Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 9-октябры № 691
Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө
"Гарантияланган мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жарандардын аялуу категорияларын социалдык коргоону ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минималдык стандарттар 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункттагы "психоневрологиялык үй-интернаттарынын" деген сөздөн кийин ", үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун" деген сөз менен толукталсын;
- 2-пункт боюнча:
экинчи абзац "үй-интернаттарын" деген сөздөн кийин ", үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзац "үй-интернаттарынын" деген сөздөн кийин ", үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун" деген сөздөр менен толукталсын;
пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборунун администрациялык-чарбалык жана медициналык кызматкерлеринин типтүү штаттары (8-тиркеме);";
- 3-тиркемеде:
аталышы "үй-интернаттарынын" деген сөздөн кийин ", үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун" деген сөздөр менен толукталсын;
преамбула "үй-интернаттарынын" деген сөздөн кийин ", үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун" деген сөздөр менен толукталсын;
3, 7, 8, 11, 12-пункттар "үй-интернаттардын" деген сөздөн кийин ", борборлордун" деген сөз менен толукталсын;
- 4-тиркеменин аталышы "үй-интернаттардын" деген сөздөн кийин ", үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун" деген сөздөр менен толукталсын;
- токтом ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 8-тиркеме менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
|
Ж. Сатыбалдиев |
2-тиркеме
"8-тиркеме
Оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат жардам берүүчү борборунун
администрациялык-чарбалык жана медициналык кызматкерлеринин
ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
┌──┬──────────────────────────────────────────┬───────────────────────┐
│№ │ Кызмат орундун аталышы │ Штаттык бирдиктер │
│ │ ├───────────────────────┤
│ │ │ саны │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│1 │Директор │ 1 │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│2 │Башкы бухгалтер │ 1 │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│ │ Кызмат орундун аталышы │ Койкалардын саны │
│ │ │ менен штаттык │
│ │ │ бирдиктердин саны │
│ │ ├───────────┬───────────┤
│ │ │ 1-50 │ 50-100 │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│3 │Чарба башчысы │ 1 │ 1 │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│4 │Иш кагаздарын жүргүзүүчү │ 1 │ 1 │
├──┼──────────────────────────────────────────┴───────────┴───────────┤
│ │ Ашкана кызматкерлери │
├──┼──────────────────────────────────────────┬───────────┬───────────┤
│5 │Ашпозчу │ 1,5 │ 3 │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│6 │Ашкана кызматкери │ 1,5 │ 2 │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│7 │Официантка │ 1 │ 1 │
├──┼──────────────────────────────────────────┴───────────┴───────────┤
│ │ Башка тейлөөчү кызматкерлер │
├──┼──────────────────────────────────────────┬───────────┬───────────┤
│8 │Кир жуугуч │ 1 │ 2 │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│9 │Кароолчу │ 2 │ 2 │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│10│Техничка │ 1 │ 1 │
├──┴──────────────────────────────────────────┴───────────┴───────────┤
│ 1. Оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөөгө │
│ жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борбор │
│ 1.1. Психологиялык-педагогикалык жардам берүү бөлүмү │
├──┬─────────────────────────────────┬────────────────────────────────┤
│ │ Кызмат орундун аталышы │ Штаттык бирдиктердин саны │
│ │ │ (ставка) │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│11│Бөлүм башчы │ 1,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│12│Социалдык иштер боюнча адис │ 1,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│13│Психолог │ 1,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│14│Социалдык педагог │ 1,0 │
├──┴─────────────────────────────────┴────────────────────────────────┤
│ 1.2. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн кароосуз │
│ калышынын алдын алуу бөлүмү │
├──┬─────────────────────────────────┬────────────────────────────────┤
│15│Бөлүм башчы │ 1,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│16│Социалдык иштер боюнча адис │ 1,0 │
├──┴─────────────────────────────────┴────────────────────────────────┤
│ 1.3. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн │
│ күндүз болуу бөлүмү │
├──┬─────────────────────────────────┬────────────────────────────────┤
│17│Бөлүм башчы │ 1,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│18│Социалдык иштер боюнча адис │ реабилитациялык топко │
│ │ │ 2,0 ставка │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│19│Психолог │ реабилитациялык топко │
│ │ │ 1,0 ставка │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│20│Социалдык педагог │ 1,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│21│Эмгек боюнча инструктор │ 1,0 │
├──┴─────────────────────────────────┴────────────────────────────────┤
│ 1.4. Стационардык бөлүм │
├──┬─────────────────────────────────┬────────────────────────────────┤
│22│Бөлүм башчы │ 1,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│23│Социалдык иштер боюнча адис │ реабилитациялык топко │
│ │ │ 2,0 ставка │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│24│Психолог │ реабилитациялык топко │
│ │ │ 1,0 ставка │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│25│Социалдык педагог │ 1,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│26│Эмгек боюнча инструктор │ 1,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│27│Дефектолог-мугалим(*) │ 1,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│28│Тарбиячы(**) │ 3,0 │
├──┴─────────────────────────────────┴────────────────────────────────┤
│ 2. Үй-бүлөдө зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам берүү борбору │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 2.1. Психологиялык-социалдык жардам көрсөтүү бөлүмү │
├──┬─────────────────────────────────┬────────────────────────────────┤
│ │ Кызмат орундун аталышы │ Штаттык бирдиктердин саны │
│ │ │ (ставка) │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│29│Бөлүм башчы │ 1,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│30│Психолог │ 2,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│31│Социалдык педагог │ 1,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│32│Социалдык иштер боюнча адис │ 1,0 │
├──┴─────────────────────────────────┴────────────────────────────────┤
│ 2.2. Консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү бөлүмү │
├──┬─────────────────────────────────┬────────────────────────────────┤
│33│Бөлүм башчы │ 1,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│34│Юрист │ 1,0 │
├──┴─────────────────────────────────┴────────────────────────────────┤
│ 2.3. Шашылыш психологиялык жардам көрсөтүү бөлүмү │
│ (ишеним телефону) │
├──┬─────────────────────────────────┬────────────────────────────────┤
│ │ Кызмат орундун аталышы │ Штаттык бирдиктердин саны │
│ │ │ (ставка) │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│35│Бөлүм башчы │ 1,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│36│Психолог │ 2,0 │
├──┼─────────────────────────────────┴────────────────────────────────┤
│ │ 2.4. Стационардык бөлүм │
├──┼─────────────────────────────────┬────────────────────────────────┤
│37│Бөлүм башчы │ 1,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│38│Социалдык иштер боюнча адис │ 2,0 │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│39│Медициналык айым │ 2,0 │
└──┴─────────────────────────────────┴────────────────────────────────┘
Эскертүү:
Электрик, слесарь-электромонтер, слесарь-сантехник, от жагычуу, столяр, жыгач уста, машинист-кочегар, ассенизатор, багбанчынын кызмат ордулары негиздүү зарыл болгон учурларда ушундай кызматкерлер бар болгон учурда киргизилет.
(*) Кызмат орду Борбордо чеберкана бар болгон учурларда киргизилет.
(**) Түнкү нөөмөтчү функциясын аткарат.
Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын укуктарын коргоого укуктук колдоо көрсөтүү жана үй-бүлөлөргө консультация берүү үчүн Борбордо юристтин штаттык кызмат орду кошумча киргизилиши мүмкүн.
Балдар жана өспүрүмдөр үчүн күндүзгү бөлүм жана стационардык бөлүм болгон учурда дарылоо-реабилитациялык иш-чараларды жүргүзүү жана зарыл учурда шашылыш жардам көрсөтүү максатында кеминде 5 жыл иш стажы бар медициналык айымдын кызмат орду Борбордун штаттык санына киргизилиши мүмкүн.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 9-октябры № 691
Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык
тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга
кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин
социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомунун редакциясына ылайык)
"Гарантияланган мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жарандардын аялуу категорияларын социалдык коргоону ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минималдык стандарттар 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |