Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-декабры № 824
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Аскер Комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө жободо:
- бүткүл текст боюнча:
ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана аскердик кошундары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ар түрдүү жөндөмөдөгү "(аскердик бөлүктөн тышкары)" деген сөздөр алып салынсын;
- 2 жана 5-пункттардагы "областтардагы", "областтарда" деген сөз алып салынсын;
- 5-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү аскердик кызматка жана машыктыруучу жыйындарга уюштуруп жөнөтүү үчүн республикалык жыйым пункту жана аскер комиссариаттарынын алдындагы жыйым пункттары түзүлөт.";
- 8-пункттун экинчи абзацындагы "Аскер кызматын өтөөнүн тартиби жөнүндө Жобого" деген сөздөр "контракт боюнча аскер кызматын өтөөнүн тартиби жөнүндө жоболорго" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пункттагы "Уюштуруу-мобилизациялык башкы башкармалык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пунктта:
онунчу абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобилдик инспекциясынын" деген сөздөр "жол кыймылынын коопсуздугун тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он төртүнчү абзацтагы "граждандарды чакыруу пункттарына каттоо" деген сөздөр "алгачкы аскердик каттоого алуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он алтынчы абзацтагы "мөөнөтү узак аскердик кызматка" деген сөздөр "контракт боюнча аскердик кызматка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он жетинчи абзацтагы "чакыруу участокторуна каттоодо" деген сөздөр "алгачкы аскердик каттоого алууда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 15-пункттагы "Кыргыз Республикасынын областтык аскер комиссарына" деген сөздөр "Уюштуруу-мобилизациялык башкы башкармалыгынын начальнигине - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин орун басарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 16-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"16. Аскер комиссары:
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды чыгарат;
- коргонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын комиссияларынын жыйындарына катышат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча аскер комиссариатынын күчтөндүрүү аппаратын мобилизациялык иш-чараларды даярдоого жана аткарууга тартат;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте администрациялык жаза салат, ал эми зарыл болгон учурда материалдарды укук коргоо органдарына берет.
Аскер комиссары жеке начальник болуп саналат жана төмөнкүлөргө жооп берет:
- аскер комиссариатынын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын уюштурууга жана кармап турууга;
- аскер комиссариатына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга;
- баш ийген жеке курамды командирлик даярдоону, тарбиялоону, аскердик тартипти жана моралдык-психологиялык даярдыгын уюштурууга;
- курал-жарактардын, аскердик техниканын, материалдык баалуулуктардын, так отчеттуулук бланктарынын жана аскер комиссариатынын күнүмдүк ишин жетектөө боюнча иштелип чыгуучу документтердин абалына жана сакталышына;
- мамлекеттик жана аскердик сырдын, аскер комиссариатындагы жашыруундуулук режиминин абалынын сакталышын камсыз кылууга;
- аскер комиссариатынын күчтөндүрүү аппаратын жана мобилизациялык жайгаштыруу базаларын даярдоого;
- баш ийген жеке курамды медициналык, финансылык, социалдык-укуктук жана турмуш-тиричилик жактан камсыз кылууга.
Аскер комиссары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- коргонуу жаатындагы мамлекеттин саясатын билүүгө жана аны ырааттуу түрдө турмушка ашырууга;
- жеке кесиптик даярдыгын жана аскер комиссариатын башкаруу ыкмаларын дайыма өркүндөтүүгө;
- кадрлар менен иштөөнү билгичтик менен жүргүзүүгө, ойлоп табуучулук жана рационализатордук иштерге жетекчилик кылууга;
- күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкты кармап туруу жана өркүндөтүү боюнча иш-чараларды пландаштырууга жана алардын аткарылышына жетишүүгө, райондун, шаардын аймагында мобилизацияны өткөрүү планына зарыл өзгөрүүлөрдү жана тактоолорду өз убагында киргизүүгө;
- курал-жарак, аскердик техника жана башка материалдык каражаттар менен толук камсыз кылууга жетишүүгө, аларды туура пайдаланууну уюштурууга;
- аскер комиссариатын күжүрмөн даярдыктын ар кандай даражасына келтирүү боюнча иш-аракеттерде сабактарды, машыгууларды өткөрүү методикасын өркүндөтүүгө, жеке курамдын билим алышына жана өз милдеттерин аткарышына жетишүүгө;
- аскер комиссариатынын чыныгы абалын ар тараптан билүүгө, анын тизмедеги жана накта курамы жөнүндө, ошондой эле аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын болушу жана абалы жөнүндө так маалыматтарды дайыма билүүгө;
- күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкты уюштуруу боюнча милдеттерди пландаштырууга жана өз убагында коюуга;
- баш ийген офицерлердин кесиптик билимин, усулдук чеберчилигин жана педагогикалык маданиятын дайыма өркүндөтүүгө;
- жеке курам, күчтөндүрүү аппараты менен, анын ичинде кабарлоо пункттарында окууларды, машыгууларды, сабактарды жеке уюштурууга жана өткөрүүгө, жеке курамды окуу программасына толук катыштырууга жетишүү менен мобилизациялык ресурстарды жыйноого жана жөнөтүүгө;
- баш ийгендерге командирлик, мобилизациялык даярдыктын жүрүшүндө контроль жүргүзүүгө жана зарыл жардам көрсөтүүгө, даярдыкка атаандаштык принцибин, баш ийгендерди окутуу жана тарбиялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүүчү болгон жаңы, алдыңкыны нерселерди жайылтууга, окутуу үчүн шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө, окуу-материалдык базаны өркүндөтүүгө;
- Ата мекенди коргоого моралдык жана психологиялык даярдыкты, Куралдуу Күчтөргө таандык экендиги үчүн сыймыктанууну жана жоопкерчиликти калыптандырууга жана кармап турууга, аскер кызматчыларында аскердик парзды аткаруу үчүн зарыл болгон сапаттарды, Аскердик анттын ыйыктыгын жана бузулбай тургандыгын түшүнө билүүнү, каармандыкты, чыдамкайлыкты, тапкычтыкты, кыраакылыкты, аскердик жолдошчулукту жана өз ара жардамдашуу сезимин өнүктүрүүгө, бул максаттарда өзүнүн тарбиясынын жеке үлгүсүндө, кызматка чын дилинен мамиле кылуунун, ошондой эле аскердик салттардын мисалдарын пайдаланууга;
- улуттар аралык карым-катнаштын маданиятын өркүндөтүүгө, аскердик жамаатты бириктирүүгө жана ар түрдүү улуттагы жоокерлердин ортосундагы достукту чыңдоо жөнүндө камкордук көрүүгө, алардын улуттук сезимдерин, салт-санааларын жана үрп-адаттарын эске алууга жана урматтоого;
- баш ийгендерге камкордук менен жана көңүл буруп мамиле кылууга, өз ара мамилелерде адепсиздикке жана оройлукка жол бербөөгө, алардын жеке кадыр-баркын урматтоо менен жогорку талап коюучулукту жана принциптүүлүктү айкалыштырууга, аскер кызматчыларынын, аскер кызматынан бошотулган жарандардын жана алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн турмуш-тиричиликтик маселелерин чечүүгө жана аларды укуктук, социалдык жактан коргоону камсыздоого чараларын көрүүгө, чыгармачылыктын техникалык жана башка түрлөрүн өнүктүрүү, маданий өсүү жана эс алуу, ден соолукту жана дене түзүлүшүн чыңдоо үчүн шарттарды түзүүгө, зарыл учурда алар үчүн улук начальниктердин алдында өтүнүч берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын жоболорун жетекчиликке алуу менен жеке курамдын бекем аскердик тартибин жана жогорку моралдык-психологиялык абалын дайыма кармап турууга;
- сабактар, жумуштар же кызматтык башка иш-чаралар башталаар алдында бул үчүн коопсуздук шарттары түзүлгөнүнө жана камсыздалганына, ал эми баш ийгендер аларга жеткирилген коопсуздук талаптарын өздөштүргөндүгүнө жана аларды аткарууда жетиштүү практикалык көндүмдөргө ээ экендигине сурамжылоо жолу аркылуу жеке өзү ынанууга;
- жеке курамды суткалык наряддын кызматын өтөөгө карата ар тараптан даярдоону жүргүзүүгө, ички кызматтын өтөлүшүнө контролду уюштурууга, суткалык наряддын кызматынын абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга;
- күн тартибин, кызматтык убакыттын регламентин белгилөөгө жана ички тартипти жана өткөрүү режимин сактоону талап кылууга;
- курал-жарактын, ок-дарылардын жана башка материалдык каражаттардын сакталышын камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышын уюштурууга, ошондой эле курал-жарактын, аскердик техниканын техникалык абалына жана пайдаланылышына контроль жүргүзүүгө, окуялардын жана кырсыктардын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;
- курал-жаракты жана аскердик техниканы эсепке алууну жана сактоону уюштурууга; материалдык каражаттарды алууну өз убагында талап кылууга, сактоону жана эсепке алууну уюштурууга, аскердик мүлктү жоготууга, жетишсиз кылууга, бузууга жана уурдоого бөгөт коюуга, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга;
- жеке курамга бөлүнүп берилүүчү акчалай жана башка үлүштүн түрлөрүн аларга толук жеткирүүнү камсыз кылууга, материалдык жана акча каражаттарын үнөмдүү жана сарамжалдуу сарптоого, штаттык жана финансылык тартипти сактоого;
- аскер кызматчыларынын ден соолугун сактоо жана чыңдоо, жеке курамды медициналык жактан камсыз кылууну өркүндөтүү жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө;
- туруктуу жайгашкан пунктта айлана-чөйрөнү коргоого, бекитилип берилген жер участокторун максаттуу жана туура пайдалануу боюнча чараларды көрүүгө;
- мыйзамдарды, аскердик уставдардын жобосун так билүүгө, аларга ылайык туура иштөөгө жана баш ийгендерден аларды сактоону талап кылууга;
- өзүндө жана өзүнө баш ийгендерде ишке жөндөмдүүлүктү, коюлган милдеттерди чечүүгө карата илимий мамилени, өзүнүн ишинин натыйжаларына сын мамилени калыптандырууга, жумушта баш ийгендердин сунуштарын эске алууга;
- баш ийгендердин ортосунда жумушту жана милдеттерди бөлүштүрүүгө, буйруктардын аткарылышын контролдоого, максатка умтулгандыкты, жеке жоопкерчиликти, байкоочулук сезимин калыптандырууга, жеке курам менен үзгүлтүксүз байланышты кармап турууга;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, ишканалардын жамааттары, согуштун жана Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери менен аскердик салттарды колдоо жана өнүктүрүү менен тыгыз байланышта болуу менен, өзүнө берилген укуктардын чегинде өз алдынча иштөөгө. Бул максатта эмгекчилерди, коомчулуктун өкүлдөрүн жана аскер кызматчыларынын үй бүлө мүчөлөрүн чакыруу менен жыйналыштар, аскердик каада-салттар, спорттук майрамдар, жана башка иш-чаралар өткөрүлөт;
- жеке башкарууну бардык мүмкүнчүлүктөр менен бекемдөөгө, офицерлерге таянып алар менен бирге жеке курамдын күч аракетин алдыга коюлган милдеттерди активдүү жана чыгармачылык менен аткарууга багыттоого;
- жеке курамдын жана бөлүмчөлөрдүн ортосунда мелдеш уюштурууга, аскер комиссариаты тарабынан чечилүүчү милдеттердин ийгиликтүү аткарылышына аскер кызматчыларын мобилизациялоо максатында аларга жетекчилик кылууга;
- баш ийгендер менен мобилизациялык даярдыктын жана жалпы кызматтык иштердин, аскердик тартиптин абалынын, ички тартиптин сакталышынын жыйынтыгын чыгарып турууга жана аларды жакшыртуу боюнча чараларды аныктоого; жашоо жана турмуш-тиричиликтин ушул жана башка маселелерин жыйналыштарда дайыма кароого, тиешелүү милдеттерди чечүүдө аларга иштелип чыккан сунуштарды эске алууга;
- жеке курам менен жеке маектешүү аркылуу аларды ар тараптан иликтөөгө, баш ийгендердин иштеги жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аларды күн сайын тарбиялоого;
- кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемелерине өтүү үчүн талапкерлерди тандап алууга жетекчилик кылууга;
- аскер кызматчыларынын алдында боло турган которууларынын маалымдуулугун камсыз кылууга, тажрыйбалуу жана жаш кадрларды айкалыштыруу аркылуу кадрлар резервин жана жетекчиликти улантуу үчүн шарттарды түзүүгө;
- баш ийгендерди эрдиги жана көрсөткөн туура демилгеси, тырышчаактыгы жана кызматтагы артыкчылыгы үчүн сыйлоого жана тартипсиздерден катуу талап кылууга;
- милдеттерди аныктоого, илимий, ойлоп табуучулук жана рационализатордук иштердин пландарын уюштурууга жана алардын аткарылышын контролдоого, алардын материалдык-техникалык жактан аткарылышын камсыз кылууга;
- илимий, ойлоп табуучулук жана рационализатордук иштерге жеке өзү катышууга, алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүгө, жалпылоого жана жайылтууга, конференцияларды, жыйналыштарды, кароолорду жана көргөзмөлөрдү өткөрүүнү уюштурууга жана алардын ишине катышууга;
- жарандык персоналдын эмгектик ишине байланышкан маселелерди чечүүдө эмгек мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин буйруктарын жетекчиликке алууга;
- аскер кызматчыларынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жарандык персоналдын адамдарынын, ошондой эле башка жарандардын аскер комиссариатынын компетенциясына кирген маселелери боюнча кайрылууларын кароого;
- коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле аскер комиссариатындагы коррупциялык көрүнүштөргө таасир этүүнүн жана алдын алуунун бекем системаны түзүү боюнча чараларды көрүүгө;
- аскер комиссариаты тейлеген аймактарда өз ыйгарым укуктарынын чегинде коргонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ведомстволук актыларынын жана ушул Жобонун талабын аткарууга;
- аскер комиссариаты тейлеген аймактарда адамдардын жана транспорт ресурстарын мобилизациялоо жүргүзүү пландарын аткарууну уюштурууга жана аны өз убагында тактоого;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын мобилизациялык муктаждыктарын канааттандыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш даярдоого;
- жарандарды анык аскердик жана альтернативдик кызматтарга, ошондой эле запастагы жарандарды белгиленген тартипте чакырууга жана жөнөтүүгө, мобилизациялоо жарыяланган учурда мобилизациялык тапшырмаларда аныкталган мөөнөттөрдө жана көлөмдөрдө Куралдуу Күчтөргө жана башка аскердик түзүлүштөргө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарга техникаларды берүүгө, ошондой эле аскердик жыйымдарга чакырууга;
- запастагы аскерге милдеттүүлөрдү брондоого контроль жүргүзүүгө;
- аскер комиссариатынын мобилизациялык жайгаштыруу базасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын уюштурууга;
- мобилизациялык план боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарды кепилдикке алынган жана сапаттуу комплекттөө максатында адамдардын жана транспорттук ресурстардын топтолушу боюнча иштерге жетекчилик кылууга;
- аскер комиссариаты тейлеген аймакта жайгашкан мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, ошондой эле комплектелүүчү бирикмелер жана аскердик бөлүктөр менен аскер комиссариатынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жарандардын альтернативдик кызмат өтөө ордун аныктоого;
- альтернативалык кызмат өтөөчүлөрдүн эсебин алууга, аскерге чакыруу, кызмат өтөө убагында, запаска бошогон мезгилде аскердик-эсепке алуу жана башка эсепке алуу документтерин жүргүзүүнү уюштурууга;
- аскердик-патриоттук тарбиялоо, калк арасында аскердик кызматты жайылтуу боюнча иштерге катышууга;
- мобилизациялык даярдык, аскердик эсепке алуу жана брондоо маселелери боюнча уюмдарды комплекстүү текшерүү жүргүзүүнү уюштурууга жана аларга катышууга;
- сунуштарды киргизүү жана запастагы жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча иштерди уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Көчтөрүнүн Башкы штабынын жетектөөчү документтерине ылайык табелдик жана башка отчетторду өз убагында жана сапаттуу берүүнү камсыз кылууга;
- аскер комиссариатынын жеке курамынын кесиптик даярдыгын уюштурууга жана өткөрүүгө;
- аскер комиссариатынын күжүрмөн, мобилизациялык абалын жана кызматтык ишин текшерүүгө жана талдоо жүргүзүүгө, аларды өркүндөтүү боюнча чараларды аныктоого;
- баш ийген аскер кызматчыларынын жана жарандык персоналдын адамдарынын иштеги жана моралдык-психологиялык сапаттарын эске алуу менен, аскер комиссариатынын жеке курамын даярдоого жана тарбиялоого жетекчилик кылууга;
- аскер комиссариатындагы аскердик жана эмгек тартибинин абалына дайыма талдоо жүргүзүүгө жана кылмыштардын, окуялардын, аскер тартибин бузууларды алдын алуу, ошондой эле жеке курамдын арасында өлүмгө жана кырсыкка дуушар болуу учурларын болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө; баш ийгендер тарабынан жасалган бардык кылмыштар жана окуялар жөнүндө команда боюнча белгиленген тартипте билдирүүгө;
- баш ийген аскер кызматчылары тарабынан аскер кызматынын милдеттерин аткарууда, курал-жарак, ок-дарылар жана аскердик техникалар менен иштөөдө, окууларды, ок атууларды, машыгууларды жана жумуштарды өткөрүүдө коопсуздуктун талаптарынын аткарылышын контролдоого;
- аскер комиссариатынын жеке курамынын курал-жарактарынын жана ок-дарыларынын, ошондой эле башка материалдык каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурууга жана алардын аткарылышын контролдоого;
- күн тартибин жана кызмат убактысынын регламентин белгилөөгө, аскер комиссариатындагы ички тартипти кармап турууга;
- аскер комиссариатынын жеке курамына аскер комиссариатынын ишине тиешелүү мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ведомстволук актыларын өз убагында жеткирүүгө;
- жарандык персоналды тандоого жана жайгаштырууга, аскер комиссариатындагы илимий, ойлоп табуучулук жана рационализатордук иштерге жетекчилик кылууга;
- аскер комиссариатынын имараттарын жана жайларын кайтарууну уюштурууга, ички кызматты контролдоого, суткалык наряддын кызмат өтөөсүн жеке текшерүүгө;
- аскер комиссариатынын финансылык жана чарбалык ишине жетекчилик кылууга, материалдык жана акча каражаттарын туура сарпталышын контролдоого;
- төмөнкүлөргө контроль жүргүзүүгө:
өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына, аскер комиссариатына бекитилип берилген имараттардын, жайлардын жана жерлердин күтүлүшүнө жана туура пайдаланылышына;
аскердик эсепке алуу документтерин, жеңилдикке укук берүүчү күбөлүктөрдү жана башка документтерди берүүнүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө;
жарандардын альтернативдик кызматты өтөөсүнө, алар тарабынан мыйзамдарда белгиленген акча каражаттарынын төлөнүшүнүн жүрүшүнө, кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда бошонгон жарандардын запаска өз убагында бошотууга;
альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн жарандарды запаска өз убагында бошотууга;
аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн, чакыруунун мөөнөтүн узартууга же бошонууга мыйзамдуу негизде укугу жок (жыйырма беш жана андан жогорку жаштагы) жарандардын алгачкы аскердик жыйымдардан өтөгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын эсебине акчалай төлөмдү өз убагында төлөөсүнө;
жыйырма беш жана андан жогорку жаштагы жарандардын аскер комиссариатында алгачкы аскердик жыйымдарын өткөрүүнү жана аларды аскер бөлүктөрүнө аскердик жыйымдардан өтүүсү үчүн жыйым пункттарына жөнөтүүнү уюштурууга;
альтернативдик кызмат өтөгөндөр тарабынан акча каражаттары өз убагында төлөнүшүнө. Альтернативдик кызмат өтөгөндөрдүн кызмат өтөөсүнө жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруусуна;
шаар аралык телефондук сүйлөшүүлөргө, моторесурстарга акча каражаттарынын жана кызматтык машиналар үчүн бөлүнгөн күйүүчү-майлоочу материалдардын ашыкча сарпталышын болтурбоого.";
- 17-пункттагы "ченемдик-укуктук актылары" деген сөздөр "ведомстволук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 20-пунктта:
биринчи абзацтагы "Аткаруу бийлигин органдары жана" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жетинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы N 715 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ