Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-декабры № 810
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июнундагы № 255 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 11-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоону жүргүзүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоонун өлчөмүн жана төлөнүшүн аныктоонун тартиби жөнүндө нускамада:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борборунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9 жана 15-пункттарындагы "Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция" деген сөздөр "Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги жөнүндө жободо:
7-пункттун 4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы сегизинчи-он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында иш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөктөшөт;
- чет мамлекетте эмгектенип жүрүп каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө байланышкан чыгымдарды төлөп берүү боюнча кызмат көрсөтөт;
- качкын макамын берүү жөнүндө өтүнүчтөрдү каттоо тууралуу күбөлүк берүүнү ишке ашырат;
- качкындарга күбөлүк берүүнү ишке ашырат;".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору жөнүндө жободо:
9-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

- чет мамлекетте эмгектенип жүрүп каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө байланышкан чыгымдарды төлөп берет;".
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-декабры № 810
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)