Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-октябры № 684
Калкты Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору менен камсыздоо жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен "Интел Линкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда 2011-жылдын 19-декабрында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун жасоо жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортторунун бланктарын персоналдаштыруу жөнүндө келишимдин Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун персоналдаштыруу жана жасоо жагындагы күчү бүткөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктарын персоналдаштырууга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын Мамлекеттик персоналаштыруу борборун (мындан ары - Борбор) тез арада ишке киргизүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору жогоруда аталган Борборду ишке киргизүүгө жардам көрсөтүшсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев |