Редакцияот 10.12.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 10-декабры № 815

Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы БУУнун Кыргыз Республикасындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде төмөндөгү автомашиналарды мамлекеттин пайдасы үчүн баш тартуунун бажы режиминде тариздесин жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин:

- "Мицубиси L-200" маркасындагы, 2008-жылы чыгарылган, кыймылдаткычы № 456СВВ8961, көгүлтүр түстүү;

- "Шевроле-Нива 2123" маркасындагы, 2009-жылы чыгарылган, кыймылдаткычы № 0276664, ак түстүү.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автомашиналарды балансына белгиленген тартипте кабыл алсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Ж. Сатыбалдиев