Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 15-октябры № 718
"Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорлору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.О.Кожошев "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 614 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин ишке киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси 2013-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.
2-берене.
2013-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1994-ж., № 7, 232-б.);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 10, 374-б.);
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 331-б.);
- "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 65-б.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду" киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 537-б.);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2002-жылдын 16-августу, № 62);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 435-б.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 66-б.);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 31, 7-б.);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2005-жылдын 16-августу, № 66);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2004-жылдын 24-сентябры, № 79);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 7, 582-б.);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Эркин-Тоо гезити, 2008-жылдын 22-февралы, № 13);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2008-жылдын 4-ноябры, № 85);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2009-жылдын 17-февралы, № 14);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2009-жылдын 22-майы, № 39);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2009-жылдын 24-июну, № 52);
- "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2009-ж., 21-июлу, № 61);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо гезити, 2009-жылдын 31-июлу, № 66);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо гезити, 2010-жылдын 2-февралы, № 7);
- "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2010-жылдын 2-февралы, № 7);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Эркин-Тоо гезити, 2011-жылдын 22-февралы, № 14);
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2011-жылдын 5-августу, № 63);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Эркин-Тоо" гезити, 2012-жылдын 3-июлу, № 58);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2012-жылдын 3-июлу, № 58);
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2012-жылдын 31-июлу, № 66);
- "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2012-жылдын 20-июлу, № 63);
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктунун үчүнчү абзацы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-б.);
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 2-пунктунун алтынчы абзацы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-б.);
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 165-беренесинин 2-пунктунун жыйырма бешинчи абзацы ("Эркин-Тоо" гезити, 2011-жылдын 2-декабры, № 102);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 28-майы, № 1554-ХII "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" токтому.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.
Ал колдонууга киргизилгенге чейин келип чыккан укуктук мамилелер боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан укуктарга жана милдеттерге карата колдонулат.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|
Долбоор
1-глава
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин негизги
түшүнүктөрү жана укуктук негиздери
1-берене. Ушул Кодекс менен жөнгө салынуучу мамилелер
1. Бул Кодекс республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу процессинде мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндө келип чыга турган мамилелерди укуктук жөнгө салуунун негиздерин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын ушул Кодекстен башка ченемдик укуктук актыларында кирешелерди чегерүүнүн ченемдерин белгилөөгө жол берилбейт.
2-берене. Бул Кодексте пайдаланылчу негизги түшүнүктөр
1. Бул Кодексте төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) Түшүүлөрдүн администратору - түшүүлөрдүн башкы администраторунун аймактык, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмү, ал Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кирешелери болушкан салыктык, салыктык эмес төлөмдөрдү, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын жана башка төлөмдөрдү жыйноону ишке ашырат жана эсептөөнүн тууралыгын, толуктугун жана өз убагында төлөнүшүн контролдойт.
2) Активдер - өткөн мезгилдерде жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында мамлекеттик, муниципалдык менчикке алынган, мүлктүк жана мүлктүк эмес баалуулуктар жана баалык наркы бар укуктар.
3) Бухгалтердик эсеп - автоматташтырылган үзгүлтүксүз документтик эсепке алуу аркылуу бюджеттик операциялар жөнүндө акчалай билдирилген маалыматты жыйноонун, каттоонун жана жалпылоонун тартипке салынган системасы.
4) Бюджет - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана функцияларын финансылык жактан камсыз кылууга арналган акчалай каражаттардын борборлоштурулган фонду.
5) Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү бюджети - республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин бир бөлүгү, ал бюджеттик каражаттардын, ички жана тышкы зайымдардын жана гранттардын эсебинен өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес чөйрөдөгү бюджеттик каражаттарды алуучулардын инновациялык жана инвестициялык ишинин чыгымдарын жүзөгө ашыруу үчүн түзүлөт.
6) Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясы - Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бардык деңгээлдеринин бюджеттерин түзүү жана аткаруу үчүн пайдаланылган мамлекеттик (муниципалдык) финансылык жана финансылык эмес кирешелердин, чыгымдардын топтому, ал Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бардык деңгээлдеринин бюджеттик көрсөткүчтөрүнүн салыштырмалуулугун камсыз кылат.
7) Бюджеттик комиссия - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жумушчу органы, ал бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапаттуу түзүүнү жана бюджетти тактоо жана аткаруу, акчалардын бош калдыктарын жайгаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну камсыз кылат.
8) Бюджеттик программа - мамлекеттик башкаруунун же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларын, республиканы же аймактарды өнүктүрүүнүн бюджеттик каражаттар менен камсыз кылына турган стратегиялык, орточо мөөнөттүү программаларын жана пландарын ишке ашырууга багытталган чаралардын комплекси.
9) Бюджеттик резолюция - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин актысы, анда орточо мөөнөттүү мезгилге салыктык-бюджеттик саясаттын негизги багыттары жана мамлекеттик бюджеттин артыкчылыктуу багыттары аныкталат.
10) Бюджеттик жазма - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык түзүлө турган, бюджеттин кирешелерин, чыгымдарын, активдер жана милдеттер менен операцияларды кварталдарга бөлүштүрө турган документ.
11) Бюджеттик система - Кыргыз Республикасынын экономикалык мамилелерине жана мамлекеттик түзүлүшүнө негизделген республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу боюнча мамилелердин укуктук ченемдер менен жөнгө салынган системасы.
12) Бюджеттик ссуда - бюджеттен кайтарылма, шашылыш жана кайтарылгыс негизде бөлүнгөн акчалай каражаттар.
13) Бюджеттик мекеме - иши кирешелердин жана чыгымдардын сметасынын негизинде тиешелүү бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлүүчү мекеме.
14) Бюджеттик ассигнациялар - бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу үчүн бюджеттик жазмада бюджеттик жылга каралган акчалай каражаттар.
15) Бюджеттик каражаттар - мамлекеттик милдеттерди жана функцияларды ишке ашырууга финансылык колдоо көрсөтүү үчүн арналган акчалай каражаттар.
16) Бюджеттик насыя - кайтарылма, шашылыш жана акы төлөнүүчү негизде бюджеттен бөлүнүүчү акчалай каражаттар.
17) Бюджеттик процесс - бюджеттерди пландаштыруу, кароо, бекитүү, тактоо жана аткаруу, бюджеттик эсепти жүргүзүү жана бюджеттик отчетту түзүү, финансылык башкаруу жана контролдоо боюнча ушул Кодекс тарабынан регламенттештирилген иш.
18) Бюджеттик циркуляр - методикалык колдонмо, анда мамлекеттик органдар үчүн бюджеттерди түзүү жана аткаруу боюнча регламент камтылат, ал пландаштырылган мезгилдин алдындагы жылдын 31-майына чейин бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик органдарга берилет.
19) Зайымдын валютасы - зайым алуучу тарабынан зайым алуу жана кайтаруу, пайыздарды төлөө жана насыя келишиминде каралган башка чыгымдарды төлөө үчүн пайдаланылган чет өлкөлүк же улуттук валюта.
20) Ички насыя берүүчүлөр - насыя келишими же карыздык башка милдеттенме боюнча каражаттарды берген резиденттер.
21) Республикалык бюджеттин убактылуу бош каражаттары - республикалык бюджеттин Бирдиктүү казыналык эсепте калган, учурдагы бюджеттик жылдын конкреттүү датасына карата кассалык түшүүлөрдүн кассалык төлөмдөрдөн ашып кетишинин натыйжасы катары түзүлгөн акчалай каражаттардын калдыгы.
22) Теңөөчү трансферттер - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аймактын минималдуу бюджеттик камсыздалышынын деңгээлин теңөө үчүн бериле турган каражаттар.
23) Мамлекет тарабынан кепилдикке алынган карыз - мамлекеттик эмес зайымдардын белгилүү бир датага карата өздөштүрүлгөн жана тындырылбаган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кепилдиги бар суммасы.
24) Кепилдик - башка адамдардын карыздар же аткарылбаган милдеттенмелер үчүн жоопкерчилик тартууга милдеттениши. Башкы карызкор берген негизги кепилдиктен айырмаланып, кепил башка адамдардын карызы же аракети үчүн экинчи даражада жоопкерчилик тартат.
25) Түшүүлөрдүн башкы администратору - өзүнүн карамагында түшүүлөрдүн администраторлору бар жана (же) бюджеттин кирешелеринин администраторлору болуп эсептелген мамлекеттик орган же башка уюм.
26) Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү - бюджет жөнүндө мыйзам (чечим) менен аныкталган жана ассигнацияларды багыттары боюнча жана тескөөчүлөр менен бюджеттик каражаттарды алуучулардын ортосунда бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле бюджеттик каражаттарды башка тикелей алуучу.
27) Мамлекеттик кепилдик - мыйзамда же келишимде каралган жазуу жүзүндөгү милдеттенме, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү зайым алуучунун милдеттенмесм белгиленген мөөнөттө аткарылбаганда же талапка ылайык аткарылбаганда карызды толугу менен же жарым-жартылай тындырып берем деп насыя берүүчүлөрдүн алдында милдеттенет.
28) Мамлекеттик инвестициялык саясат - мамлекеттин экономикалык саясатынын бир бөлүгү, ал инвестициялык иш жаатында ишке ашырылган максаттардын, принциптердин, механизмдердин жана аракеттердин жыйындысын билдирип турат.
29) Мамлекеттик инвестициялар - мамлекеттик бюджеттин же башка финансы булактарынын каражаттары, аларды пайдалануу экономикалык өнүктүрүү максатында экономикалык иштин объектилерине салына турган Мамлекеттик инвестициялар программасы тарабынан аныкталат.
30) Мамлекеттик кызматтар - бул жеке же юридикалык жактардын сурамы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан өз компетенциясынын алкагында жеке же юридикалык жактарга көрсөтүлө турган кызматтар.
31) Мамлекеттик баалуу кагаздар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эмиссиялануучу баалуу кагаздар.
32) Мамлекеттик тышкы карыз - мамлекеттик карыздын курамдык бөлүгү, ал Кыргыз Республикасынын белгилүү бир датага карата Кыргыз Республикасынын резиденти эмес насыя берүүчүлөрдүн алдындагы өздөштүрүлгөн жана тындырылбаган мамлекеттик тышкы зайымдарынын же башка карыздык милдеттенмелеринин суммасын билдирет.
33) Мамлекеттик тышкы зайым - кредиттик макулдашуу же башка карыздык милдеттенме боюнча мамилелер, аларда насыя берүүчү катары Кыргыз Республикасынын резиденти эмес тарап, ал эми зайым алуучу катары Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чыгат.
34) Мамлекеттик ички карыз - мамлекеттик карыздын курамдык бөлүгү, ал Кыргыз Республикасынын белгилүү бир датага карата Кыргыз Республикасынын резиденти болгон - насыя берүүчүлөрдүн алдындагы өздөштүрүлгөн жана тындырылбаган мамлекеттик ички зайымдарынын же башка карыздык милдеттенмелеринин суммасын билдирет.
35) Мамлекеттик ички зайым - кредиттик макулдашуу же башка карыздык милдеттенме боюнча мамилелер, аларда насыя берүүчү катары Кыргыз Республикасынын резиденти, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зайым алуучу катары Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү бийлик органдары чыгат.
36) Мамлекеттик карыз - насыя келишими же мамлекеттин башка карыздык милдеттенмеси боюнча белгилүү бир датага карата Кыргыз Республикасынын өздөштүрүлгөн жана тындырылбаган ички жана тышкы мамлекеттик карызынын жалпы суммасы.
37) Жарандык бюджет - бул жарандарга, анын ичинде мамлекеттик финансылар жөнүндө техникалык түшүнүгү жок жарандарга, белгилүү бир финансылык мезгилге карата бюджеттик параметрлер, артыкчылыктар жана чечимдер жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк бере турган документ.
38) Ыктыярдуу салымдар - жеке же юридикалык жак тарабынан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн бюджетке акысыз жана кайтарылгыс негизде берилген каражаттар.
39) Карыздык милдеттенме - баалуу кагаздар, насыялык макулдашуулар, насыялык келишимдер, макулдашуулар, жана башка милдеттенмелер боюнча кагаз жүзүндөгү жана/же электрондук жазуу түрүндөгү, тиешелүү сумманы же товардын жана/же кызматтын келишимде айтылган наркын толугу менен же жарым-жартылай төлөп берүүгө милдеттенүү менен белгилүү бир акчалай каражаттарды зайымга алуу же болбосо товарларды жана/же кызматтарды сатып алуу фактысын белгилеген милдеттенмелердин бардык түрлөрү.
40) Эсептердин бирдиктүү планы - бюджеттердин кассалык аткарылышы боюнча операцияларды жана бюджеттик мекемелердин операцияларын бухгалтердик эсепке алуу үчүн арналган бухгалтердик эсептердин түзүмдөштүрүлгөн тизмеси.
41) Мамлекеттин алдында милдеттенмеси бар зайым алуучу - ар кандай карыздык милдеттенме боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн насыялык келишим боюнча зайым алган резидент, аталган келишим боюнча ал мамлекеттин алдында зайымды пайдалануу жана кайтаруу боюнча талапка ылайык келген милдеттенме алат.
42) Зайым алуу - зайымдык каражаттарды тартуунун зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алуунун жол-жобосун; зайымды алуунун, пайдалануунун, тындыруунун жана тейлөөнүн тартибин жана шарттарын аныктоону; сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболорун; милдеттенмелерди аткаруунун кепилдиктерин; зайым боюнча тиешелүү документтерди тариздөөнү жана кол коюуну; зайым келишимин ратификациялоону (мамлекеттик тышкы зайым алууда); зайым каражаттарды алууну, пайдаланууну; зайымды тындырууну жана тейлөөнү, анын ичинде тараптардын милдеттенмелерди аткарышын эсепке алуунун, контролдоонун жана талдоо жүргүзүүнүн жол-жоболорун өзүнө камтыган процесс.
43) Инвестициялык иш - бюджеттик каражаттарды алуучулардын мамлекеттик инвестицияларды ишке ашыруу боюнча практикалык аракеттеринин комплекси.
44) Инвестициялык долбоор - инвестицияларды натыйжалуу ишке ашырууга багытталган аракеттердин программасы.
45) Индикаторлор - алдыга коюлган максаттарга жетишүү үчүн бюджеттик программаны ишке ашыруунун натыйжаларын чагылдырган сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр.
46) Чет өлкөлүк валюта - башка ар кандай чет мамлекеттин валютасы же эки же андан ашык мамлекет тарабынан пайдаланылган валюта, анын ичинде зайым алуунун атайын укуктары.
47) Чет өлкөлүк насыя берүүчүлөр - макулдашуулар же башка карыздык милдеттенмелер боюнча каражаттарды берген резидент эмес тараптар.
48) Капиталдык салымдар - жаңы негизги фонддорду түзүүгө, иштеп жаткан негизги фонддорду реконструкциялоого, техникалык кайра жабдууга жана кеңейтүүгө бюджеттик каражаттарды салуу, ошондой эле финансылык жана финансылык эмес активдерди сатып алуу.
49) Бюджеттердин капиталдык чыгымдары - бюджеттердин чыгымдарынын бир бөлүгү, ал инновациялык жана инвестициялык ишти камсыз кылат, иштеп жаткан же жаңыдан түзүлүп жаткан уюмдарга инвестицияларды берүү үчүн арналган чыгымдарды, финансылык эмес жана финансылык активдердин наркын жогорулатууга байланыштуу модернизациялоого, реконструкциялоо жүргүзүүгө кеткен чыгымдарды, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган мүлктү түзүүгө же жогорулатууга багытталган чыгымдарды өзүнө камтып турат.
50) Категориялык трансферттер - жергиликтүү бюджеттин мамлекет тарабынан кепилдикке алынган чыгымдарынын белгилүү бир түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн акысыз жана кайтарылгыс негизде республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.
51) Контролдук сандар - бюджеттик каражаттардын чектелген көрсөткүчү, алардын алкагында бюджеттик мекемелердин чыгымдарын жүзөгө ашыруу каралат.
52) Насыя келишими - зайым алуучу менен насыя берүүчүнүн ортосундагы келишим болуп эсептелген юридикалык документ, ал акчалай каражаттар (товарлар же кызматтар) формасында зайым алуу максатында түзүлөт жана аларды кайтарып берүүнүн, насыя келишиминде каралган пайыздарды жана башка чыгымдарды төлөө боюнча шарттарды камтып турат.
53) Бюджеттик милдеттенмелердин лимиттери - чыгымдардын сметасында бюджеттик жылга каралган бюджеттик каражаттар.
54) Бюджеттер аралык трансферттер - бир бюджеттен экинчи бюджетке белгилүү бир максаттар үчүн берилген каражаттар.
55) Жергиликтүү бюджеттер - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана функцияларын финансылык камсыз кылуу үчүн арналган акчалай каражаттардын фонду. Жергиликтүү бюджеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айылдык аймактын, шаардын жергиликтүү коомчулугунун) чечими менен бекитилет.
56) Улуттук валюта - Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелген кыргыз сому.
57) Мамлекеттик эмес зайымдар - резиденттер тарабынан насыя келишими же башка карыздык милдеттенме боюнча ички же чет өлкөлүк насыя берүүчүлөрдөн алынган акчалай каражаттар, баалуулуктар же кызматтар.
58) Резидент эмес тарап - Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жери же туруктуу турган жери бар, чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык катталган же түзүлгөн юридикалык же жеке жак.
59) Кассалык жүгүртмө накталай акча убактылуу кассалык үзгүлтүктөр болгондо мамлекеттик бюджеттин сарптоолорун үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн арналган милдеттүү бюджеттик резервдердин бир түрү.
60) Зайымды тейлөө - ыйгарым укуктуу органдын же банктын зайым алуучунун эсебиндеги зайымдык каражаттарды пайдаланууну жана зайым алуучунун негизги карызды, пайыздарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү зайымдын шарттарына ылайык тындыруунун эсебинде төлөмдөрдү жүргүзүүсүн эсепке алуу боюнча иши.
61) Жалпы мамлекеттик кирешелер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген салыктык, салыктык эмес жана башка төлөмдөр, алар бюджеттик системанын деңгээлдеринин ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш.
62) Тармактык (сектордук) программалар - министрликтер менен ведомстволор тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен, экономиканын айрым тармактарынын (секторлорунун) стратегиялык жана кыйла маанилүү милдеттерин чечүүгө багытталган программалар.
63) Карызды тындыруу - зайым алуучу тарабынан зайымдын өздөштүрүлгөн суммаларын насыя берүүчү менен келишимде белгиленген тартипте ырааттуу кайтарып бериши, белгиленген тартипте карыздык милдеттенмелердин башка жактарын аткаруу.
64) Бюджеттик каражаттарды алуучу - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын, тиешелүү органдын чечиминин же келишимдин негизинде бюджеттен каражаттарды алууга укугу бар жана аларды максаттуу пайдалануу үчүн жооптуу болгон бюджеттик мекеме жана/же башка уюм.
65) Алынган расмий трансферттер - акысыз, кайтарылгыс, милдеттүү эмес түшүүлөр, алар үзгүлтүксүз мүнөздө болбойт, бир жолку, ыктыярдуу мүнөздө болот, алар мамлекеттик башкаруунун башка органдарынан (резиденттеринен же резидент эмес жактарынан) же эл аралык уюмдардан алынат.
66) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн болжолу - алдыдагы мезгилде Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүшүнүн багыттары, критерийлери, принциптери, максаттары жана артыкчылыктары жөнүндө илимий негизделген түшүнүктөрдүн системасы, анда негизги болжолдуу көрсөткүчтөр жана максаттуу багыттар көрсөтүлөт.
67) Мамлекеттик инвестициялар программасы - мамлекеттик инвестициялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын аныктай турган жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну каржылоонун артыкчылыктарын, көлөмдөрүн, булактарын жана мөөнөттөрүн белгилей турган документ.
68) Бюджеттик каражаттарды тескөөчү - республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын башкы тескөөчүнүн карамагында болгон, республикалык же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын башкы тескөөчүдөн ассигнация алуучу аларды өзүнүн карамагында турган каражаттарды төмөн турган алуучулардын ортосунда бөлүштүргөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органы же уюму.
69) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгымдык милдеттенмелери мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруусунда республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджеттик милдеттенмелери.
70) Бюджеттин чыгымдары - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана функцияларын финансылык камсыз кылууга багытталган бюджеттик каражаттар.
71) Резидент - Кыргыз Республикасында катталган, өзүнө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары толук даражада колдонула турган юридикалык же жеке жак.
72) Республикалык бюджет - акчалай каражаттардын борборлоштурулган фонду, ал мамлекеттик органдардын, аларга баш ийген бюджеттик мекемелердин милдеттерин жана функцияларын финансылык камсыз кылуу үчүн жана мамлекеттик саясатты жалпы республикалык багытта ишке ашыруу үчүн арналган, Республикалык бюджет Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.
73) Каражаттардын эркин калдыгы - кирешелердин чыгашалардан ашып кетиши, ал жылдын акырында кирешелердин ашык аткарылышынын же чыгымдарды үнөмдөөнүн натыйжасында келип чыгат, мындан кассалык жүгүртмө накталай акча чыгарылып салынат.
74) Чыгымдардын секвестри - бюджетке киреше түшүүсүнүн азайышы күтүлгөн шарттарда бюджеттин чыгымдык беренелерин белгиленген пропорцияда кыскартууну караган атайын механизм.
75) Мамлекеттик башкаруу сектору - мамлекеттин экономикалык сектору, ал өзүнүн ишинин негизги түрү катары мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын аткарган түзүмдөрдөн турат.
76) Чыгымдардын сметасы - чыгымдардын экономикалык классификацияларынын кварталдар боюнча бөлүштүрүлгөн бюджеттик каражаттардын көлөмүн, максаттуу багытын аныктаган документ.
77) Сметалык багыт - бюджеттик мекеменин функциялык талаптарына ылайык тиешелүү отчеттук мезгилге бюджеттик мекеменин сметасында каралган жана каражаттардын максаттуу багытталышын белгилеген пландык көрсөткүчтөр.
78) Чыгымдык аралыш милдеттенмелер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик милдеттенмелери, ал республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден ишке ашырылат.
79) Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жыйынды карыз насыялык келишим же башка карыздык милдеттенме боюнча белгилүү бир датага карата Кыргыз Республиканын иштетилген жана тындырылбаган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес зайымдарынын суммасы.
80) Зайым алуунун атайын укуктары - Эл аралык Валюта Фонду тарабынан эмиссияланган жана Эл аралык Валюта Фондунун эсептешүү бирдиги катары атайын эсептерге жазуу аркылуу накталай эмес эл аралык эсептешүүлөрдө пайдаланылуучу эл аралык төлөм жана резервдик каражаттар.
81) Орточо мөөнөттү бюджеттик негиз - мамлекеттик финансыларды башкаруунун инструменти, ал алдыдагы үч жылдык мезгилде салыктык-бюджеттик саясатты ишке ашыруунун негиздерин аныктай турган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ар бир тармак боюнча жалпысынан алдыда болуучу чыгымдарды пландаштыруу максатында ресурстардын келечектеги көлөмдөрү жөнүндө түшүнүк алууга мүмкүнчүлүктү аныктайт.
82) Мамлекеттик карызды тындырууну камсыздандыруу фонду - бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүп жана башкарыла турган фонд, анын эсептеринде мамлекеттик карыз боюнча жана мамлекеттик кепилдиктер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн каражаттар топтолот.
83) Учурдагы чыгымдар - бюджеттик чыгымдардын бир бөлүгү, ал мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аларга баш ийген бюджеттик мекемелердин ошол учурдагы иштешин камсыз кылат, ошол учурдагы иш жүргүзүү үчүн башка бюджеттерге жана экономиканын айрым тармактарына дотациялар жана субсидиялар формасында мамлекеттик колдоо көрсөтөт, ошондой эле бюджеттердин капиталдык чыгымдарга киргизилбеген жана финансылык эмес жана финансылык активдердин наркын жогорулатпаган бюджеттик чыгымдары.
84) Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу, бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, координациялык жөнгө салуу жана аткаруу функцияларын ишке ашырган аткаруу бийлигинин борбордук органы.
85) Экономикалык болжолдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, экономикалык өнүгүү жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин борбордук органы.
86) Финансылык агент - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан операцияларды жүргүзүүгө ыйгарым укук берген финансылык уюм.
2. Ушул беренеде көрсөтүлбөгөн башка түшүнүктөр ушул Кодекстин тиешелүү беренелеринде жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында аныкталган маанилерде пайдаланылат.
3-берене. Бул Кодекстин колдонулушу
1. Бул Кодекс Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана бардык жеке жана юридикалык жактарга колдонулат.
2. Бюджеттик милдеттенмелердин өзгөрүшүнө алып келе турган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ошол жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен кабыл алынат жана ал кабыл алынган жылдан кийинки жылдын 1-январынан кийин колдонууга киргизилет.
4-берене. Мыйзамдык жана ченемдик актыларды макулдашуу
Бюджетке жана мамлекеттик финансыларга тиешелүү маселелерди чагылдырган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен милдеттүү түрдө макулдашылат.
2-глава
Мамлекеттик органдардын бюджеттик процессти жөнгө салуу жагындагы компетенциясы
5-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Президенти бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жагында:
- кийинки бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү жөнүндө мыйзамга кол коет жана элге жарыялайт.
6-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик
мамилелерди жөнгө салуу жагындагы компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ар бир жылкы бюджеттик резолюциясында кийинки мезгилге республикалык бюджеттин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктайт;
2) республикалык бюджетти, ошондой эле республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитет;
3) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана республикалык бюджеттин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетторун бекитет;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал киргизилген учурда бюджетти бекитет жана аны иштеп чыгуунун тартибин аныктайт.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын бюджеттик
мамилелерди жөнгө салуу жагындагы компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жагында:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына аудит жүргүзөт;
- аудиттин жыйынтыгы боюнча аудиттин объектисинин иши жөнүндө отчетторду жана корутундуларды даярдайт.
8-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджеттик мамилелерди
жөнгө салуу жагындагы компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жагында:
1) республикалык бюджеттин долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жана бекитүүсүнө берет жана тиешелүү мыйзам күчүнө киргенден кийин анын аткарылышын камсыз кылат:
2) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар жылкы отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жана бекитүүсүнө берет;
3) мамлекеттик бюджетти түзүүнүн жана аткаруунун негизги багыттарын иштеп чыгат;
4) салыктык-бюджеттик, бажылык, баалык, тарифтик, инвестициялык тышкы экономикалык саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
5) экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
6) Орточо мөөнөттү бюджеттик негизге жана республикалык бюджеттин долбоорун түзүүгө байланыштуу маселелерди карайт;
7) Орточо мөөнөттүү бюджеттик негизди бекитет;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги алдында берилчү тышкы жардамды алуунун жана пайдалануунун, ошондой эле экономикалык жардамдын жана тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын приоритеттерин аныктайт;
9) зайым алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдик берүүсүнө байланыштуу маселелерди карайт;
10) тышкы жардамды алуунун узак мөөнөттүү, орточо мөөнөттүү жана жылдык программаларынын долбоорлорун карайт жана жактырат;
11) бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн тартибин, отчетту түзүүнүн жана берүүнүн тартибин аныктайт;
12) бюджеттер аралык трансферттерди берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
9-берене. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жагында:
1) мамлекеттик бюджеттик-финансылык саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жүзөгө ашырат;
2) Орточо мөөнөттү бюджеттик негизди түзөт;
3) кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө, бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берет;
4) Орточо мөөнөттү бюджеттик негиздин алкагында чыгымдардын стратегиясын иштеп чыгуу процессин координациялайт;
5) республикалык бюджетти түзүү процессин жетектейт;
6) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларынын классификациясынын сарптоолорунун негизги топтору, топтору жана топчолору боюнча жалпы чыгымдардын чектеринде чыгымдардын беренелеринин ортосунда бюджетти аткаруу процессинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө токтому менен бекитилген мамлекеттик органдар боюнча жалпы ассигнациялардын чектеринде ассигнацияларды кайра бөлүштүрөт;
7) мамлекеттик финансыларды, анын ичинде бюджеттик процессти жана мамлекеттик сатып алуулар системасын башкарууну методологиялык камсыз кылууну ишке ашырат;
8) учурдагы бюджеттик жылда колдонулган, ушул Кодексте, бюджет жөнүндө мыйзамда (чечимде) жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген ченемдер боюнча ашык төлөнгөн же ашык өндүрүлгөн суммаларды, ошондой эле ашык өндүрүлгөн суммаларга чегерилген пайыздарды ушундай кайтарууну өз убагында ишке ашырбаганы үчүн пайыздардын суммасын кайтарууну (эсепке алууну) эске алуу менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин ортосунда салыктардан түшкөн кирешелерди, жыйымдарды жана башка түшүүлөрдү бөлүштүрүүнү жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Бирдиктүү казыналык эсепке которууну ишке ашырат;
9) салыктардын, жыйымдардын жана башка төлөмдөрдүн ашык төлөнгөн же ашык өндүрүлгөн суммаларын, ошондой эле ушундай кайтарууну өз убагында жүргүзбөгөндүгү үчүн пайыздардын суммасын жана ашык өндүрүлгөн суммаларга чегерилген пайыздарды кайтарып берүү (эсепке алуу) үчүн зарыл болгон каражаттарды Бирдиктүү казыналык эсептен түшүүлөрдү эсепке алууга жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүүгө арналган Эсептердин бирдиктүү планынын тиешелүү эсептерине которот;
10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Бирдиктүү казыналык эсепти жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди ачат жана ушул Кодекске ылайык ушул эсептердин режимин белгилейт;
11) ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин убактылуу бош каражаттарын жайгаштырат:
12) ушул Кодексти бузуу менен бюджеттик мекеме тарабынан коммерциялык банктарда ачылган эсептер боюнча Кыргыз Республикасынын валютасы менен операцияларды токтото туруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана коммерциялык банктарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте сунуштарды жиберет;
13) бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү, тескөөчү жана алуучу тарабынан ачылган эсептер боюнча операцияларды токтото турууну ушул Кодексте каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырат;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Бирдиктүү казыналык эсептеги каражаттар менен операцияларды башкарат;
15) ушул Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткарууну кассалык тейлөөнүн тартибин белгилейт;
16) түшүүлөрдүн администраторлорунун, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин башкы тескөөчүлөрүнүн, тескөөчүлөрүнүн жана алуучуларынын операцияларын эсепке алуу үчүн белгиленген тартипте эсептерди ачат жана жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттеринин түшүүлөрүнүн администраторлорунун, каражаттарын тескөөчүлөрүнүн жана алуучуларынын операцияларын эсепке алуу үчүн эсептерди ачат жана жүргүзөт;
17) Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин түшүүлөрүнүн администраторлорунун, каражаттарын башкы тескөөчүлөрүнүн, тескөөчүлөрүнүн жана алуучуларынын жыйынды реестрин жүргүзөт;
18) республикалык бюджеттин каражаттарын башкы тескөөчүлөргө (тескөөчүлөргө, алуучуларга) бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерин берет;
19) республикалык бюджеттин аткарылышынын кассалык планын түзүүнү жана жүргүзүүнү ишке ашырат;
20) Эсептердин бирдиктүү планына ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кассалык аткарылышы боюнча операцияларды эсепке алат, ушул Кодекске, бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык республикалык бюджеттин кассалык аткарылышы жөнүндө маалыматты жана отчетту түзөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет;
21) бухгалтердик эсептин маалыматтарынын негизинде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет түзөт жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет;
22) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту түзөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет;
23) Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин эсептериндеги каражаттардын калдыктарынын чектеринде түшүүлөрдүн администраторлорунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жана бюджеттик каражаттарды алуучулардын атынан жана тапшырмасы боюнча кассалык сарптоолордун жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
24) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын алуучулардын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин түшүүлөрүнүн администраторлорунун акчалай милдеттенмелерине төлөөнү санкциялайт;
25) мамлекеттик жана мамлекет тарабынан кепилдикке алынган зайым алууну жана карызды пландаштырат жана анализдейт;
26) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана бюджеттик мекемелеринин ички аудити боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет;
27) мамлекеттик башкаруу секторунун финансылык отчеттуулугунун эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жайылтууну уюштурат жана координациялайт;
28) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттун ченемдик укуктук методологиялык базасын иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
29) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
10-берене. Экономикалык болжолдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым
укуктуу органдын компетенциясы
Экономикалык болжолдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жагында;
1) экономикалык саясаттын негизги багыттарын, мамлекеттик программаларды жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн болжолдорун иштеп чыгат;
2) Орточо мөөнөттү бюджеттик негиздин макрофискалдык болжолун иштеп чыгууну координациялайт.
11-берене. Мамлекеттик органдардын компетенциясы
Мамлекеттик органдар бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жагында:
1) тармакты өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгышат;
2) мамлекеттик органдардын, анын ичинен өздөрүнө баш ийген бюджеттик мекемелердин бюджеттерин түзүшөт жана аткарышат;
3) бюджеттик каражаттарды пайдалануу боюнча отчетторду даярдашат жана беришет.
3-глава
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик процессти жөнгө салуу жагындагы компетенциясы
12-берене. Жергиликтүү кеңештердин компетенциясы
Жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жагында:
1) аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорун бекитишет;
2) жергиликтүү бюджеттердин Орточо мөөнөттүү бюджеттик негизин бекитишет;
3) жергиликтүү бюджеттин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныкташат;
4) жергиликтүү бюджетти бекитишет, ошондой эле жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизишет;
5) жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитишет;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизишет.
13-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу
органдарынын компетенциясы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жагында:
1) аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларын иштеп чыгышат жана ишке ашырууну камсыздашат;
2) жергиликтүү бюджеттердин Орточо мөөнөттү бюджеттик негизин иштеп чыгышат;
3) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүшөт жана жергиликтүү кеңештер бекиткенден кийин анын аткарылышын камсыздашат;
4) жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду түзүшөт жана жергиликтүү кеңештердин кароосуна беришет;
5) муниципалдык зайым алууну жүзөгө ашырат.
4-глава Жалпы жоболор
14-берене. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын
принциптери
1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасы төмөнкү принциптерге негизделет:
1) бирдиктүүлүк принциби - мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бирдиктүү бюджеттик-финансылык саясатты жүргүзүү; Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасын уюштуруунун жана иш жүргүзүшүнүн негиздеринин, бюджеттик документтердин жана отчеттуулуктун формаларынын, бюджеттик классификациянын бирдейлиги; сарптоо милдеттенмелерин белгилөөнүн жана аткаруунун бирдей тартиби, кирешелерди бюджеттик түзүүнүн жана чыгымдоонун, бюджеттердин жана бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсепти жана отчетту жүргүзүшүнүн бирдей тартиби;
2) кассалык биримдик принциби бюджеттин дефицитин каржылоо булактарынан түшкөн бардык кирешелерди жана түшүүлөрдү Бирдиктүү казыналык эсепке чегерүү жана бардык пландаштырылган сарптоолорду Бирдиктүү казыналык эсептен жүзөгө ашыруу:
3) толуктук принциби - республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык түшүүлөрдү жана чыгымдарды чагылдыруу, өз ара талаптарды бюджеттик каражаттарды пайдалануу менен жоюштурууга, ошондой эле бюджеттик каражаттар боюнча талап кылуу укугунан баш тартууга жол бербөө;
4) реалдуулук принциби - республиканын жана анын тиешелүү аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн болжолдук көрсөткүчтөрүнүн ишенимдүүлүгү, бюджеттин кирешелери менен чыгымдарын пландоонун реалдуулугу; бюджеттин бекитилген көрсөткүчтөрүнүн өлкөнү социалдык жана экономикалык өнүктүрүүнүн жана бюджеттин орточо мөөнөттү болжолунун бекитилген параметрлери менен стратегиялык багыттарына ылайык келиши;
5) транспаренттүүлүк/маалымдуулук принциби - Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары жагындагы ченемдик-укуктук актыларды, бекитилген бюджеттерди жана алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду, мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган маалыматтардан тышкары, мамлекеттин бюджеттик саясатына тиешелүү болгон башка маалыматты милдеттүү түрдө жарыялоо; бюджеттик процесстин ачыктыгы;
6) ырааттуулук принциби - мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бюджеттик мамиле чөйрөсүндө мурда кабыл алынган чечимдерди аткаруу;
7) удаалаштык принциби - республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди республиканы экономикалык өнүктүрүүнүн, мурдагы мезгилде негизги катары кабыл алынган орто мөөнөттүү фискалдык саясаттын багыттарын сактоо менен программаларды ишке ашыруунун жана өткөн жана учурдагы финансылык жылдардагы бюджетти аткаруунун натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен пландаштыруу;
8) натыйжалуулук принциби - пландалган максаттарга бюджеттик каражаттын минимум көлөмүн тартуу менен жетүүнүн зарылдыгына негизденүү менен бюджеттерди иштеп чыгуу жана аткаруу;
9) артыкчылыктык принциби - бюджеттерди республиканын жана анын аймактарынын экономикалык өнүгүшүнүн артыкчылыктуу багыттарына ылайык түзүү;
10) бюджеттердин өз алдынчалык принциби - тиешелүү бюджеттерге кирешелердин жеке булактарын туруктуу негизде бекитип берүү; мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражатты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдалануу багыттарын аныктоого укуктуулугу; мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттердин баланстуулугун жана бюджеттик каражатты пайдалануунун натыйжалуулугун өз алдынча камсыз кылууга укуктуулугу жана милдеттүүлүгү;
11) бюджеттин шайкештик принциби - бюджетте каралган сарптоолордун көлөмү активдер жана милдеттенмелер менен болуучу операцияларды эсепке алып, бюджеттин кирешесинин суммаланган көлөмүнө ылайык келүүгө тийиш.
15-берене. Бюджеттик жыл
Кыргыз Республикасынын аймагында 1-январдан тартып 31-декабрды кошо камтыган убакыт аралыгы бюджеттик жыл болуп эсептелет.
16-берене. Бюджеттик классификациясы
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кирешелердин классификациясын;
- сарптоолордун экономикалык классификациясын;
- активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясын:
- функциялык классификацияны;
- ведомстволук классификацияны;
- сарптоолордун программалык классификациясын.
2. Бюджеттик классификация Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бардык деңгээлдери үчүн бирдей, бюджеттик статистиканын формаларынын бирдейлигин жана алардын эл аралык практика менен салыштырмалуулугун камсыз кылат.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттеринин кирешелеринин классификациясы Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бардык деңгээлдеги бюджеттеринин киреше булактарынын топтоштурулушу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бардык деңгээлдеги бюджеттеринин кирешелерин түзүү булактарын аныктай турган мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларга негизделет.
Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешелеринин классификациясы өзүнө кирешелердин категорияларынын, топторунун, топчолорунун, беренелеринин беренечелеринин жана элементтеринин коддорун өзүнө камтыйт.
4. Чыгымдардын экономикалык классификациясы мамлекеттик башкаруу секторунда жүргүзүлгөн операциялардын экономикалык мазмунуна жараша бюджеттердин чыгымдарынын топтоштурулушу болуп саналат.
Чыгымдардын экономикалык классификациясы чыгымдардын бөлүмдөрүнүн, категорияларынын, топторунун, беренелеринин, беренечелеринин жана элементтеринин коддорун өзүнө камтыйт.
5. Активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясы активдерге жана милдеттенмелерге байланыштуу бардык акчалай операциялар үчүн коддорду камтыйт. Активдер жана милдеттенмелер тиешелүү кодификациядагы акчалай түшүүлөргө (акчанын кириши) жана акчалай төлөмдөргө (акчанын чыгышы) болуп бөлүнөт.
Активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясы чыгымдоолордун категорияларынын, топторунун, беренелеринин, беренечелеринин жана элементтеринин коддорун өзүнө камтыйт.
6. Функциялык классификация мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдарынын классификациясын камсыз кылат. Ал аткарылган функциялык ишине ылайык чыгымдарды максаттар жана милдеттер боюнча классификациялоодон турат.
7. Ведомстволук классификация бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү, түшүүлөрдүн администраторлору болуп эсептелген мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка ыйгарым укуктуу бюджеттик мекемелердин тизмесин билдирет.
8. Чыгымдоолордун программалык классификациясы экономиканын тиешелүү тармагындагы бюджеттик программаларда аныкталган жана конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталган чыгымдоолордун тобун билдирет.
5-глава Бюджеттик системанын түзүмү
17-берене. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын түзүмү
1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасы төмөнкүдөй деңгээлдердеги бюджеттерден турат:
- республикалык бюджет;
- жергиликтүү бюджеттер.
2. Бул Кодексте каралгандан башка учурларда, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында бюджеттик системанын деңгээлдерин белгилөөгө жол берилбейт.
18-берене. Мамлекеттик бюджет
1. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин консолидациясы аналитикалык информация катары пайдаланылчу жана бекитилбей турган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин түзөт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин бюджетти пландоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзөт жана жергиликтүү бюджеттер бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешине берилет.
19-берене. Өзгөчө абал тушундагы бюджет
1. Республикада же айрым жерлерде белгиленген тартипте өзгөчө абал киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан өзгөчө кырдаалга байланыштуу иш-чараларды аткаруу боюнча чыгымдарды жумшоого максаттуу багытталган өзгөчө абал тушундагы бюджет бекитилет.
Өзгөчө абал тушундагы бюджетти бекитүүдө учурдагы бюджеттик жылдын бюджети жөнүндө мыйзамдын (чечимдин) колдонулушу токтотулуп турат.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен өзгөчө бюджет боюнча чыгымдарды жумшоо үчүн киреше булактары аныкталат.
3. Өзгөчө бюджеттин чыгымдарын жумшоо үчүн кошумча салыктарды, салымдарды, жыйымдарды, төлөмдөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими менен ишке ашырылат.
20-берене. Бюджеттен тышкаркы фонддор
Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүүгө тыюу салынат.
6-глава Бюджеттин түзүмү
21-берене. Бюджеттин түзүмү
1. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин түзүмү төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат:
1) операциялык ишке байланыштуу акчалай каражаттардын агымы:
- кирешелер (операциялык иштен акчалай каражаттардын түшүшү);
- сарптоолор (операциялык иш жүргүзүү үчүн акчалай каражаттарды төлөп берүү);
- операциялык иштен акчалай каражаттардын накталай түшүшү;
2) финансылык эмес активдерге салымдарга байланыштуу акчалай каражаттардын агымы:
- финансылык эмес активдерди алуу;
- финансылык эмес активдерди сатуу;
- финансылык эмес активдерге салым салуунун натыйжасында акчалай каражаттардын накталай чыгышы:
- акчалай каражаттын профицити/дефицити;
3) финансылык активдерге жана милдеттенмелерге салымдар боюнча операцияларга байланыштуу акчалай каражаттардын агымы:
- финансылык активдерди накта алуу;
- милдеттенмелерди накта кабыл алуу;
- финансылык активдерге жана милдеттенмелерге салым салуу боюнча операциялардан акча каражаттарынын накталай түшүшү;
- акча каражаттын запасынын накта өзгөрүшү.
2. Бюджеттерди бекитүү жана бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду түзүү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн түзүм боюнча ишке ашырылат.
22-берене. Бюджеттин ресурстары
1. Бюджеттин ресурстары отчеттук мезгилде бюджетке акчалай каражаттардын түшүшүн камтыйт:
1) ошол учурдагы кирешелер, анын ичинде:
- салыктык;
- салыктык эмес;
- трансферттер;
2) финансылык эмес активдер (финансылык эмес активдер менен операциялардын натыйжасында алынган акчалай каражаттар);
3) финансылык активдер (финансылык активдер менен операциялардын натыйжасында алынган каражаттар);
4) милдеттенмелер (милдеттенмелерди алуунун натыйжасында алынган каражаттар).
2. Салыктык кирешелерге Кыргыз Республикасынын салыктык жана бажылык мыйзамдарында каралган салыктар, жыйымдар жана чегерүүлөр, ошондой эле пайыздар, туумдар жана салыктык жана башка санкциялардан түшүүлөр кирет.
3. Салыктык эмес кирешелерге ушул Кодексте белгиленген бюджетке түшүүлөр кирет.
4. Трансферттерге эл аралык уюмдардан башка мамлекеттердин өкмөттөрүнүн акысыз негизде алынган каражаттар жана бюджеттер аралык трансферттер кирет.
5. Финансылык эмес активдер - бул мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун пайдалануусунда жана карамагында турган, аларды пайдалануунун жана сактоонун натыйжасында белгилүү бир мезгилдин ичинде аларга реалдуу же потенциалдуу экономикалык пайда алып келе турган объектилер.
6. Финансылык активдер - бул алардын ээлерине алардын ортосундагы контрактта каралган шарттарга жана жоболорго ылайык башка институттук бирдиктерден бир же бир нече төлөм алууга укук берген активдер. Компаниянын финансылык ресурстардан турган активдеринин бөлүгү: акчалай каражаттар жана баалуу кагаздар.
7. Милдеттенмелер - бул бир тараптын экономикалык наркын экинчи тараптын пайдасына берүү жана аны калыбына келтирүүгө байланыштуу белгилүү бир аракеттерди аткаруу (аткарбоо) боюнча кабыл алынган милдеттенмелер.
8. Кирешелерди жалпысынан, ошондой эле алардын айрым булактарын түзүү чыгымдоолордун топторуна, беренелерине максаттуу конкреттүү байланыштырбастан эле ишке ашырылат.
23-берене. Бюджеттин салыктык эмес кирешелери
Салыктык эмес кирешелерге Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген жыйымдар, төлөмдөр жана башка кирешелер түрүндө бюджетке түшүүлөр, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан алган кирешелери, жарандык-укуктук, администрациялык жана жазыктык жоопкерчилик чараларын колдонуунун натыйжасында алынган каражаттар, анын ичинде айыптар, конфискациялар, компенсациялар, ошондой эле трансферттерден тышкары, бюджетке акысыз негизде берилген каражаттар кирет.
24-берене. Бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды,
кызматтарды) сатуудан түшкөн кирешелери
1. Бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн кирешелерине төмөндөгүлөр кирет:
1) Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызматтардын тиешелүү жергиликтүү реестрлерине ылайык түзүлүүчү кирешелер;
2) өзүнүн продукциясын сатуудан түшкөн кирешелер;
3) акысыз негиздеги ыктыярдуу салымдар.
2. Бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн кирешелерине төмөндөгүлөр кирбейт:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында белгиленген милдеттүү төлөмдөр;
2) белгиленген үлгүдөгү бланк продукцияны даярдоого жана берүүгө байланыштуу төлөмдөр;
3) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктү пайдалануудан түшкөн кирешелер;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген ченемдерди бузгандык үчүн айыптар, туумдар жана башка финансылык санкциялар;
5) укук бузгандыктан келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө түшкөн каражаттар, ошондой эле конфискацияланган товарларды, укук бузуу жасалган жабдыктарды жана башка продукцияны сатуудан түшкөн каражаттар.
3. Бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуу боюнча киреше киргизе турган ишинен акы алуунун өлчөмү, ошондой эле аталган иштин түрлөрүнүн реестри Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. Бюджеттик мекемелердин товарларлы (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн кирешелери бюджеттик мекеменин кирешелер жана чыгымдар боюнча сметаларында каралат. Бюджеттик мекеменин кирешелер жана чыгымдар боюнча сметасынын ресурстук бөлүгүнө учурдагы бюджеттик жылдагы түшүүлөр жана бюджеттик жылдын башталышына карата калган калдык кошулат. Бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан бюджеттик жылдын акыркы айында сметалык арналыштардан ашык түшкөн кирешелери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервине кириштелет.
5. Бюджеттик жылдын башталышындагы калдык бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн, өткөн бюджеттик жылда сметалык арналыштарга ылайык жүргүзүлгөн чыгымдоолордон ашык алынган кирешелеринин эсебинен түзүлөт.
6. Бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн кирешелери максаттуу багыты боюнча гана чыгымдалат. Бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн кирешелерин башка максатка пайдаланган факты аныкталганда аталган каражаттардын максатсыз пайдаланылган суммасы бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан финансылык санкция катары тиешелүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алып коюлат.
7. Бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн кирешелерин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган, бюджеттик мекемелерден башка бюджеттик мекемелерге Бирдиктүү казыналык эсепти кыйгап өтүп пайдаланууга тыюу салынат.
25-берене. Бюджеттин учурдагы жана капиталдык чыгашалары
1. Бюджеттердин чыгымдоолору алардын экономикалык мазмунуна жараша учурдагы чыгымдоолор жана капиталдык чыгымдоолор болуп бөлүнөт.
2. Бюджеттердин капиталдык чыгымдоолору ошондой эле мамлекеттик запастарды жана резервдерди түзүүгө, мамлекеттик же муниципалдык менчикти, жер участокторун жана интеллектуалдык менчиктин объектилерине мүлктүк укуктарды сатып алууга кеткен чыгымдарды да камтыйт.
Бюджеттердин капиталдык чыгымдарынын курамымда өнүктүрүү бюджети түзүлөт.
26-берене. Бюджеттин чыгымдары
1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бардык деңгээлдеги бюджеттеринин чыгымдоолору бекитилген бюджеттердин негизинде, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын чектен ажыратуу менен шартталган сарптоо милдеттенмелерине ылайык ишке ашырылат, аларды аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2. Бюджеттин чыгымдары алардын экономикалык мазмуну боюнча төмөндөгүдөй категорияларга бөлүнөт:
1) кызматкерлердин эмгек акысы;
2) товарларды жана кызматтарды пайдалануу;
3) пайыздар;
4) субсидиялар;
5) гранттар;
6) социалдык жөлөк пулдар жана төлөмдөр;
7) жана башка сарптоолор.
3. Кызматкерлердин эмгек акысы, өз каражаттарынын эсебинен капитал топтоого байланыштуу жумуштардан башка жумуштарда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык отчеттук мезгилдин ичинде аткарган иши үчүн бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине акчалай түрдө төлөмө турган акыны өзүнө камтыйт.
Бул категорияга эмгек акы жана Социалдык фондго чегерүүлөр кирет.
4. "Товарларды жана кызматтарды пайдалануу" категориясы боюнча чыгымдарга товарларды, шаймандарды же жабдууларды, атайын кийимди сатып алууга, кызматтык иш сапарынын убагында көрсөтүлгөн транспорттук жана мейманкана кызматтарына акы төлөөгө, негизги фонддорду техникалык тейлөөгө жана утурумдук оңдоого жумшалган товарларды жана кызматтарды сатып алууга, персоналды окутууга жана башкаларга кеткен чыгымдар кирет.
5. Пайыздык төлөмдөргө тышкы жана ички булактардан алынган насыялар жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөө кирет.
6. Субсидиялар юридикалык жактарга - товарларды, жумуштарды, кызматтарды өндүрүүчүлөргө өзүнүн өндүрүштүк ишин жүргүзүүдө мамлекеттик экономикалык жана социалдык атайын саясаттын себебинен өндүрүштүк орточо чыгымдардын деңгээлинен төмөнкү бааны белгилөөнүн себеби боюнча алар тарткан зыяндарды компенсациялоо үчүн бекер жана кайтарылгыс негизде берилет.
Субсидия алуучулар төмөнкүлөр:
1) мамлекеттик финансылык эмес уюмдар;
2) мамлекеттик финансылык уюмдар;
3) жеке менчик финансылык эмес уюмдар жана ишкерлер;
4) жеке менчик финансылык уюмдар.
7. Бюджеттик каражаттарды чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө, эл аралык уюмдарга, мамлекеттик башкаруу секторунун бирдиктерине акысыз жана кайтарылгыс чегерүүлөр, анын ичинде бюджеттик ссудалардан жана түрткү берүүчү трансферттерден башка дотациялар жана бюджеттер аралык трансферттер гранттарга кирет.
8. Социалдык камсыздоо, социалдык жардам жана социалдык камсыздандыруу программаларынын алкагындагы төлөмдөр социалдык жөлөк пулдарга кирет.
9. Стипендияларды төлөөгө, Мамлекеттик бюджеттик резервди түзүүгө, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен (аракетсиздигинен) улам келтирилген зыяндын ордун соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине ылайык толтурууга кеткен сарптоолор башка чыгымдарга кирет.
27-берене. Мамлекеттик бюджеттик резерв
1. Өлкөнүн экономикасы жана бюджеттик системасы үчүн кыйын мезгилдерде кошумча финансылык ресурстарды топтоштуруу жана аларды сарамжал пайдалануу максатында, ошондой эле социалдык маанилүү иш-чараларды финансылык камсыз кылуу жана башка өлкөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резерви түзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резерви төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнө карата 0,1 пайыз өлчөмдөгү чегерүүлөр (мамлекеттик бюджеттик резервди эсепке албаганда);
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасы;
3) республикалык бюджеттин убактылуу бош каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жайгаштыруудан түшүүлөр;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы депозиттик эсептери боюнча каражаттардын калдыгына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чегерилүүчү пайыздар;
5) бюджеттик жылдын акырына карата республикалык бюджеттин жүгүртмө кассалык накталай акчасынын белгиленген көлөмдөрүнүн иш жүзүндөгү жогорулашы;
6) бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызматтарды) Бирдиктүү казыналык эсепти кыйгап өтүү менен сатуудан түшкөн каражаттарынын суммасынын 50 пайызы (буга Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелер кирбейт).
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резерви Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептерине жайгаштырылат.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервин эсепке алуунун, чегерүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашылат.
28-берене. Жүгүртмө кассалык накталай акча
1. Бюджеттердин курамында пландаштырылган чыгымдардан тышкары тиешелүү бюджет боюнча жаңы бюджеттик жылдын башталышына карата каражаттардын топтолгон бош калдыктарынын эсебинен жүгүртмө кассалык накталай акчанын көлөмү каралат. Жүгүртмө кассалык накталай акча жыл ичинде убактылуу кассалык үзгүлтүктөрдү жабуу үчүн пайдаланылат жана ошол эле жылы бюджеттерди бекитүүдө белгиленген өлчөмдөргө чейин калыбына келтирилүүгө тийиш.
2. Жүгүртмө кассалык накталай акчанын көлөмү кезектеги бюджеттик жылга бюджет жөнүндө тиешелүү мыйзам (чечим) менен эмгек акы төлөө фонду боюнча айлык керектүү чыгымдоолордун 3/1 өлчөмүндө бекитилет.
29-берене. Республикалык бюджеттин убактылуу бош каражаттары жана
аларды жайгаштыруу
1. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган Бирдиктүү казыналык эсептин балансы оң болгондо республикалык бюджеттин убактылуу бош каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аны жайгаштыруу мезгилинде колдонулган пайыздык ченем боюнча убактылуу жайгаштырат.
2. Республикалык бюджеттин убактылуу бош каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына гана жайгаштыруунун тартибин жана жайгаштыруу лимитин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук банк менен биргелешип белгилейт.
30-берене. Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар
1. Финансылык эмес жана финансылык активдерди түзүүгө, сатып алууга жана сатууга байланыштуу бардык операциялар, ошондой эле милдеттенмелер менен операциялар бюджеттин "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар Бюджеттик классификация бөлүмүндө чагылдырылат.
2. Финансылык эмес активдер менен операциялар негизги фонддордун бардык түрлөрүн, запастарды жана өндүрүштүк эмес активдерди сатып алууга, сатууга, капиталдык оңдоого жана түзүүгө байланыштуу бардык операцияларды өзүнө камтыйт.
3. Финансылык активдер менен операциялар финансылык активдерди сатып алууга жана сатууга байланыштуу бардык операцияларды, анын ичинде: банктагы акча каражаттарын; сатылып алынган узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды; бюджеттен берилген насыяларды, ссудаларды жана зайымдарды; ишканалардын менчигиндеги (акциялар) мамлекеттик жана муниципалдык үлүштү өзүнө камтыйт.
4. Милдеттенмелер менен операциялар ички жана тышкы милдеттенмелерди алууга жана тындырууга байланыштуу бардык операцияларды, анын ичинде кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгарууну, ички жана тышкы насыя берүүчүлөрдөн зайым алууну өзүнө камтыйт.
7-глава Бюджеттин шайкештиги
31-берене. Бюджеттин дефицити (профицити)
1. Финансылык эмес активдер менен операцияларды эсепке алганда, кирешелердин чыгымдардан ашып кетиши бюджеттин профицитин, ал эми финансылык эмес активдер менен операцияларды эсепке алганда, чыгымдардын кирешелерден ашып кетиши бюджеттин дефицитин түзөт.
2. Республикалык бюджеттин дефицитинин чектик өлчөмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик резолюциясы тарабынан белгиленет жана кезектеги бюджеттик жылга бюджет жөнүндө тиешелүү мыйзам (чечим) менен бекитилет.
3. Жергиликтүү бюджеттерди бекитүү жана аткаруу жергиликтүү бюджеттердин шайкештик принцибинин негизинде ишке ашырылат, мында каралган жалпы чыгымдардын көлөмү (активдер жана милдеттенмелер менен операцияларды эсепке алганда) бюджеттин кирешелеринин суммаланган көлөмүнө (активдер жана милдеттенмелер менен операцияларды эсепке алганда) ылайык келүүгө тийиш.
Бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн бюджетинин балансын камсыз кылууга тийиш.
8-глава
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн зайым алышы
32-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн зайым алышынын
максаттары
Мамлекеттик зайым төмөндөгү максаттар үчүн алынат:
1) республикалык бюджеттин дефицитин каржылоо үчүн;
2) инвестициялык долбоорлорду, түзүмдүк өзгөртүп түзүү программаларын, техникалык жардам долбоорлорун (мамлекеттик программаларды жана өнүктүрүү долбоорлорун) каржылоо үчүн;
3) мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү үчүн.
33-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу
Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан мамлекеттик карызды башкаруу ыйгарым укугу берилген:
1) эл аралык уюмдардан, банктардан, башка мамлекеттерден каражаттарды зайымга алууга, ошондой эле баалуу кагаздарды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка карыздык милдеттенмелерин чыгаруу аркылуу ички жана тышкы рынокто зайымга алууну ишке ашырууга;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарынын спецификациясын жана чыгаруу шарттарын белгилөөгө;
3) республиканын мамлекеттик баалуу кагаздары менен ички жана тышкы рыноктордо операцияларды аткарууга;
4) Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн улуттук программаларга жана долбоорлорго насыяларды берүүгө;
5) мамлекеттик карыздын эсебин алууга;
6) зарыл болгон зайым алууларды пландаштырууга, зайым алуу боюнча программалардын долбоорлорун даярдоого;
7) зайымдарды берүүнү жана жоюуну контролдоого, ошондой эле зайымдарга тиешеси бар башка карыздык милдеттенмелерди аткарууга;
8) рекредиттөөнү ишке ашырууга;
9) карыздын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздар, мамлекеттик карызды реструктуризациялоо, мамлекеттик зайым алуунун тобокелдерин башкаруу боюнча иш чараларды даярдоону жана ишке ашырууну жүзөгө ашырууга.
34-берене. Мамлекеттик ички зайым
1. Мамлекеттик ички зайымды алуу чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарабынан кабыл алынат.
2. Мамлекеттик ички зайымдын макулдашуусуна, анын ичинде баалуу кагаздар жана башка карыздык милдеттенмелер боюнча милдеттенмелерге бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча ыйгарым укук берилген расмий адамдын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган бардык жол-жоболор жүргүзүлгөндөн кийин колу коюлууга тийиш.
3. Мамлекеттик ички зайым Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансылык агенти аркылуу алынууга, төлөнүүгө жана кайтарылууга тийиш, ал агент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалат.
4. Ички зайымды тартуунун, бөлүштүрүүнүн жана кайтаруунун жол-жоболору, ошондой эле процесске катышкан институттардын функциялары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминде каралууга тийиш.
35-берене. Мамлекеттик тышкы зайым
1. Мамлекеттик тышкы зайымды алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Насыя алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кол коюлган жана финансылык милдеттенмелерди караган келишимдер "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ратификацияланууга тийиш.
2. Тышкы зайымдын макулдашуусуна же башка карыздык милдеттенмелерге бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча ыйгарым укук берилген башка расмий адамдын колу коюлууга тийиш.
3. Тышкы зайымга же башка карыздык милдеттенмеге тиешелүү болгон юридикалык корутундуга юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин колу коюлууга тийиш.
4. Тышкы зайым Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансылык агенти аркылуу алынууга, төлөнүүгө жана кайтарылууга тийиш, ал агент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалат.
5. Тышкы зайымды тартуунун, бөлүштүрүүнүн жана кайтаруунун жол-жоболору, ошондой эле процесске катышкан институттардын функциялары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминде каралууга тийиш.
36-берене. Мамлекеттик зайым алуунун негизги принциптери жана
мамлекеттик кепилдиктерди берүү
1. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик карызды башкаруудагы, тышкы зайым алууну жүзөгө ашыруудагы жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүдөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирден-бир агенти болуп эсептелет. Башка мамлекеттик ишканалар жана мекемелер, ошондой эле жергиликтүү администрациялар тышкы зайымдарды тартууга жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө укуксуз.
2. Мамлекеттик кепилдикке бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин колу коюлат, ал эми насыя берүүчүнүн талабы боюнча кепилдик берүү жаатындагы юридикалык корутундуга юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин колу коюлууга тийиш.
3. Тышкы жана ички карыздын жол берилген абсолюттук чоңдугу жаатындагы чечим тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамды бекитүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынат.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кепилдиги менен камсыздалган тиешелүү жылга жаңы зайымдардын жол берилген абсолюттук чоңдугу жаатындагы чечим тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамды бекитүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынат.
5. Мамлекеттин активдери, анын ичинде алтын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эл аралык резервдери жана ар кандай мүмкүн болуучу же келечектеги активдер мамлекеттик милдеттенмелерди аткаруунун кепилдиги үчүн күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес.
6. Мамлекеттик зайым алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдын-ала жактыруусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.
37-берене. Мамлекеттик кепилдиктер
1. Насыялык келишим боюнча ички же тышкы насыя берүүчүлөр тарабынан берилген зайымдарды мамлекеттик кепилдиктер менен камсыз кылуу боюнча чечим колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
2. Мамлекеттик кепилдикке бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин колу коюлат, ал эми насыя берүүчүнүн талабы боюнча кепилдик берүү жаатындагы юридикалык корутундуга юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин колу коюлууга тийиш.
3. Алынган зайым боюнча мамлекеттик кепилдик берүүнүн жол-жобосу, мамлекеттик кепилдик менен камсыз кылынган зайымдарды алуу жана төлөө боюнча жол-жоболор, ошондой эле ушул процесске катышкан тараптардын функциялары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
38-берене. Мамлекеттин алдында милдеттенмеси бар зайым
алуучулардын же мамлекеттик кепилдиктер боюнча зайым
алуучулардын финансылык ишин контролдоо
1. Мамлекет тарабынан кепилдикке алынган зайымдын каражаттарын максаттуу пайдаланууну контролдоо бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик кепилдиги бар зайым алуучу Мамлекеттик кепилдик берүү жөнүндө макулдашуунун шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.
3. Насыя алуучу финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жана зайым боюнча милдеттенмелеринин аткарылышы жөнүндө Мамлекеттик кепилдик берүү жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык үзгүлтүксүз негизде бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органына маалымат берип турат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик контролдоочу органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жол-жоболорго ылайык мамлекеттик кепилдиги бар зайым алуучунун экономикалык жана финансылык ишине көз салууга укуктуу.
5. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган насыя алуучу Мамлекеттик кепилдик берүү жөнүндө макулдашуунун шарттарын бузган учурда эайым алуучунун активдерин тыштан башкарууну киргизүүгө укуктуу.
6. Аудит Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган берген лицензиясы бар аудитордук компания тарабынан жүргүзүлөт.
Аудиттин кызматтары аудитордук компания менен мамлекеттик кепилдиги бар зайым алуучунун ортосунда түзүлгөн контракттын негизинде көрсөтүлүүгө тийиш Кызматка акы мамлекеттик кепилдиги бар зайым алуучунун каражаттарынан төлөнөт.
Аудитордук корутунду мамлекеттик кепилдиги бар зайым алуучу тарабынан бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга берилет.
7. Мамлекеттик кепилдиги бар зайым алуучу бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга, аудитордук компанияга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоо органдарына, аталган органдар талап кылган документтерди берүүгө милдеттүү.
39-берене. Мамлекеттик зайымды кайтарууну камсыз кылуу боюнча
чаралар
1. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган мамлекет алдында милдеттенмеси бар жана ушул милдеттенмелерди аткарбаган зайым алуучудан карызды тындыруу боюнча бюджеттик чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга милдеттүү.
2. Эгерде мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайым алуучунун төлөнө элек суммаларды кайтарып берүү үчүн каражаты жетишсиз болсо, мындай суммалар мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайым алуучунун башка активдери менен кайтарылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зайым алуучунун милдеттенмелерди аткарбагандыгынан улам тартылган мамлекеттик чыгымдардын орду да толтурулууга тийиш.
3. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүнө таандык кылынган аракеттер жетишсиз болсо жана милдеттенмелерди аткарбоо сакталып калса, бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайым алуучуга карата банкроттуктун жол-жобосун колдонууга демилге көтөрүүгө ыйгарым укук берилет. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган мамлекет алдындагы милдеттенмеси бар зайым алуучуга анын ишканасына карата банкроттуктун жол-жобосун колдонууга демилге көтөрүүгө ниеттенип жаткандыгы жөнүндө кабарлоого тийиш. Кабарлоодо милдеттенменин аткарылбашы көрсөтүлүүгө жана кабарлоодо көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде зайым алуучу милдеттенмелерди аткарбаган учурда бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган банкроттук жол-жобосун белгилөө үчүн сотко кайрылаарын эскертүүнү камтууга тийиш.
4. Эгерде мамлекеттик кепилдик боюнча зайым алуучу насыя келишиминин милдеттенмелерин аткарбаса жана бул милдеттенмелер анын кепили катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылууга тийиш болсо, мамлекеттик кепилдиктин аткаруучусу катары бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик кепилдик боюнча насыя алуучуга каршы чараларды көрүүгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген жол-жоболорго ылайык ушундай милдеттенмелерди аткаруу үчүн кеткен бардык тикелей жана кыйыр негиздүү чыгымдарды кайтарууга тийиш.
5. Эгерде ушул берененин 4-бөлүгүнө тиешелүү аракеттер жетишсиз болсо жана милдеттенмелерди аткарбоо сакталып калса бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген башка мекеме мамлекеттик кепилдик боюнча зайым алуучуга карата банкроттук жол-жобосу боюнча демилге көтөрөт. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген башка мекеме мамлекеттик кепилдик боюнча зайым алуучуга ишканага каршы банкроттук жол-жобосу боюнча демилге көтөрүү ниетин кабарлоого тийиш. Кабарлоодо милдеттенмелердин аткарылбашы көрсөтүлүүгө жана мамлекеттик кепилдик боюнча зайым алуучу кабарлоодо белгиленген мезгилдин ичинде милдеттенмелерин аткарбаса бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген башка мекеме банкроттук жол-жобосуна демилге көтөрүү үчүн сотко кайрыла тургандыгы камтылууга тийиш.
6. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү банкроттук жол-жобосун баштоо мамлекеттин таламдарына туура келбейт деп чечсе, келип чыккан төлөмдөрдүн суммасына пайыздарды (айыптык санкцияларды) чегерет, (же эгерде мамлекет алдында милдеттенмеси бар насыя алуучуга же мамлекеттик кепилдик боюнча насыя алуучуга насыялык келишимдин баштапкы шарттарын кайра кароону сунуштоону чечсе) бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген башка мекеме ушундай чечимдин финансылык натыйжаларына баа берүүгө тийиш жана белгиленген суммалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык учурдагы финансылык жылдын бюджетинин чыгымдары катары түшүндүрүлүүгө тийиш.
7. Зайым (же анын бир бөлүгү) максатсыз пайдаланылган учурда зайым алуучу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
8. Эгерде зайым алуучу алынган зайымдык каражаттарды 6 айдан ашык убакыт максаттуу багыты боюнча пайдаланбаса, ал ушул мезгил үчүн зайымдын суммасынын 5 пайызы суммасында айып акы төлөөгө тийиш. Бул насыялык макулдашууда каралууга тийиш.
40-берене. Мамлекеттик карызды эсепке алуу
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын аныктоо жана эсепке алуу максатында бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мамлекеттик карыздын жана мамлекеттик кепилдиктердин эсептик китебин түзөт жана жүргүзөт.
2. Кыргыз Республикасынын зайымдык каражаттарын пайдалануунун ачыктыгын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын карызынын учурдагы абалы жөнүндө маалымат ачык болуп эсептелет жана мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын басылмаларында жыл сайын жарыяланууга тийиш.
9-глава Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайым алышы
41-берене. Жалпы жоболор
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайым алышы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана ушул Кодекстин жоболоруна ылайык жергиликтүү бюджеттерге башка бюджеттерден насыяларды тартуу аркылуу жүзөгө ашырылат, алар боюнча муниципалдык карыздык милдеттенмелер келип чыгат.
42-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайым
алышы
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайымы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Чыгарылып жаткан муниципалдык баалуу кагаздардын айкын түрү жана көлөмү жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайымы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин сунушу боюнча бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамааттын атынан кепилдиктерди берүүгө укуксуз.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайымы муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу аймакты өнүктүрүү программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу максатында гана жүргүзүлөт.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайымын чыгаруудан түшкөн каражаттар уюштуруучусунун бири жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болуп эсептелген юридикалык жактардын баалуу кагаздарды сатып алууга салым кошуудан башка учурларда, башка баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайымдары узак мөөнөттүү негизде (бир жылдан ашык) жүзөгө ашырылат.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайымдарын эсепке алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын карыздык милдеттенмелерин эсепке алуунун реестринде жүргүзүлөт. Зайымдык каражаттарды эсепке алуунун жана аларды чыгарууну жана кайтаруунун бирдей тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликтүү болбойт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликтүү болбойт.
43-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайым
алышын чектөө
Эгерде жалпы карызды тейлөө боюнча милдеттенмелери, анын ичинде алдыдагы карыздык милдеттенмелери зайымдардын натыйжасында тартылыш каражаттарды жана бюджеттер аралык трансферттерди эсепке албаганда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жылдык кирешесинин 20 пайызынан ашып кетсе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына зайым алууга тыюу салынат.
10-глава
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес зайым алуулар
44-берене. Мамлекеттик эмес зайым алуулар
Мамлекеттик эмес зайым алуулар "мамлекеттик мекеме" деген түшүнүккө туура келбеген, Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен ар кандай валютада жана ар кандай формада өз алдынча жүзөгө ашырылат.
45-берене. Мамлекеттик эмес зайым алуу субъектилери
1. Өзүнүн атынан келишимдерди түзгөн. Кыргыз Республикасынын резиденттери мамлекеттик эмес зайымдар боюнча зайым алуучулар катары чыгат.
2. Кыргыз Республикасы мамлекеттик кепилдиги жок мамлекеттик эмес зайымдар боюнча зайым алуучулар - Кыргыз Республикасынын резиденттеринин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
46-берене. Мамлекеттик эмес зайымдарды эсепке алуу
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эмес тышкы зайым алууну жүзөгө ашырган, мамлекеттик кепилдиги бар резиденттери тышкы зайымдар жөнүндө келишимдерди бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органында каттоодон өткөрүүгө, мамлекеттик кепилдиги жок резиденттер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.
2. Статистика жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик кепилдиги жок юридикалык жактар тарабынан алынган чет өлкөлүк насыялар жана зайымдар жана аларга теңештирилген милдеттенмелер боюнча карызды статистикалык эсепке алууну жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мамлекеттик кепилдиги жок юридикалык жактар тарабынан алынган насыяларды жана зайымдарды статистика жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формага ылайык каттоону жүзөгө ашырат.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эмес тышкы зайым алууну жүзөгө ашырган резиденттери чет өлкөлүк насыялар жана зайымдар жана мамлекеттик кепилдиги жок аларга теңештирилген милдеттенмелер боюнча төлөмдөрдүн графигин статистика жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашылган жана бекитилген формага ылайык берүүгө тийиш.
4. Төлөө милдеттенмеси товарларды жөнөтүү, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү үчүн 180 күндөн кечиктирилбестен келип чыккан учурда күндөлүк кыска мөөнөттү соода же эсептешүү операциялары эсепке алынбайт.
5. Тышкы жана ички жыйынды карызга баа берүү үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан эмитенттелген баалуу кагаздар жөнүндө маалымат берет. Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан эмитенттелген баалуу кагаздарды эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
11-глава Жалпы жоболор
47-берене. Бюджеттер аралык мамилелердин жалпы жоболору
1. Бюджеттер аралык мамилелер - бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы экономикалык жана бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуу, бюджеттик процессти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу маселелери боюнча мамилелеринин жыйындысы.
2. Бюджеттер аралык мамилелер мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы функцияларды жана ыйгарым укуктарды так чектөөгө, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кирешелерди жана чыгымдарды бирдей бөлүштүрүүгө, бюджеттик жөнгө салуунун методологиясынын жана критерийлеринин бирдиктүүлүгүнө негизделген.
3. Кирешелердин бекитилген булактарынын айрым түрлөрүн бюджеттин бир деңгээлинен экинчи деңгээлине берүү ушул Кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүдө гана жүзөгө ашырылат.
4. Бюджеттер аралык мамилелер саясатынын негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик резолюциясында аныкталат.
48-берене. Бюджеттер аралык мамилелердин принциптери
Бюджеттер аралык мамилелер төмөндөгү принциптерге негизделет:
1) Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын ар бир бюджетине кирешелерди бөлүштүрүү жана бекитип берүү;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдык ыйгарым укуктарын туруктуу же узак мөөнөттүү негизде чектөө;
3) жалпы мамлекеттик кирешелерди бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнүн ченемдерин узак мөөнөттүү негизде аныктоо;
4) теңөө трансферттери аркылуу жергиликтүү бюджеттердин минималдуу бюджеттик камсыз кылынышынын деңгээлдерин теңөө;
5) чыгымдык ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө же бюджеттердин кошумча чыгымдарын же кирешелерди жоготууну пайда кылган чечимдердин кабыл алынышына байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу;
6) мамлекеттик органдардын жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик процессине кийлигишүүсүнө жол бербөө.
12-глава
Бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүү
49-берене. Жалпы мамлекеттик кирешелер
1. Жалпы мамлекеттик кирешелерге төмөнкүлөр таандык:
1) киреше салыгы;
2) сатуулардан алынуучу салык;
3) атайын каражаттардан алынуучу салык;
4) жер казынасын пайдалануу үчүн салык, бонустар жана роялти;
5) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;
6) милдеттүү патенттин негизиндеги салык;
7) бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөр;
8) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктү пайдалануудан түшкөн кирешелер;
9) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктү сатуудан же башка акылуу ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелер таандык кылынат.
2. Жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдерине ылайык жалпы мамлекеттик кирешелер республикалык бюджетке да, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерге да түшөт.
50-берене. Республикалык бюджеттин кирешелери
1. Республикалык бюджетке төмөнкүлөр келип түшөт:
1) жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөр;
2) пайдадан алынуучу салык;
3) кошумча нарк салыгы;
4) акциз салыгы;
5) эл аралык соодадан жана операциялардан алынуучу салык;
6) Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык келишим боюнча салык;
7) республикалык бюджеттен берилген насыялар боюнча пайыздар;
8) мамлекеттик ишканалардын пайдасынан түшкөн кирешелер;
9) акциялардын мамлекеттик топтомунан түшкөн дивиденддерден алынган кирешелер;
10) мамлекеттик менчикте турган объектилерди ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер;
11) жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын пайдалануудан түшкөн кирешелер;
12) курчап турган чөйрөнү булгоо үчүн акы (анын ичинде булгануучу заттарды агызып чыгаруу, абага чыгаруу үчүн акы);
13) лотереялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн акы;
14) лицензия берүү үчүн акы;
15) мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо үчүн акы;
16) аткаруу бийлигинин органдары тарабынан берилген уруксат берүүчү документтерден түшкөн кирешелер;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке алынуучу мамлекеттик алым;
18) бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн кирешелери;
19) конфискацияланган мүлктү, белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине акысыз өткөн мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер, анын ичинде бажылык режимде мамлекеттин пайдасына баш тартуу жол-жоболоштурулган товарлар жана транспорт каражаттары;
20) материалдык, администрациялык жана жазыктык жоопкерчилик чараларын, атап айтканда: айып акыларды, конфискациялоону, компенсациялоону колдонуунун натыйжасында алынган каражаттар;
21) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан алынган расмий трансферттер.
51-берене. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерине төмөнкүлөр келип түшөт:
1) жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөр;
2) жер салыгы;
3) мүлк салыгы;
4) муниципалдык мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелер;
5) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусундагы жерлерди пайдалануу укугу үчүн алынуучу жер үчүн ижара акысы;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджетке алынуучу мамлекеттик алым;
7) жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген реестрге ылайык акы төлөмө кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу үчүн муниципалдык мекемелердин кирешелери;
8) таштандыны чыгаруу үчүн жыйым;
9) автотранспортту токтотуу үчүн жыйым;
10) ыктыярдуу төгүмдөр;
11) бюджеттер аралык трансферттер.
2. Жергиликтүү бюджеттердин жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан жана салыктык эмес түшүүлөрдөн алынган кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынбайт.
3. Жергиликтүү бюджетти аткарууда кошумча алынган кирешелер, ошондой эле кирешелерди ашыра аткаруунун же чыгымдарды үнөмдөөнүн натыйжасында жылдын акырында калган кирешелердин чыгымдардан ашкан суммасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында калат. Жогоруда аталган кирешелер алынып коюлбайт жана жергиликтүү кеңештердин кароосу боюнча кийинки бюджеттик жылда жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жүзөгө ашырууда пайдаланылат.
52-берене. Бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүү
Жалпы мамлекеттик кирешелерден республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн ченемдери кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда белгиленет жана үч жыл бою өзгөртүлбөйт.
13-глава
Чыгымдык милдеттенмелерди бөлүштүрүү
53-берене. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында чыгымдык милдеттенмелерди бөлүштүрүүнүн төмөнкүдөй түзүмү белгиленет:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгымдык милдеттенмелери:
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдык милдеттенмелери;
3) аралаш чыгымдык милдеттенмелер.
2. Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда бюджеттик чыгымдар боюнча милдеттенмелерди кайра бөлүштүрүү ушул Кодекстин ушул главасына ылайык белгиленет.
54-берене. Чыгымдык милдеттенмелердин реестрлери
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыгымдык милдеттенмелердин реестрлерин жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Республикалык бюджеттин чыгымдык милдеттенмелеринин реестри бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан, жергиликтүү бюджеттердин чыгымдык милдеттенмелеринин реестрлери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
3. Чыгымдык милдеттенмелердин реестеринде тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен аткарылууга тийиш болгон тиешелүү чыгымдык милдеттенмелер көрсөтүү менен ченемдик-укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин тизмеси камтылат.
55-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгымдык
милдеттенмелери
Республикалык бюджеттен жалпы мамлекеттик мааниге ээ болгон иш чараларга кетүүчү чыгымдар жүзөгө ашырылат, алар боюнча жоопкерчилик башкаруунун тиешелүү мамлекеттик органдары аркылуу толугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлөт.
56-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдык
милдеттенмелери
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдык милдеттенмелери - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген жана өткөрүлүп берилген функцияларына ылайык келип чыккан бюджеттик милдеттенмелери, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринен жүзөгө ашырылат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда келип чыккан чыгымдык милдеттенмелери ушул Кодексте каралган тартипте республикалык бюджеттен берилген субвенциялардын эсебинен аткарылат.
57-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка
формаларын ишке ашырууга кеткен чыгымдар
Курултайларды, чогулуштарды, жарандардын жыйындарын өткөрүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка формаларын жүзөгө ашырууга кетүүчү чыгымдар жергиликтүү коомчулуктардын уставдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
58-берене. Аралаш чыгымдык милдеттенмелер
1. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Кодекске ылайык белгиленүүчү бюджеттер аралык трансферттер аркылуу каржылоо боюнча жоопкерчиликти бөлүштүргөн иш-чараларга кеткен чыгымдар жүзөгө ашырылат.
2. Каржылоонун тиешелүү булактары (компенсация) болбосо, жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарынын жогорулашына алып келе турган ар кандай программаларды же иш чараларды жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик бийлик органдарына чечим кабыл алууга тыюу салынат.
59-берене. Бюджеттик милдеттенмелерди кабыл алуу жана каттоо
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле алар тарабынан түзүлгөн фонддордун иш процессинде келип чыккан акчалай жана финансылык милдеттенмелер, ыйгарым укуктуу аткаруу органдарында эсепке алынууга жана милдеттүү каттоодон өтүүгө тийиш.
2. Бюджеттик мекемелердин бюджеттик каражаттарын жана товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен сатылып алынуучу товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатып алуу үчүн жөнөтүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдери, контракттары, макулдашуулары каттоодон өтүүгө тийиш, буга Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын милдеттенмелери, ошондой эле мамлекеттик же башка мыйзам тарабынан корголгон сырды камтыган милдеттенмелер кирбейт.
3. Бюджеттик мекемелер тарабынан бюджеттик каражаттардын жана товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан алынган каражаттардын эсебинен аткарылууга тийиш болгон келишимдерди (контракттарды) түзүүсү жана акы төлөөсү аларга бөлүнгөн бюджеттик милдеттенмелердин лимиттеринин чектеринде жана кабыл алынган жана аткарылбаган бюджеттик милдеттенмелерди эске алуу менен жүргүзүлөт.
4. Сатылып алынган товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын түрүнө жараша бюджеттик милдеттенмелердин төмөнкүдөй түрлөрү айырмаланат:
1) келишимдик милдеттенмелер;
2) келишимсиз милдеттенмелер.
5. Келишимдик милдеттенмелер бюджеттик мекемелер товарларды (жумуштарды, кызматтарды) жөнөтүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде милдеттенме алган учурда келип чыгат.
Келишимсиз милдеттенмелер бюджеттик мекемелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттенмелердин келип чыгышын ырастаган документтердин негизинде келишим түзбөстөн милдеттенмелерди кабыл алган учурда келип чыгат.
6. Келишимдик милдеттенмелерди кабыл алуу бюджеттик мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык продукцияны жөнөтүүчүлөр менен келишим түзгөндө жүзөгө ашырылат.
7. Алдыга коюлган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон продукцияларды сатып алууда бюджеттик каражаттарды алуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте продукциянын талап кылынган түрүн жөнөтүүчүнү тандап алууну, аны менен келишимди даярдоону жана түзүүнү жүзөгө ашырат.
8. Келишимдерди каттоо боюнча милдет бюджеттик каражаттарды алуучуларга жүктөлөт.
14-глава
Бюджеттер аралык мамилелерди жөнгө салуунун шаймандары
60-берене. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттери ортосундагы мамилелер жалпы мамлекеттик кирешелерден жана бюджеттер аралык трансферттерден чегерүүлөрдүн ченемдерин белгилөө аркылуу жөнгө салынат.
Бюджеттер аралык трансферттердин системасына төмөнкүлөр кирет:
1) теңөө трансферттери;
2) категориялык трансферттер;
3) субвенциялар;
4) бюджеттик ссудалар.
61-берене. Теңөө трансферттери
Теңөө трансферттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген бирдей методикага жана формулага ылайык эсептелет жана жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлөт, ал жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин потенциалы менен жергиликтүү коомчулуктун чыгымдарын жүзөгө ашырууга керектөөлөрүнүн ортосундагы финансылык ажырымды эске алат.
62-берене. Категориялык трансферттер
Категориялык трансферттер белгиленген ыкмага жана формулага ылайык бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлөт. Категориялык трансферттерди эсептөөнүн ыкмалары жана формуласы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
63-берене. Субвенциялар
Субвенциялар республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилгенде жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын финансылоону камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен берилет.
64-берене. Бюджеттик ссудалар
1. Бюджеттик ссудалар бир бюджеттен экинчи бюджетке он эки айга чейинки мөөнөткө берилет. Бюджеттик ссудаларды берүү боюнча өз ара мамилелер тиешелүү келишим жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан жөнгө салынат. Бюджеттик ссудалар эсептен чыгарылып салынбайт.
2. Жергиликтүү бюджеттерди аткаруу процессинде биринчи кезектеги чыгымдарды толук көлөмдө аткаруу мүмкүн болбогон учурда республикалык бюджеттен убактылуу кассалык үзгүлтүктөрдү жабуу үчүн бюджеттик ссудалар берилет.
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүү жөнүндө чечим бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат.
Эгерде республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар келишимде каралган мөөнөттө жабылбаса бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган жергиликтүү бюджеттерге чегериле турган жалпы мамлекеттик салыктардан жана жыйымдардан чегерүүлөрдүн эсебинен жабылбаган калдыгын өндүрүп алат.
3. Жергиликтүү бюджеттерден башка бюджетке ссудаларды берүү жөнүндө чечим жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынат.
Бюджеттик ссуданын өлчөмү жергиликтүү бюджеттин - ссуда берүүчүнүн жалпы көлөмүнүн 10 пайызынан жана жергиликтүү бюджеттин - ссуда алуучунун жалпы көлөмүнүн 20 пайызынан ашпоого тийиш.
4. Республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүүнүн негизи жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү бюджеттерден берүүнүн негизи жана тартиби ушул Кодекске ылайык тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан аныкталат.
15-глава Жалпы жоболор
65-берене. Өнүктүрүү бюджети жөнүндө жалпы жоболор
1. Өнүктүрүү бюджетинин каражаттары инфраструктураны түзүүгө жана өнүктүрүүгө, корпоративдик секторго колдоо көрсөтүүгө, инновациялык системаны түзүүгө, мамлекеттик башкарууну институттук кайра түзүүнү ишке ашырууну камсыз кылууга багытталат.
2. Өнүктүрүү бюджетинин каражаттары жалаң гана инвестициялык долбоорлор боюнча чыгымдарды жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылат.
3. Өнүктүрүү бюджетине багытталуучу акчалай каражаттардын көлөмү кезектеги бюджеттик жылга бюджет жөнүндө мыйзамда (чечим) белгиленет.
66-берене. Өнүктүрүү бюджетин түзүү булактары
Өнүктүрүү бюджетинин каражаттары төмөнкү булактардын эсебинен түзүлөт.
1) инвестициялык максаттар үчүн мамлекеттик ички жана тышкы зайым алуулар:
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервинин каражаттары;
3) бюджеттин мурда жүргүзүлгөн бюджеттик инвестициялык ассигнациялардан түшкөн кирешелери;
4) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары;
5) гранттар жама ыктыярдуу төгүмдөр.
16-глава Мамлекеттик инвестициялоо формалары
67-берене. Жалпы жоболор
1. Өнүктүрүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик инвестициялар төмөнкү формаларда жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик (муниципалдык) менчикти түзүүгө жана өнүктүрүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу секторундагы институттук кайра түзүүлөрдү ишке ашырууга капиталдык салымдар;
2) инвестициялык долбоорлорду насыялоо;
3) ишканалардын капиталын түзүүгө жана жогорулатууга катышуу;
4) түрткү берүүчү гранттар.
2. Мамлекеттик инвестицияларды пландаштыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Мамлекеттик инвестициялар программасына жана өнүктүрүүнүн региондук программаларына ылайык жүзөгө ашырылат.
68-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикке инвестициялар
1. Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайда алууга багытталбаган иш объектилерин өнүктүрүүгө мамлекеттик инвестициялар өнүктүрүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен акысыз жана кайтарылгыс негизде багытталат.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин объектилерин өнүктүрүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик инвестициялардын финансы-экономикалык негиздемесинин мазмунуна, иштеп чыгуу жана кароо тартибине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
69-берене. Бюджеттик насыялоо
1. Бюджеттик насыялар юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдин негизинде, ушул Кодекстин жана башка ченемдик укук актылардын жоболорун эске алуу менен берилет.
Бюджеттик насыя зайым алуучу тарабынан аталган насыяны кайтаруу боюнча өзүнүн милдеттенмесин аткарууну камсыз кылуу кепилдиги берилген жана мурда берилген бюджеттик насыялар боюнча карызы жок болгон шартта берилет.
2. Бюджеттик насыялар ушул Кодекстин 65-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболорго ылайык кезектеги бюджеттик жылга бюджет жөнүндө тиешелүү мыйзамда (чечимде) аныкталган максаттарга берилет.
Бюджеттик насыя үчүн каралган каражаттардын жалпы көлөмү кезектеги бюджеттик жылга бюджет жөнүндө тиешелүү мыйзамда (чечим) аныкталат.
3. Республикалык бюджеттен бюджеттик насыяларды берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, жергиликтүү бюджеттерден бюджеттик насыяларды берүү жөнүндө чечим - жергиликтүү кеңештер менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынат.
Бюджеттик насыя аркылуу жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик инвестициялардын финансы-экономикалык негиздемесинин мазмунуна, иштеп чыгуу жана кароо тартибине карата талаптар төмөнкүлөр тарабынан аныкталат:
- республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик насыяларга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан;
- жергиликтүү бюджеттерден берилүүчү бюджеттик насыяларга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
4. Бюджеттик насыяны алуучулар бюджеттик насыяны пайдалануу жөнүндө бюджетти пландаштыруу жана кароо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга отчет берүүгө милдеттүү.
5. Бюджеттик насыялар эсептен чыгарылып салынбайт.
70-берене. Ишканалардын капиталын түзүүгө жана жогорулатууга
катышуу аркылуу мамлекеттик инвестицияларды жүзөгө
ашыруу
1. Өнүктүрүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга акча каражаттарын бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ушул ишканалардын уставдык капиталдарына тиешелүү үлүштүк катышуусу аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Ишканалардын капиталын түзүүгө жана жогорулатууга мамлекеттик инвестициялар аталган инвестициялардын финансы-экономикалык негиздемеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген органдардын экспертизасынын корутундусунун негизинде экономикалык өнүгүүнүн орточо мөөнөттү программасына киргизилет. Ишканалардын капиталын түзүүгө жана жогорулатууга мамлекеттик инвестициялардын финансы-экономикалык негиздемеси бюджеттик каражаттарды ишканалардын капиталына салуунун максатка ылайыктуулугунун жана натыйжалуулугуна баа берүүнүн негиздемесин камтыган документти билдирет.
3. Бюджеттик каражаттарды тартуу менен түзүлгөн өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы объектилердин капиталдарынын жана мүлкүнүн эквиваленттүү бөлүгү мамлекеттик же муниципалдык мүлктү башкаруунун тиешелүү органдарынын тескөөсүнө өткөрүлүп берилет.
4. Ишканалардын капиталын түзүүгө жана жогорулатууга мамлекеттик инвестициялардын финансы-экономикалык негиздемесинин мазмунуна, иштеп чыгуу жана кароо тартибине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
71-берене. Түрткү берүүчү гранттар
1. Түрткү берүүчү гранттар жергиликтүү бюджеттердин, эл аралык уюмдардын жана башка субъектилердин мобилизацияланган ресурстарын толуктоо катары конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бир же андан көп аткаруу органдарына тең каржылоо түрүндө берилет.
2. Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен республикалык бюджеттен инвестициялык долбоорлорду пландаштыруу үч этап менен жүзөгө ашырылат:
1) инвестициялык сунуштарды иштеп чыгуу;
2) инвестициялык долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемелерине зарыл болгон экспертизаларды жүргүзүү;
3) бюджетти иштеп чыгуу стадиясында инвестициялык долбоорлорду тандап алуу.
3. Инвестициялык долбоорлордун мазмунуна, иштеп чыгуу, кароо, тандап алуу жана ишке ашыруу тартибине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары инвестициялык сунуштардын негиздүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган жоопкерчиликке тартылат.
17-глава
Мамлекеттик инвестицияларды пландоо жана ишке ашыруу
72-берене. Инвестициялык долбоорлорду түзүү, бекитүү жана тандап
алуу тартиби
1. Инвестициялык долбоорду даярдоо тармактык министрликтер, ведомстволор, билдирүүчүлөр тарабынан инвестициялык долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну уюштурууну жана профилдик министрликтер менен ведомстволордо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында аны экспертизадан өткөрүүнү карайт.
2. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы белгиленген сандык жана сапаттык критерийлерге ылайык инвестициялык долбоорлорго баа берүүнү жана тандап алууну жүзөгө ашырат жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү кеңештердин чечимдери менен түзүлгөн комиссиянын кароосуна берүү үчүн инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзөт.
3. Инвестициялык сунуштарды тандап алуу жана инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү колдонуудагы жана иштелип жаткан республиканы жана аймактарды экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик, тармактык (сектордук) жана региондук орточо мөөнөттүү программаларга ылайык Орточо мөөнөттүү бюджеттик негиздин алкагында ишке ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү кеңештер тарабынан жактырылган инвестициялык долбоорлордун тизмесине орточо мөөнөттүү мезгилдин кезектеги же пландаштырылган жылдарында ишке ашыруунун башталышы менен пландаштырылган мезгилге тиешелүү бюджеттердин өнүктүрүү бюджеттери киргизилет.
5. Инвестициялык долбоорлор боюнча сунуштарды кароо, жергиликтүү бюджеттен ишке ашырылуучу чыгымдарды аткаруу милдеттүү түрдө коомдук, талкууну жүргүзүүнү талап кылат.
6. Мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду кароо, бекитүү жана ишке ашыруу тартиби ушул Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
73-берене. Өнүктүрүү бюджетинин аткарылышын контролдоо
1. Өнүктүрүү бюджетинин каражаттарын пайдаланууну эсепке алуу отчеттуулук жана контролдоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын эсепке алуу, отчеттуулук жана контролдоо тартибине окшош тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылуусуна мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулугуна баа берүү бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Өнүктүрүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет берүү тартиби, мөөнөттөрү жана формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын катышуусу менен жүргүзүлүүчү инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө отчет берет.
18-глава Бюджеттик процесстин негиздери
74-берене. Жалпы жоболор
Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү төмөнкүлөргө негизделет:
1) Кыргыз Республикасын жана тиешелүү аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү болжолуна;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик резолюциясына.
3) Орточо мөөнөттүү бюджеттик негизге.
75-берене. Өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү
болжолу
1. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү болжолу кезектеги бюджеттик жылга жана жалпы республика жана аймактар боюнча кийинки эки болжолдонуучу жылдарга иштелип чыгат.
Социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн болжолуна түшүндүрмө катта болжолдун параметрлеринин негиздемеси, анын ичинде болжолдонгон өзгөрүүлөрдүн себептерин жана факторлорун көрсөтүү менен аларды мурда бекитилген параметрлер менен салыштыруу келтирилет.
2. Болжолдонгон мезгилге чейинки жылдын 20-февралынан кечиктирбестен экономикалык болжолдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга Орточо мөөнөттү бюджеттик негиздин бюджетинин кирешелерин эсептөө үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн алдын-ала болжолун берет.
Болжолдонгон мезгилге чейинки жылдын 10-мартынан кечиктирбестен экономикалык болжолдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан Орточо мөөнөттүү бюджеттик негизди түзүү үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн болжолу иштелип чыгат жана ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Болжолдонгон мезгилге чейинки жылдын 1-июнунан кечиктирбестен экономикалык болжолдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга республикалык бюджеттин долбоорун түзүү үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн такталган болжолу берилет.
3. Бюджеттин долбоорун түзүүнүн же кароонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн болжолун өзгөртүү Орточо мөөнөттүү бюджеттик негиздин негизги мүнөздөмөлөрүнүн өзгөрүүсүнө алып келет.
76-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик
резолюциясы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик резолюциясы кезектеги бюджеттик жылга чейинки жылдын 15-мартынан кечиктирилбестен кабыл алынат.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик резолюциясын кароо жана бекитүү мыйзам тарабынан корголгон мамлекеттик же башка сырды камтыган маселелерди кароодон тышкары ачык-айкын жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик резолюциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
19-глава Орточо мөөнөттүү бюджеттик негиз
77-берене. Жалпы жоболор
1. Орточо мөөнөттү бюджеттик негиз макрофискалдык негизден жана чыгымдардын стратегиясынан турат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) макрофискалдык негизди:
а) макроэкономикалык болжолду;
б) бюджеттин ресурстарын түзүү саясатын;
в) бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги багыттарын;
2) чыгымдардын стратегиясын:
а) мамлекеттик (муниципалдык) карызды башкаруу стратегиясын;
б) өнүктүрүү бюджети боюнча болжолду;
в) секторлор боюнча чыгашалардын түзүмүн жана пландарын;
г) алдыдагы бюджеттик жылга бюджеттик каражаттардын негизги башкы тескөөчүлөрү үчүн контролдук сандарды.
2. Орточо мөөнөттүү бюджеттик негизде бюджеттик көрсөткүчтөр жана учурдагы бюджеттик жылда жана кийинки үч жылдагы ресурстардын болгон жана болжолдуу көлөмдөрүнүн чегинде мамлекеттин ишинин стратегиялык артыкчылыктуу багыты, ошондой эле бюджеттик каражаттарды секторлор боюнча бөлүштүрүү чагылдырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Орточо мөөнөттүү бюджеттик негизди бекитүү жөнүндө чечими менен сот системасынан тышкары, республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр үчүн контролдук сандар бекитилет.
78-берене. Орточо мөөнөттүү бюджеттик негизди түзүү жана бекитүү
тартиби жана мөөнөттөрү
1. Орточо мөөнөттү бюджеттик негиз мамлекеттик стратегиялык программалардын, Инвестициялардын мамлекеттик программасынын жана республиканы жана аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн орточо мөөнөттү болжолунун негизинде мамлекеттик, тармактык, региондук программаларды, мурдагы үч жылдык мезгилде бюджеттин аткарылышын талдоону эсепке алуу менен иштелип чыгат.
2. Орточо мөөнөттүү бюджеттик негизди түзүү тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган Орточо мөөнөттүү бюджеттик негиздин долбоорун учурдагы жылдын 1-майынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берет.
4. Орточо мөөнөттүү бюджеттик негиз учурдагы жылдын 15-майынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилет жана учурдагы жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилет.
5. Орточо мөөнөттүү бюджеттик негиз салыктык жана бюджеттик саясат, экономикалык кырдаал өзгөргөн учурда жарым жылда бир жолу кайра каралат.
20-глава Бюджеттердин долбоорлорун түзүү
79-берене. Жалпы жоболор
1. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору кезектеги бюджеттик жылга түзүлөт жана бекитилет.
2. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
1) салыктык-бюджеттик саясаттын негизги багыттарынын жана бюджеттик программалар түрүндө көрсөтүлгөн Орточо мөөнөттүү бюджеттик негизде аныкталган артыкчылыктардын;
2) башкы тескөөчүлөрдүн чыгымдарынын сметаларынын долбоорлорунун, бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды жана кызматтарды) сатуудан түшкөн кирешелеринин жана чыгымдарынын жыйынды сметаларынын долбоорлорунун.
80-берене. Бюджеттик программалар
1. Бюджеттик программа мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларын, стратегиялык, орточо мөөнөттүү программаларды жана бюджеттик программанын алкагында республиканы же аймактарды өнүктүрүүнүн пландарын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган бюджеттик каражаттар менен камсыз кылынуучу иш чараларды конкреттештирүүчү программаларга бөлүнүшү мүмкүн.
2. Бюджеттик программанын аны ишке ашыруунун натыйжаларын чагылдырган максаты, иш-чаралары жана индикаторлору болушу керек.
Бюджеттик программанын максаты бюджеттик программаны аткарууда жетүү керек болгон белгилүү бир акыркы натыйжа болуп саналат. Бюджеттик программанын максаты так, айкын жана жеткиликтүү болууга тийиш.
Бюджеттик программалар бюджеттик программалардын максаттарына жетүү жолдорун көрсөтүп туруучу өзүнчө иш чараларга бөлүнөт.
3. Бюджеттик программаларды түзүү, кароо жана аткаруу тартиби ушул Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актысы менен аныкталат.
81-берене. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна баа берүү
1. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна баа берүү аларды иштеп чыгуу, бюджеттерди пландаштыруу, бюджеттик программаларды ишке ашыруу жана аларга мониторинг жүргүзүү стадияларында жүзөгө ашырылат.
2. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна баа берүү финансылык жана финансылык эмес индикаторлордун негизинде жүзөгө ашырылат. Индикаторлор тиешелүү бюджеттик программалардын максаттарына ылайык келүүгө жана айкын, жеткиликтүү жана ченемдүү болууга тийиш.
3. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна баа берүү мурдагы жана учурдагы жылдагы бюджеттик программалардын төмөнкүлөргө ылайык келишине талдоо жүргүзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.
1) тиешелүү болжолдуу жылга кабыл алынган стратегиялык, орточо мөөнөттү программаларга жана республиканы же аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүү пландарына;
2) бюджеттик программанын коюлган максаттарынын күтүлгөн натыйжаларына жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын кызыкчылыктарына жана керектөөлөрүнө;
3) каралган каражаттардын катышына, бюджеттик программанын иш чараларынын аткарылышына жана алардын натыйжаларына.
4. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна баа берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыгы бюджеттик программаларга кетүүчү чыгымдарды жогорулатуу, кыскартуу же ишке ашырууну токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
82-берене. Отчеттуулук жана натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө
мониторинг жүргүзүү
1. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугу көрсөткүчтөрүн аткаруу үчүн жоопкерчилик бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөргө жүктөлөт. Ар бир узак мөөнөттүү максаттуу программа боюнча туруктуу негизде анын ишке ашырылышынын натыйжалуулугуна баа берүү жүргүзүлүп турат.
2. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү боюнча отчеттуулук жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыктары боюнча бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга берилет.
83-берене. Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү тартиби жана
мөөнөттөрү
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоору ушул Кодекстин жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү бюджетти иштеп чыгуу тартибине жана календардык планына ылайык түзүлөт.
2. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган Орточо мөөнөттүү бюджеттик негиздин көрсөткүчтөрүнүн негизинде пландаштырылган жылга чейинки жылдын 31-майынан кечиктирбестен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен чыгымдарды жүзөгө ашыруучу бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөргө контролдук сандарды жеткирет.
3. Республикалык бюджеттин каражаттарын башкы тескөөчүлөр контролдук сандардын негизинде бюджеттик программалардын, чыгымдардын жыйынды сметаларынын, товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгымдардын жыйынды сметаларынын долбоорлорун түзөт жана аларды бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга пландаштырылган мезгилге чейинки жылдын 1-июлунан кечиктирбестен берет.
4. Республикалык бюджеттин каражаттарын башкы тескөөчүлөр бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга жыйынды сметалардын негизинде бюджеттик мекемелердин чыгымдарынын сметаларынын жана бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн кирешелеринин жана чыгымдардын сметаларынын долбоорлорун пландаштырылган мезгилге чейинки жылдын 10-июлунан кечиктирбестен берет.
5. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен контролдук сандардын сакталышын текшерет, бюджеттик программалардын, бюджеттик мекемелердин чыгымдарынын сметаларын, бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн кирешелеринин жана чыгымдарынын сметаларынын долбоорлорун карайт, зарыл болгондо тиешелүү коррективаларды киргизет жана республикалык бюджеттин долбоорун түзөт.
Контролдук сандарды сактоо боюнча пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлүүчү ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралат, жарамдуу четтеп кетүүлөрдүн чектеринде төрт проценттен ашык эмес.
6. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган республикалык бюджеттин долбоорун пландаштырылган мезгилге чейинки жылдын 15-сентябрынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жана жактыруусуна берет. Кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна төмөнкүлөр тиркелет:
1) ушул Кодексте белгиленген жана Бюджеттик классификацияга ылайык түзүм боюнча республикалык бюджеттин долбоору;
2) бюджеттин долбооруна түшүндүрмө кат:
3) республикалык бюджеттин негизги параметрлеринин (жыл башында жүгүртмө кассалык накталай акчанын көлөмү, кирешелердин жалпы көлөмү, чыгашалардын, профицитинин/дефицитинин жалпы көлөмдөрү) болжолу;
4) бюджеттер аралык трансферттерди бөлүштүрүү;
5) мамлекеттик ички жана тышкы зайым алуулар боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөө боюнча маалымат;
6) бюджеттик насыялар жана ссудалар жөнүндө маалымат;
7) секторлор боюнча программалык бюджет;
8) инвестициялык багыттарды чечмелөө менен өнүктүрүү бюджети тиркелет.
7. Республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине пландаштырылган мезгилге чейинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен берилет.
84-берене. Сот бийлигинин бюджетинин долбоорун түзүү тартиби жана
мөөнөттөрү
1. Сот бийлигинин бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзүлөт жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги менен макулдашуу боюнча республикалык бюджетке киргизилет жана анын курамдык бөлүгү болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын соттор кеңеши кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки пландаштырылган эки жылга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин (анын ичинде жергиликтүү соттордун бюджеттерин), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Соттордун окуу борборунун бюджеттеринин долбоорлорун карайт, аларды жалпылайт жана соттордун бюджетинин бирдиктүү долбоору катары кийинки финансылык жыл башталганга чейин 8 айдан кечиктирбестен макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберет. Пикир келишпестиктер болгондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү соттордун бюджетинин бирдиктүү долбоорун макулдашуу үчүн Атайын комиссияны түзөт. Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Атайын комиссиясынын өкүлдөрү кийинки финансылык жыл башталганга чейин 6 айдан кечиктирбестен макулдашуу жол-жобосун жүргүзүүгө жана аяктоого милдеттүү. Пикир келишпестиктер болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилүүгө тийиш республикалык бюджеттин долбооруна Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин сунуштарын өзгөртпөстөн киргизет жана өзүнүн корутундусун тиркейт.
3. Тиешелүү жылга бюджетти түзүүдө сот системасынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн көлөмү Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин макулдугу менен гана мурдагы жылга бекитилген көрсөткүчтөрдөн төмөн болушу мүмкүн.
85-берене. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүү тартиби
жана мөөнөттөрү
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин долбоорлору ушул Кодекстин талаптарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген бюджетти иштеп чыгуунун календардык планын жана аны берүүнүн форматын сактоо менен тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленүүчү жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүү тартибине жана мөөнөттөрүнө ылайык түзүлөт.
2. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган пландаштырылган бюджеттик жылга чейинки жылдын 31-майына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджетти иштеп чыгуунун календардык планын, бюджетти түзүү боюнча методикалык сунуштарды, жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн пландаштырылган ченемдерин, Орточо мөөнөттү бюджеттик негизге ылайык бюджеттер аралык трансферттердин өлчөмдөрү боюнча багыттарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирет.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин долбоорлору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан түзүлөт.
4. Тиешелүү жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга берилет.
5. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору пландаштырылган бюджеттик жылга чейинки жылдын 1-июлунан кечиктирбестен бюджетти пландаштыруу жана кароо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга берилет.
6. Жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн такталган ченемдери жана бюджеттер аралык трансферттердин өлчөмдөрү республикалык бюджет бекитилгенден кийин бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан региондук бөлүмдөргө жеткирилет, алар өз кезегинде аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирет.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн такталган ченемдерин алгандан кийин жергиликтүү бюджеттердин баштапкы долбоорлорун такташат.
21-глава Бюджеттерди кароо жана бекитүү
86-берене. Республикалык бюджетти кароо жана бекитүү
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин туруктуу комитеттери:
1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка борбордук органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик уюмдардын жетекчилеринин алардын бюджеттик программалары, сметалары боюнча баяндамаларын угат, алар тарабынан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан бюджет боюнча киргизилген сунуштарды жана пикирлерди карайт;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик комитетинин кароосуна республикалык бюджет боюнча өзү жетектеген багыт боюнча корутундуну берет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин туруктуу комитеттеринде бюджеттин долбоорун кароо республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилген учурдан тартып 20 календардык күндүн ичинде аяктоого тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик комитети:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин туруктуу комитеттеринин төрагаларынын республикалык бюджеттин долбоору боюнча киргизилген корутундулар боюнча баяндамаларын угат. Зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка борбордук органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик уюмдардын жетекчилери чакырылат;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна республикалык бюджет боюнча корутундуну берет.
Бюджеттин долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик комитетинде кароо республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилген учурдан тартып 30 календарлык күндүн ичинде аяктоого тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Фракциялары республикалык бюджеттин долбоорунун республиканы экономикалык өнүктүрүүнүн багыттарына шайкеш келиши жагынан карап чыгат.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген республикалык бюджеттин долбоорун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин туруктуу комитеттеринин жана фракцияларынын корутундуларын карайт жана кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө кабыл алат.
5. Комитеттер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик комитети жана фракциялары тарабынан республикалык бюджеттин чыгымдарын жогорулатуу же анын кирешелерин азайтуу жөнүндө чечим кабыл алынганда, аны менен бирге азайтылган кирешелерди же жогорулаган чыгымдарды жабуунун кошумча булактары боюнча сунуштар киргизилет.
87-берене. Жергиликтүү бюджеттерди кароо жана бекитүү
1. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору жергиликтүү кеңештердин бюджеттик комиссиялары тарабынан алдын ала каралат. Бюджеттик комиссиялар:
1) жергиликтүү мамлекеттик органдардын, ишканаларын жана мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилеринин баяндамаларын угат, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жана чыгымдарын өзгөртүүгө тиешелүү сунуштарды карайт;
2) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча корутундуларды жана сунуштарды түзөт жана жергиликтүү кеңештин кароосуна берет.
Бюджеттик комиссия тарабынан бюджеттин чыгымдарын жогорулатуу же анын кирешелерин азайтуу жөнүндө чечим кабыл алынганда, аны менен бирге азайтылган кирешелерди же жогорулатылган чыгымдарды жабуунун кошумча булактары боюнча сунуштар киргизилет.
2. Жергиликтүү кеңештер жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун, бюджеттик комиссиялардын корутундуларын карайт жана тиешелүү жылга жергиликтүү бюджеттерди республикалык бюджет бекитилгенден кийин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен бекитет.
3. Жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджеттер бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын региондук бөлүмдөрүнө берилет.
4. Бекитилген жергиликтүү бюджеттер мамлекеттик бюджетке киргизүү үчүн республикалык бюджет бекитилгенден кийин 45 календарлык күндүн ичинде бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга берилет.
88-берене. Бюджеттерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүүнүн жалпы шарттары
1. Бекитилген бюджетке салыштырганда чыгашаларды жүзөгө ашырууну жылдык беш жана андан ашык пайыздык багытка өзгөртүүгө алып келиши мүмкүн болуп, бул учурдагы бюджеттик жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары менен ырасталса, учурдагы жылдын бюджетине күтүлгөн түшүүлөр өскөн (төмөндөгөн) учурда бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү милдеттүү түрдө жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бюджеттин аткарылышына талдоо жүргүзүүнүн натыйжаларынын жана бюджеттик программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүүнүн негизинде бюджеттик айрым программаларды кайра кароонун зарылдыгы жөнүндө, айрым бюджеттик программалар боюнча бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө демилге көтөрөт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды укуктук жөнгө салуунун предмети болуп эсептелген бардык маселелер боюнча, анын ичинде республикалык бюджеттин негизги мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын деңгээлдеринин ортосундагы жөнгө салуучу кирешелерин, бюджеттер аралык трансферттерди бөлүштүрүү, ошондой эле республикалык бюджеттин чыгымдарын Бюджеттик классификациянын бөлүмдөрү боюнча бөлүштүрүү бөлүгүндө кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бекитилген жергиликтүү бюджеттерге жергиликтүү бюджеттин негизги мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимдердин долбоорун иштеп чыгат жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге берет.
3. Бюджет жөнүндө мыйзамга (чечимге) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын (чечимдин) долбоору мыйзам чыгаруучу (өкүлчүлүктүү) орган тарабынан кезексиз тартипте ал аталган органга киргизилген күндөн тартып бир айдын ичинде каралууга тийиш. Эгерде мыйзамдын долбоору (чечимдин долбоору) белгиленген мөөнөттө кабыл алынбаса, бюджетти аткаруучу органдар ушул маселе боюнча чечим кабыл алынганга чейин бир калыпта индексациялоону же бюджеттин чыгымдарын пропорционалдуу кыскартууну жүзөгө ашырууга укуктуу болот.
4. Бюджеттерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө тиешелүү бюджеттерди түзүүдө жана бекитүүдө ушул Кодекс тарабынан белгиленген талаптар сакталат.
5. Кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр, салыктарды киргизүү же жоюу жөнүндө, салыктарды төлөөдөн бошотуу, мамлекеттин финансылык милдеттенмелерин өзгөртүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды жогорулатууну же болбосо анын киреше бөлүгүн кыскартууну караган башка мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана кабыл алынат.
22-глава Бюджеттердин аткарылышы
89-берене. Бюджетти аткаруунун негиздери
1. Республикалык бюджетти жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу кассалык ыкманын негизинде жүзөгө ашырылат жана тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан камсыз кылынат.
2. Кезектеги бюджеттик жылга бюджет жөнүндө мыйзам (чечим) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чыгымдарды жүзөгө ашырууга жана милдеттенмелерди кабыл алууга ыйгарым укук берет.
3. Ушул Кодекстин 93-беренесинде каралгандан башка учурларда, бюджетти аткаруу процессинде жүргүзүлгөн чыгымдар бекитилген бюджеттердин чектеринде жүзөгө ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бардык деңгээлдеринин бюджеттерин аткаруу жыйынды бюджеттик жазманын негизинде ыйгарым укуктуу аткаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Жыйынды бюджеттик жазманы түзүүнүн, кароонун жана бекитүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5. Бюджеттик мекемелердин ишин күтүүгө кеткен чыгымдар бекитилген бюджеттик программалардын, бюджеттик милдеттенмелердин лимиттеринин негизинде жүзөгө ашырылат, аларды түзүүнүн, кароонун жана бекитүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6. Эгерде учурдагы жылдын акырына чейин кийинки жылга бюджеттердин долбоору бекитилбесе, бюджетти аткаруучу органдар ал бекитилгенге чейин өткөн бюджеттик жыл үчүн бекитилген бюджетте каралган чыгымдардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чектериндеги чыгымдарды ай сайын жүргүзүп турат.
90-берене. Бюджеттердин аткарылышын администрациялоо
1. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган бюджеттери боюнча каралган бардык кирешелердин түшүүсүн, бюджеттик каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу чыгымдалышын камсыз кылат.
Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган түшүүлөрдүн администраторлоруна алар тарабынан бюджетти камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү үчүн бюджеттик жазмага ылайык кирешелер боюнча пландык көрсөткүчтөрдү билдирет.
Түшүүлөрдүн администраторлору каражаттарды толук жана өз убагында жыйноону жана токтоосуз түрдө аларды Бирдиктүү казыналык эсепке которууну камсыз кылат.
2. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган республикалык бюджеттин аткарылышынын жүрүшүн контролдоп турат жана ай сайын талдоо жүргүзөт жана ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча анын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна маалымат берип турат, ошондой эле кирешелерди кыйла толук мобилизациялоо жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизип турат.
91-берене. Бирдиктүү казыналык эсеп
1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бардык деңгээлдеги бюджеттери бирдиктүү кассанын негизинде аткарылат, бул бюджеттин бардык түшө турган кирешелерин, активдер жана милдеттенмелер менен операциялардан түшүүлөрдү Бирдиктүү казыналык эсепке чегерүүнү жана бардык чыгымдарды Бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу жүзөгө ашырууну карайт, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жүзөгө ашырылган республикалык бюджетти аткаруу боюнча операциялар кирбейт.
2. Бирдиктүү казыналык эсеп бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын борборлоштурулган банктык эсебин билдирет, ага республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин акчалай каражаттары топтолот, ошондой эле мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин кассалык аткаруу боюнча операциялары чагылдырылат. Бирдиктүү казыналык эсеп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылат.
Бирдиктүү казыналык эсепти түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдар боюнча төлөмдөрүн тиешелүү бюджеттин Бирдиктүү казыналык эсептеги акчалай каражаттарынын калдыгынын чектеринде төлөмдөрдү жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.
Бирдиктүү казыналык эсепке чегерилүүгө тийиш болгон акчалай каражаттарды которуу боюнча төлөөчүлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча операциялар мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктар тарабынан жүргүзүлөт.
Бирдиктүү казыналык эсептен акчалай каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча операциялар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан мыйзамдуу тартипте белгиленген бүткүл операциялык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
4. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен өз ара аракеттенүүсү автоматташтырылган система аркылуу жүзөгө ашырылат, бул система бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын эсептери боюнча маалыматтарды электрондук алмашууну камсыз кылат.
92-берене. Бюджеттердин аткарылышын кассалык тейлөө
1. Бюджетти кассалык аткаруу казыналык жол-жоболорду колдонуунун негизинде жүзөгө ашырылат, ал бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан акысыз негизде ыйгарым укуктуу аткаруу органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Бюджеттин кассалык аткарылышын эсепке алуу жана контролдоо автоматташтырылган системада жүзөгө ашырылат.
Автоматташтырылган система республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын генерациялоону, иштеп чыгууну, берүүнү, кабыл алууну, кассалык тейлөө боюнча маалыматтарды сактоону камсыз кылуучу, ошондой эле бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын бюджеттик процесстин башка катышуучулары менен алардын пландаштыруу, эсепке алуу жана контролдоо функцияларын аткарышы үчүн өз ара аракетин кароочу программалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттардын, методдордун жана жол-жоболордун комплексин билдирет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешелер жана чыгымдар боюнча операцияларын эсепке алуу реалдуу убакыт режиминдеги автоматташтырылган системада жүргүзүлөт.
Автоматташтырылган система республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди кассалык аткаруу процессинде бюджеттик процесстин катышуучуларынын ортосунда, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен, маалыматтарды документтердин электрондук формаларын жана электрондук санарип кол тамгасын колдонуу менен алмашууну карайт.
Автоматташтырылган системада сакталган маалыматтар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө расмий маалымат берүү боюнча бирден-бир так булак болуп эсептелет.
3. Бюджеттерди аткарууну кассалык тейлөөдө:
1) бюджеттердин каражаттары боюнча операцияларды эсепке алуу Бирдиктүү казыналык эсепте жүзөгө ашырылат;
2) Бирдиктүү казыналык эсептеги каражаттарды башкаруу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат;
3) бюджеттен кассалык чыгымдар бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте берилген төлөм документтеринин негизинде алардын берилишинин кезектүүлүгү тартибинде жана тиешелүү бюджеттин каражаттарынын Бирдиктүү казыналык эсепте калган иш жүзүндөгү калдыгынын чектеринде жүзөгө ашырылат;
4) бюджетке кассалык түшүүлөр жана бирдиктүү казыналык эсептеги бюджеттен кассалык чыгымдар боюнча бардык операциялар Эсептердин бирдиктүү планына ылайык жүргүзүлөт жана эсепке алынат;
5) бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына тиешелүү бюджеттерди аткаруу боюнча кассалык операциялар жөнүндө маалымат берип турат;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин бардык кирешелери Бирдиктүү казыналык эсепке милдеттүү жана токтоосуз түрдө чегерилүүгө тийиш;
7) бюджеттик мекемелердин чыгымдарын жабуу жана аларды иш жүзүндө аткаруу үчүн жоопкерчилик боюнча ыйгарым укуктар ушул Кодекстин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган эрежелер боюнча аныкталат;
8) эл аралык макулдашууларда каралган жана узак мөөнөттү сатып алуулар боюнча милдеттенмелерден башка учурларда, бюджеттик милдеттенмелердин лимиттеринен ашып кеткен финансылык милдеттенмелерди аткарууга жол берилбейт. Сатып алуулар боюнча узак мөөнөттүү милдеттенмелерди аткаруу учурунда тиешелүү бюджеттик жылдын бюджетинин долбоорунда бюджеттик мекемелер үчүн аларды тындырууга зарыл болгон каражаттар каралат:
9) бюджеттик милдеттенмелердин лимиттери жана учурдагы бюджеттик жылдын кассалык планында бекитилген каражаттарды чыгымдоонун чектелген көлөмдөрү 31-декабрда колдонулушун токтотот;
10) бюджетти аткаруу үчүн пайдаланылган эсептер 31-декабрда жабылууга тийиш;
11) учурдагы бюджеттик жылдын акыркы жумуш күнүнө чейин бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган Бирдиктүү казыналык эсептеги тиешелүү бюджеттин каражаттарынын калдыгынын чектеринде белгиленген тартипте төлөнүүгө карата санкция берилген бюджеттик милдеттенмелерди төлөп берүүгө милдеттүү;
12) бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан пайдаланылбай калган Бирдиктүү казыналык эсептен тышкары турган бюджеттик каражаттардын калдыктары бюджеттик жылдын акыркы эки жумуш күнүнө чейин бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан тиешелүү бюджеттердин эсептерине чегерилүүгө тийиш;
13) максаттуу багыты бар, тиешелүү бюджеттин кирешесине чегерилбеген бюджеттер аралык трансферттердин каражаттарынын пайдаланылбаган калдыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана жалпы талаптарды сактоо менен алар берилген бюджеттин кирешелерине алынып коюлууга тийиш;
14) бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн кирешелери боюнча бюджеттик каражаттардын алуучулар пайдаланылбаган калдыктары жыл башындагы калдык катары кийинки бюджеттик жылга которулат;
15) аяктаган бюджеттик жылдагы кабыл алынган бюджеттик милдеттенмелер боюнча операциялар аяктагандан кийин тиешелүү бюджеттин Бирдиктүү казыналык эсептеги каражаттарынын калдыгы жыл башындагы калдык катары кийинки бюджеттик жылдын бюджеттин кирешелеринде эсепке алынат.
93-берене. Бюджетти аткаруу процесси
1. Бюджеттерди аткаруу процесси бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан тиешелүү түрдө эки этапта ишке ашырылат:
1) бюджетти аткаруунун ай сайын жүргүзүлүүчү сценарийин түзүү:
2) бюджетти кассалык аткаруу.
2. Бюджетти аткаруунун ай сайын жүргүзүлүүчү сценарийи айларга бөлүү менен бюджеттик жылга түзүлөт жана бюджетти кассалык аткаруу үчүн негиз болуп эсептелет. Бюджетти аткаруунун ай сайын жүргүзүлүүчү сценарийине ресурстук базаны жана боло турган чыгымдарды эсепке алуу менен оңдоо киргизилүүгө тийиш.
3. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган кассалык планды түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин, ошондой эле бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү, түшүүлөрдүн башкы администраторлору тарабынан кассалык планды түзүү жана жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтардын курамын жана берүүнүн мөөнөттөрүн белгилейт.
Бюджетке кассалык түшүүлөрдүн болжолу жана бюджеттик жылда бюджеттен кассалык төлөөлөр кассалык план деп түшүнүлөт. Кассалык планды түзүү жана жүргүзүү тиешелүү түрдө бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кассалык план айлык кассалык пландарга бөлүү менен бюджеттик жылга түзүлөт. Кассалык пландар түшүүлөрдүн башкы администраторлору жана бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү тарабынан түзүлөт жана бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жыйынды кассалык планды түзүү үчүн берилет. Айлык кассалык пландарга иш жүзүндөгү кассалык түшүүлөргө ылайык оңдоо киргизилүүгө тийиш.
Бюджеттик мекемелердин кассалык чыгымдары бюджеттик милдеттенмелердин бекитилген лимиттерине ылайык жана кабыл алынган жана аткарылбаган бюджеттик милдеттенмелерди эсепке алуу менен бекитилген кассалык пландын чектеринде жүзөгө ашырылат.
94-берене. Бюджеттерди аткаруу процессинде бюджеттерге оңдоо
киргизүү
1. Бюджеттерди аткаруу процессинде республикалык бюджеттин каражаттарынын башкы тескөөчүсү жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын тескөөчүсү бир кварталдын ичинде үч жолудан көп эмес, эгерде ушул өзгөрүүлөр чыгымдардын бекитилген сметаларын өзгөртүүгө алып келбесе, чыгымдардын сметасында каралган каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу болот.
2. Бюджеттерди аткарууда кирешелердин иш жүзүндө алынган суммасынын бекитилген кирешелердин кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралган жылдык көлөмүнөн беш пайыздан ашпаган өлчөмдө ашкан суммалары бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан кезектеги бюджеттик жылга бюджет жөнүндө мыйзамга (чечимге) өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизбестен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервине жиберилет.
95-берене. Кассалык чектөөлөр
1. Бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу боюнча кассалык төлөмдөрдүн көлөмдөрүн кассалык чектөөлөр бюджеттин чыгымдары түшкөн кирешелердин көлөмүнөн убактылуу жогору болгон учурда киргизилет. Кассалык чектөөлөр бюджеттик жылдын чектеринде киргизилет. Кассалык чектөөлөрдү киргизүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
Кассалык чектөөлөрдүн режимин киргизүү бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерин өзгөртпөйт.
2. Республикалык бюджеттин башкы тескөөчүлөрү үчүн кассалык чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт. Республикалык бюджеттин каражаттарын тескөөчүлөр менен алуучуларынын ортосундагы кассалык чектөөлөрдү бөлүштүрүүнү республикалык бюджеттин каражаттарын башкы тескөөчү бекитет.
3. Кассалык чектөөлөр бюджеттик каражаттардын тескөөчүлөрүнө жана алуучуларына бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан алардын колдонулуш мезгили башталганга чейин беш күн калгандан кечиктирбестен билдирилет.
4. Жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын алуучулар боюнча кассалык чектөөлөрдү бөлүштүрүүнүн долбоорлору жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын тескөөчү тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу боюнча төлөмдөрдүн көлөмүн убактылуу чектөө жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып он күндүн ичинде берилет. Жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын тескөөчүлөр тарабынан белгиленген мөөнөттө кассалык чектөөнү бөлүштүрүүнүн долбоорлору берилбеген учурда анын карамагында турган бюджеттик каражаттарды бардык алуучуларга кассалык чектөөлөрдүн нөлдүк мааниси белгиленет.
5. Бюджеттик каражаттарды бардык тескөөчүлөр жана алуучулар боюнча кассалык чектөөлөрдүн жыйынды реестри бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга берилет.
96-берене. Чыгымдардын секвестри
1. Секвестрди киргизүү жөнүндө чечим бюджеттин иш жүзүндө аткарылышына жана бюджеттик жылдын акырына чейин кирешелердин аткарылышына күтүлгөн баа берүүгө талдоо жүргүзүүнүн негизинде бюджеттик жылдын ичинде кабыл алынат.
2. Алардын бекитилген жылдык көлөмүнүн 5 пайызынан аз суммага чыгымдардын секвестри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын чечими боюнча республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын (жергиликтүү бюджет жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чечиминин) негизинде 5 жана андан ашык пайыздагы суммада жүзөгө ашырылат.
3. Секвестрленүүгө тийиш болгон беренелердин тизмеси, ошондой эле кыскартуунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бирдиктүү ченем боюнча белгиленет.
4. Кезектеги бюджеттик жылга бюджет жөнүндө мыйзам (чечим) тарабынан секвестрге жатпай турган артыкчылыктуу бюджеттик программалардын тизмеси аныкталат.
5. Учурдагы финансылык жылда Кыргыз Республикасынын сот системасын каржылоого мыйзамда каралган учурдагы бюджеттик каражаттарды секвестрлөөгө Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.
97-берене. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзүү, кароо жана
бекитүү
1. Бюджеттик каражаттарды алуучулардын бардыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кирешелер жана чыгымдар боюнча жылдык отчетторду даярдайт.
2. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун курамында республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзөт жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту карайт жана отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-апрелинен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берет.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту карайт жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен бекитет.
5. Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчеттор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу органдары тарабынан түзүлөт жана тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет. Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө бекитилген отчеттор отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирилбестен бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга берилет.
6. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет бюджеттин кирешелер, чыгымдар жана активдер боюнча операциялар боюнча жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
23-глава Бюджеттик процесстин ачык-айкындыгы
98-берене. Бюджеттик маалыматты жарыялоо
1. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жыл сайын төмөнкүлөрдү жарыялап турууга милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими менен жактырылгандан кийин бюджеттик резолюцияны;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилгенден кийин Орточо мөөнөттү бюджеттик негизди;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жактырылгандан кийин кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджеттин долбоорун;
- Жарандык бюджетти;
- жашырындуулуктун, мамлекеттик жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырды сактоонун режимин камсыз кылууну эске алуу менен бюджеттин аткарылышынын ар бир айлык натыйжаларын.
2. Кезектеги бюджеттик жылга бюджет жөнүндө мыйзам (чечим) жана отчетук жылдагы бюджеттердин аткарылышы жөнүндө бекитилген жылдык отчеттор жалпыга маалымдоо каражаттарында жана бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын учурдагы абалы жөнүндө маалыматтар ачык болуп саналат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын басылмаларында жыл сайын жарыяланууга тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тарабынан бекитилген республикалык бюджеттин аткарылышынын аудити жөнүндө отчету "Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы тарабынан жарыяланат.
99-берене. Жарандык бюджет
1. Жарандык бюджет жарандык коомдун уюмдары менен бирдикте бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
2. Жарандык бюджет төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген бюджеттин долбоорунун;
- бекитилген бюджеттин;
- бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун.
3. Жарандык кодексти жарыялоо үч этап менен жүзөгө ашырылат.
1) Биринчи этабында Жарандык бюджет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жана бекитүүсүнө киргизилгенден кийин 15 календарлык күндүн ичинде жарыяланат.
2) Экинчи этабында Жарандык бюджет мыйзамда белгиленген тартипте бюджет бекитилгенден кийин 30 календарлык күндүн ичинде жарыяланат.
3) Үчүнчү этабында Жарандык бюджет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет бекитилгенден кийин 30 календарлык күндүн ичинде жарыяланат.
Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда Жарандык бюджет колдонууга киргизилгенден кийин бир айдын ичинде жарыяланат.
100-берене. Бюджеттик угуулар
1. Мамлекеттик же мыйзам тарабынан корголгон башка сырды камтыган маселелерди кароодон башка, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди ыйгарым укуктуу органдар тарабынан кароо жана бекитүү ачык-айкын жүргүзүлөт.
2. Маалымдуулукту жана ачыктыкты камсыз кылуу максатында республикалык бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү кеңештер бюджеттер бекитилгенге чейин бардык таламдаш тараптарды тартуу менен бюджеттик угууларды жүргүзүүгө милдеттүү.
24-глава Эсепке алуу жана отчеттуулук
101-берене. Эсепке алуу жана отчеттуулук
1. Бухгалтердик эсеп Мамлекеттик финансы статистикасынын стандарттарына ылайык келген, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясынын негизинде иштелип чыккан Эсептердин бирдиктүү планына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясы жана мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары үчүн Эсептердин бирдиктүү планы мыйзамдарда бекитилген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
3. Бухгалтердик эсептин бирдиктүү методологиясы жана стандарттары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
4. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (бюджеттик каражаттарды алуучулар) финансылык отчеттуулукту түзүүдө бухгалтердик эсептин бирдиктүү методологиясын жана стандарттарын сактоо менен ведомстволук (ички) актыларды колдонот.
5. Мамлекеттик же мыйзам тарабынан корголгон башка сырды камтыган маалыматты кошпогондо, мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө финансылык отчетту мамлекеттик башкаруу органдарына берүү маалымдуулуктун жана ачыктыктын негизинде жүзөгө ашырылат.
25-глава мамлекеттик ички финансылык контролдоо жана аудит
102-берене. Мамлекеттик ички контролдоо
1. Мамлекеттик ички контролдоо - башкаруучулук, финансылык жана башка контролдоочу иш-чаралардын системасы, ага уюштуруу түзүмү, методдор, жол-жоболор жана мамлекеттик башкаруу секторунда ички аудит кирет.
2. Ар бир бюджеттик мекеме ички контролдоонун өзүнө ылайык системасын иштеп чыгат, ал анын талаптарына жана өзгөчөлүгүнө жооп берет.
3. Ички контролдоонун максаты төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) маалыматтын ишенимдүүлүгүн жана тууралыгын камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, тиешелүү бюджеттик мекеменин ички эрежелерин, пландарын жол-жоболорун сактоо;
3) активдердин бүтүндүгүн жана сакталышын камсыздоо.
4. Ички контролдоо системасынын принциптери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) мыйзамдуулук;
2) ачыктык;
3) үнөмдүүлүк;
4) эффективдүүлүк;
5) натыйжалуулук.
103-берене. Мамлекеттик финансылык башкаруу жана контролдоо
системасы
1. Финансылык башкаруу жана контролдоо бюджеттик мекеменин ишинде камтылган, анын жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан ишке ашырылган бардыгын камтып турган процесс болуп саналат.
2. Финансылык башкаруу жана контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
3. Финансылык башкаруу жана контролдоо бардык бюджеттик чыгашалык милдеттенмелерди, түшүүлөрдү, тендердик жол-жоболорду, контракттарды түзүүнү жана мыйзамсыз төлөнгөн суммаларды кайтарууну өзүнө камтыйт.
4. Финансылык башкаруу жана контролдоо ички жана тышкы аудит тарабынан текшерилүүгө тийиш. Бюджетти түзүүнүн жана аткаруунун тышкы аудити Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан, ички аудит - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички аудит кызматтары тарабынан жүзөгө ашырылат.
104-берене. Мамлекеттик ички аудит
1. Мамлекеттик ички аудит - бюджеттик мекеменин ичинде аткарыла турга көз карандысыз жана калыс функция, ал ички контролдоо системасынын адекваттуулугуна жана натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүнү, баа берүүнү жана мониторинг жүргүзүүнү, финансылык жана башкаруучулук маалыматтын ишенимдүүлүгүн жана тууралыгын, иштин жана башкаруунун натыйжалуулугун, үнөмдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн, активдердин сакталышын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын өзүнө камтыйт.
Ички аудит бюджеттик мекеменин жетекчилигине бухгалтердик эсеп, бюджеттик, оперативдүү отчеттуулук жана ички контролдоо системасынын сапаты жаатында ички булактардан алынган маалыматты берип турат.
2. Ички аудит өзүнүн ички аудит кызматтары тарабынан камсыз кылынат.
Ички аудиторлор Кыргыз Республикасынын ички аудит боюнча мыйзамдарын сактоо менен аудит жүргүзүшөт.
3. Ички аудит кызматынын иши уюштуруучулук жана функциялык жагынан башка түзүмдүк бөлүмдөргө жана бюджеттик мекеменин оперативдүү иш чараларына көз каранды болбоого жана башкаруу ишине тартылбоого тийиш. Ички аудитор аудит өткөрүү үчүн зарыл болгон документтерди алууга жана текшерүүгө укуктуу. Ички аудитор бюджеттик мекеменин бардык кызматкеринен тикелей маалымат жана түшүндүрмө алууга укуктуу.
4. Ички аудиттин стратегиясын аныктоо жана методологиясын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Ички аудит боюнча кеңеш түзүлөт. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган Ички аудит боюнча келишим секретариатынын функцияларын аткарат жана мамлекеттик ички контролдоону ишке ашыруу жана бюджеттик мекемелердин ички аудит кызматтарынын абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жыл сайын отчет берет. Ички аудит боюнча кеңеш консультациялык-кеңешүүчү орган болуп эсептелет.
5. Ички аудиторлорду бошотуу Ички аудит боюнча Кеңештин сунушу менен жүзөгө ашырылат.
105-берене. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын финансылык тартипти бузгандыгы үчүн
жоопкерчилиги
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү бюджеттин шайкеш эместигине байланыштуу келип чыккан милдеттенмелери боюнча өз алдынча жооп беришет.
2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды чыгымдоого жооптуу кызмат адамдары финансылык тартипти бузгандыгы жана бюджетти аткарууга байланыштуу милдеттерди аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексинде белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
3. Финансылык тартипти бузуу фактылары аныкталганда бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аталган бузууларга жол берген мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдарын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет.
106-берене. Финансылык башкаруу жана контролдоо боюнча жетекчинин
жоопкерчилиги
Финансылык башкаруу жана контролдоо чөйрөсүндөгү бюджеттик мекеменин жетекчиси төмөнкүлөргө жооптуу:
1) уюмдун максаттарын аныктоого, стратегиялык пландарды, коюлган максаттарга жетишүү үчүн пландарды, бюджеттик пландоону иштеп чыгууга, финансылык пландарды аткарууга жана контролдоого, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулукка; ашыкча чыгымдоодон, жетпей калуулардан, уурдоодон, кыянаттык менен пайдалануудан жана алдамчылыктан активдерди сактоону камсыз кылууга, коррупцияга каршы жол-жоболорду киргизүүгө;
2) тобокелчиликтерди аныктоого, баалоого жана башкарууга;
3) өзүнүн милдеттерин эффективдүү аткаруу үчүн, тийиштүү уюштуруучулук структураны түзүүгө;
4) чечимдерди кабыл алуу үчүн жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө, контролдоого жана аткарууга;
5) колдонуудагы мыйзамдарга ылайык ички аудит функцияларын камсыз кылууга;
6) финансылык башкаруу жана контролдоо системаларын мониторингдөөгө жана жаңыртууга, ички аудиттин сунуштарына ылайык системаларды жакшыртуу үчүн чараларды кабыл алууга;
7) ички аудит кызматы аркылуу финансылык башкаруунун жана контролдоонун адекваттуу жана эффективдүү системаларын түзүүгө жана иштетүүгө.
107-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан
финансылык тартиптин сакталышына мониторинг жүргүзүү
1. Бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган бюджеттик системанын деңгээлдеринин ортосундагы жалпы мамлекеттик кирешелерди туура бөлүштүрүүнүн, трансферттердин туура чегерилишинин жана максаттуу пайдаланылышынын тууралыгына мониторингди жүзөгө ашырат.
2. Жалпы мамлекеттик кирешелерди чегерүүнүн өлчөмдөрү жана тартиби бузулганда, трансферттер максатсыз пайдаланылганда бюджетти пландаштыруу жана аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө региондордун аймагында жүзөгө ашырылып жаткан айрым жалпы мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды каржылоону, бюджеттер аралык трансферттердин бардык түрлөрүн берүүнү токтото туруу жөнүндө сунуш киргизет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Туруктуулук жана татыктуу жашоо" Программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралардын планынын 113-пунктун аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын ушул Бюджеттик кодекси даярдалды.
Ушул долбоорду жазуунун өбөлгөлөрү
Бийликтин бардык бутактарынын алдында турган негизги милдет кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык жана социалдык реформаларды камсыз кылуу болуп саналат.
Өлкөнү мындан ары социалдык жана экономикалык өнүктүрүү үчүн бюджеттик чөйрөнү тезинен реформалоо талап кылынат. Бюджеттик саясаттын алдында турган биринчи кезектеги милдеттердин ичинде мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, бюджеттер аралык мамилелер системасын өркүндөтүү милдети турат. Ушуга байланыштуу жана мамлекеттик бюджет экономикага таасир тийгизүүнүн негизги шайманы болуп эсептелерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги азыркы мезгилде бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүүгө көңүл буруп жатат.
Азыркы мезгилде, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын негизи "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 11 Мыйзамы болуп саналат, ал 1994-жылы кабыл алынган жана күчүн жоготкон Мыйзамдын ордуна кабыл алынган. 1999-2012-жылдардагы мезгилдин ичинде аталган Мыйзамга олуттуу сандагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, ушунун натыйжасында Мыйзамдын тексти олуттуу өзгөргөн 7 берене гана (58 берененин ичинен) өзгөртүлбөй калган.
Бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор системасыз киргизилген, ушундан улам бюджеттик мыйзамдарды реформалоонун башталышы ушул күнгө чейин калтырылып келген.
Ушуга байланыштуу, бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, аны дүйнөлүк стандарттарга жакындатуу жана бюджеттик процесстеги прогрессивдүү жаңылыктарга адаптациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоору иштелип чыкты.
Жалпы стратегия
Бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүүнүн жалпы стратегиясы - натыйжалуу ачык бюджеттик системаны куруу, аны экономикалык өсүшкө түрткү берүүгө, бюджеттик чыгашалардын натыйжалуулугуна жана мамлекеттин өз функцияларын натыйжалуу ишке ашырышына багыттоо болуп саналат.
Бюджеттик кодекстин долбоорунун максаттары
Долбоордун максаты бюджетти даярдоонун жана аткаруунун так жол-жоболорун белгилөө, бюджеттик негизги принциптерди бекемдөө, бюджеттер ортосундагы өз ара мамилелерди, ошондой эле ар кандай мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетти калыптандыруу, бекитүү жана аткаруу процессиндеги ролун аныктоо болуп эсептелет, мунун өзү келип чыга турган карама-каршылыктарды жана ар кандай түшүнүктөрдү четтетүүгө, бюджеттик мамилелерди, анын ичинде бюджеттер аралык мамилелер системасын толук кандуу түзүүгө, финансылык агымдарды өнүктүрүү максаттарына багыттоого жана бюджеттин каражаттарын натыйжалуу чыгымдоону жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.
Долбоор:
- бюджеттик процесстин ачыктыгын камсыз кылууга;
- бюджеттик системанын негизги принциптерин, бюджеттик процессте пайдаланылган аныктамаларды жана терминдерди бекемдөөгө;
- бюджеттик пландаштыруунун эң негизги принциптерин жайылтууга;
- бюджеттерди калыптандыруунун жана аткаруунун жол-жоболорун так регламенттештирүүгө;
- орточо мөөнөттүү бюджеттик негиздин ролун жана статусун, анын бюджетти калыптандыруу процессине интеграцияланышын аныктоого;
- бюджеттер аралык мамилелердин жөнгө салуучу шаймандары ачык болгон натыйжалуу системасын курууга;
- бюджеттик процесске катышуучулардын ролдорун жана ыйгарым укуктарын чектөөгө жана жоопкерчилигин бекемдөөгө;
- бюджеттердин ортосундагы чыгашалык милдеттенмелерди чектөөгө;
- региондорду ырааттуулук менен өнүктүрүүгө;
- өнүктүрүү максаттарына багыт алган Өнүктүрүү бюджетин аныктоого багытталган.
Долбоордун структурасы:
Сунуш кылынып жаткан долбоор 8 бөлүмдөн, 25 главадан жана 109 беренеден турат.
- I бөлүм. Жалпы жоболор
- II бөлүм. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик процессти жөнгө салуу жагындагы компетенциясы
- III бөлүм. Бюджеттик система
- IV бөлүм. Бюджеттин структурасы
- V бөлүм. Мамлекеттик жана муниципалдык карыз
- VI бөлүм. Бюджеттер аралык мамилелер
- VII бөлүм. Өнүктүрүү бюджети
- VIII бөлүм. Бюджеттик процесс
Ушул структураны киргизүү бюджеттик процесстин бир тектүү укуктук ченемдерин жөнгө салуучу системаны тартипке салуунун жана бирдиктүү логикалык жагынан өз ара байланышта болгон бирдиктүү системага келтирүүнүн зарылдыгы менен шартталган.
I бөлүм. Жалпы жоболор
Аталган бөлүм Бюджеттик кодекстин максатын жана колдонулуш чөйрөсүн, негизги түшүнүктөрүн жана принциптерин, ошондой эле Бюджеттик кодекс тарабынан жөнгө салынуучу мамилелерди камтып турат.
Колдонуудагы мыйзамдарда республикалык бюджетке тиешеси бар мыйзамдардын, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун алдын ала Финансы министрлиги менен макулдашуунун зарылдыгы айтылса да, акыркы жылдарда чечимдерди Финансы министринин пикирин эске албастан эле кабыл алуунун практикасы орун алып келди.
Ушуга байланыштуу Бюджеттик кодекстин долбооруна бюджетке жана мамлекеттик финансыларга тиешеси бар маселелер чагылдырылган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен милдеттүү түрдө макулдашууну караган ченем киргизилген. Бюджеттин туруктуулугун жана алдын ала айтууга боло тургандыгын камсыз кылуу максатында тиешелүү мезгилге белгиленген бюджетке өзгөртүү киргизүүгө алып келе турган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуунун мөөнөттөрүнө чектөөлөр киргизилди.
Колдонулуп жаткан "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамда белгилүү бир беренелердеги айрым түшүнүктөрдөн башка, негизги түшүнүктөр боюнча бөлүм жок.
Кодекстин долбоорунда бюджеттик процессте пайдаланыла турган: бюджет, бюджеттик каражаттар, бюджеттик мекемелер, мамлекеттик инвестициялар, бюджеттер аралык мамилелер ж.б. сыяктуу негизги түшүнүктөрдүн тизмеси берилген жана тиешелүү түшүнүктөр жана терминдер такталган. Так, мыйзам тарабынан белгиленген аныктамаларды киргизүү бюджетти калыптандыруу жана аткаруу процессинде келип чыккан карама-каршылыктарды жана ар кандай түшүнүктөрдү четтетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, колдонуудагы Мыйзамда бюджетти калыптандыруунун жана аткаруунун негизинде жаткан принциптерди белгилеп коюу жок.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасы негизделе турган негизги принциптер белгиленген берене киргизилген. Алар: бирдиктүүлүк, толуктук, айкындык, транспаренттүүлүк/маалымдуулук, ырааттуулук, өз алдынчалуулук, шайкештүүлүк жана натыйжалуулук принциптери болуп саналат.
Тиешелүү беренени киргизүү бюджеттик мамилелерди толук кандуу камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Жогоруда аталган принциптерди ырааттуу жана толук ишке ашыруу бюджеттик саясатты иштеп чыгууга карата кыйла кылдат жана таразаланган мамиле жасоого, тиешелүү бюджеттик процесстерге кыйла так жана укуктук ой жүгүртүүгө, өлкөнүн бюджеттик системасынын ар кандай деңгээлдеринде бюджеттик каражаттарды калыптандыруунун жана чыгымдоонун бюджеттик механизмин кыйла негиздүү өзгөртүүгө алып келет.
II бөлүм. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик процессти жөнгө салуу жагындагы компетенциясы
Долбоорго бюджеттик процесске катышуучулардын тизмесин жана алардын компетенциясын аныктай турган берене киргизилген.
Бюджеттик процесстеги ыйгарым укуктарды сунуш кылынып жаткан бөлүштүрүү өкүлчүлүктүү органдар менен аткаруу бийлигинин органдарынын ортосундагы компетенцияларды чектөө принцибине негизделген, мунун өзү алардын ар биринин бюджеттик процесстеги жоопкерчилик даражасын тактоого мүмкүнчүлүк берет. Ушул принципке ылайык бюджеттерди түзүү жана аткаруу бийлигинин органдарынын функцияларына, ал эми бюджеттерди кароо, бекитүү жана аткарылышына контролдук жүргүзүү өкүлчүлүктүү бийлик органдарынын функцияларына таандык кылынат.
Аталган ченемди киргизүүдөгү маанилүү учур мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарды же экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүүнүн программасын (планын) иштеп чыгуу жана аткаруу үчүн жоопкерчилигин мыйзам тарабынан бекитип берүү болуп саналат, мунун өзү башкаруунун ар бир деңгээлинде чечимдерди кабыл алуунун ырааттуулугуна жана тиешелүү түрдө арымдуу экономикалык өнүгүүгө жетишүүгө кызмат кылат.
III бөлүм. Бюджеттик система
Ушул бөлүмдө КР бюджеттик системасынын жалпы жоболору жана структурасы баяндалат, бюджеттик классификацияга так баяндама берилет, КР бюджеттик классификациясынын курамы такталат. Атап айтканда, бюджеттик классификация кирешелердин классификациясын, чыгашалардын экономикалык классификациясын, активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясын, ведомстволук классификацияны жана чыгашалардын программалык классификациясын камтып турары аныкталган.
Аталган бөлүмдө Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин түрлөрү боюнча: биригип келип, мамлекеттик бюджетти түзө турган республикалык бюджет жана жергиликтүү бюджеттер боюнча түшүнүктөр берилген.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун аталган главасында өзгөчө мамлекеттик бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду калыптандыруунун жана аткаруунун түшүнүктөрү жана ченемдери такталган.
IV бөлүм. Бюджеттин структурасы
Мыйзам долбоорунун ушул бөлүмүндө бюджеттин структурасы, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн калыптандыруунун эрежелери, ошондой эле бюджеттин шайкештүүлүгү жана дефицитти жабуу булактары аныкталган.
Бюджетти калыптандыруу, аткаруу жана аткарылышына контролдук жүргүзүү процессине айкындык берүү, ошондой эле бюджеттик системанын бирдиктүүлүк принцибин ишке ашыруу максатында мыйзамдын долбооруна бюджеттин структурасын аныктай турган ченем: кирешелер, чыгашалар, финансылык эмес активдер менен операциялар, бюджеттин дефицити/профицити, дефицитти/профицитти финансылоо (пайдалануу) боюнча операциялар киргизилген. Бюджеттин сунуш кылынып жаткан структурасы Мамлекеттик финансылар статистикасынын (СГФ 2001) талаптарына туура келет.
Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттардан түшкөн кирешелерин калыптандыруу маселелеринин мыйзамдардагы анык эместигине жана карама-каршылыгына байланыштуу Кодекстин долбооруна атайын каражаттар системасын тартипке салуу жана бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында "Бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатып өткөрүүдөн түшкөн кирешелери" деген берене киргизилет. Аталган беренеде бюджеттик мекемелердин товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатып өткөрүүдөн түшкөн кирешелеринин курамы, ошондой эле ушул тизмеге киргизилиши мүмкүн болбогон кирешелер такталат.
"Бюджеттин чыгашалары" деген беренеде бюджеттин чыгашаларынын курамы, чыгашаларды калыптандыруунун негизги принциптери такталган, агымдагы жана капиталдык чыгашалардын түшүнүгү алардын экономикалык мазмунуна ылайык киргизилген. Капиталдык чыгашалардын курамында өнүктүрүү бюджети каралган, анын так баяндамасы "Өнүктүрүү бюджети" деген мыйзам долбоорунда келтирилет.
Көп сандаган резервдик фонддордун ордуна Мамлекеттик бюджеттик резерв түшүнүгү киргизилет. "Жүгүртмө кассалык накталай акча" беренеси такталган.
Бюджеттин структурасында активдер жана милдеттенмелер менен операциялар боюнча каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы каралгандыктан, мыйзамдын долбоорунун ушул главасына активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын базалык ченемдерин жана түшүнүктөрүн аныктаган берене киргизилген.
Бюджеттин шайкештүүлүгү главасында республикалык, ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин дефицитин финансылоо булактары аныкталган. Дефицитти жабуу булактарынын курамына колдонуудагы мыйзамдарда аныкталгандардан башка, ошондой эле бюджеттик насыялар, бюджеттердин эсептериндеги каражаттардын бош калдыктарын өзгөртүү жана муниципалдык зайымдар да киргизилген. Ушундай мамиле эсепке алуунун эл аралык стандарттарына ылайык келет.
V бөлүм. Мамлекеттик жана муниципалдык карыз
Долбоорго мамлекеттик жана муниципалдык карыз жөнүндө ченемдер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык зайым алуулардын түшүнүгү, ошондой эле алардын максаттары жана чектөөлөрү; мамлекеттик карыз түшүнүгү; мамлекеттик карызды башкаруунун принциптери; мамлекеттик кепилдиктер түшүнүгү; КР мамлекеттик эмес зайым алуу маселелери киргизилген.
VI бөлүм. Бюджеттер аралык мамилелер
КР мыйзамдарында "Бюджеттер аралык мамилелер" деген түшүнүктү аныктоо каралбайт, ошондуктан практикада ар кандай түшүндүрмөлөр пайдаланылат. Долбоордо биринчи кезекте бюджеттер аралык мамилелерге аныктама берилген, ал бюджеттик процесстин жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын ортосунда келип чыгуучу бардык экономикалык-укуктук мамилелерди өзүнө камтып турат. Аталган бөлүмдүн ченемдери бюджеттер аралык мамилелердин жалпы жоболорун жана принциптерин, кирешелик жана чыгашалык милдеттенмелерди бөлүштүрүүнү жана бюджеттер аралык мамилелерди жөнгө салуунун шаймандарын чагылдырып турат.
Долбоордо бюджеттер аралык мамилелердин негизги жоболору жазылган, алар мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктардын так чектелишине, кирешелерди жана чыгашаларды республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүүгө, бюджеттик жөнгө салуунун методологиясынын жана критерийлеринин бирдиктүүлүгүнө негизделген. Бюджеттер аралык мамилелер системасын куруу анын негизине кандай принциптер салынганына жараша болот. Ушуга байланыштуу ушул мамилелердин базасы боло турган принциптерди мыйзам ченемдүү бекитүү жана алардын негизинде бюджеттер аралык жөнгө салуунун адилеттүү, объективдүү жана ачык шаймандарын аныктоо сунуш кылынат. Ошондой эле кирешелерди бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнүн жалпы ченемдери, КР Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгашалык милдеттенмелерин чектөөнүн жалпы ченемдери, ошондой эле тиешелүү ченемдик укуктук актыларда белгиленген функцияларды аткарууда келип чыга турган бюджеттик милдеттенмелер катары аныкталган чыгашалык аралаш милдеттенмелер жазылган.
Ар бир деңгээлдеги бюджеттин милдеттенмелерин тартипке салуу жана бюджетти түзүүнүн сапатын жогорулатуу максатында чыгашалык милдеттенмелердин реестрин милдеттүү түрдө түзүүнүн жаңы ченеми киргизилген.
Бюджеттердин ортосундагы мамилелер жалпы мамлекеттик кирешелерден жана бюджеттер аралык трансферттерден чегерүүлөрдүн ченемдерин белгилөө аркылуу жөнгө салынууга тийиш.
Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору тарабынан бардык деңгээлдердеги бюджеттердин ортосунда трансферттерди берүүнүн формалары жана тартиби олуттуу такталды. Бюджеттик кодекстин долбоорунда бюджеттер аралык трансферттер системасына: теңөө трансферттери; категориялык трансферттер; субвенциялар; бюджеттик ссудалар киргизилет.
Кодекстин долбоорунун жаңылыктарынын бири субвенциялар аркылуу өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн берилген ассигнациялар болуп саналат.
VII бөлүм. Өнүктүрүү бюджети
Долбоордо өнүктүрүү бюджетине так аныктама берилет, анын максаттары жана милдеттери ачылып берилет, өнүктүрүү бюджетинин каражаттарын каржылоо булактары жана инвестициялоонун формалары көрсөтүлөт. Жалпысынан алганда, ушул бөлүмдү киргизүү мамлекеттин инвестициялык портфелин натыйжалуу калыптандырууга жана өлкөнүн жана анын айрым аймактарын шайкеш социалдык жана экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылууга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ушул бөлүмдү киргизүү өнүктүрүү бюджетин калыптандыруунун орун алган системасы аймактарды же экономиканын секторлорун өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик каражаттардын бүткүл көлөмүнө байкоо жүргүзүүгө жана баа берүүгө мүмкүнчүлүк бербейт, анткени, көпчүлүк учурларда өнүктүрүү бюджетинин каражаттары бюджеттин агымдагы керектөөлөрү сыяктуу эле багыттар боюнча пайдаланылат. Мунун биринчи кезектеги себеби, бүгүнкү күндө КР мыйзамдарында өнүктүрүү бюджетинин так аныктамасы каралбагандыгында болуп жатат, жалпысынан алганда өнүктүрүү бюджетинин милдеттери жол-жоболоштурулган эмес, мамлекеттик инвестициялар жана мамлекеттик инвестициялар программалары деген түшүнүк жок.
VIII бөлүм. Бюджеттик процесс
Долбоордо бюджеттик процесстин бардык стадиялары жазылган, бардык деңгээлдердеги бюджеттерди түзүүгө карата базалык талаптар, бюджеттерди кароонун, бекитүүнүн жана аткаруунун жалпы жоболору киргизилген, мөөнөттөрү такталган.
Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолуна карата талаптар, бюджеттерди түзүүнүн негизи болуп эсептелген Орточо мөөнөттүү бюджеттик негиздин жалпы жоболору киргизилген, бардык деңгээлдердеги бюджеттерди болжолдоонун жана пландаштыруунун тартиби жана шарттары, ошондой эле бюджеттердин долбоорлорун түзүүгө карата тараптар аныкталган.
Бюджеттик кодекстин долбооруна өлкөнүн жана тиешелүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн болжолун милдеттүү түрдө иштеп чыгуу жөнүндө берене киргизилген, бул болжолдор биринчи кезекте бюджеттик пландаштырууда пайдалануу үчүн арналган.
Мындан тышкары, мыйзамдын долбооруна ылайык бюджеттик процесс үчүн негиз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик Резолюциясы болуп саналат, ал республикалык бюджеттин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктап турат.
Мыйзамдын долбоорунда Орточо мөөнөттүү бюджеттик негизди (СБО) иштеп чыгуу каралат, СБОну түзүүнүн жана бекитүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү, жооптуу аткаруучулар, берүүнүн форматы ж.б. регламенттештирилген.
Мыйзамдын долбоору бюджетти түзүү жөнүндө убактылуу өткөөл ченемди программалык негизде да, ошондой эле салттуу форматта бекемдейт. Бюджеттик процессти жаңыча уюштуруунун чордону орточо мөөнөттүү финансылык пландаштыруунун алкагында дүйнөдө кеңири колдонулуп жаткан "Натыйжага багытталган бюджеттештирүү" концепциясы (модели) болуп калууга тийиш, анын маңызы - бюджеттик ресурстарды узак мөөнөттүү көлөмдөрдүн чектеринде айкын натыйжаларга жетишүүнү (кызмат көрсөтүүлөрдү) эске алуу менен же ага тикелей байланышта бөлүштүрүү болуп саналат.
Ушуга негизденүү менен мыйзамдын долбоору тарабынан бюджеттик программалар түшүнүгү киргизилген. Бюджеттик программаларга карата коюлуучу жалпы талаптар: программаны ишке ашыруунун натыйжаларын (экономикалык жана социалдык натыйжалуулугунун индикаторлорун) ченөө үчүн жана программага жана ушундай ар бир көрсөткүчтүн максаттуу маанисине алдын ала (даярдоо этабында), агымдагы (ишке ашыруу этабында) жана аяктоочу (программа же анын этабы аяктагандан кийин) баа берүүчү көрсөткүчтөрдүн системасынын орун алышы болуп саналат.
Мындан тышкары, Кодекстин долбоорунда маалыматтын толуктугун жана бюджеттин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн бюджеттердин долбооруна тиркеле турган маалыматтардын милдеттүү тизмеси регламенттештирилет. Республикалык бюджетти, райондордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттерин түзүүнүн жол-жоболору сунуш кылынып жаткан жаңы киргизүүлөргө ылайык олуттуу такталган жана толукталган.
Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунда бюджеттик процесстин этаптары (бюджеттердин долбоорлорун кароо жана бекитүү) кыйла структуралаштырылган түрдө берилген, мөөнөттөрү такталган.
Бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөрдү көп киргизүү практикасынан арылуу максатында өзгөртүүлөр киргизүүнүн шарттарына карата талаптар киргизилди, ошондой эле (5 пайыздык чектелген маани киргизилген, андан ашып кетүү учурунда, бюджеттин түзөтүүлөрүнө карата мыйзам чыгаруу (өкүлчүлүктүү) органынын макулдугу жана бекитүүсү милдеттүү түрдө талап кылынат.
Долбоордо бюджетти аткаруунун негизги жол-жоболору такталган, бюджетти аткаруу процессинде кошумча алынган кирешелерди пайдалануунун ченемдери киргизилген, корголгон беренелердин жана артыкчылыктуу инвестициялык бюджеттик программалардын түшүнүктөрү жана аталган кирешелерди секвестрден коргой турган ченемдер бекемделген.
Мыйзамдын долбоорунун бюджетти аткаруу боюнча сунуш кылган ченемдеринин айырмалоочу учуру бекитилген бюджеттердин алкагында корректировкалардын шарттарын тактоо болуп саналат. Бюджетке күтүлгөн түшүүлөрдүн өсүшү бекитилген бюджетке салыштырганда жылдык дайындоолордун 5 пайызынан аз финансылоого алып келген учурда, бюджетти аткаруучу орган бюджетке өзгөртүүлөр киргизбестен эле, кирешелердин ашып кеткен суммаларын бюджеттин дефицитин азайтууга же карыздык милдеттенмелерди кыскартуучу төлөмдөргө багыттоого милдеттүү. Кирешелер азайган учурда КР Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары чыгашалардын секвестри жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Мындай шарттар бюджеттик процессти өркүндөтүүгө, бюджеттик каражаттарды сарамжал пайдаланууга жана бюджеттик процессте өз убагында мамиле кылууга көмөк көрсөтөт.
Бюджеттик системанын принциптеринин бири маалымдуулук принциби болуп саналат, бул принцип бекитилген бюджеттерди жана алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду ачык басма сөздө милдеттүү түрдө жарыялоону, бюджеттердин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүнү жана бюджеттик угууларды өткөрүүнү билдирет.
Бюджеттик процессти жүргүзүүнүн зарыл шарты бюджеттик эсепти жүзөгө ашыруу жана бюджеттик отчеттуулукту түзүү болуп эсептелет. Бюджеттик системанын бардык деңгээлдеринде отчеттуулук стадиясы бюджеттик процессти аяктоонун милдеттүү шарты болуп саналат. Бюджеттик контролдукту алдын ала, агымдагы жана андан кийинки уюштурууга карабастан, отчеттуулук бюджеттик процесстин түшүнүгүндө жана мазмунунда бекемделүүгө тийиш.
Мыйзам долбоорунун өзүнчө главасында финансылык тартипти бузуу үчүн жоопкерчиликти жана санкцияларды чагылдырган маселелер тартипке салынган жана бөлүнүп көрсөтүлгөн.
Мыйзамдын долбоору тарабынан сунуш кылынган ченемдер Кыргыз Республикасында принцибинде жаңы, жалпы таанылган принциптерге ылайык келген, эл аралык практикадагы мыкты бюджеттик системаны уюштуруунун негизин түзүп калды. Алардын натыйжаларына таянуу менен Финансы министрлиги коомдук финансыларды натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү башкаруунун принциптеринин системасын жол-жоболоштуруу (бюджеттик ачыктык, бюджеттик туруктуулук, бюджеттик өз алдынчалуулук, бюджеттик жолун-жолдоочулук, бюджеттик натыйжалуулук жана бюджетик отчеттуулук).
Мындан тышкары, мыйзамдын долбоорунда сунуш кылынган механизмдерди жана шаймандарды практикада өздөштүрүү, ал эми зарыл учурда корректировкалоо, Бюджеттик кодекстин артыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга үйрөнүү зарыл. Бюджеттик системанын бардык деңгээлдеринде Бюджеттик кодекстин жоболорун аткаруу боюнча бир катар ченемдик актыларды жана методикаларды иштеп чыгуу жана жайылтуу алдыда турат.
Ошондой эле кабыл алынган милдеттенмелерди шексиз аткарууну камсыз кылуу, жаңы милдеттенмелердин натыйжалуулугуна баа берүү, бюджеттик чыгашаларды жана программаларды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары жана акыркы коомдук натыйжалар менен так байланыштыруу, мамлекеттик инвестицияларды башкаруунун (Өнүктүрүү бюджети) заманбап принциптерине өтүү, бюджеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн механизмдерди түзүү керек.
КР Бюджеттик кодексинин долбоорун иштеп чыгууда башка өлкөлөрдүн эл аралык тажрыйбасы - Россиянын, Казакстандын, Грузиянын, Польшанын, Албаниянын Бюджеттик процесс жөнүндө мыкты деп эсептелген Базалык мыйзамдары иликтелип чыкты.
Ачыктыкты камсыз кылуу максатында КР Бюджеттик кодексинин долбоору КР Финансы министрлигинин расмий сайтында, коомдук талкуулоо үчүн массалык маалымат каражаттарынын сайттарына жайгаштырылган, массалык маалымат каражаттарында чыгып сүйлөнгөн сөздөр жарыяланган. Мындан тышкары, КР Бюджеттик кодексинин долбоорун даярдоо боюнча иш-чаралардын Планына ылайык коомдук байкоо кеңешинин, өкмөттүк эмес сектордун, эларалык уюмдардын жана донорлордун, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен коомдук угуулар өткөрүлдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараттарынын, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ушул долбоор боюнча талкуулоолор жүргүзүлдү.
"Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 614 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому менен кабыл алынган.
Бирок, эл аралык уюмдар тарабынан, тактап айтканда Дүйнөлүк Банктан сунуштардын жана сын пикирлердин келип түшкөнүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоору кайра иштелип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна кайра киргизилип жатат. Ушуга байланыштуу, укуктук-нормативдик актылардын долбоорлордун көпчүлүгүн келтирбөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 614 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтомдун күчүн жоготуу сунушталат.
Финансы министри | О.Лаврова
|