Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-декабры № 808
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жактыруу тууралуу
Мамлекеттештирүү аркылуу мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн мүлктү натыйжалуу башкаруу жана тескөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору жактырылсын.
2. Аталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри аталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкарууну жана тескөөнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун № 1 тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 36-пункт менен толукталсын:
"
36 | Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан аянты 6,5 га жер участогу бар "Достук" эс алуу үйү жана "Достук" эс алуу үйүнүн аймагына мыйзамсыз киргизилген 8,41 га жер участогу |
";
- аталган токтомдун № 2 тиркемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
|
|