Редакцияот 09.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 9-октябры № 697

"Бишкек шаарында 2007-жылдын 29-августунда кол коюлган, Ички чарбалык сугаттын экинчи долбоору (Грант Н312-КG) боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра сурап алуу тууралуу

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек шаарында 2007-жылдын 29-августунда кол коюлган, Ички чарбалык сугаттын экинчи долбоору (Грант Н312-КG) боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 774 "Бишкек шаарында 2007-жылдын 29-августунда кол коюлган, Ички чарбалык сугаттын экинчи долбоору (Грант Н312-КG) боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

 

 

Премьер-министр

 

Ж. Сатыбалдиев