Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 29-ноябры № 802

Райондук кеңештердин аппараттарын жоюу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Райондук кеңештердин аппараттары жоюлсун.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюу комиссиясын түзсүн, ага райондук кеңештердин аппараттарын жоюу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырсын;

- жоюлуучу райондук кеңештердин аппараттарынын документтерин жана материалдык каражаттарын кабыл алууну жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык райондук кеңештердин аппараттарынын жоюлушуна байланыштуу иштен бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу жөнүндө маселени карасын;

- райондук кеңештердин ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну өз ыйгарым укуктарын аткаруу аяктаганга чейин, 2012-жылга райондук кеңештерге каралган каражаттардын эсебинен жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштен бошотулган кызматкерлерге бошонуу жөлөкпулдарын жана компенсацияларды төлөө үчүн акча каражаттарын бөлсүн.

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Ж. Сатыбалдиев