Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы № 315 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-ноябры № 780
Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жөнүндө
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоону өркүндөтүү, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүү жана алардын кабардар болуусун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана негизги билим берүү программаларын иштеп чыгууда Жарандык коргонуу тармагындагы жалпы билим берүү уюмдары менен орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окушкан адамдарды даярдоонун милдеттүү минимумун карашсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|