Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-октябры № 759
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев
|
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөндөгүдөй корутундуга келди.
Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эмгекке болгон укуктарын толук ишке ашыруу жана иш менен камсыз кылуу көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнө мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда каралган тартипте ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды мамлекеттик органдарга ишке орноштуруу үчүн квотаны бекитет деген он алтынчы абзац менен толуктоону сунуштайт.
Мамлекеттик органдарда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ишке орноштурууну камсыздоо көйгөйүн чечүүгө каршы чыкпастан жана аталган демилгени колдоого алуу менен бирге төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 4-пунктуна ылайык жарандар мыйзамда каралган тартипте мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кирүүдө, кызматынан жогорулоодо бирдей укуктарга жана бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинде мамлекеттик кызматка кирүү сынакка катышуу жолу менен ишке ашырылары каралган.
Бирок аталган Мыйзамда жана сунушталган долбоордо ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын квота боюнча мамлекеттик кызматка кирүү механизмдери караган эмес.
Долбоордо мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан мамлекеттик органдарда ишке орноштуруу үчүн квотаны бекитүү каралган. Көрсөтүлгөн жобо катарына мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган кирбеген ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугуна ээ болгон ченем жаратуучу органдардын толук тизмеси каралган "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине каршы келет. Квотаны бекитүү ченемдик мүнөздөгү көрсөтмө болуп саналат жана бир нече жолу колдонулуучу жана аныкталбаган адамдардын тобуна эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелерин өзүнө камтып калат.
Мыйзам долбоорунун 3-беренесинде иш берүүчүлөрдү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук бирикмелеринен жана алар түзгөн уюмдардан, анын ичинде уставдык капитал (сакталуучу) алардын салымынан турган чарбалык шериктештиктен жана (коомдон тышкары менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар) өз каражаттарынын эсебинен белгиленген квотаны эсепке алуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды (майыптарды) ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын түзүүгө, ал эми жумуш орундарын берүү мүмкүнчүлүгү жок учурда белгиленген квотага ылайык иш берүүчүнү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды (майыптарды) колдоого алуунун адистештирилген фондуна ай сайын он эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө квоталанган жумуш орундарынын компенсациялык наркын которууга милдеттендирүү сунушталат.
Сунушталган ченемдер ишкердикке тоскоолдук кылбоо принциптерин бузат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орноштуруу жана менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга ай сайын компенсация төлөө талабы, ичине бир гана коммерциялык уюмдар жана жеке ишкерлер эмес, коммерциялык эмес дагы уюмдар кирип, көрсөтүлгөн ченемдер таркала турган субъекттердин кеңири спектрин талап кылат.
Биздин көз карашыбыз боюнча мамлекет тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн квота бере турган иш берүүчүлөргө карата стимулдаштыруу механизмин дыкаттык менен иштеп чыгуу зарыл. Жумуш орундарын берүү мүмкүнчүлүгү жок учурда ай сайын компенсациялык төлөмдү төлөөгө багытталган чаралар дагы ишкердикке тоскоолдук кылбоо принциптерин бузат.
Бул Мыйзам долбоорунда иш берүүчүлөр тарабынан белгиленген жумуш орундарынын квотасын компенсациялоонун эсебине төлөнүп берилүүчү каражаттардан түзүлө турган (менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды (майыптарды) колдоо боюнча адистештирилген фонд түзүү каралган.
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Валюта Фондунун ортосундагы 2011-жылдын 20-июнундагы 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумда (ЭФСМ), кеңейтилген насыялык механизм (ЕСФ) боюнча келишимдик иш-аракеттердин жүрүшүндө кандайдыр бир бюджеттен тышкары фонддорду түзүүгө тыюу салынат жана бардык мамлекеттик финансы кыймылдары бюджет аркылуу жүргүзүлөрүн белгилейбиз.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 603/46/10 токтому менен бекитилген 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат (ЭФСМ) жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын 38-пунктунда 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумдун (ЭФСМ) алкагында келишимдик иш-аракеттердин жүрүшүндө кандайдыр бир бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүүгө чектөө белгиленген.
Жогоруда айтылгандарга ылайык жана колдонуудагы мыйзамдарда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды (майыптарды) ишке орноштуруу жана жумуш орундарын квоталоо боюнча ченемдердин каралгандыгын эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун азыркы этапта кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары |
М.Мукамбетов |