Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-ноябры № 806
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:
- бүткүл текст боюнча "Экономмин" деген кыскартылган сөз "КР Экономмин" деген кыскартылган сөз менен алмаштырылсын;
- 45-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 83-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|