Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2012-жылдын 27-сентябры № 660
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр |
Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерин эске алуу менен калкты иш менен камсыз кылууну камсыздоочу шарттарды түзүү боюнча укуктук, социалдык-экономикалык негиздерди аныктайт.
Башка мыйзамдарда, ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул Мыйзамдын ишинин чөйрөсүнө тиешелүү мыйзамдардын ченемдери ушул Мыйзамга шайкеш келүүгө тийиш.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чаралары - жумушсуз жарандардын иш менен камсыз болушун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө чакырылган, ошондой эле алардын ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган иш-аракеттер;
расмий жумушсуздар - жумушу же иш менен камсыздоого теңештирилген иши, эмгек акысы (кирешеси) жок катары калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында катталган, ошондой эле ылайыктуу жумуш табууну каалаган жана ага киришүүгө даяр эмгекке жарамдуу курактагы жарандар;
жумушсуздар - жумушу же иш менен камсыздоого теңештирилген иши, эмгек акысы (кирешеси) жок, ылайыктуу жумуш табууну каалаган жана ага киришүүгө даяр эмгекке жарамдуу курактагы жарандар;
убактылуу иш менен камсыз кылуу - белгилүү бир убакыттын ичинде келишим боюнча аткарылуучу туруктуу эмес иш;
иш менен камсыз кылуунун ийкемдүү түрү - кызматкерлерди иш менен камсыз кылуунун стандарттык эмес шарттарын колдонууга (толук эмес иш убактысы, вахталык ыкма жана башка) негизделген жумушчу күчтөрүн пайдалануу түрү;
иш менен камсыз кылуу - жарандардын жеке жана коомдук керектөөлөрүн канааттандыруу менен байланышкан, аларга киреше (эмгек акы) алып келүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ар кандай иш;
акы төлөнүүчү коомдук жумуштар - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары менен бирге жумуш берүүчүлөр тарабынан уюштурулган, жумушсуз жарандын алдын-ала кесиптик даярдыгын талап кылбаган, социалдык-пайдалуу багытка ээ жана жарандарды убактылуу иш менен камсыз кылууну камсыздоо үчүн иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын жиберүүсү боюнча жарандар тарабынан аткарылган эмгек иштеринин түрү;
ылайыктуу жумуш - жаран аткарууга жөндөмдүү, билимине, квалификациясына, кесиптик даярдыгына, иш тажрыйбасына, ден-соолугуна ылайыктуу, жашаган жеринен алыс эмес (жол жүрүү бир сааттан ашпаган) жана эң төмөнкү эмгек акынын белгиленген деңгээлинен төмөн эмес эмгек акыга кепилдик берүүчү иш;
кесиптик окутуу жана кайра окутуу - жумушсуз жарандардын эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аларды кесиптик даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо;
кызматкер - иш берүүчү менен эмгек мамилелерине кирген жеке жак;
иш берүүчү - кызматкер менен эмгек мамилесине кирген жеке жак же юридикалык жак;
эмгек рыногу - иш берүүчү (суроо-талап) менен жумушчу күчүн (сунуш) бириктирүүчү механизм;
өз алдынча иш менен камсыз болуу - менчик бизнести жүзөгө ашыруучу жана өзүн иш менен камсыз кылуучу адамдардын эмгек ишмердигинин түрү;
эмгек ортомчулугу - иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын, ошондой эле жарандарды ишке орноштуруу менен алектенген юридикалык жана жеке жактардын калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүсү;
окуу жайы - билим берүү иши менен алектенүүгө укуктуу, ошондой эле жумушсуз жарандарды окутуу үчүн сынактык тандоодон өткөн уюм;
жумушсуздарды финансылык колдоо - мөөнөттүү жана кайтарымдуу негизде, заемдун аныкталган шарттарында чакан насыяларды берүү жолу менен өз алдынча ишкердигин уюштуруусу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жумушсуз жарандарга финасылык жардам көрсөтүү;
жумушсуз жарандарга чакан насыя берүү - жумушсуз жарандарга акча каражаттарын (чакан насыя) берүү боюнча чакан финансы уюмдарынын иши. Бир эле адамга берилүүчү чакан насыянын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген чакан насыянын өлчөмүнүн жол берилген чегинен ашпайт;
чакан насыя компаниясы - коммерциялык уюмдун ар кандай уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан күбөлүк алган жана уюмдун уставдык максаттарына ылайык өз каражаттарынын же донорлук уюмдардын, жергиликтүү жана эл аралык финансы уюмдарынын эсебинен гана жумушсуздарга чакан насыя берүүнү ишке ашырган адистешкен насыя мекемеси;
иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү ассоциациясы - эмгек рыногунда активдүү чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу биригүүсүнө негизделген коммерциялык эмес уюм;
окууга берилүүчү чек - каттоодо турган жумушсуз үчүн окуу жайдын кайсыл жерде жайгашканына карабастан окуу жайды өз алдынча издөөсү жана тандап алуусу үчүн жумушсуздун окуу жайдагы окуусунун акы төлөмүнө кепилдик катары акча каражатынын белгиленген суммасын көрсөтүү менен иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары тарабынан толтурулуучу талон;
жумушсуздук боюнча жөлөкпул - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жумушсуз жарандарга кепилдик берилген колдоонун түрү;
иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органы - иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү саясатын жүзөгө ашырган жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик орган;
калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын аймагында калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү саясатын иштеп чыгуучу жана жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган.
3-берене. Жарандардын иш менен камсыз кылынышы
Иш менен камсыз кылынган жарандарга, ошондой эле иши иш менен камсыз кылынганга теңештирилген жарандарга төмөнкүлөр кирет:
- эмгек келишими боюнча толук же болбосо толук эмес жумуш убактысынын шарттарында сый акы үчүн иштеген, ошондой эле тиешелүү келишим менен ырасталган акы төлөнүүчү иши бар, бирок оорусуна, өргүүсүнө, өндүрүштүн убактылуу токтотулушуна байланыштуу иш менен убактылуу камсыз кылынбагандар;
- мамлекеттик, муниципалдык органдарда мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлегендер, кесиптик ишти акчалай сый акыга туруктуу негизде ишке ашыргандар;
- чакан жана орто бизнестин ишкерлерин, юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик кылган жарандарды кошо алганда, өздөрүн өз алдынча иш менен камсыз кылуучулар;
- эгерде өндүрүлгөн продукция базарда сатылуу үчүн арналса, айыл, токой чарба, аңчылык кылуу, балык уулоо продукцияларын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү кошо алганда, үй-чарбасында товар өндүрүү жана кызмат көрсөтүү боюнча иштерди аткаруу менен алектенгендер, ошондой эле өндүрүш кооперативдеринде, дыйкан (фермер) чарбаларында иштегендер жана айыл чарба багытындагы аянты 0,05 гектардан кем эмес өлчөмүндөгү сугат жер участокторун алган жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө катышкан алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
- предмети жумуш аткаруу жана кызмат көрсөтүү болуп саналган жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча иштерди аткаруучулар;
- альтернативдик кызмат өтөгөн жактардан тышкары, аскердик, ошондой эле ички иштер, улуттук коопсуздук органдарында, бажы органдарында, жазык-түзөтүүчү системасынын, өрткө каршы кызматынын органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөгөндөр;
- аскердик окуу жайларда жана аскердик академияларда окугандарды, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнү кошкондо, жалпы билим берүүчү уюмдарында, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында күндүзгү окуу курстарынан өтүүчүлөр;
- иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген коомдук коммерциялык эмес уюмдарда иштегендер;
- коомдук уюмдардын (бирикмелердин), кайрымдуулук жана башка фонддордун, юридикалык жактардын (ассоциациялар жана союздар) уюштуруучуларынан (катышуучуларынан) тышкары, ушул уюмдарга карата мүлктүк укуктарга ээ эмес уюмдардын уюштуруучулары (катышуучулары) болуп саналгандар.
2-глава Иш менен камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик кепилдиктер
4-берене. Иш менен камсыз кылуу жаатында мамлекеттик колдоого алуу
кепилдиктери
1. Иш менен камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкүлөргө кепилдик берилет:
- ишти, кесипти (адистикти), эмгектин түрүн жана мүнөзүн тандоо эркиндигине;
- иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын ортомчулугу менен ылайыктуу жумуш тандоодо жана ишке орношууда көмөктөшүүгө;
- иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын жолдомосу боюнча кесиптик багыт берүү, кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз алууга;
- иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын жолдомосу боюнча кесиптик даярдоодон, квалификациясын жогорулатуудан, кайра даярдоодон өтүп жаткан мезгилинде, анын ичинде убактылуу эмгекке жараксыз мезгилинде стипендия алууга, буга окууга берилүүчү чек кирбейт;
- ишкердик менен алектенүүнү каалаган расмий жумушсуздарга республикалык бюджетке негизги сумманы кайтаруу менен финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- акы төлөнүүчү коомдук иштердин программаларына катышууга;
- расмий жумушсуздарга жумушсуздугу боюнча, анын ичинде аларды убактылуу ишке жараксыз мезгилинде да жөлөкпул төлөөгө.
2. Жумушсуздарды социалдык жактан колдоого кепилдигин каржылоо калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
Иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу тартибин белгилеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жарандардын кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздайт.
5-берене. Жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо
1. Калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарына жумушсуз же жумуш издөөчү катары кайрылган жарандарды каттоо алардын туруктуу жашаган жери боюнча иш менен камсыз кылуунун шаардык жана райондук мамлекеттик кызмат органдары тарабынан, жумушсуз төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен жеке кайрылганда жүзөгө ашырылат:
- паспортун;
- эмгек китепчесин же аны алмаштыруучу документтерин;
- анын кесиптик квалификациясын ырастоочу документтерин.
2. Кесипке (адистикке) ээ эмес биринчи жолу жумуш издеген жарандарды каттоо алардын туруктуу жашаган жери боюнча иш менен камсыз кылуунун шаардык жана райондук мамлекеттик кызмат органдары тарабынан жумушсуз паспортун жана билими жөнүндө документин көрсөтүү менен жеке кайрылганда ишке ашырылат.
3. Иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары жарандар катталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде аларга ылайыктуу жумуш таап бере албаса, бул жарандар расмий түрдө жумушсуздар деп табылышат.
6-берене. Жарандарды расмий жумушсуз катары таануудан баш
тартуунун негиздери
1. Төмөнкүлөр расмий жумушсуздар деп таанылбайт:
- 16 жашка толо элек жарандар;
- Кыргыз Республикасынын пенсия мыйзамдарына ылайык пенсия дайындалган жарандар;
- аларга ылайыктуу иш сунуш кылуу үчүн иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында каттоодон өткөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде келбеген, ошондой эле иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары аларды жумушсуз катары каттоо үчүн белгилеген мөөнөттө келбеген жарандар;
- иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында катталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде убактылуу мүнөздөгү жумушту кошуу менен, ылайыктуу иштин эки түрүнөн баш тарткан, биринчи жолу жумуш издегендер (мурда иштебеген) жана кесипке (адистикке) ээ эмес жарандар;
- убактылуу мүнөздөгү жумушту кошуу менен, кесиптик даярдыктан өтүүдөн же сунуш кылынган акы төлөнүүчү коомдук жумуштан эки жолу баш тарткан жарандар. Жаранга бир эле жумуш, бир эле кесип, адистик боюнча кесиптик даярдык, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу эки жолу сунушталбайт;
- жумушунун жана эмгек акысынын жоктугу тууралуу жалган маалыматтарды камтыган документтерди берген жарандар;
- соттун чечими боюнча эркинен ажыратылбастан түзөтүү жумуштарына, ошондой эле эркинен ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгон жарандар;
- ушул Мыйзамдын 3-беренесинде саналган жарандар.
2. Жумушсуз деп табуудан белгиленген тартипте баш тартылган жарандар өздөрүн жумушсуз деп табуу жөнүндө маселени чечүү үчүн баш тартылган күндөн тартып 1 айдан кийин иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарына кайрадан кайрылууга укуктуу.
7-берене. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык өлчөмүн аныктоо
тартиби
Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
8-берене. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөп берүүнүн шарттары,
тартиби жана мөөнөттөрү
1. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп табылган, иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органына кайрылаар алдында акыркы үч жыл үчүн 12 айдан кем эмес эмгек стажысы болгон жаранга төлөнөт.
2. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул биринчи жолу жумуш издеген, ошондой эле узак (эки жылдан ашык) тыныгуудан кийин эмгек ишмердигин кайтадан калыптандырууну каалаган жарандардан тышкары, жаран расмий жумушсуз катарында катталган күндөн кийин 11-күндөн тартып дайындалат.
3. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте иш стажысына пайыздык катышта белгиленет.
4. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду дайындоо тууралуу чечим иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары тарабынан жаранды жумушсуз деп таануу тууралуу чечим менен бир мезгилде кабыл алынат. Расмий жумушсузга жумушсуздук боюнча жөлөкпул аны расмий жумушсуз деп тааныган биринчи күндөн тартып эсептелет.
5. Уюмдун жоюлушуна, уюмдун кызматкерлеринин санынын же штатынын кыскартылгандыгына же жеке ишкер катары ишин токтотушуна байланыштуу жумуштан бошотулган, белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, бирок ишке орноштурула элек мезгилинде акыркы иштеген жериндеги орточо эмгек акы төлөмү (чыгып жөлөкпулун эсепке алуу менен) сакталган жарандарга жумушсуздук боюнча жөлөкпул белгиленген мезгил аяктагандан кийин биринчи күндөн тартып эсептелет.
6. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул ай сайын, бирок үч жылдан ашык эмес мезгилдин ичинде төлөнөт.
9-берене. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөп берүүнү токтотуу жана
токтотуп туруу
1. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөп берүү жаранды расмий жумушсуз катары эсептен алып салуу менен бирге төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ушул Мыйзамдын 3-беренесинде каралган негиздер боюнча жаранды иш менен камсыз кылынган катары тааныганда;
2) расмий жумушсуз олуттуу себептерсиз эки айдын ичинде иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарына келбегенде;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте пенсия дайындалганда;
4) жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөп берүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктаганда;
5) жалган маалыматтарды берүүнүн негизинде жумушсуздук боюнча жөлөкпул алып жатканда.
2. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөп берүү төмөнкү мезгилде токтотулат:
1) жумушсуз акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышканда;
2) окуп жаткан мезгилине стипендия төлөп берүү менен, иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын жолдомосу боюнча кесиптик даярдоодон, квалификациясын жогорулатуудан, кайра даярдоодон өтүп жатканда.
Көрсөтүлгөн мезгилдер жумушсузга жөлөкпул төлөп берүүнүн жалпы мезгилине кошуп эсептелбейт, ал эми жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөп берүү убактысы ал мезгилдерге узартылат.
3. Төмөнкү учурларда жумушсузга жөлөкпулду төлөп берүү 1 айга токтотулуп турушу мүмкүн:
- калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары жиберген күндөн тартып 3 күндүн ичинде жумуш берүүчү менен ишке орношуу жөнүндө сүйлөшүүлөргө жүйөлүү себептерсиз келбей койгондо;
- ишке (окууга) жиберүү баракчасын алуу үчүн калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарына келүүдөн жүйөлүү себептерсиз баш тартканда.
Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөп берүүнү токтото туруу жөнүндө чечим жумушсузга милдеттүү түрдө билдирүү менен калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары тарабынан кабыл алынат.
10-берене. Иш менен камсыз кылуу жаатындагы жарандардын укуктары
1. Жарандар иш берүүчүгө түз кайрылуу, же болбосо иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын акысыз ортомчулугун пайдалануу жолу аркылуу же ишке орношууга көмөк көрсөтүүчү башка уюмдардын жардамы менен жумуш ордун тандоого укуктуу.
2. Жарандар ишти (кесипти), ишке орношуу, кесиптик окуу мүмкүнчүлүктөрү чөйрөлөрүн тандоо максатында, анын ичинде интернет-ресурстарын пайдалануу аркылуу иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынан кесиптик багыт берүү боюнча акысыз консультацияга, маалыматтарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз алууга укуктуу.
3. Расмий жумушсуздар иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын жолдомолору, анын ичинде окутууга берилүүчү чек боюнча кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз алууга укуктуу.
4. Жарандар Кыргыз Республикасынан тышкары жактарда өз алдынча ишке орношууга жана жумуш издөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу үчүн уюштурулган жалдоолор программаларын ишке ашырышкан иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын ортомчулук кызматтарын пайдаланууга укуктуу.
Жарандар ишке орношууга көмөктөшкөн башка уюмдардын жардамы менен чет өлкөлөрдө ишке орношууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталган тартипте ишке ашырылат.
11-берене. Жумушсуз жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу
1. Жумушсуз жарандарды кесиптик окутуу төмөнкү максаттарда ишке ашырылат:
- ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;
- жумушсуздардын зарыл кесиптик квалификация алуусу;
- жумуш жок болгондугуна байланыштуу жумушсуздун ээ болгон кесиптик көндүмдөрүнө жооп берген квалификацияга өзгөртүү.
2. Жумушсуздарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын жолдомосу боюнча ишке ашырылышы мүмкүн, эгерде:
- жаран кесипке (адистикке) ээ болбосо:
- жумуш жок болгондугуна байланыштуу жарандын ээ болгон кесиптик көндүмдөрүнө жооп берген кесипке (адистикке, жумуш түрүнө) өзгөртүү зарыл болсо;
- жаран мурунку кесиби (адистиги) боюнча ишти аткаруу жарамдуулугун жоготсо.
3. Жумушсуз жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары менен түзүлгөн келишимдерге ылайык билим берүү мекемелеринде жүргүзүлөт.
4. Артыкчылыктуу тартипте кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон өтүүгө жана квалификациясын жогорулатууга төмөнкүлөр укуктуу:
- жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөп берүү мөөнөтү аяктаган расмий жумушсуздар;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
- жашы жете элек балдары бар аялдар;
- аскердик кызматтан бошотулган жарандар;
- жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле кесипке (адистикке) ээ эмес биринчи жолу жумуш издегендер (мурда иштебегендер).
5. Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына ишке орноштурууга муктаж бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик-квалификациясынын түзүмү жана саны жөнүндө маалыматты берип турат.
6. Расмий жумушсуздар кесиптик даярдоодон өтүү жана квалификациясын жогорулатуу максатында окутууга берилүүчү чек алууга укуктуу.
Төлөө суммасын кошуу менен, окутууга берилүүчү чекти ишке ашыруу механизми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
7. Иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын жиберүүсү боюнча кесиптик даярдоодон, квалификациясын жогорулатуудан жана кайра даярдоодон өтүү мезгилинде жумушсуз жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык өлчөмүнүн 120 пайызынан кем эмес өлчөмүндө стипендия төлөнүп берилет.
Иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары тарабынан окутууга, кайра окутууга жиберилген адамдарга жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык чегинде стипендия төлөнөт.
8. Стипендия төлөп берүү окууларга жетишпеген же туруктуу катышпаган учурда бир айга чейинки мөөнөткө токтотулуп турат.
12-берене. Иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары тарабынан ишкердик менен алектенүүнү каалаган расмий жумушсуздарга финансылык колдоо көрсөтүү тартиби
Расмий жумушсуз катары катталган, ишкердик менен алектенүүнү каалаган жарандарга иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте ишин уюштуруу үчүн консультациялык кызматтар жана чакан насыя түрүндө финансылык колдоолор көрсөтүлөт.
13-берене. Расмий жумушсузду эсептен чыгаруу
Иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары төмөнкү учурларда жумушсуз жаранды эсептен чыгарышат:
- ушул Мыйзамдын 3-беренесинде каралган негиздер боюнча жаран иш менен камсыз кылынган катары таанылганда;
- эки айдын ичинде калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органына келбегенде;
- сунуш кылынган эки ылайыктуу жумуштан баш тартканда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пенсия дайындалганда;
- туруктуу жашаган жерин которууга байланыштуу кетип калганда;
- кесиптик окутуу курстарына жүйөлүү себептерсиз келбегенде;
- күндүзгү окуу бөлүмүнө тапшырганда;
- чыныгы аскердик кызматка чакырылганда;
- каза болгондо.
14-берене. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын
маалыматтык базасы
1. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын маалыматтык базасы - бул кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарына кайрылган юридикалык жана жеке жактар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтар базасы.
2. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын маалыматтык базасы төмөнкүдөй маалыматтарды камтуусу керек:
1) жумуш издөөчүлөр үчүн:
- эсептик жазуунун каттоо номери;
- аты-жөнү;
- туулган жылы;
- туулган жери;
- жынысы;
- жарандыгы;
- улуту;
- ИНН (Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду берген номер);
- үй-бүлөлүк абалы;
- жашаган (келген) жеринин дареги, телефону;
- паспортунун же инсандык күбөлүгүнүн сериясы жана номери, аталган документтердин берилген күнү жана аларды берген органдын аталышы;
- 18 жашка чейинки курактагы балдарынын саны;
- кара күч жөндөмдүүлүгү (ден соолугунун абалы);
- жаранды тиешелүү категорияга киргизүүнү ырастаган документтер тууралуу маалыматтар;
- армияда кызмат өтөгөндүгү тууралуу маалымат;
- билими;
- иш стажы;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөө стажы;
- акыркы иштеген жери;
- кесиптик көндүмдөрү;
- кайрылган күнү;
- жарандын жумушсуз катары катталган күнү;
- иштин күнүн жана жыйынтыгын көрсөтүү менен жаранга көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтар;
- эсептен алуу күнү жана себептери;
2) иш берүүчүлөр үчүн:
- эсептик жазууну каттоо номери;
- юридикалык жактын аталышы;
- жеке ишкердин аты-жөнү;
- дареги (жайгашкан орду);
- бош жумуш орундары жана бош кызмат орундары тууралуу маалыматтар.
15-берене. Иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат
органдарынын иштерине даттануу тартиби
Жарандар жана юридикалык жактар калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракетине же аракетсиздигине жогору турган иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанууга укуктуу.
3-глава Иш берүүчүлөрдүн калкты иш менен камсыз кылууга катышуусу
16-берене. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле менчик формасына карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик органдарынын катышуусу менен калкты убактылуу иш менен камсыз кылуу максатында акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштурушат.
2. Долбоорлорду жүзөгө ашыруу алкагында акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды жүргүзүүдө иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары тарабынан долбоордун материалдык чыгымдарын акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган жумушсуздардын эмгек акысына кошумча төлөө катарында сарпталган каражаттардын жалпы суммасынан ашпаган өлчөмдө каржылоого жол берилет.
3. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга ылайыктуу жумуш табуу максатында калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында катталган, ошондой эле расмий жумушсуз макамын алышкан жарандар укуктуу.
4. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга артыкчылыктуу укук менен жумушсуздук боюнча жөлөкпул албаган расмий жумушсуздар, ошондой эле иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын каттоосунда алты айдан ашык тургандар пайдаланышат.
5. Жумушсуздарды акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуусуна алардын макулдугу менен гана жол берилет. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жиберүүдө жарандардын ден-соолугу, курагы, кесиптик жана башка жеке өзгөчөлүктөрү эске алынат.
6. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууну каалаган жумушсуздар менен мөөнөттүү эмгек келишими түзүлөт. Мөөнөттүү эмгек келишими жумушсуз туруктуу же башка жумуштарга орношкондо мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.
7. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштешкен жумушсуздардын эмгек акысы аткарылган иш үчүн акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруучулардын каражаттарынан төлөнөт.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштешкен жумушсуздардын эмгек акысына иш берүүчү төлөп берүүчү негизги эмгек акы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын каражаттарынан кошумча төлөм кирет.
8. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштешкен жарандарга Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдары колдонулат.
17-берене. Иш берүүчүлөрдүн калкты иш менен камсыз кылууга
көмөктөшүүсү
1. Иш берүүчүлөр төмөнкүлөрдүн негизинде калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик саясатын жүргүзүүгө көмөктөшөт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек мамилелерин жөнгө салуучу келишимдердин шарттарын сактоонун;
- ишканалар, уюмдар жоюлганда же жумушчулар иштен бошотулганда компенсацияларды төлөп берүүнүн;
- ишке орноштурууга жана кесиптик даярдоого көмөк көрсөтүүнүн, иш берүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен иштен бошотулган жумушчуларга кошумча материалдык жардамдарды берүүнүн;
- кызматкерлерди кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга шарттарды түзүүнүн;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, социалдык коргоого муктаж калктын аялуу топторун ишке орноштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жумуш орундарын квоталаштыруунун;
- кесиптик окутууларды, кызматкерлерди кайра квалификациялоону, квалификациясын жогорулатууну жүргүзүү аркылуу адам ресурстарын башкаруунун.
2. Иш берүүчүлөр ай сайын иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарына төмөнкүлөрдү берип турушат:
- бош жумушчу орундары (кызматтар) тууралуу маалыматтарды;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, социалдык коргоого муктаж калктын аялуу топторун ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын квоталаштыруу тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен келишимдердин бар экендиги тууралуу маалыматтарды.
3. Иш берүүчү иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органы тарабынан жиберилген жаранды ишке кабыл алгандыгы тууралуу маалыматты беш күндүк мөөнөттө иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органына жиберет.
4. Иш берүүчү иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органы тарабынан жиберилген жаранды ишке кабыл алуудан баш тарткан учурда жаранга баш тартуу себебин түшүндүрүүгө милдеттүү.
18-берене. Иш берүүчүлөрдүн укуктары
1. Иш берүүчүлөр аларга түздөн-түз кайрылган жарандарды, иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органынын жолдомосу бар жарандар менен бирдей негизде жумушка кабыл алуу укуктуу.
2. Иш берүүчүлөр иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынан эмгек рыногунун абалы тууралуу маалыматтарды бекер алууга укуктуу.
3. Иш берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө жалпы жылдык кирешеден кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого кеткен чыгымдарын кармап калууга укуктуу.
4-глава Корутунду жоболор
19-берене. Ушул Мыйзамдын колдонууга киргизилиши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-жыл, № 12, 521-б.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., 5, 238-б.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., № 5, 250-б.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2002-ж., № 5, 200-б.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж., № 7, 256-б.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж., № 10, 427-б.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж., № 11, 502-б.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 10, 438-б.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2005-ж., № 5, 306-б.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2005-ж., № 11, 870-б.).
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында 1998-жылы 30-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Мыйзам иштеп жатат, ал Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, бирок, алар заманбап талаптарга жооп берген натыйжа алып келген жок.
Соңку жылдары Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө саясый, уюштуруу жана ресурс мүнөздөгү кыйла өзгөрүүлөр болуп өттү. Социалдык фонддун курамынан иш менен камсыз кылуу Фонду жоюлган, анын каражаттары иш менен камсыз кылуунун активдүү жана пассивдүү иш менен камсыз кылуу саясаты жүзөгө ашырылган. Ушул жана башка кошумча өзгөрүүлөр иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамды иш менен камсыз кылуу органдарынын уюштуруу түзүмүндөгү жана функцияларындагы өзгөрүүлөргө ылайык келтирүү зарылчылыгын пайда кылды.
Ушуга байланыштуу жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлиги тарабынан "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы долбоору иштелип чыккан.
Мыйзам долбоорунун максаты жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү алкагындагы мыйзамдарды жакшыртуу.
Мыйзам долбоордун маселелери:
- иш менен камсыз кылуу Фонду жоюлгандан кийин, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү иш чаралардын каржылоо ыкмаларын жөнгө келтирүү;
- иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү мамлекеттик саясатын жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын өзгөчө ролу жана мүмкүнчүлүктөрүн баса белгилөө;
- катталган жери боюнча иш менен камсыз кылуу кызматтарынын органдарында жумушсуз катары каттоо ченеми жок, ошентип, каттоосуз эле жумушсуз жарандардын иш менен камсыз кылуу кызматтары көрсөткөн кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү кеңейтүү;
- иш берүүчүлөрдүн, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкты иш менен камсыз кылууга катышуусунун аспекттерин кылдат аныктоо;
- атуулдардын иш менен камсыз кылуу тармагынан укуктарын аныктоо.
Бул мыйзамды ишке ашырууда социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык жана коррупциялык көрүнүштөрдүн келип чыгуусуна алып келбейт, анткени мыйзам долбоору ишке орноштурууга көмөктөшүү боюнча аракеттерди укуктук деңгээлде аныктайт, бул сунушталган усулдардын сапатынын жогорулоосун алып келет.
Коомчулук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө.
Жалпы коомчулуктун талкуулоосу үчүн бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын сайтына коюлган, коомчулук тарабынан сунуштар жана пикирлер түшкөн жок.
Мыйзам долбордун мыйзамдуулукка дал келүүсү жөнүндө.
Аталган Мыйзам долбоору мыйзамдуулукка карама-каршы келишпейт, анткени анын кабыл алынышы башка нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүү киргизүүнү талап кылбайт.
Каржылоо булактары жөнүндө.
Мыйзам долбоордун кабыл алынышы мамлекеттик бюджетинен кошумча финансалык каражаттарды талап кылбайт, анткени каралган баардык төлөмдөр жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык өлчөмүнө байланыштуу болот, ал эми жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик бюджетинин шартына жана акыбалына жараша бекитилет.
Министр | А.Алымкулов |