Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 9--октябры № 694
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык товар сатып алууга жумшалуучу мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбула төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо жана бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
- токтомдун тиркемесинде:
3-пункттун "Ишканалардын аталышы" графасындагы "Майлуу-Суу электр лампа заводу" ААК" деген сөздөр "Майлуу-Суу лампа заводу" ЖчК" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пункттун "Чыгарчу продукциянын аталышы" графасы "таңуучу пакеттер" деген сөздөрдөн кийин "; агартылган даки" деген сөздөр менен толукталсын;
12-пункттун "Ишканалардын аталышы" графасындагы "Кыргызбыткомплект" ААК" деген сөздөр: "Кыргызбыткомплект" ЖчК" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
25-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"
┌───┬─────────────────┬───────────────────────────────────────────────┐
│25 │"Автомаш-радиа- │МТЗ тракторлору (Беларусь); МТЗ тракторлорунун │
│ │тор" ЖчК │базасындагы экскаватор-бульдозерлер; │
│ │ │эгин жана тоют жыйнай турган "Палессе" │
│ │ │комбайндар; үрөн сепкичтер │
└───┴─────────────────┴───────────────────────────────────────────────┘
";
28-пункттун "Ишканалардын аталышы" графасындагы "Экспотех" ЖчК" деген сөздөр "Волтэк Групп" ЖчК" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы 30 жана 31-пункттар менен толукталсын:
"
┌───┬─────────────────┬───────────────────────────────────────────────┐
│30 │"Вулкан" ЖчК │Базальттык өтө ичке булалардан (БӨИБ) │
│ │ │даярдалган жылуулукту сактоочу холсттор. │
├───┼─────────────────┼───────────────────────────────────────────────┤
│31 │"Электросила" │Чогултулган бир тараптуу тейлөө камералары - │
│ │ЖчК │10 кВ КСО тибиндеги; шаардык жана айылдык │
│ │ │типтердеги (транзиттик жана тупиктик) │
│ │ │подстанциялар - кубаттуулугу 25 кВАдан │
│ │ │2500 кВАга чейинки ГКТП жана КТП; КРУ тибиндеги│
│ │ │комплекттүү бөлүштүрүүчү түзүлүштөр - 10 кВ; ЩО│
│ │ │сериясындагы бөлүштүрүүчү щиттердин панелдери │
└───┴─────────────────┴───────────────────────────────────────────────┘
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
|
Ж. Сатыбалдиев |