КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 12-октябры № 715
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу - мамлекеттердин китепканалар аралык абонементинин системасын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдубекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында кабыл алынган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу - мамлекеттердин китепканалар аралык абонементинин системасын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарап аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу - мамлекеттердин Аткаруучу комитетин кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |