Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-декабры № 832
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 184 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жободо:
- 3-пункттун 3 жана 4-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:
"3) райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин токтомдорун - райондук маанидеги шаардын шаардык кеңешинин аппараты;
4) айылдык кеңештердин токтомдорун - айыл өкмөтүнүн аппараты.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы № 459 "Райондун мамлекеттик администрация башчысына - акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Райондун мамлекеттик администрация башчысына - акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жободо:
1, 5 жана 14-пункттардагы "тиешелүү райондук кеңешке" деген сөздөр "жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйынынын кароосуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2 жана 15-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "райондук кеңеш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйыны" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйыны акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш кылбаса, анда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 20 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйынынын кароосуна жаңы талапкерлерди (3төн кем эмес) сунуш кылат.
Эгерде 15 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйыны акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине кайрадан сунуш кылбаса, анда Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин - райондун жергиликтүү кеңештерин таркатат жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындайт.
Эгерде ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйынынын кароосуна талапкерлерди (3төн кем эмес) сунуш кылбаса, анда жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйыны 15 жумуш күнүнүн ичинде өз алдынча жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талаптарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерди тандап алат жана аны акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш кылат.
Жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйыны тарабынан акимдин бош кызмат ордуна сунуш кылынган талапкер 10 жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан милдеттүү түрдө дайындалууга тийиш.";
4-пункттагы "райондук кеңешке" деген сөздөр "жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйынынын кароосуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пункттагы "райондук кеңештин депутаттарынын" деген сөздөр "тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин - райондун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"2) мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы стажына же болбосо мамлекеттик уюмдарда, мекемелерде жетекчи кызматтагы стажына (беш жылдан кем эмес). Бул талап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп мурда шайланган же жаңы шайланган адамдарга жайылтылбайт;";
10-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:
"Талапкерлерге карата Премьер-министрге сунуштарды киргизүү боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн (мындан ары - Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү) жана Өкмөттүн Аппаратынын сунуштарынын негизинде жүргүзүлөт.
Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Өкмөттүн Аппаратынын сунушу сунушталган талапкердин ишкердик, кесиптик сапаттарын мүнөздөөгө тийиш.";
13-пункттагы "зарыл учурда" деген сөздөр алып салынсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж. Сатыбалдиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-декабры № 832
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 184 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жободо:
- 3-пункттун 3 жана 4-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:
"3) райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин токтомдорун - райондук маанидеги шаардын шаардык кеңешинин аппараты;
4) айылдык кеңештердин токтомдорун - айыл өкмөтүнүн аппараты.".
2. ( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж. Сатыбалдиев |