Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-декабры № 827
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестринде:
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" бөлүмүнүн "Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти" бөлүмчөсүнүн 1-пунктунун он биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба, жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги" бөлүмүндө:
"Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба, жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы бөлүмчө менен толукталсын:
"
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Ветеринардык дары-дармек каражаттарын сертификаттоо борбору │
├──┬────────────────────────────────────────────────────┬─────────────┤
│1 │Ветеринардык дары-дармектер каражаттары мамлекеттик │"Ветеринария │
│ │каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк │жөнүндө" │
│ │ │Кыргыз │
│ │ │Республикасы-│
│ │ │нын Мыйзамы │
└──┴────────────────────────────────────────────────────┴─────────────┘
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|