Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-декабры № 826
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары Министрлик) аткаруучу бийликтин тышкы саясий чөйрөдө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкаруучу башкы органы, ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүү максатында тышкы саясий чечимдерди иштеп чыгуудагы, кабыл алуудагы жана ишке ашыруудагы өз ара байланышта иштешүүлөрүн координациялайт, дипломатиялык кызматтын бирдиктүү системасын башкарат.";
- 7-пункт:
төмөнкү мазмундагы 1-1-пунктча менен толукталсын:
"1-1) Кыргыз Республикасынын негизги тышкы саясий курсун аныктаган тышкы саясат концепциясынын долбоорун даярдоо;";
11-пунктчасы "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пункттун 1-пунктчасында:
экинчи абзацы "маселелери боюнча" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Президентине жана" деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзацында "акциялар менен" деген сөздөр "демилгелер менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он алтынчы жана он жетинчи абзацтары төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"- Министрликтин компетенциясынын чегинде рекомендацияларды иштеп чыгуу жана чет өлкөлөр менен дипломатиялык жана консулдук мамилелерди түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга мүчө болуусу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүү;
чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, консулдук мекемелерин жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүктөрүн ачуу, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, консулдук мекемелерин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн ачуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүү;";
жыйырма биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн мурда "тышкы саясий демилгелердин долбоорун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункттун 6-пунктчасы "маселелерин" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күнүнөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|