46,9 млн. сомго аз (2009-жылы 110,2 млн. сомго 37126 патент берилген).
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын түшүшүнүн азайышы 2010-жылдын майынан тартып "Дордой" СБК боюнча патенттин ставкасынын орточо 20 пайызга төмөндөшүнө, 2010-жылдын июнь окуясына жана Өзбекстан Республикасы менен болгон чек аранын жабылышына байланыштуу "Кара-Суу" СБКда иштеген ишкерлердин санынын азайышына байланыштуу.
Ошондой эле республикалык бюджетти толтуруу "Дордой" СБКга сатуу үчүн алынып келинген товарларды бажылык тариздөөдө бажы төлөмдөрүнүн (алымдар, акциздер, КНС) эсебинен жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча маалыматтар базасынан "Дордой" СБКнын ишкердик субъектилеринин бажылык тариздөө операцияларын жүргүзүүдөн республикалык бюджетке түшүүлөр жөнүндө маалыматтарды бөлүп алуу мүмкүн эмес. Аны менен бирге 32-83 жана 91-96 товардык топтордун (соода-рыноктук комплекстерде сатылуучу продукциялардын ассортиментин түзүүчү керектөөчү товарлар) көпчүлүк бөлүгү "Дордой" СБК аркылуу сатыла тургандыгын эске алуу менен, алар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтары кандайдыр бир деңгээлде "Дордой" СБКга байланыштуу иш-аракеттерден бюджетке түшүүлөрдүн көлөмү тууралуу түшүнүк бере алат.
1.2. Базарлардын инфраструктурасы
СБКнын көп жылдык ишинде жеке ишканалар жана мамлекеттик органдардын бөлүмдөрү түрүндө тиешелүү тейлөө инфраструктураларынын пайда болушуна түрткү беришкен. Ар бир СБКнын аймагында мейманканалар, транспорт үчүн токтотуучу жайлар, коомдук тамактануу түйүндөрү, кайтаруу уюмдары, акча алмаштыруу бюролору, транспорт компаниялары ж.б. иштешет.
Базарларда негизги транспорттун түрү болуп автомобиль транспорту саналат. Мында транспорт инфраструктурасы атайын дүң базарларга карата долбоорлонгон эмес.
СБКнын аймагында төмөнкү жеке менчик:
- авто токтотмолор, техникалык тейлөө станциялары, авто жуугучтар, коомдук тамактануу ишканалары, мейманканалар, радио түйүнү, душ кабиналары, сулуулук салондору, акча алмаштыруу жана дарыкана пункттары, коммерциялык банктардын филиалдары, эл аралык телефон байланышы, Интернет кызматтарын көрсөтүүчү пункттар, жашылча-жемиш чакан базарлары, тигүүчү жана бут кийим устаканалары, сактоочу жайлар, кампалар ж.б. жайгашкан.
СБКда төмөнкү мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү бар:
- милиция бөлүмү;
- салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмдөрү;
- өрт кызматынын бөлүмү;
- медициналык пункттар.
СБКнын натыйжалуу иштөөсүн уюштурууда чакан базарлардын ар биринин администрациясы өзүнчө иштейт. Администрациянын функцияларына ишкерлерге соода аянттарын жана контейнерлерге, павильондорго, киоскторго ижара үчүн жер участокторун берүү, кайтаруунун камсыз кылуу, соода аянттарын бергендиги үчүн ижара акыларын жыйноо кирет.
1.3. Жумуш орду
Азыркы учурда "Дордой" СБК 30 миңден ашуун адамга жумуш орундарын берүүдө. Болжол менен 27 миң адам түздөн-түз соода ишинде, 3 миң адам тейлөө чөйрөсүндө (базардын администрациясынын кызматчылары жана күзөт кызматындагылар, жүктөөчүлөр, жүк ташыгандар, айдоочулар, коомдук тамактануунун жумушчулары ж.б.) иштейт. СБКнын иш-аракети ошондой эле алдын ала баалоо боюнча 200ден 300 адамга чейин өзгөрүлүп турган жеке ташуучуларды жана жеке маршруттук автобустардын айдоочуларын жумуш менен камсыз кылат.
"Дордой" СБКнын профсоюздук уюмунун сурамжылоосу боюнча базарда иштеген ар бир адамдын багуусуна орточо эсеп менен эки адам бар. Багуудагыларды эсепке алганда СБКнын жумуш орундары 600 миңден ашуун адамдын күн көрүүсү үчүн каражат берет.
СБКда жумуш орундар маселеси ачык көрүнүп турган гендердик аспектиге ээ: ишкерлердин 60 пайызын аялдар түзөт.
"Кара-Суу" СБКда ишкердик иш менен 15 миңден ашык адам алектенет, алардын арасында Кыргызстандык жарандардын катарында Өзбекстандын, Кытайдын, Түркиянын, Пакистандын жарандары да эмгектенишет.
2-глава
Көйгөйлөрдүн мазмуну жана аны чечүүнүн зарылчылыгы
2.1. Тышкы чөйрөнүн чакыруулары жана тобокелдиктери
СБКнын мындан аркы иши үчүн негизги чакырыгы болуп Бажы союзунун түзүлүшүнө шартталган соода жүргүзүү шарттарынын олуттуу өзгөрүүсү саналат. Кыргыз Республикасынын ушул уюмга кирүүсү боюнча саясий көз карашы белгилүү болду, бирок Бажы союзуна кирүү мөөнөтү аныктала элек.
Бажы союзуна кирүүгө чейинки мезгилде жалпысынан өлкөнү жана анын ичинен СБКны бул окуяга даярдоо процесси көрүнөт. Мындан тышкары Кыргызстанга карата соода режиминин кезектеги мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу эң чоң мааниге ээ болот. Бирок реэкспорттук агымдарды базар комплекстеринин өнүгүүсүнө багыттоо убагы өтөөрү белгилүү. Кыргызстан соода режими үчүн мурдагыдай товарларды реэкспорттоону камсыз кыла албайт.
Ошентип базарлардын мындан ары өнүгүүсү үчүн принциптүү маселе болуп алардын өзгөрүлгөн шарттарга ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгү саналат.
"Кара-Суу" СБКнын товарларын реэкспорттоо үчүн өзгөчө көйгөй болуп Өзбекстан менен чек ара аркылуу товарларды эркин ташууга тоскоолдуктун болуусу саналат. Азыркы убакта "Кара-Суу" СБКга чек ара өтмөгү жабык (көпүрө аркылуу). Жарандарга өтүүгө туугандарына баруу үчүн гана уруксат берилет. Жакын жайгашкан аймактарда соода иш-аракеттерин ишке ашырууга же жөн гана жарандардын ортосунда товарларды сатып алууга-сатууга өзбек тараптан тыюу салынган.
Негизги тобокелдиктердин бири болуп региондо жогорку атаандаштык чөйрөсү саналат. "Дордой", "Кара-Суу" СБКлардын жана башка ири базарлардын өнүгүүсүнө күчтүү түрткү болгон товардык тартыштык жана аз атаандаштык мезгили өтүп кетти: керектөө базары толду.
Өзбекстанда ири заманбап соода-базар комплекстери курулууда, өзбек базарын өзү камсыздоосуна көмөк көрсөтүүчү Ташкент-Пекин, Ташкент-Үрүмчү түз каттамдары ачылды. Бул чаралар "Дордой", "Кара-Суу" СБКлардын коммерциялык өзүнө тартуусунун төмөндөшүнө алып келет.
СБКнын өнүгүүсүнө тоскоол болуучу негизги көйгөйлөр:
- реэкспорттук берүүлөрдү рентабелдүү эмес кылуучу соода шартынын кескин өзгөрүшү;
- түштүк реэкспорттук агымынын негизги керектөөчүлөрү болуп саналган Өзбекстан менен мамлекеттик чек аранын чектелүүсү.
2.2. Ички көйгөйлөр
Дүң сатып алуучулардын бажылык жана чек аралык посттордон өтүүдө кабылуучу негизги көйгөйлөр ата-мекендик базардын атаандаштыгына тескээри таасирин тийгизет.
СБКнын баш-аламан өнүккөндүгүн эске алуу менен, "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын аймагындагы соода орундары азыркы учурдагы талапка дал келбейт. СБКнын менчик ээлеринин жогорку деңгээлде бөлүнүшү базарларды башкарууга жана анын өнүгүүсүнө комплекстүү мамиленин жоктугуна алып келет.
СБКнын негизги көйгөйлөрү:
- СБКга келип кирүү жолдорунун начар абалы, автотранспорттор менен ашыкча жүктөлгөндүк;
- керектүү санда токтотуучу орундардын жетишсиздиги;
- "Кара-Суу" СБКнын болгон инфраструктурасы өрт коопсуздугуна жооп бербейт, санитардык-гигиеналык ченемдер сакталбайт, суу менен камсыздоо жана канализация жок;
- "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКларда укук тартибинин жетишсиз сакталышы;
- электр тармактарынын эскирген абалы;
- КМШ өлкөлөрүнүн ишкерлеринен тышкары, ата-мекендик ишкерлерге атаандаштык үчүн бирдей эмес шарттарды түзүүчү өндүрүүчүлөрдөн түздөн-түз сатып алынган товарларды жеткирүү жана аларды арзан баада сатуу мүмкүнчүлүгү бар резидент эмес-ишкерлердин санынын жогорулашы;
- сооданын көлөмүнүн төмөндөшүндө ишкердик иш менен иштөөгө патенттин ставкасынын шайкеш келбеши;
- жыйынды бажы төлөмүнүн жогорку бирдиктүү ставкасы.
3-глава
Максаттар жана милдеттер
Жогоруда белгиленген терс тенденцияларга карабастан, мындан ары өнүгүүнү камсыз кылышы мүмкүн болгон базар комплекстеринин атаандаштык артыкчылыгын белгилей кетүү зарыл:
- Борбор-Азия региондорундагы базарларга жакын, ыңгайлуу жайгашкандыгы;
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу либералдуу соода режими;
- берилүүчү товарларга жана кызматтарга алгылыктуу баалар;
- жогорку өткөрүүчү жөндөмдүүлүк;
- квалификациялуу, "арзан" эмгек ресурстарынын болушу;
- негизги соода өнөктөштөр - өлкөлөр менен визасыз режим;
- тилди түшүнүүдөгү тоскоолдуктун жоктугу.
Болгон шарттардан жана мүмкүнчүлүктөрдөн улам "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКларды өнүктүрүү программасынын (мындан ары - Программа) максаты жана милдеттери аныкталды.
Максаты:
"Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын Борбордук Азия регионундагы, КМШ өлкөлөрүндөгү жана алыскы чет өлкөлөрдөгү атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүгүн бекемдөө жана жогорулатуу. СБКда соода жүгүртүүнүн өсүү темпин жана жумуш орундарынын санын өткөн жылдардын деңгээлинде сактап калуу.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
- "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКларга маанилүү стратегиялык объект статусун берүү;
- "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын өндүрүш жана соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКларды өнүктүрүүнүн уюштуруучулук-экономикалык шарттарын өркүндөтүү;
- соода чөйрөсүндө кредит берүүнүн жана инвестициялоонун өсүшү үчүн шарттарды түзүү;
- фискалдык саясатты оптималдаштыруу.
1-милдет. "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКларды өнүктүрүү боюнча
ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу.
Бажы союзун түзүү - бул Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң өзгөрүү болору шексиз. Бул факторлор Бажы союзунун мүчөсү болбогон өлкөлөрдөн импорттук продукцияларды сатуу менен алектенген ишканаларга терс таасирин тийгизет.
Ишкерлерди жаңы шарттарга адаптациялоо жана активдүү өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылчылыгы бышып жетилди.
Узак мөөнөттүү келечекте республикага экономикалык интеграция гана татаал геосаясий жана глобалдуу чакырыктарга туруштук берүүгө мүмкүндүк берет. Айрым бизнес сегменттери адаптация процессинде чоң кыйынчылыктарга туш болот. Мамлекет ата мекендик ишкерлерге экономикалык өз ара аракеттенүү механизмин түзүү менен бул оор мезгилди максималдуу түрдө минималдаштырышы керек.
"Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлары көп жылдык иштеринде жеке ишканалар жана мамлекеттик органдардын бөлүмдөрү түрүндө тиешелүү тейлөө инфраструктуранын пайда болушуна түрткү беришти. Ар бир СБКда мейманкана, транспорт үчүн токтотуучу жайлар, коомдук тамактануу түйүндөрү, күзөт уюмдары, акча алмаштыруу бюролору жана башкалар иштейт. Келечекте СБК ири программалык инвестициялардын негизи болушу керек.
Келечекте Борбордук-Азия регионунда атаандаштыкка жөндөмдүү СБКны сактоо жана түзүү зарыл.
2-милдет. "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын өндүрүш жана соода
потенциалдарын кеңейтүү
Тышкы чакырыктарга негизги жообу болуп СБКнын реэкспорттук агымдарды тейлөө кызматынан тиешелүү көлөмдө товарлардын агымдарын генерирациялай алган өнөр жайлык өндүрүштүк тармакка кайра багыт алуу эсептелет.
Азыркы иштеп жаткан эл чарба тармагынан "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын көлөмүнө салыштыраарлык тигүү өнөр жайы жана айыл-чарбасы гана иштейт. Буга байланыштуу топтолгон тажрыйбаны эске алуу менен биринчи этапта максаттуу болуп кездемелер жана аксессуарларды сатууну адистештирүү менен тигүү жана бут кийим кластерлерин уюштуруу көрүнөт. Компакттуулугун жана товар бирдигине төмөн салмакты эске алуу менен мындай буюмдарды экспорттоо дүң жана чекене көлөмдө жөнгө салынышы мүмкүн.
Күзгүдөй чагылдыруу статистикасына ылайык 2010-жылы Кытайдан Кыргызстанга экспорттун жарымына жакынын кездемелер, фурнитуралар, тигилүү кийимдер жана бут кийимдер түзгөн.
Башка маанилүү кырдаалдар менен товарлардын бул тобуна багытталышы товарлардын келип чыгуу өлкөсүн аныктоо эрежеси болуп саналат. Тигилүү кийимдерге тиешелүү бөлүгүндө Кыргызстан тигилүү кийимдерди тигүүнүн толук циклине ээ. Ушундай цикл бут кийим үчүн да уюштурулушу мүмкүн. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында кабыл алынган чыгарган өлкөнү таануунун негизинде чыгарылган өлкөнү таануунун жеткиликтүү критерийи болуп товардын тышкы экономикалык иш-аракеттеринин номенклатурасынын (ТЭИТН) төрт биринчи белги кодунун биринин өзгөрүлүшү саналат.
Коюлган милдеттерди ишке ашыруу уюмдар, барыдан мурда СБКнын аймагындагы тигүү өндүрүштөрү үчүн тиешелүү алгылыктуу шарттарды түзүү талап кылынат. Бул багытта ижара акысынын тиешелүү деңгээлин камсыз кылуу предметине сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. Бул багытта алдыңкы роль тиешелүү органдардын базасында ишкерлер менен СБК менчик ээлери ортосунда диалог үчүн аянтты камсыз кылуучу мамлекетке бурулат.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өндүрүштү локализациялоого кызыкдар өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда саясий диалогду уюштуруу зарыл. Барыдан мурда күч-аракеттерди активдештирүүнү Кытайга карата баштоо керек. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн өндүрүүчү ассоциацияларды тартуу менен (Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Түркия) биргелешкен ишканаларды түзүү максатында өкмөттөр аралык жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
Экинчи зарыл шарт болуп кездеме жана фурнитура менен соода кылуу сыяктуу өзүнчө камсыздоочу иш-чараларды даярдоо саналат. Бүгүнкү күндө тигүү өндүрүшү үчүн чийки зат соодасынын негизги борбору болуп Бишкек шаарында жайгашкан "Мадина" соода борбору эсептелет. Тигүү өндүрүшүнүн ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн "Дордой" СБКнын аймагында көрсөтүлгөн ассортимент менен соода түйүндөрүн жайгаштыруу максатка ылайык.
Үчүнчү шарт болуп тиешелүү эмгек ресурстары менен камсыздоо саналат. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги ишкерлер менен бирдикте тигүү өндүрүшү үчүн зарыл адистиктер боюнча кыска мөөнөттүү интенсивдүү даярдоо курстарын уюштуруу маселесин иштеп чыгуусу максатка ылайык.
"Кара-Суу" СБКнын мындан аркы иштөөсүнө негизги тоскоолдук болуп кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу Өзбекстан Республикасынын аймагына товардык агымдардын чектелүүсү эсептелет. Өз ара кызыгууларды эске алуу менен СБКнын мындан мындан аркы келечегине карата өлкөлөр ортосунда саясий диалогду уюштуруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издеп табуу зарыл. Сүйлөшүүлөрдүн негизги позициясы менен жеке жана юридикалык жактарга чек ара жанындагы сооданы чек ара аймагында жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүнүн болжолдуу чараларын көрүү максатка ылайык. Бажы союзуна мүчө өлкөлөр жана үчүнчү өлкөлөр ортосунда окшош зоналардын болушун көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасы Бажы союзуна кирүү контекстинде бул укуктук форма базар комплексинин келечектүү өнүгүүсүнө негиз болот.
3-милдет. "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын өнүгүүсүнүн
уюштуруучулук-экономикалык шарттарын өркүндөтүү
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш жүргүзгөн органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдү жана эреже бузуулардын башка түрлөрүн кыскартуу боюнча иштерди андан ары улантуу жана бул багытта мамлекеттик жана башка органдар менен бирдикте иш-чараларды өткөрүү максатында ченемдик-укуктук, методикалык жана маалыматтык базаны дайыма өркүндөтүү зарыл.
Тартип бузууларды аныктоо боюнча базарлардын коопсуздук кызматы менен бирдикте СБКнын аймагында участкалык инспекторлорду бекитүү. Мында ишкердик субъекттердин экономикалык иш-аракеттерине кийлигишүү үчүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин да аныктоо керек.
Укуктук, фискалдык, жөнгө салуу жана практикалык маселелер боюнча маалыматтарды түздөн-түз "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын аймактарында чагылдырууну күчөтүү керек.
Башкаруу чөйрөсүндө ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзүүнү эң төмөнкү деңгээлге чейин кыскартуу, мамлекеттик органдар тарабынан контролдоону тартипке келтирүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү зарыл.
Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жумушчу күчтөргө квота берүү боюнча чечимдин долбоорун кароодо жана даярдоодо Кыргызстандын базарлары, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ассоциациясы менен макулдашуусу сунуш кылынат. Бул жол-жобо мамлекеттин жана бизнестин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет элдик ишкерлердин кызыкчылыктарынын балансын сактоого мүмкүндүк берет. Базарлардын администрациялары менен коомдук бирикмелердин (профсоюз) ортосунда чет өлкөлүк жарандарга миграциялык квоталарды берүү боюнча кызыкчылыктары туура келбей калган учурда, бул маселени чечүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү колго алат.
Соода жүгүртүүнүн жыл сайын өсүшүн стабилдештирүү жана камсыз кылуу экспортерлор (дүңүнөн сатып алуучулар) үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү, экспорттоону ишке ашырууда администрациялык тоскоолдуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды жүзөгө ашырууну болжолдойт.
СБКнын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо үчүн зарыл шарт болуп сатып алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, базар инфраструктурасын өнүктүрүү жана жакшыртуу эсептелет.
Ошондой эле төмөнкүлөр зарыл:
- базарлардын аймагында сатуучулар жана керектөөчүлөр үчүн иш шарттарын түзүү;
- "Кара-Суу" СБКнын базасында үстү жабык соода комплексин куруу долбоорун иштеп чыгуу, колдонуудагы укуктук документтердин талаптарына ылайык иштеп жаткан инженердик коммуникацияларга кошулуу же локалдуу курулмаларды куруу жолу аркылуу базарды суу жана канализация, медициналык жана дарыкана пункттары, коомдук тамактануу ишканалары, душ кабиналары, аялдардын гигиенасы үчүн бөлмөлөр, даараткана менен камсыз кылууну эске алуу менен заманбап инфраструктураны түзүү;
- санитардык, экологиялык ченемдеринин, соода жана коомдук тамактануу эрежелеринин, эмгекти коргоо, өрт коопсуздугу эрежелеринин жана нормаларынын талаптарын сактоо менен СБКда соода жүргүзүүнү камсыз кылуу. Товарларга, продукцияга жана чийки заттарга ден соолук үчүн коопсуздугун ырастаган документтер болушу керек;
- СБК менен шаарды оптималдуу транспорттук билдирүү камсыздоо, СБКны шаардын бардык райондору менен байланыштыруучу маршруттарды ачуу;
- негизги транспорттук магистралдар менен комплекстин аймагына баруучу жана андан чыгуучу ыңгайлуу ыкташууну камсыз кылуучу транспорттук түйүндөрдү куруу;
- комплекстин бардык келүүчүлөрү үчүн автомобилдерди ыңгайлуу токтотууну камсыз кылуучу чоң паркингдердин болушу;
- соода комплексине келүүчү жолдорду оңдоону жана реконструкциялоону ишке ашыруу;
- чек ара посттору (Бишкек-Георгиевка, Бишкек-Чалдовар, Ош-Сары-Таш-Эркечтам) менен соода комплексин байланыштыруучу эл аралык маанидеги жолдорду оңдоону жана калыбына келтирүүнү ишке ашыруу;
- СБКнын аймактарында милиция бөлүмдөрүн ачуу;
- кубаттуу подстанцияларды орнотуу, шаардан көз карандысыз электр берүү линияларын өткөрүү.
СБКнын аймагын көрктөндүрүү боюнча жумуштарды жасоо зарыл. Төлөмдөрдү ишке ашыруунун жаңы формаларын киргизүү, шаардын чет жакасындагы, шаар аралык, эл аралык багыттардагы диспетчердик-кассалык тейлөөнү уюштуруу/жаңылоо аркылуу төлөм системасын реформалоо.
4-милдет. Соода чөйрөсүндө кредиттөөнүн өсүшү үчүн шарттарды түзүү
Жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжаларына ылайык "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКда 5 жылдан ашык иштеген ишкерлер өз иштерин мурунку көлөмдө улантуу үчүн жүгүртүү капиталы катары өздүк каражаттарын колдонушат. Иштин көлөмүн кеңейтүү үчүн аларга кошумча каражаттарды тартуу зарыл. Ошондой эле кредиттерди алууга соода менен салыштырмалуу жаңыдан иштей башташкан ишкерлер өтө муктаж.
Базарда сатылуучу товарлардын негизги топторунун мезгилдүү мүнөзү, ошондой эле товардын тигил же бул түрүнө суроо-талаптын тез алмашуусу ассортиментти дайыма жаңыртып турууну талап кылат. Бирок калктын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнүн жана керектөөчүлүк суроо-талабынын түшүшүнүн натыйжасында көптөгөн соодагерлер өз товарларын өз убагында сата алышкан жок. Товар алуу үчүн кредит алган ишкерлер үчүн бул карыздарын өз убагында төлөй албай калуу дегенди билдирет.
Ишкерлер үчүн кредиттерди алууда негизги тоскоолдук кредит алуунун шарттарынын татаалданышы болуп калды.
Соода иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн банктар тарабынан берилүүчү кредиттердин проценттик ставкалары жогору жана аларды төлөө мөөнөттөрү кыска. Мунун натыйжасында ишкерлердин кредиттик ресурстарга жеткиликтүү (алгылыктуу) шарттарда жетүүлөрүн камсыз кылуу, "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКларда кызыкдар өлкөлөрдүн инвесторлорун, базарлардын менчик ээлерин тартуу жана мамлекеттин үлүштүк катышуусу менен финансы-кредиттик компанияларды түзүү зарылдыгы тууралуу маселелер келип чыгат. Ошондой эле мурда алынган кредиттерди төлөө мөөнөтүн узартуу жана мурда алынган кредиттерге кредиттик ставкаларынын жогорулашына жол бербөө мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгуу зарыл.
5-милдет. Фискалдык саясатты оптималдаштыруу
Соода-рыноктук комплексинде жагымдуу чөйрөнү жана тездетилген өнүктүрүүнү түзүү максатында ишкердикти ишке ашыруу үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКларга салык салуунун ачык-айкындыгы зарыл. Мындан тышкары компьютердик технологияны жана заманбап прикладдык программаларды пайдалануу менен базарларды салыктык башкаруу боюнча иштерди автоматташтыруу керек. Бул чаралар салык органдары тарабынан көптөгөн жана узак текшерүүлөрдү кыскартууга жана фискалдык органдарда коррупциялык көрүнүштөр үчүн шарттарды жокко чыгарууга көмөк көрсөтөт.
Ошондой эле ишкердикке дем берүү максаты болуп өлкөнүн экономикалык абалынын өзгөрүшүнө ылайык ишкердик менен алектенүүгө патент ставкасын салык кызматы тарабынан кайра кароо саналат.
4-глава
Ресурстук камсыз кылуу
Программанын иш-чараларын ишке ашырууга СБКнын инфраструктурасын өнүктүрүү, жарнактык компания менен байланышкан коммерциялык мүнөздөгү конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга катышкан ишкердик субъекттердин каражаттары тартылат. Программаны каржылоонун булактары болуп Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана бюджеттен тышкаркы булактар саналат.
5-глава
Программаны ишке ашыруунун зарыл шарты жана механизми
Ишке ашыруунун механизми Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын администрацияларынын, "Дордой" жана "Кара-Суу" СБКлардын аймагында өз иштерин жүргүзүшкөн ишкердик субъекттердин өз ара аракеттенүүлөрүн карайт.
Программаны ишке ашырууну башкаруу программалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттердин макулдашылгандыгын камсыз кылуучу, мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк принциптеринде аткаруучулардын өз ара аракеттенүүлөрүн, ошондой эле Программанын ишке ашырылышына жалпы контролду ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.