Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-октябры № 758
2011-жылдын 3-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин элдеринин эрдигин жана баатырдыгын түбөлүк эсте калтыруу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 3-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин элдеринин эрдигин жана баатырдыгын түбөлүк эсте калтыруу жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыялаган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |