Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-декабры № 810
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги жөнүндө жободо:
7-пункттун 4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы сегизинчи-он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында иш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөктөшөт;
- чет мамлекетте эмгектенип жүрүп каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө байланышкан чыгымдарды төлөп берүү боюнча кызмат көрсөтөт;
- качкын макамын берүү жөнүндө өтүнүчтөрдү каттоо тууралуу күбөлүк берүүнү ишке ашырат;
- качкындарга күбөлүк берүүнү ишке ашырат;".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору жөнүндө жободо:
9-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында иш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөктөшөт;
- чет мамлекетте эмгектенип жүрүп каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө байланышкан чыгымдарды төлөп берет;".
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|