Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 115 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 10-октябры № 705
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |
1-берене.
"Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 10, 1110-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1 -берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам дин иштери боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле диний уюмдардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
Дин иштери боюнча мамлекеттик орган жарандардын дин тутуу эркиндиги укуктарын сактоону камсыз кылуу боюнча дин жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат, дин жаатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз аймактарында дин жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат.".
2. 3-берененин он алтынчы абзацында:
"аны менен макулдукка келбеген" деген сөздөрдөн кийин ", коомдун кызыкчылыктарына кайдыгер караган жана каршы турган" деген сөздөрдү алып салып, "же адамдарга таасир этүүнүн аспабы катары дин илиминин өзгөчөлүү түшүнүктөрүнүн жана ырасымдык тажрыйбанын жыйындысын пайдаланган айрым адамдардын өз алдынча доктринасын же диний-мистикалык тажрыйбасын кабыл алуунун негизинде келип чыккан" деген сөздөр менен толукталсын;
3. 6-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Диний уюмдар диний билим алуу максатында жарандарды чет мамлекеттердин окуу жайларына чет өлкөлүк билим берүү уюмдары менен түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик органы менен макулдашкандан кийин гана жибере алат.".
4. 8-беренеде:
- 2-бөлүк "уюмдардын" деген сөздөн кийин миссиялардын жана диний багыттагы объекттердин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-бөлүк "жана" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын бир администрациялык-аймагында туруктуу жашаган" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 10-беренеде:
- 2-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "жергиликтүү кеңештер" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүк төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Эгерде эсептик каттоо жөнүндө арыз жана тиркелген документтер ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен тапшырылса, дин иштери боюнча мамлекеттик орган аларды карабастан арыз ээсине кайтарат, бул бардык зарыл талаптарды сактоо менен ушул маселе боюнча кайрадан кайрылууга тоскоолдук кылбайт.".
6. Төмөнкү мазмундагы 10-1-берене менен толукталсын:
"10-1-берене. Диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо.
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо мыйзам менен белгиленген тартипте дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Диний багыттагы объекттер (намазканалар, чакан чиркөөлөр жана диний объекттердин башка түрлөрү) диний ырым-жырымдарды жана иштерди жүргүзүүгө, кудайга табынууну, диний сыйынууну дайыма аткарууга арналбаган өзгөчөлөнгөн объект болуп саналат жана ошондуктан диний уюм статусуна ээ болушу мүмкүн эмес.
Диний багыттагы объекттердин иштеши дин иштери боюнча мамлекеттик орган берген эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк берген учурдан тартып башталат.
Жергиликтүү бийлик органдары диний багыттагы объекттерди курууга жер участкаларын бөлгөндө ал маселе дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылат.
2. Диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо үчүн (мамлекеттик же расмий тилдерде) төмөнкүдөй документтер тапшырылат:
- эсептик каттоо арызы;
- диний багыттагы объекттер аймагында, имарат жайларында ачылып жаткан уюмдар үчүн диний багыттагы объектти ачуу жана иштеши жөнүндө уюмдун жетекчиси кол койгон өтүнүч-кат;
- диний багыттагы объекттин толук аталышы жөнүндө, эгер андай бар болсо маалымат;
- ачылып жаткан диний багыттагы объекттин турган ордун (иш жүзүндөгү туруктуу дареги, жеке жайды сатуу-сатып алуу келишими, ижара келишими, жайды акысыз берүү келишими, расмий кат ж.б.) ырастаган документ.
3. Диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо зарыл документтерди Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык келишин текшерүү үчүн аларды тиркөө менен арыз берилген күндөн тартып отуз күндөн кечиктирбестен жүргүзүлүүгө тийиш.
Дин иштери боюнча мамлекеттик орган кошумча маалыматтарды жана тийиштүү органдардын корутундуларын суратып алууга, ошондой эле арыз ээси сунуш кылган документтерди дин таануу экспертизасына жиберүүгө укуктуу. Мындай учурда арызды кароо дагы бир айлык мөөнөткө узартылат.
Белгиленген тартипте эсептик каттоодон өтпөстөн диний багыттагы объекттердин иштешине жол берилбейт.
Эгерде эсептик каттоо жөнүндө арыз жана тиркелген документтер ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен тапшырылса, дин иштери боюнча мамлекеттик орган аларды карабастан арыз ээсине кайтарат, бул бардык зарыл талаптарды сактоо менен ушул маселе боюнча кайрадан кайрылууга тоскоолдук кылбайт.
4. Эсептик каттоонун натыйжасы боюнча арыз ээсине күбөлүк берилет жана арыз ээси (уюм) эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк берилген учурдан тартып диний багыттагы объекттин иштешине укук алат. Диний багыттагы объекттер үчүн эсептик каттоо жөнүндө күбөлүктүн формасы дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
5. Диний багыттагы объекттер юридикалык жак болуп саналбайт. Аларга аларды түзгөн юридикалык жактын мүлкү берилет жана алар бекиткен жобонун негизинде иштейт. Ал объекттердин жетекчилери юридикалык жак тарабынан дайындалат жана анын ишеним катынын негизинде иштейт. Диний багыттагы объекттер аларды түзгөн юридикалык жактардын уюштуруу документтеринде көрсөтүлүүгө тийиш.".
7. 12-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк жаранга эсептик каттоодон өтпөстөн Кыргыз Республикасынын аймагында диний иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.";
- 2-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-бөлүк төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Эгерде эсептик каттоо жөнүндө арыз жана тиркелген документтер ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен тапшырылса, дин иштери боюнча мамлекеттик орган аларды карабастан арыз ээсине кайтарат, бул бардык зарыл талаптарды сактоо менен ушул маселе боюнча кайрадан кайрылууга тоскоолдук кылбайт.";
- 5-бөлүктө "ушул Мыйзамда" деген сөздөр "ушул беренеде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүк:
"туудурса," деген сөздөн кийин ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда миссионерди эсепке алуу каттоосунан, кайра каттоодон баш тартылышы мүмкүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-бөлүк төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Дин иштери боюнча мамлекеттик орган, эгерде миссионердин иши коомдук коопсуздукка жана тартипке, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакка, калктын ден соолугуна жана адеп-ахлагына коркунуч туудурса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда анын ишин токтото туруу жөнүндө сот органдарына кайрыла алат.".
8. 13-берененин 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде эсептик каттоо жөнүндө арыз жана тиркелген документтер ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен тапшырылса, дин иштери боюнча мамлекеттик орган аларды карабастан арыз ээсине кайтарат, бул бардык зарыл талаптарды сактоо менен ушул маселе боюнча кайрадан кайрылууга тоскоолдук кылбайт.".
9. 22-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында:
"мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин "диний мазмундагы адабияттарга, башка басма, аудиовидеоматералдарга зарыл болсо дин жаатындагы тийиштүү адистерди, мамлекеттик органдарды жана диний уюмдарды тартуу менен дайындайт" деген сөздөр менен толукталсын.
10. 26-беренеде:
- 5-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-бөлүктүн 5-пунктундагы "бир айдан кем эмес" деген сөздөр "бир айдын ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 27-берененин 2-бөлүгүндөгү "үч айдын ичинде" деген сөздөр "бир айдын ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15-мартынын 2012-жылдагы № 177 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылга мыйзам долбоордук ишинин Планын жүзөгө ашыруу иретинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына диний чөйрөдөгү үстүбүздөгү мыйзамдарды ылайык келтирүү жана диний багыттагы объекттерди каттоо, иш жүргүзүү маселелерин нормативдик регламентациялоо, Кыргыз Республикасынын граждандарынын чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайларда билим алуу маселелери боюнча, ошондой эле 2008-жылдын 31-декабрындагы № 282 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" айрым жоболорун жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 2008-жылдын 31-декабрындагы № 282 "Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыкты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизип жатат.
Мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолордун бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан ушул долбоорду макулдашуу процесс учурунда сунуш кылынган.
Мамлекеттик көз карандысыздык алынгандан берки жылдардын ичинде республиканын аймагында диний уюмдардын саны бир нече эсе өскөн. Дүйнө таанууну сунуш кылган системалар, жаңы диний кыймылдар көбөйдү, алардын көбү Батыш Европадан, Түндүк Америкадан жана Түштүк Кореядан, бир бөлүгү - чыгыш өлкөлөрүнөн экспорттолгон. Ал уюмдардын кээ бирлеринин ишмердиги аларга катышкан жарандардын бир бөлүгүнө терс таасир тийгизди. Бул ал сектордо болуп жаткан процесстерди мамлекеттик жөнгө салуунун маанилүү экендигин түшүнүүгө көмөк көрсөттү.
Жаңы талаптар жаны диний уюмдарды түзүү үчүн жарандардын биригүү процессинде мыйзамдарды коррекциялоону талап кылды, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматтары боюнча диний уюмдарды түзүү үчүн өлкөнүн ар кайсы региондорунун жарандарынын жасалма түрдө, формалдуу биригүү тенденциясы орун алган, ошого байланыштуу 8-берененин 3-пунктуна кошумча киргизилди.
Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предметин, б.а. дин жагында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү дин иштери боюнча мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын укуктарын жана милдеттерин аныктоону эске алуу менен 1-берененин 2-бөлүгү өзгөртүлдү.
3-берененин он алтынчы абзацында "секта" териминин карама-каршы чечмеленишин жок кылуу үчүн ал түшүнүктүн мааниси кыйла ачып берилген "секта - негизги диний окуунун кайсы бир конфессиясынан бөлүнүп чыккан, аны менен макулдукка келбеген, коомдун кызыкчылыктарына кайдыгер караган жана каршы турган деген сөздөрдү алып салып, же адамдарга таасир этүүнүн аспабы катары дин илиминин өзгөчөлүү түшүнүктөрүнүн жана ырасымдык тажрыйбанын жыйындысын пайдаланган айрым адамдардын өз алдынча доктринасын же диний-мистикалык тажрыйбасын кабыл алуунун негизинде келип чыккан.".
6-берененин 3-бөлүгүндө республикада диний окуу жайларда окууну тийиштүү шарттарына жетишүү үчүн ал жаңы абзац менен толукталган.
Диний багыттагы объекттерди укуктук жактан жөнгө салуу максатында ушул Мыйзамдын "Диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо" деген 10-беренеден кийин диний багыттагы объекттерди эсептик каттоо жөнүндө 10-1-беренени кошуу жана калган беренелерди мурдагы боюнча улантууну сунуш кылдык.
Диний багыттагы объекттерди, диний окуу жайларын, миссионерлерди эсептик каттоо үчүн документтерди тапшыруунун укуктук салтын жөнгө салуу учун ушул Мыйзамдын 10, 12, 13-беренелеринин талаптарына ылайык эгерде талапты бузуу менен тапшырылган документтер анын ээлерине кайра кайтарыла тургандыгы жөнүндө жаңы абзац менен толукталды.
Чет өлкөлүк жарандын эсептик каттоодон өтпөстөн диний иштерди жүргүзүшүнө бөгөт коюу максатында 12-берененин 1-бөлүгү республиканын аймагында мыйзамсыз миссионердик иштерди жүргүзүүгө тыюу салган жаңы абзац менен толукталды.
12-берененин 2-бөлүгүнүн 2-абзацы толугу менен алып салынды, анткени миссионердин болуу мөөнөтүн чектеген андай ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренесинин 1-пунктуна жана ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 6-пунктуна карама-каршы келет.
Дин иштери боюнча мамлекеттик орган дин жагындагы адистерди тартуу менен дин таануу экспертизасын жүргүзүү ага юридикалык күч берет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесине карама-каршы келүүдөн оолак болуу үчүн прокуратура жөнүндө 26-берененин 5-бөлүгү алып салынды.
Колдонуудагы Мыйзамга жогоруда аталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор ченемдердин карама-каршылыгынан улам келип чыккан мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдөн, ошондой эле диний уюмдардын жана көз карандысыз эксперттердин өкүлдөрүнөн түшкөн сунуштардын негизинде келип чыккан.
"Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кабыл алуу социалдык, экономикалык, гендердик, экологиялык, коррупциялык жолдорго кабылтпайт, ошондой эле сунушталган Мыйзамдын долбоору эл аралык мыйзамдардын нормаларына карама-каршы келбейт.
Ошону менен бирге, коомдук талкуулоонун жүрүшүндө аталган долбоорго карата сунуштар жана эскертүүлөр түшпөгөнүн билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору | А.Жумабаев |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасындагы дин │ "Кыргыз Республикасындагы │
│тутуу эркиндиги жана диний уюмдары│ дин тутуу эркиндиги жана диний │
│ жөнүндө Кыргыз Республикасынын │ уюмдары жөнүндө" Кыргыз │
│ Мыйзамынын колдонулуп жаткан │ Республикасынын Мыйзамына │
│ редакциясы │ өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду │
│ │ киргизүү тууралуу" Кыргыз │
│ │ Республикасынын Мыйзамынын │
│ │ долбоорунун редакциясы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө │1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө │
│ салуу предмети │ салуу предмети │
│ │ │
│2. Ушул Мыйзам дин боюнча коомдук │2. УШУЛ МЫЙЗАМ ДИН ИШТЕРИ БОЮНЧА │
│комитеттерди түзүү жолу менен дин │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН, ЖЕРГИЛИКТҮҮ │
│иштери боюнча мамлекеттик орган │ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН, │
│менен бирдикте коомдук тартипти │ОШОНДОЙ ЭЛЕ ДИНИЙ УЮМДАРДЫН │
│диний коопсуздукту, аймактык │УКУКТАРЫН ЖАНА МИЛДЕТТЕРИН │
│бүтүндүктү жана конституциялык │АНЫКТАЙТ. │
│түзүлүштү диний экстремизмден │ДИН ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК │
│коргоону камсыз кылуу үчүн дин │ОРГАН ЖАРАНДАРДЫН ДИН ТУТУУ │
│жаатында мамлекеттик саясатты │ЭРКИНДИГИ УКУКТАРЫН САКТООНУ │
│жүргүзгөн жергиликтүү өз алдынча │КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ДИН ЖААТЫНДАГЫ│
│башкаруу органдарынын укуктарын │МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТТЫ ЖҮЗӨГӨ │
│жана милдеттерин аныктайт. │АШЫРАТ, ДИН ЖААТЫНДА КЫРГЫЗ │
│ │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК │
│ │ОРГАНДАРЫНЫН ИШИН КООРДИНАЦИЯЛАЙТ.│
│ │ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ │
│ │ОРГАНДАРЫ ӨЗ АЙМАКТАРЫНДА ДИН │
│ │ЖААТЫНДА МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТТЫ ИШКЕ│
│ │АШЫРАТ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│3-берене. Ушул Мыйзам │3-берене. Ушул Мыйзам │
│ пайдаланылуучу негизги │ пайдаланылуучу негизги │
│ терминдер жана │ терминдер жана │
│ түшүнүктөр │ түшүнүктөр │
│ │ │
│секта - негизги диний окуунун │секта - негизги диний окуунун │
│кайсы бир конфессиясынан бөлүнүп │кайсы бир конфессиясынан бөлүнүп │
│чыккан, аны менен макулдукка │чыккан, аны менен макулдукка │
│келбеген, коомдун кызыкчылыктарына│келбеген, КООМДУН КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫНА│
│кайдыгер караган жана каршы турган│КАЙДЫГЕР КАРАГАН ЖАНА КАРШЫ ТУРГАН│
│диний агым (жамаатчылык); │ДЕГЕН СӨЗДӨРДҮ АЛЫП САЛЫП, ЖЕ │
│ │АДАМДАРГА ТААСИР ЭТҮҮНҮН АСПАБЫ │
│ │КАТАРЫ ДИН ИЛИМИНИН ӨЗГӨЧӨЛҮҮ │
│ │ТҮШҮНҮКТӨРҮНҮН ЖАНА ЫРАСЫМДЫК │
│ │ТАЖРЫЙБАНЫН ЖЫЙЫНДЫСЫН ПАЙДАЛАНГАН│
│ │АЙРЫМ АДАМДАРДЫН ӨЗ АЛДЫНЧА │
│ │ДОКТРИНАСЫН ЖЕ ДИНИЙ-МИСТИКАЛЫК │
│ │ТАЖРЫЙБАСЫН КАБЫЛ АЛУУНУН │
│ │НЕГИЗИНДЕ КЕЛИП ЧЫККАН. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│6-берене. Билим берүү жана дин │6-берене. Билим берүү жана дин │
│ │ │
│1. Ар кандай түрдөгү жана │1. Ар кандай түрдөгү жана │
│деңгээлдеги билим алуу адамдарга │деңгээлдеги билим алуу адамдарга │
│алардын динге карата мамилесине │алардын динге карата мамилесине │
│карабастан берилет. │карабастан берилет. │
│ │ДИНИЙ УЮМДАР ДИНИЙ БИЛИМ АЛУУ │
│ │МАКСАТЫНДА ЖАРАНДАРДЫ ЧЕТ │
│ │МАМЛЕКЕТТЕРДИН ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА ЧЕТ │
│ │ӨЛКӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫ МЕНЕН │
│ │ТҮЗҮЛГӨН КЕЛИШИМДИН НЕГИЗИНДЕ ЖАНА│
│ │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИН ИШТЕРИ │
│ │БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ МЕНЕН │
│ │МАКУЛДАШКАНДАН КИЙИН ГАНА ЖИБЕРЕ │
│ │АЛАТ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│8-берене. Диний уюмдар │8-берене. Диний уюмдар │
│ │ │
│2. Дин иштери боюнча мамлекеттик │2. Дин иштери боюнча мамлекеттик │
│органдын эсепке алуу каттоосу жок │органдын эсепке алуу каттоосу жок │
│диний уюмдардын иш-аракетине жана │диний уюмдардын, МИССИЯЛАРДЫН ЖАНА│
│иштешине ушул Мыйзамга ылайык тыюу│ДИНИЙ БАГЫТТАГЫ ОБЪЕКТТЕРДИН │
│салынат. │иш-аракетине жана иштешине ушул │
│3. Диний уюм жашы жеткен жана │Мыйзамга ылайык тыюу салынат. │
│Кыргыз Республикасынын аймагында │3. Диний уюм жашы жеткен жана │
│туруктуу жашаган Кыргыз │Кыргыз Республикасынын бир │
│Республикасынын эки жүздөн кем │администрациялык-аймагында │
│болбогон жаранынын демилгеси │туруктуу жашаган эки жүздөн кем │
│боюнча түзүлөт. │болбогон жаранынын демилгеси │
│ │боюнча түзүлөт. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│10-берене. Диний уюмдарды эсептик │10-берене. Диний уюмдарды эсептик │
│ каттоого алуу │ каттоого алуу │
│ │ │
│2. Диний уюмду эсепке алуу үчүн │2. Диний уюмду эсепке алуу үчүн │
│түзүүчүлөр төмөндөгүдөй түзүү │түзүүчүлөр төмөндөгүдөй түзүү │
│документтерин (мамлекеттик жана │документтерин (мамлекеттик жана │
│расмий тилде) тапшырышат: │расмий тилде) тапшырышат: │
│- эсептик каттоого алуу жөнүндө │- эсептик каттоого алуу жөнүндө │
│арызды; │арызды; │
│- диний уюмду жана миссияны │- диний уюмду жана миссияны │
│түзүүнүн демилгечилеринен болуп │түзүүнүн демилгечилеринен болуп │
│эсептелишкен жана уставдын │эсептелишкен жана уставдын │
│алкагында мыйзам алдында │алкагында мыйзам алдында │
│жоопкерчиликтүү жарандардын, │жоопкерчиликтүү жарандардын, │
│уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн │уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн │
│нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана │нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана │
│жергиликтүү кеңеш менен │жергиликтүү кеңеш менен │
│макулдашылган (алардын фамилиясын,│макулдашылган (алардын фамилиясын,│
│атын, атасынын атын, туулган │атын, атасынын атын, туулган │
│датасын, жарандыгын, турган жерин,│датасын, жарандыгын, турган жерин,│
│паспортунун номерин жана сериясын,│паспортунун номерин жана сериясын,│
│качан жана кайдан берилгендигин │качан жана кайдан берилгендигин │
│көрсөтүү менен) тизмесин. │көрсөтүү менен) тизмесин. │
│3. Диний уюмдарды, ошондой эле │3. Диний уюмдарды, ошондой эле │
│миссияларды эсепке алуу каттоосу │миссияларды эсепке алуу каттоосу │
│арыз берилген күндөн тартып отуз │арыз берилген күндөн тартып отуз │
│күндөн кечиктирилбестен зарыл │күндөн кечиктирилбестен зарыл │
│документтерин тиркөө жана алардын │документтерин тиркөө жана алардын │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│колдонуудагы мыйзамдарында шайкеш │колдонуудагы мыйзамдарында шайкеш │
│келишинин текшерүү менен │келишинин текшерүү менен │
│жүргүзүлүшү мүмкүн. │жүргүзүлүшү мүмкүн. │
│Дин иштери боюнча мамлекеттик │Дин иштери боюнча мамлекеттик │
│орган кошумча маалыматтарды │орган кошумча маалыматтарды │
│суратып алууга жана тиешелүү │суратып алууга жана тиешелүү │
│органдардын корутундусун алууга, │органдардын корутундусун алууга, │
│ошондой эле арыз ээсинин │ошондой эле арыз ээсинин │
│уюмдаштыруу документтерин дин │уюмдаштыруу документтерин дин │
│таануучу экспертизага жиберүүгө │таануучу экспертизага жиберүүгө │
│укуктуу. Мындай учурда арызды │укуктуу. Мындай учурда арызды │
│кароо дагы бир айга узартылат. │кароо дагы бир айга узартылат. │
│ │ЭГЕРДЕ ЭСЕПТИК КАТТОО ЖӨНҮНДӨ АРЫЗ│
│ │ЖАНА ТИРКЕЛГЕН ДОКУМЕНТТЕР УШУЛ │
│ │МЫЙЗАМДЫН ТАЛАПТАРЫН БУЗУУ МЕНЕН │
│ │ТАПШЫРЫЛСА, ДИН ИШТЕРИ БОЮНЧА │
│ │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН АЛАРДЫ │
│ │КАРАБАСТАН АРЫЗ ЭЭСИНЕ КАЙТАРАТ, │
│ │БУЛ БАРДЫК ЗАРЫЛ ТАЛАПТАРДЫ САКТОО│
│ │МЕНЕН УШУЛ МАСЕЛЕ БОЮНЧА КАЙРАДАН │
│ │КАЙРЫЛУУГА ТОСКООЛДУК КЫЛБАЙТ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│10-берене 10-1-берене менен │10-1-берене. Диний багыттагы │
│толукталсын │ объекттерди эсептик │
│ │ каттоо. │
│ │ │
│ │1. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│ │АЙМАГЫНДАГЫ ДИНИЙ БАГЫТТАГЫ │
│ │ОБЪЕКТТЕРДИ ЭСЕПТИК КАТТОО МЫЙЗАМ │
│ │МЕНЕН БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ ДИН │
│ │ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН │
│ │ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. │
│ │ДИНИЙ БАГЫТТАГЫ ОБЪЕКТТЕР │
│ │(НАМАЗКАНАЛАР, ЧАКАН ЧИРКӨӨЛӨР │
│ │ЖАНА ДИНИЙ ОБЪЕКТТЕРДИН БАШКА │
│ │ТҮРЛӨРҮ) ДИНИЙ ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРДЫ │
│ │ЖАНА ИШТЕРДИ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ, КУДАЙГА │
│ │ТАБЫНУУНУ, ДИНИЙ СЫЙЫНУУНУ ДАЙЫМА │
│ │АТКАРУУГА АРНАЛБАГАН ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН │
│ │ОБЪЕКТ БОЛУП САНАЛАТ ЖАНА │
│ │ОШОНДУКТАН ДИНИЙ УЮМ СТАТУСУНА ЭЭ │
│ │БОЛУШУ МҮМКҮН ЭМЕС. │
│ │ДИНИЙ БАГЫТТАГЫ ОБЪЕКТТЕРДИН │
│ │ИШТЕШИ ДИН ИШТЕРИ БОЮНЧА │
│ │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН БЕРГЕН ЭСЕПТИК │
│ │КАТТОО ЖӨНҮНДӨ КҮБӨЛҮК БЕРГЕН │
│ │УЧУРДАН ТАРТЫП БАШТАЛАТ. │
│ │ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ ДИНИЙ│
│ │БАГЫТТАГЫ ОБЪЕКТТЕРДИ КУРУУГА ЖЕР │
│ │УЧАСТКАЛАРЫН БӨЛГӨНДӨ АЛ МАСЕЛЕ │
│ │ДИН ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК │
│ │ОРГАН МЕНЕН МАКУЛДАШЫЛАТ. │
│ │2. ДИНИЙ БАГЫТТАГЫ ОБЪЕКТТЕРДИ │
│ │ЭСЕПТИК КАТТОО ҮЧҮН (МАМЛЕКЕТТИК │
│ │ЖЕ РАСМИЙ ТИЛДЕРДЕ) ТӨМӨНКҮДӨЙ │
│ │ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ: │
│ │- ЭСЕПТИК КАТТОО АРЫЗЫ; │
│ │- ДИНИЙ БАГЫТТАГЫ ОБЪЕКТТЕР │
│ │АЙМАГЫНДА, ИМАРАТ ЖАЙЛАРЫНДА │
│ │АЧЫЛЫП ЖАТКАН УЮМДАР ДИНИЙ │
│ │БАГЫТТАГЫ ОБЪЕКТТИ АЧУУ ЖАНА │
│ │ИШТЕШИ ЖӨНҮНДӨ УЮМДУН ЖЕТЕКЧИСИ │
│ │КОЛ КОЙГОН ӨТҮНҮЧ-КАТ; │
│ │- ДИНИЙ БАГЫТТАГЫ ОБЪЕКТТИН ТОЛУК │
│ │АТАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ, ЭГЕР АНДАЙ БАР │
│ │БОЛСО МААЛЫМАТ; │
│ │- АЧЫЛЫП ЖАТКАН ДИНИЙ БАГЫТТАГЫ │
│ │ОБЬЕКТТИН ТУРГАН ОРДУН (ИШ │
│ │ЖҮЗҮНДӨГҮ ТУРУКТУУ ДАРЕГИ, ЖЕКЕ │
│ │ЖАЙДЫ САТУУ-САТЫП АЛУУ КЕЛИШИМИ, │
│ │ИЖАРА КЕЛИШИМИ, ЖАЙДЫ АКЫСЫЗ БЕРҮҮ│
│ │КЕЛИШИМИ, РАСМИЙ КАТ Ж.Б.) │
│ │ЫРАСТАГАН ДОКУМЕНТ. │
│ │3. ДИНИЙ БАГЫТТАГЫ ОБЪЕКТТЕРДИ │
│ │ЭСЕПТИК КАТТОО ЗАРЫЛ ДОКУМЕНТТЕРДИ│
│ │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│ │КОЛДОНУУДАГЫ МЫЙЗАМЫНА ЫЛАЙЫК │
│ │КЕЛИШИН ТЕКШЕРҮҮ ҮЧҮН АЛАРДЫ │
│ │ТИРКӨӨ МЕНЕН АРЫЗ БЕРИЛГЕН КҮНДӨН │
│ │ТАРТЫП ОТУЗ КҮНДӨН КЕЧИКТИРБЕСТЕН │
│ │ЖҮРГҮЗҮЛҮҮГӨ ТИЙИШ. │
│ │ДИН ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК │
│ │ОРГАН КОШУМЧА МААЛЫМАТТАРДЫ ЖАНА │
│ │ТИЙИШТҮҮ ОРГАНДАРДЫН │
│ │КОРУТУНДУЛАРЫН СУРАТЫП АЛУУГА, │
│ │ОШОНДОЙ ЭЛЕ АРЫЗ ЭЭСИ СУНУШ КЫЛГАН│
│ │ДОКУМЕНТТЕРДИ ДИН ТААНУУ │
│ │ЭКСПЕРТИЗАСЫНА ЖИБЕРҮҮГӨ УКУКТУУ. │
│ │МЫНДАЙ УЧУРДА АРЫЗДЫ КАРОО ДАГЫ │
│ │БИР АЙЛЫК МӨӨНӨТКӨ УЗАРТЫЛАТ. │
│ │БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ ЭСЕПТИК │
│ │КАТТООДОН ӨТПӨСТӨН ДИНИЙ БАГЫТТАГЫ│
│ │ОБЪЕКТТЕРДИН ИШТЕШИНЕ ЖОЛ │
│ │БЕРИЛБЕЙТ. │
│ │ЭГЕРДЕ ЭСЕПТИК КАТТОО ЖӨНҮНДӨ АРЫЗ│
│ │ЖАНА ТИРКЕЛГЕН ДОКУМЕНТТЕР УШУЛ │
│ │МЫЙЗАМДЫН ТАЛАПТАРЫН БУЗУУ МЕНЕН │
│ │ТАПШЫРЫЛСА, ДИН ИШТЕРИ БОЮНЧА │
│ │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН АЛАРДЫ │
│ │КАРАБАСТАН АРЫЗ ЭЭСИНЕ КАЙТАРАТ, │
│ │БУЛ БАРДЫК ЗАРЫЛ ТАЛАПТАРДЫ САКТОО│
│ │МЕНЕН УШУЛ МАСЕЛЕ БОЮНЧА КАЙРАДАН │
│ │КАЙРЫЛУУГА ТОСКООЛДУК КЫЛБАЙТ. │
│ │4. ЭСЕПТИК КАТТООНУН НАТЫЙЖАСЫ │
│ │БОЮНЧА АРЫЗ ЭЭСИНЕ КҮБӨЛҮК БЕРИЛЕТ│
│ │ЖАНА АРЫЗ ЭЭСИ (УЮМ) ЭСЕПТИК │
│ │КАТТОО ЖӨНҮНДӨ КҮБӨЛҮК БЕРИЛГЕН │
│ │УЧУРДАН ТАРТЫП ДИНИЙ БАГЫТТАГЫ │
│ │ОБЪЕКТТИН ИШТЕШИНЕ УКУК АЛАТ. │
│ │ДИНИЙ БАГЫТТАГЫ ОБЪЕКТТЕР ҮЧҮН │
│ │ЭСЕПТИК КАТТОО ЖӨНҮНДӨ КҮБӨЛҮКТҮН │
│ │ФОРМАСЫ ДИН ИШТЕРИ БОЮНЧА │
│ │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ТАРАБЫНАН │
│ │БЕКИТИЛЕТ. │
│ │5. ДИНИЙ БАГЫТТАГЫ ОБЪЕКТТЕР │
│ │ЮРИДИКАЛЫК ЖАК БОЛУП САНАЛБАЙТ. │
│ │АЛАРГА АЛАРДЫ ТҮЗГӨН ЮРИДИКАЛЫК │
│ │ЖАКТЫН МҮЛКҮ БЕРИЛЕТ ЖАНА АЛАР │
│ │БЕКИТКЕН ЖОБОНУН НЕГИЗИНДЕ ИШТЕЙТ.│
│ │АЛ ОБЪЕКТТЕРДИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ │
│ │ЮРИДИКАЛЫК ЖАК ТАРАБЫНАН │
│ │ДАЙЫНДАЛАТ ЖАНА АНЫН ИШЕНИМ │
│ │КАТЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ИШТЕЙТ. ДИНИЙ │
│ │БАГЫТТАГЫ ОБЪЕКТТЕР АЛАРДЫ ТҮЗГӨН │
│ │ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН УЮШТУРУУ │
│ │ДОКУМЕНТТЕРИНДЕ КӨРСӨТҮЛҮҮГӨ │
│ │ТИЙИШ.". │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│12-берене. Дин ишин жүргүзүү │12-берене. Дин ишин жүргүзүү │
│ максатында Кыргыз │ максатында Кыргыз │
│ Республикасына келип │ Республикасына келип │
│ жаткан чет өлкөлүк │ жаткан чет өлкөлүк │
│ жарандарды │ жарандарды │
│ (миссионерлерди) │ (миссионерлерди) │
│ эсептик каттоого алуу │ эсептик каттоого алуу │
│ │ │
│1. Дин ишин жүргүзүү максатында │1. Дин ишин жүргүзүү максатында │
│Кыргыз Республикасына келген чет │Кыргыз Республикасына келген чет │
│өлкөлүк жаран (мындан ары - │өлкөлүк жаран (мындан ары - │
│миссионер) Кыргыз Республикасынын │миссионер) Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдарына ылайык дин иштери │мыйзамдарына ылайык дин иштери │
│боюнча мамлекеттик орган тарабынан│боюнча мамлекеттик орган тарабынан│
│эсептик каттоого алуудан өтөт. │эсептик каттоого алуудан өтөт. │
│ │ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНГА ЭСЕПТИК │
│ │КАТТООДОН ӨТПӨСТӨН КЫРГЫЗ │
│ │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА ДИНИЙ │
│ │ИШТЕРДИ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ. │
│2. Кыргыз Республикасынын │2. Кыргыз Республикасынын │
│аймагында миссионердик иш-аракетти│аймагында миссионердик иш-аракетти│
│чакыруусу жана тиешелүү жолдомосу │чакыруусу жана тиешелүү жолдомосу │
│бар, катталган диний уюмдун атынан│бар, катталган диний уюмдун атынан│
│келген миссионер жүргүзүүгө │келген миссионер жүргүзүүгө │
│укуктуу болот. │укуктуу болот. │
│Миссионер Кыргыз Республикасынын │АЛЫП ТАШТАЛСЫН │
│аймагында үч жылдан ашпаган │ │
│мөөнөткө болууга укуктуу. │ │
│4. Дин иштери боюнча мамлекеттик │4. Дин иштери боюнча мамлекеттик │
│орган бир айдын ичинде чет өлкөлүк│орган бир айдын ичинде чет өлкөлүк│
│жаранды (миссионерди) эсептик │жаранды (миссионерди) эсептик │
│каттоого алуу жөнүндө арызды │каттоого алуу жөнүндө арызды │
│карап, тиешелүү чечим чыгарат. │карап, тиешелүү чечим чыгарат. │
│Дин иштери боюнча мамлекеттик │Дин иштери боюнча мамлекеттик │
│орган тапшырылган документтерде │орган тапшырылган документтерде │
│камтылган маалыматтардын │камтылган маалыматтардын │
│ишенимдүүлүгүн текшерүүгө, │ишенимдүүлүгүн текшерүүгө, │
│тиешелүү мамлекеттик органдар же │тиешелүү мамлекеттик органдар же │
│өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу │өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу │
│кошумча маалыматтарды суратып │кошумча маалыматтарды суратып │
│алууга, ошондой эле арыз ээсинин │алууга, ошондой эле арыз ээсинин │
│уюштуруу документтерин дин таануу │уюштуруу документтерин дин таануу │
│экспертизасына жиберүүгө укугу │экспертизасына жиберүүгө укугу │
│бар. Бул учурда арызды кароо дагы │бар. Бул учурда арызды кароо дагы │
│бир айлык мөөнөткө узартылат. │бир айлык мөөнөткө узартылат. │
│ │ЭГЕРДЕ ЭСЕПТИК КАТТОО ЖӨНҮНДӨ АРЫЗ│
│ │ЖАНА ТИРКЕЛГЕН ДОКУМЕНТТЕР УШУЛ │
│ │МЫЙЗАМДЫН ТАЛАПТАРЫН БУЗУУ МЕНЕН │
│ │ТАПШЫРЫЛСА, ДИН ИШТЕРИ БОЮНЧА │
│ │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН АЛАРДЫ │
│ │КАРАБАСТАН АРЫЗ ЭЭСИНЕ КАЙТАРАТ, │
│ │БУЛ БАРДЫК ЗАРЫЛ ТАЛАПТАРДЫ САКТОО│
│ │МЕНЕН УШУЛ МАСЕЛЕ БОЮНЧА КАЙРАДАН │
│ │КАЙРЫЛУУГА ТОСКООЛДУК КЫЛБАЙТ. │
│5. Каттоонун жыйынтыктары боюнча │5. Каттоонун жыйынтыктары боюнча │
│миссионерге (бир жылдан ашпаган │миссионерге (бир жылдан ашпаган │
│мөөнөткө белгиленген үлгүдөгү │мөөнөткө белгиленген үлгүдөгү │
│эсепке алуу каттоосу жөнүндөгү │эсепке алуу каттоосу жөнүндөгү │
│күбөлүк берилет. Көрсөтүлгөн │күбөлүк берилет. Көрсөтүлгөн │
│мөөнөт өткөндөн кийин миссионер │мөөнөт өткөндөн кийин миссионер │
│ушул Мыйзамда белгиленген тартипте│ушул БЕРЕНЕДЕ белгиленген тартипте│
│дин иштери боюнча мамлекеттик │дин иштери боюнча мамлекеттик │
│органда кайра эсептик каттоого │органда кайра эсептик каттоого │
│алуудан өтөт. │алуудан өтөт. │
│6. Эгерде анын иш-аракети коомдук │6. Эгерде анын иш-аракети коомдук │
│коопсуздукка жана тартипке, этнос │коопсуздукка жана тартипке, этнос │
│аралык жана конфессия аралык │аралык жана конфессия аралык │
│ынтымакка, калктын саламатчылыгына│ынтымакка, калктын саламатчылыгына│
│жана адеп-ахлагына коркунуч │жана адеп-ахлагына коркунуч │
│туудурса, миссионерди эсепке алуу │туудурса ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ │
│каттоосунан баш тартылышы мүмкүн. │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫ │
│7. Миссионерлерге күбөлүктөр │БУЗУЛГАН УЧУРДА МИССИОНЕРДИ ЭСЕПКЕ│
│берилип жаткан учурда Кыргыз │АЛУУ КАТТООСУНАН, КАЙРА КАТТООДОН │
│Республикасында болуунун тартиби, │БАШ ТАРТЫЛЫШЫ МҮМКҮН. │
│анын ичинде каттоонун тартиби │7. Миссионерлерге күбөлүктөр │
│түшүндүрүлөт, ошондой эле аларга │берилип жаткан учурда Кыргыз │
│Кыргыз Республикасынын │Республикасында болуунун тартиби, │
│мыйзамдарынын талаптарына ылайык │анын ичинде каттоонун тартиби │
│визаларды узартуу маселелери │түшүндүрүлөт, ошондой эле аларга │
│боюнча Кыргыз Республикасында │Кыргыз Республикасынын │
│болуунун тартибин бузгандыгы үчүн │мыйзамдарынын талаптарына ылайык │
│жоопкерчилик жөнүндө эскертилет. │визаларды узартуу маселелери │
│ │боюнча Кыргыз Республикасында │
│ │болуунун тартибин бузгандыгы үчүн │
│ │жоопкерчилик жөнүндө эскертилет. │
│ │ДИН ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК │
│ │ОРГАН, ЭГЕРДЕ МИССИОНЕРДИН ИШИ │
│ │КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА │
│ │ТАРТИПКЕ, ЭТНОСТОР АРАЛЫК ЖАНА │
│ │КОНФЕССИЯЛАР АРАЛЫК ЫНТЫМАККА, │
│ │КАЛКТЫН ДЕН СООЛУГУНА ЖАНА │
│ │АДЕП-АХЛАГЫНА КОРКУНУЧ ТУУДУРСА, │
│ │ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН│
│ │МЫЙЗАМДАРЫ БУЗУЛГАН УЧУРДА АНЫН │
│ │ИШИН ТОКТОТО ТУРУУ ЖӨНҮНДӨ СОТ │
│ │ОРГАНДАРЫНА КАЙРЫЛА АЛАТ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│13-берене. Диний окуу жайды │13-берене. Диний окуу жайды │
│ эсептик каттоого алуу │ эсептик каттоого алуу │
│ │ │
│3. Эсептик каттоодон өткөндөн │3. Эсептик каттоодон өткөндөн │
│кийин диний окуу жайына │кийин диний окуу жайына │
│белгиленген үлгүдөгү күбөлүк │белгиленген үлгүдөгү күбөлүк │
│берилет. │берилет. │
│ │ЭГЕРДЕ ЭСЕПТИК КАТТОО ЖӨНҮНДӨ АРЫЗ│
│ │ЖАНА ТИРКЕЛГЕН ДОКУМЕНТТЕР УШУЛ │
│ │МЫЙЗАМДЫН ТАЛАПТАРЫН БУЗУУ МЕНЕН │
│ │ТАПШЫРЫЛСА, ДИН ИШТЕРИ БОЮНЧА │
│ │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН АЛАРДЫ │
│ │КАРАБАСТАН АРЫЗ ЭЭСИНЕ КАЙТАРАТ, │
│ │БУЛ БАРДЫК ЗАРЫЛ ТАЛАПТАРДЫ САКТОО│
│ │МЕНЕН УШУЛ МАСЕЛЕ БОЮНЧА КАЙРАДАН │
│ │КАЙРЫЛУУГА ТОСКООЛДУК КЫЛБАЙТ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│22-берене. Диний адабияттар жана │22-берене. Диний адабияттар жана │
│ диний арналыштагы │ диний арналыштагы │
│ буюмдар │ буюмдар │
│ │ │
│3. Дин иштери боюнча мамлекеттик │3. Дин иштери боюнча мамлекеттик │
│орган диний адабияттарга, башка │орган ДИНИЙ МАЗМУНДАГЫ │
│басма, аудиовидеоматериалдарга дин│АДАБИЯТТАРГА, БАШКА БАСМА, │
│таануу экспертизасын дайындоого │АУДИОВИДЕОМАТЕРИАЛДАРГА ЗАРЫЛ │
│укуктуу. │БОЛСО ДИН ЖААТЫНДАГЫ ТИЙИШТүү │
│ │АДИСТЕРДИ, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫ │
│ │ЖАНА ДИНИЙ УЮМДАРДЫ ТАРТУУ МЕНЕН │
│ │ДАЙЫНДАЙТ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│26-берене. Диний уюмдун иш │26-берене. Диний уюмдун иш │
│ аракетине контроль │ аракетине контроль │
│ жүргүзүү │ жүргүзүү │
│ │ │
│5. Прокуратура чет өлкөлүк диний │5. БӨЛҮК КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП │
│уюмдардын диний уюмдары, │ТАБЫЛСЫН. │
│миссиялары (өкүлчүлүктөрү) │ │
│тарабынан Кыргыз Республикасынын │ │
│мыйзамдарынын жана башка ченемдик │ │
│укуктук актыларынын так жана │ │
│бирдей аткарылышына көзөмөлдү │ │
│жүзөгө ашырат. │ │
│6. Дин иштери боюнча мамлекеттик │6. Дин иштери боюнча мамлекеттик │
│орган жана анын аймактык │орган жана анын аймактык │
│органдары, салык органдары диний │органдары, салык органдары диний │
│уюмдун иш-аракетинин, алардын │уюмдун иш-аракетинин, алардын │
│уставында (жобосунда) каралган │уставында (жобосунда) каралган │
│максаттарга жана Кыргыз │максаттарга жана Кыргыз │
│Республикасынын мыйзамдарына │Республикасынын мыйзамдарына │
│ылайык келишип контролдоону жүзөгө│ылайык келишип контролдоону жүзөгө│
│ашырат. Диний уюмга карата │ашырат. Диний уюмга карата │
│прокуратура органдары, дин иштери │прокуратура органдары, дин иштери │
│боюнча мамлекеттик орган жана анын│боюнча мамлекеттик орган жана анын│
│аймактык органдары, салык │аймактык органдары, салык │
│органдары төмөндөгүлөргө укуктуу: │органдары төмөндөгүлөргө укуктуу: │
│5) диний уюм Кыргыз │5) диний уюм Кыргыз │
│Республикасынын мыйзамдарын │Республикасынын мыйзамдарын │
│бузгандыгы аныкталган учурда же │бузгандыгы аныкталган учурда же │
│анын уставында (жобосунда) │анын уставында (жобосунда) │
│каралган максаттарга карама-каршы │каралган максаттарга карама-каршы │
│келген аракеттер жасалганда ага │келген аракеттер жасалганда ага │
│карата келтирилген кемчиликтерди │карата келтирилген кемчиликтерди │
│көрсөткөн жана аларды четтетүүнүн │көрсөткөн жана аларды четтетүүнүн │
│бир айдан кем эмес мөөнөтүн │БИР АЙДЫН ИЧИНДЕ мөөнөтүн │
│белгилеген жазуу жүзүндөгү чечим │белгилеген жазуу жүзүндөгү чечим │
│чыгарууга. Диний уюмга чыгарылган │чыгарууга. Диний уюмга чыгарылган │
│эскертүү жогору турган органга же │эскертүү жогору турган органга же │
│сотко даттанылышы мүмкүн. │сотко даттанылышы мүмкүн. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│27-берене. Жазуу жүзүндө эскертүү │27-берене. Жазуу жүзүндө эскертүү │
│ │ │
│2. Эгерде ушул берененин │2. Эгерде ушул берененин │
│1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укук │1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укук │
│бузуулар үч айдын ичинде оңдолбосо│бузуулар БИР айдын ичинде │
│же жыл ичинде кайра кайталанса, │оңдолбосо же жыл ичинде кайра │
│дин иштери боюнча мамлекеттик │кайталанса, дин иштери боюнча │
│орган диний уюмду жоюу жөнүндө │мамлекеттик орган диний уюмду жоюу│
│арыз менен сотко кайрылуу укугуна │жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу │
│ээ болот. Мындай учурда дин иштери│укугуна ээ болот. Мындай учурда │
│боюнча мамлекеттик орган сот │дин иштери боюнча мамлекеттик │
│чечими чыгарылганга чейин диний │орган сот чечими чыгарылганга │
│уюмдун иш-аракетин токтото турууга│чейин диний уюмдун иш-аракетин │
│чечим кабыл алууга укуктуу. │токтото турууга чечим кабыл алууга│
│ │укуктуу. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
Кыргыз Республикасынын Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору | А.Жумабаев |