Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-ноябры № 781
"2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириктирилген россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириктирилген россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашуу колдонууга киргенге чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскер жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириктирилген россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириктирилген россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашуу колдонууга киргенге чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскер жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириктирилген россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириктирилген россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашуу колдонууга киргенге чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскер жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|
| Долбоор |
1-берене.
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириктирилген россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириктирилген россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашуу колдонууга киргенге чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскер жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун жана Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти