Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-ноябры № 799
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 2-августундагы № 325 "Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик объекттердин сакталышын камсыздоо, ошондой эле мамлекеттик мүлктөрдүн бузулушуна жана жоголуп кетишине жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 2-августундагы № 325 "Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануунун тартиби жөнүндө жобонун 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик мүлктөрдүн бузулуу жана/же жоголуп кетүү тобокелдиктери бар мамлекеттештирилген объекттерди кайтаруу кызматын көрсөтүүгө акы төлөө үчүн;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж. Сатыбалдиев
|