Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-ноябры № 787
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө
2013-жылы спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү аткаруу жана "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүү жана спирт заводунун үзгүлтүксүз ишин камсыздоо үчүн 2013-жылдын 31-декабрына чейин 25,0 миң тонна өлчөмүндө буудай данын бир булактан сатып алуу методу менен сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы спирт заводдорунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын жана өндүрүлгөн спирттин көлөмүн эске алуу менен алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн этил спиртин ай сайын төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүүнү белгилесин:
- "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына - 70 процент;
- "Агропищепром" жабык акционердик коомуна - 30 процент.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 21-ноябры № 787
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө
2013-жылы спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү аткаруу жана "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүү жана спирт заводунун үзгүлтүксүз ишин камсыздоо үчүн 2013-жылдын 31-декабрына чейин 25,0 миң тонна өлчөмүндө буудай данын бир булактан сатып алуу методу менен сатып алууга уруксат берилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 160 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж. Сатыбалдиев
|