Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 15-октябры № 717
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы "жана түзүмүн" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жободо:
10-пункттагы "Өкмөт" деген сөз "Премьер-министр" деген сөз менен алмаштырылсын;
18-пункттагы "Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |