Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-ноябры № 802
Райондук кеңештердин аппараттарын жоюу жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Райондук кеңештердин аппараттары жоюлсун.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюу комиссиясын түзсүн, ага райондук кеңештердин аппараттарын жоюу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырсын;
- жоюлуучу райондук кеңештердин аппараттарынын документтерин жана материалдык каражаттарын кабыл алууну жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык райондук кеңештердин аппараттарынын жоюлушуна байланыштуу иштен бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу жөнүндө маселени карасын;
- райондук кеңештердин ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну өз ыйгарым укуктарын аткаруу аяктаганга чейин, 2012-жылга райондук кеңештерге каралган каражаттардын эсебинен жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштен бошотулган кызматкерлерге бошонуу жөлөкпулдарын жана компенсацияларды төлөө үчүн акча каражаттарын бөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы "жана райондук кеңештеринин" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Райондук кеңештердин аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-ноябры № 802
Райондук кеңештердин аппараттарын жоюу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Райондук кеңештердин аппараттары жоюлсун.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюу комиссиясын түзсүн, ага райондук кеңештердин аппараттарын жоюу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырсын;
- жоюлуучу райондук кеңештердин аппараттарынын документтерин жана материалдык каражаттарын кабыл алууну жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык райондук кеңештердин аппараттарынын жоюлушуна байланыштуу иштен бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу жөнүндө маселени карасын;
- райондук кеңештердин ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну өз ыйгарым укуктарын аткаруу аяктаганга чейин, 2012-жылга райондук кеңештерге каралган каражаттардын эсебинен жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштен бошотулган кызматкерлерге бошонуу жөлөкпулдарын жана компенсацияларды төлөө үчүн акча каражаттарын бөлсүн.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)