Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-ноябры № 773
Мамлекеттин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жаран Бачеринова Жылдыз Чинтемировнанын арызынын негизинде "Ho№da Odyssey" маркасындагы, 2000-жылы чыгарылган, кузов № RA9-1051798 автомашинаны жана "Ho№da Ava№cier" маркасындагы, 2000-жылы чыгарылган, кузов № ТА3-1002782 автомашинаны мамлекеттин пайдасы үчүн баш тартуу режиминде бажылык тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашиналарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашиналарды белгиленген тартипте балансына өткөрүп алсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|