Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 9-октябры № 689
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана
толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтомго 1-тиркеменин "Штаттык бирдиктердин саны (техникалык жана тейлөөчү персоналдан тышкары)" графасында:
- 29-пунктта "182", "53" жана "129" сандары тиешелүү түрдө "198", "65" жана "133" сандарына алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө жободо
:
7-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары үчүн, Бирдиктүү төлөөчү системасынын консолидацияланган бюджетинин эсебинен дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды жүргүзүү;".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
|
Ж. Сатыбалдиев |