Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-ноябры № 782
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө жобонун 13-пунктунун он жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- жергиликтүү коомдордун кызыкчылыгына тикелей таасир тийгизген маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик органдары жүргүзгөн кеңеш берүүлөргө жана талкууларга катышууга.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|