КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 9-октябры № 685
Жеке турак жай куруу үчүн жер участогун Бишкек шаарынын мэриясына берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин мөөнөтсүз пайдалануусунда турган аянты 9,46 га жерден аянты 0,52 га жер участогун жеке турак жай курууга Кыргыз Республикасынын жарандарына андан ары берүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына бирдей баадагы жер участогун Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине берүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүү киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
|
Ж. Сатыбалдиев |