Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 12-октябры № 713
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Муниципалдык кызмат жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору (макулдашуу боюнча) аталган Мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болууга дайындалышсын.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду
киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2004-жылдын 24-августу, № 71-72) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 13-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"- терс негиздер боюнча кызматтан бошотулган мамлекеттик кызматчылардын реестрин жүргүзөт;".
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-статья менен толукталсын:
"Статья 16-1. Терс негиздер боюнча кызматтан бошотулган
мамлекеттик кызматчылардын реестри
Терс негиздер боюнча кызматтан бошотулган мамлекеттик кызматчылардын реестри ушул Мыйзамдын 31-статьясынын "д-з" жана "н" пункттарында каралган себептер боюнча кызматтан бошотулган кызматчылар жөнүндө жеке маалыматтарды камтыйт.
Терс негиздер боюнча кызматтан бошотулган мамлекеттик кызматчылардын реестрин түзүүнүн, жүргүзүүнүн, өзгөртүүнүн жана толуктоонун тартибин Өкмөт бекитет.
Терс негиздер боюнча кызматтан бошотулган мамлекеттик кызматчылардын реестри бош администрациялык кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоодо пайдаланылат.".
3. 31-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
Мамлекеттик кызматкердин наамын булгаганы үчүн мамлекеттик кызматчы ушул статьянын ""д-з" жана "н" пункттарында каралган себептер боюнча мамлекеттик органдын демилгеси менен кызматтан бошотулган учурда аталган орган жети күндүн ичинде тиешелүү маалыматты мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик органдын мамлекеттик кызматчыны ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган себептер боюнча кызматтан бошотуу жөнүндө чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылса, мамлекеттик орган жети күндүн ичинде мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул жөнүндө маалымдоого милдеттүү.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|
Долбоор
1-берене.
"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2004-жылдын 31-августу, № 75) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-статья менен толукталсын:
"15-1-статья. Терс негиздер боюнча кызматтан бошотулган
муниципалдык кызматчылардын реестри
Терс негиздер боюнча кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчылардын реестри Эмгек Кодексинин 83-статьясынын 5-пунктунда, 6-пунктунун "а", "б", "в", "д" пунктчаларында, 7, 9, 10, 11-пунктарында каралган себептер боюнча кызматтан бошотулган кызматчылар жөнүндө жеке маалыматтарды камтыйт.
Терс негиздер боюнча кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчылардын реестрин мамлекеттик кызмат иши боюнча укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
Реестрди түзүүнүн, жүргүзүүнүн, өзгөртүүнүн жана толуктоонун тартибин Өкмөт бекитет.
Терс негиздер боюнча кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчылардын реестри бош администрациялык кызмат орундарды ээлөөгө конкурстук тандоодо колдонулат.".
2. 33-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:
"Муниципалдык кызматчынын наамын булгаганы үчүн муниципалдык кызматчы Эмгек Кодексинин 83-статьясынын 5-пунктунда, 6-пунктунун "а", "б", "в", "д" пунктчаларында, 7, 9, 10, 11-пунктарында каралган себептер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси менен кызматтан бошотулган учурда, аталган орган жети күндүн ичинде тиешелүү маалыматты мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык кызматчыны ушул статьянын 4-бөлүгүндө каралган себептер боюнча кызматтан бошотуу боюнча чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жети күндүн ичинде мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул жөнүндө маалымдоого милдеттүү.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 327 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча иш-чаралар планынын 10-пунктун аткаруу максатында Юстиция министрлиги "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыккан.
Пландын аталган пунктуна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарга талапкерлерди дайындоого чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан милдетүү текшерүүнүн (соттолгондугу, дискредиттөө жана башка терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан кетүүсү жөнүндө) механизмин киргизүү максатында "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Мыйзам долбоорун иштеп чыгаруу тапшырмасы берилген.
Ушундай ченемди бекитүү мамлекеттик органдарга административдик бош кызмат орундарды ээлөөгө конкурс жүргүзүүдө талапкерлердин мурдагы ишкердик аброюн эске алуу менен мамлекеттик кызматка талапкер ак ниетсиз адамдарды табууну жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.
Сунушталган Мыйзам долбоору менен Мамлекеттик кадр боюнча кызматына мамлекеттик кызматчынын намысын булгагандыгы үчүн, терс себептер менен мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулган мамлекеттик кызматкерлердин Реестрин жүргүзүү боюнча милдеттерди бекитүү сунушталат.
Ошону менен бирге, мамлекеттик кызматчыны ээлеген кызмат ордунан бошотуунун терс негиздери төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик кызматчы тарабынан эмгек тартиби одоно бузулганда;
ишке келбей коюу (бир жумушчу күндө жүйөлүү себепсиз үч сааттан ашык жумуш ордунда болбой калуу);
кызмат кылган жеринде мүлктү уурдоо (анын ичинде кытып алуу), жоготуу, аны атайылап жок кылуу же бузуу;
ишке ичкилик ичип, баңгизат же башка токсиндик затты колдонуу менен мас абалында келүү;
мамлекеттик кызматчыга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу ага белгилүү болуп калган Мыйзам менен корголуучу сырды (мамлекеттик, кызматтык жана башка) ачыкка чыгаруу;
мамлекеттик кызматчы тарабынан ага жүктөлгөн милдеттерди бир нече курдай аткарбай коюу же талаптагыдай аткарбай коюу, эгерде мурда ага тартип жазасы колдонулган болсо;
Мыйзамда же кызматтык нускоолордо тике каралган учурлардан тышкары саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишине катышуу;
- мамлекеттик кызматчыга карата соттун айыптоо өкүмүнүн Мыйзамдуу күчүнө кириши;
- "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-статьяларында каралган чектөөлөрдү сактабай коюу фактылары белгиленгенде;
- мамлекеттик кызматчы тарабынан мамлекеттик кызматка кирүүдө жалган документтерди же атайылап эле жалган маалыматтарды берүү;
- "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы менен каралган мүлк жана кирешелер жөнүндө декларацияны тапшырбоо же декларацияда мүлк жана кирешесин атайылап жашырып коюу, болбосо чындыкка туура келбеген маалыматтарды берүү.
Мыйзам долбоору менен ушул Реестрди түзүүнүн, жүргүзүүнүн, өзгөртүүнүн жана толуктоонун тартибин аныктоо Өкмөткө жүктөлүүсү сунушталууда.
Ошондой эле, аталган Реестрди эффективдүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү үчүн мамлекеттик органдын администрациясынын демилгеси боюнча мамлекеттик кызматчыны жогоруда аталган терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматчынын намысын булгагандыгына байланыштуу кызматтан бошотууда аталган органдын администрациясы мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Ошону менен бирге, аталган Реестр толук жана чындык маалыматтарды камтуусу үчүн, Мыйзам долбоору менен ошондой эле жогоруда аталган негиздер боюнча мамлекеттик кызматчыны бошотуу жөнүндө мамлекеттик органдын буйругун жокко чыгаруу жөнүндө соттук чечимдер боюнча ыйгарым укуктуу органды маалымдоо мамлекеттик органдын милдети катары белгилөө сунушталат.
Ошону менен бирге, Мыйзам долбоорун коомдук талкуудан өткөргөн учурда сунуштар жана пикирлер келип түшпөгөндүгүн белгилеп кетебиз.
Ошондой эле, аталган Мыйзамдын кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды алып келбейт.
Мындан тышкары, өткөрүлгөн улуттук жана эл аралык Мыйзамдардын иштеп жаткан ченемдерин талдоонун жыйынтыгында, сунушталган Мыйзам долбоорунун ченемдери иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт.
Кошумча иретинде, сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
Министр | А.Шыкмаматов
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 327 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча иш-чаралар планынын 10-пунктун аткаруу максатында Юстиция министрлиги "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыккан.
Пландын аталган пунктуна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарга талапкерлерди дайындоого чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан милдетүү текшерүүнүн (соттолгондугу, дискредиттөө жана башка терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан кетүүсү жөнүндө) механизмин киргизүү максатында "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Мыйзам долбоорун иштеп чыгаруу тапшырмасы берилген.
Ушундай ченемди бекитүү жергиликтүү өз алдынча органдарга административдик бош кызмат орундарды ээлөөгө конкурс жүргүзүүдө талапкерлердин мурдагы ишкердик аброюн эске алуу менен муниципалдык кызматка талапкер ак ниетсиз адамдарды табууну жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.
Сунушталган Мыйзам долбоору менен Мамлекеттик кадр боюнча кызматына мамлекеттик кызматчынын намысын булгагандыгы үчүн, терс негиздер менен мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулган муниципалдык кызматкерлердин Реестрин жүргүзүү боюнча милдеттерди бекитүү сунушталат.
Ошону менен бирге, муниципалдык кызматчыны ээлеген кызмат ордунан бошотуунун терс негиздери төмөнкүлөр саналат:
- эгерде кызматкердин тартиптик жазасы бар болсо, ал бир нече ирет жүйөлүү себептерсиз эмгек милдеттенмелерин аткарбаса;
- ишке келбесе (жүйөлүү себептерсиз жумуш күнүнүн аралыгында 3 сааттан ашуун катары менен иште жок болсо);
- иште алкоголдук, баңги же ууландыруучу уулуу заттарга мас абалында келсе. Мындай абал медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөсү же кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен бирдикте иш берүүчү тарабынан түзүлгөн акты менен тастыкталат;
- иш ордунда уюмдун атайлап туруп уурдаса же бүлүндүрсө;
- эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкерге белгилүү болгон мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же Мыйзам менен корголуучу башка сырларды ачыкка чыгарып жиберүүсү, эгерде аны сактоо жөнүндө шарт эмгектик келишимде каралса;
- акча же товардык баалуулуктарды түздөн-түз тейлеген кызматкер күнөөлүү иш-аракеттерди жасаса, эгерде бул иш-аракет ага иш берүүчү тарабынан ишенимди жоготуу үчүн негиз болсо;
- уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчиси, анын орун басарлары жана башкы бухгалтери уюмдун мүлкүнүн сакталышын бузууга, укуктан тышкары колдонууга же башка зыяндарга алып келүүчү негизсиз чечим кабыл алса;
- эмгек келишимин түзүүдө кызматкер иш берүүчүгө жасалма документтерди же атайлап жалган маалыматтарды берсе, эгерде бул документтер же маалыматтар эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналса;
- уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчиси, анын орун басарлары өзүлөрүнүн эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузса.
Ошондой эле, аталган Реестрди эффективдүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү үчүн жергиликтүү органдын администрациясынын демилгеси боюнча муниципалдык кызматчыны жогоруда аталган терс негиздер боюнча муниципалдык кызматчынын намысын булгагандыгына байланыштуу кызматтан бошотууда аталган органдын администрациясы мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Ошону менен бирге, аталган Реестр толук жана чындык маалыматтарды камтуусу үчүн, Мыйзам долбоору менен ошондой эле жогоруда аталган негиздер боюнча муниципалдык кызматчыны бошотуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча органдын буйругун жокко чыгаруу жөнүндө соттук чечимдер боюнча ыйгарым укуктуу органды маалымдоо жергиликтүү өз алдынча органдын милдети катары белгилөө сунушталат.
Ошону менен бирге, Мыйзам долбоорун коомдук талкуудан өткөргөн учурда сунуштар жана пикирлер келип түшпөгөндүгүн белгилеп кетебиз.
Ошондой эле, аталган Мыйзамдын кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды алып келбейт.
Мындан тышкары, өткөрүлгөн улуттук жана эл аралык Мыйзамдардын иштеп жаткан ченемдерин талдоонун жыйынтыгында, сунушталган Мыйзам долбоорунун ченемдери иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт.
Кошумча иретинде, сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
Министр | А.Шыкмаматов
|