Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-декабры № 840
Идентификациялык салыктык жана жекече номерлерди колдонуу жөнүндө
Экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактардын (мындан ары - субъекттер) бюджетке салыкты өз убагында жана толук төлөөсүн, алардын салыктык жана эсептик каттоодон өтүүсүн, ошондой эле салык салынуучу субъекттер жана объекттер тууралуу маалыматты билген мамлекеттик органдардын ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- субъектиге берилүүчү укук белгилөөчү, укук күбөлөндүрүүчү, лицензиялык - уруксат берүүчү документте, субъекттин идентификациялык салыктык номерин (мындан ары - ИСН) же жекече идентификациялык номерин (мындан ары - ЖИН) көрсөтүшсүн;
- 2012-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө маалыматтык базага субъектинин ИСНин же ЖИНин чагылдыруучу графаларды киргизүүнү караштырышсын;
- субъект жөнүндө маалыматты камтыган жаңы маалыматтар базаларын түзүүдө аларга милдеттүү түрдө ИСНди же ЖИНди чагылдырган графа киргизишсин.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар өздөрүнүн чечимдерин үч айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж. Сатыбалдиев
|